Жобо ____________________орто мектебинин30.09.2020
педогогикалык кеңешмесинде каралып бекитилген
МакулдашылдыБекитемин
_______________________ орто мектебинин
Кесиптик орто мектебинин бирлигинин төрагасы:______ директору:_______
30.09.2020-ж 30.09.2020-ж
____________________________ атындагы орто мектебинин мугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын
11-августундагы №439 токтому менен бекитилген
1. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынынмугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо(мындан ары- Жобо) менчигинин тибине, түрүнө жана формасына карабастан жалпы билимберүүчү жалпы баштапкы, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүпрограммаларын ишке ашыруучу жалпы билим берүү уюмдарынынмугалимдерин аттестациядан өткөрүүнүн тартибин регламенттейт.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
аттестация- аттестациялык комиссия тарабынан мугалимдердинкесиптик компетенттүүлүгүнүн деңгээлин комплекстүү баалоо жол-жобосу;
аттестациялануучу- аттестация жол-жобосуна катышуучу мугалим;
аттестациялык комиссия- квалификациялык категорияны белгилөө
жана ыйгаруу максатында аттестация өткөрүүчү коллегиялык орган;
квалификациялык категория- мугалимдин кесипкөйлүгүн, педагогикалык ишти аткарууда анын эмгегинин натыйжалуулугунчагылдыруучу компетенттүүлүктөр менен мүнөздөлүүчү мугалимдинкесиптик даярдыгынын деңгээли;
жалпы билим берүү уюмунун мугалиминин квалификациялык
категорияларына коюлуучу талаптар(мындан ары- квалификациялык
талаптар)- мугалимдин квалификациялык категориясын белгилөө үчүн негизболгон анын кесиптик ишинин тармактары боюнча компетенттүүлүктөрдү
камтыган документ;
комплекстүү баалоо- аттестациялык комиссия тарабынан мугалимдинкесиптик ишин ар тараптуу, системалуу жана объективдүү изилдөөнүн, мугалимдин өзүнүн педагогикалык-кесиптик деңгээлин өз алдынчабаалоосунун жана аттестациялык комиссияга берилген документтердин, материалдардын негизинде мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүгүнбаалоо боюнча иш-чаралардын жыйындысы;
мугалимдик портфолио- мугалим тарабынан педагогикалык кесиптик
иштин ар кандай түрлөрүндө жетишилген натыйжаларды эсепке алууга
мүмкүндүк берүүчү убакыттын белгиленген мезгилинде анын жеке
жетишкендиктери чагылдырылган документтердин жана материалдардын
жыйындысы;
өзүн-өзү баалоо- өзүн-өзү баалоо баракчасына чагылдырылуучуквалификациялык талаптарга ылайык мугалимдин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүнжана кесиптик сапатын баалоосу;
экспертиза- аттестациялык комиссия тарабынан мугалимдин
квалификациялык талаптарга шайкештиги жөнүндө корутундуну тастыктоомаксатында аттестациядан өтүү үчүн мугалим берген документтерди жанаматериалдарды изилдөө.
3. Аттестациянын максаты мугалимдерге квалификациялык категорияыйгаруу, алардын педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин максаттуужогорулатууга, кесиптик жана жеке өсүшүнө дем берүү болуп саналат.
4. Мугалимдерди аттестациялоонун милдеттери төмөнкүлөр болуп
саналат:
- мугалимдердин кесиптик компетенттүүлүк деңгээлинин белгиленген
квалификациялык талаптарга шайкештигин аныктоо;
- мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун жана алардыкесиптик өнүктүрүүнүн зарылдыгын аныктоо;
- жалпы билим берүү уюмдарына көрсөтүлүүчү билим берүү
кызматтарынын натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу.
5. Мугалимдердин аттестациясынын негизги принциптери болуп:
коллегиялуулук, комплекстүүлүк, системалуулук, ачыктык, объективдүүлүксаналат.
6. Аттестация эки түргө бөлүнөт:
- беш жылда бир жолудан кем эмес өтүп туруучу кезектеги аттестация;
- ыктыярдуу мөөнөтүнө чейин аттестациядан өтүү максатындагы кезексизаттестация.
7. Мугалимдер төмөнкү квалификациялык категорияларын алуу үчүнаттестациядан өтүшөт:
- экинчи категориядагы мугалим;
- биринчи категориядагы мугалим;
- жогорку категориядагы мугалим.
8. Мугалимдер мурдагы аттестациядан эки жылдан кем эмес убакытөткөндөн кийин жеке арыздын негизинде кезексиз аттестациядан өтүүгөукуктуу.
9. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча квалификациялык категориянымугалимдерге ыйгаруу буга чейинки этаптуу квалификациялыккатегорияларды милдеттүү түрдө ыйгарбастан жүргүзүлөт.
10. Жалпы билим берүү уюмунда педагогикалык ишти айкаштырган адамокуткан сабагы боюнча ушул Жобого ылайык жалпы негиздерде негизгииштеген жери боюнча аттестациядан өтөт. Эгерде анын негизги иштеген жерижалпы билим берүү уюму болбосо, анда ал айкаштырып иштеген жалпыбилим берүү уюмунда аттестациядан өтөт.
11. Төмөнкүлөр аттестациядан өтпөйт:
- жалпы билим берүү уюмунда иштегенине бир жыл болгондор;
- кош бойлуу аялдар(эгерде өздөрү каалоосун билдирбесе);
- бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн адамдар.
Жогоруда аталгандар үчүн аттестация алар ишке чыккандан бир жылөткөндөн кийин өткөрүлөт. Аттестация кесиптик окуу жайын жаңы аяктаган жаш адистер үчүн эки
жылга чейин өткөрүлбөйт(эгерде өздөрү каалоосун билдирбесе). Пенсия алдындагы куракка келген мугалимдер квалификациялыккатегориялардын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жаш-курагы боюнчапенсияга чыгаардын алдында эки жыл мурун жазуу жүзүндөгү арыз боюнчааттестациядан өтпөөгө укуктуу, мында пенсияга чыгаардын алдындагыквалификациялык категориясы сакталат. Эмгек келишими боюнча иштегенпенсия курагындагы мугалимдер ушул Жобого ылайык жалпы негиздербоюнча аттестациядан өтөт.
12. Башка жалпы билим берүү уюмуна которулуп, педагогикалык иштиаткарган учурда мугалимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин ыйгарылганквалификациялык категориясы сакталат. Ыйгарылган квалификациялыккатегорияны тастыктоо үчүн жалпы билим берүү уюмунун жетекчисимугалимдерге ушул Жобонун4-тиркемесине ылайык формада жаңы жумушордуна аттестациялык баракчанын көчүрмөсүн берет.
13. Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү жалпы негизде аттестацияданөтүшөт. Аттестациядан өтүүдө аттестациялык комиссиянын мүчөсү болупэсептелген мугалим аттестациялык комиссиянын ишине катышпайт.
14. Аттестация мугалимдердин арызынын, квалификациялыктестирлөөнүн жыйынтыктарынын, аттестациялык комиссияга берилгенматериалдарды изилдөөнүн, мугалимдердин кесиптик ишин жана жумушунун көрсөткүчтөрүн квалификациялык талаптарга ылайык комплекстүү баалоонуннегизинде аттестациялык комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
2. Аттесатция өткөрүүнү уюштуруу
15. Аттестация өткөрүү жөнүндө жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси
15-сентябрга чейинки мөөнөттө тиешелүү буйрук чыгарат.
16. Аттестация өткөрүү үчүн аттестациялык комиссия түзүлөт, анынкурамы жалпы билим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен бешжылдык мөөнөткө бекитилет. Аттестациялык комиссиянын сандык курамыжалпы билим берүү уюмунун педагогикалык курамынын санына жарашатүзүлөт жана жети адамдан кем эмес болгон так сан менен белгиленет.
17. Аттестациялык комиссиянын курамына төрага, төраганын орунбасары, катчы жана комиссиянын мүчөлөрү кирет.
18. Аттестациялык комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- директордун окутуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басары(орунбасарлары);
- жалпы билим берүү уюмунун ар бир методикалык бирикмесининөрагалары(өкүлдөрү);
- жалпы билим берүү уюмунун кесиптик бирлик комитетинин(эгерде барболсо) төрагасы(өкүлү);
- райондук же шаардык билим берүү бөлүмүнүн(башкармалыгынын, борбордун) өкүлү.
19. Аттестациялык комиссиянын курамына кесиптик педагогикалыкбирикмелердин жана ассоциациялардын, билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарымукуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Педагогикалык кызматкерлердинквалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалыкинститутунун(ПККЖДРИ) жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрүкирүүгө укуктуу.
20. Аттестацияда байкоочу катары жалпы билим берүү уюмунункөзөмөлчү кеңешинин өкүлдөрү катышууга укуктуу.
21. Аттестациялык комиссиянын негизги функциялары төмөнкүлөр болупэсептелет:
- аттестациялык комиссиянын иш графигин түзүү;
- аттестация жол-жобосун уюштуруу жана өткөрүү;
- аттестация өткөрүү үчүн зарыл болгон документтерди изилдөө, аларга
экспертиза жүргүзүү;
- комплекстүү баалоо жүргүзүү;
- квалификациялык категорияны ыйгаруу тууралуу чечим чыгаруу;
- аттестациялануучунун квалификациясын жогорулатуу, кесиптик кайра
даярдоо маселелери боюнча жалпы билим берүү уюмунун администрациясынасунуштарды киргизүү.
22. Аттестациялык комиссиянын төрагасы, төрагасынын орун басарыжана катчысы аттестациялык комиссиянын биринчи жыйынындакомиссиянын мүчөлөрүнүн арасынан аттестациялык комиссиянын иштөөмезгилине ачык добуш менен шайланат.
23. Аттестациялык комиссиянын төрагасы аттестациялык комиссиянынишин жетектейтжана анын алдында турган милдеттердин аткарылышынкамсыз кылат.
Аттестациялык комиссиянын төрагасы төмөнкү милдеттерди аткарат:
- жалпы билим берүү уюмунун жетекчисине аттестациялык комиссияныниш графигин, аттестациялануучу мугалимдердин тизмесин бекитүүгө берет;
- аттестациялык комиссиянын иш алгоритмин аныктайт жанааттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн ортосунда функциялардыбөлүштүрөт;
- аттестацияга катышууга арыз берген мугалимдердин кесиптик ишинсапаттуу баалоо жана талдоо үчүн жооп берет;
- аттестациялык комиссиянын жыйындарын өткөрөт;
- аттестациянын жыйынтыктарын аттестациялануучуларга маалымдайт;
- аттестацияны өткөрүү жол-жоболорунун сакталышын жанадокументтердин туура таризделишин контролдойт;
- аттестациялык комиссиянын жыйындарынын протоколдорунун, аттестациялык баракчаларынын туура жана сапаттуу таризделишинкөзөмөлдөйт.
24. Аттестациялык комиссиянын төрагасы жок болгондо, анынфункцияларын аттестациялык комиссиянын төрагасынын орун басарыаткарат.
25. Аттестациялык комиссиянын катчысы төмөнкү милдеттерди аткарат:
- аттестациялануучунун арызын жана документтерин кабыл алат;
- аттестация боюнча кирген-чыккан документтерди каттоого алат;
- комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусун камсыз кылат жанааттестациялануучуларды аттестациялык комиссиянын жыйынына чакырат;
- комиссиянын жыйындарынын протоколдорун жүргүзөт, документтерди(аттестациялык баракчаларды ж.б.) тариздейт.
26. Эгерде аттестациялык комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орунбасарынын, катчысынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнө чейин токтотулса, анда алардын ордуна комиссиянын мүчөлөрүнүн арасынан аттестациялык комиссиянын ишинин мөөнөтүнүн аягына чейин жаңы төрага, төраганын орунбасары, катчы шайланат.
27. Эгерде аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарымөөнөтүнө чейин токтотулса, анда жалпы билим берүү уюмунун жетекчисиаттестациялык комиссиянын ишинин мөөнөтүнүн аягына чейинаттестациялык комиссиянын жаңы мүчөсүн дайындоо тууралуу буйрукчыгарат.
28. ПККЖДРИ билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттикорган тарабынан белгиленген тартипте мугалимдердин аттестациясынсапаттуу жана кесипкөйлүү өткөрүү максатында аттестациялык комиссиянынмүчөлөрүн алдын ала даярдыктан(инструктаж) өткөрөт.
29. Аттестациядан өтүү үчүн аттестацияланууга тийиш мугалимдер жыл сайын1-октябрга чейинки мөөнөттө ушул Жобонун1-тиркемесине ылайыкформа боюнча аттестациялык комиссияга аттестацияга катышуу жөнүндөарыз жана өзүн-өзү баалоо баракчаларын толтуруп беришет.
30. Аттестациялык комиссиянын иш графигин жана квалификациялыккатегорияга талапкерлигин койгон аттестациялануучулардын тизмеси жалпыбилим берүү уюмунун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
31. Аттестациялык комиссиянын иш графигинде аттестациялануугатийиш мугалимдердин саны, аттестация өткөрүү датасы, талап кылынгандокументтерди аттестациялык комиссияга берүү мөөнөттөрү жана башказарыл болгон маалыматтар көрсөтүлөт.
32. Аттестациялык комиссиянын иш графиги жана аттестациялануучумугалимдердин тизмеси10-октябрга чейинки мөөнөттө жалпы билим берүүуюмунун жетекчиси тарабынан аттестациялануучуларга кабарланат жанарайондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө(башкармалыктарга, борборлорго) берилет.
33. Райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрү(башкармалыктар, борборлор) 10 жумушчу күндүн ичинде аттестацияланууга тийиш болгонмугалимдердин тизмесин квалификациялык тестирлөөнү өткөрүү үчүнжооптуу уюмга берет.
34. Мугалимдерге квалификациялык категория ыйгаруу боюнчааттестация жыл сайын20-октябрдан20-апрелге чейин жүргүзүлөт. Аттестациялануучу аттестация башталганга чейин бир айдан кечиктирбестенаттестация өткөрүүнүн мөөнөттөрү жөнүндө кол коюу аркылуу кабарланат. Ар бир аттестациялануучу үчүн аттестациянын узактыгы ал башталган күндөнтартып ушул Жобого ылайык чечим кабыл алынганга чейин60 календардыккүндөн ашпоосу керек.
35. Жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси аттестациялык комиссиягаушул Жобонун2-тиркемесине ылайык форма боюнча аттестацияга жалпыбилим берүү уюмунун мугалимине мүнөздөмө-сунуштаманы берет. Аттестация өткөрүлгөн күнгө чейин10 календардык күндөн кечиктирбестенжалпы билим берүү уюмунун жетекчиси мугалимдерге кол койдурупмүнөздөмө-сунуштама менен тааныштырат. Мүнөздөмө-сунуштама менентаанышкандан кийин мугалим каалоосу боюнча анын кесиптик ишинмүнөздөөчү кошумча маалыматтарды аттестациялык комиссияга берүүгө
укуктуу.
Мугалим мүнөздөмө-сунуштама менен макул болбогон учурда акттүзүлөт, ага жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси жана акт түзүүгөкатышкан адамдар(экиден кем эмес) кол коюшат. Акт жалпы билим берүүуюмунун жетекчиси тарабынан аттестациялык комиссияга берилет.
36. Аттестациядан өтүү үчүн мугалимдер бекитилген графикке ылайыкиштеген жери боюнча жалпы билим берүү уюмунун администрациясытарабынан күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтерди аттестациялыккомиссияга тапшырат:
- жеке арызды;
- өзүн-өзү баалоо баракчасын;
- паспорттун же ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсүн;
- билими тууралуу документтин, эмгек китепчесинин, квалификацияныжогорулатуу, кесиптик кайра даярдоо тууралуу, илимий даража жана илимийнаам ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөсүн;
- мугалимдик портфолиону.
37. Квалификациялык талаптар билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган тарабынан эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуумамлекеттик орган менен бирдикте бекитилет. Аттестация өткөрүү үчүннускама-методикалык документтер илим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
38. Аттестация өткөрүү үчүн уюштуруу-техникалык шарттарды түзүүүчүн жоопкерчилик жалпы билим берүү уюмунун жетекчисине жүктөлөт.
39. Аттестация жол-жобосун өткөрүү үчүн жоопкерчилик аттестациялыккомиссиянын төрагасына жүктөлөт.
3. Квалификациялык тестирлөө
40. Квалификациялык тестирлөө(мындан ары- тестирлөө) мугалимдердиаттестация жол-жобосунун курамдык бөлүгү болуп саналат. Тестирлөөкомпьютердик жана же бланктык тестирлөө формасында кесиптикдаярдыгынын, мыйзамдарды билүү деңгээлин баалоо үчүн жүргүзүлөт.
41. Тестирлөөнү өткөрүү датасы жана жери тестирлөө өткөргөн уюмменен макулдашуу боюнча райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүбашкармалыктары, борборлору) тарабынан аныкталат жана тестирлөөөткөрүлгөнгө чейин эки жумадан кечиктирбестен мугалимдерге кабарланат.
42. Эгерде аттестациялануучу тесттеги суроолордун жалпы санынын50 пайызына туура жооп берген болсо, анда тестирлөөнүн жыйынтыгы оң болупэсептелет.
43. Тестирлөөнүн жыйынтыктары аттестациялык комиссияга өткөрүпберилет.
44. Тестирлөөдөн оң жыйынтык албаган мугалимдер тестирлөөөткөрүүнүн кийинки мөөнөтүндө кайрадан тестирлөөдөн өтүшөт.
45. Жүйөлүү себептер боюнча тестирлөөгө келбей калган адамдартестирлөө өткөрүүнүн кийинки мөөнөтүндө өтүшөт.
46. Жүйөлүү себептерге төмөнкүлөр кирет:
- убактылуу ишке жөндөмсүздүк;
- тестирлөө тууралуу билдирүү өз убагында жетпей калса.
47. Тестирлөө өткөрүүнүн тартибин жана тестирлөө өткөргөн уюмдубилим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
4. Аттестация өткөрүүнүн тартиби
48. Аттестациялык комиссиянын жыйыны аттестациялык комиссиянынмүчөлөрүнүн үчтөн эки бөлүгүнөн кем эмес саны катышкан учурда укуктууболуп эсептелет. Аттестациялык комиссиянын келбеген мүчөлөрүнүн ордунабашка адамдардын катышуусуна жол берилбейт.
49. Аттестациялык комиссия аттестациянын жүрүшүндө:
- берилген документтерди жана материалдарды, анын ичинде мугалимдикпортфолиону карайт;
- сабактарга катышат;
- аттестациялануучу менен маек-интервью өткөрөт.
50. Аттестациялоодо квалификациялык категория ыйгаруунун негиздеритөмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) портфолиого жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы;
2) сабактарга катышуунун жыйынтыгы;
3) маек-интервьюнун жыйынтыгы;
4) квалификациялык тестирлөөнүн жыйынтыгы.
Аталган жыйынтыктардын негизинде аттестациялык комиссия билимберүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынанбекитилүүчү мугалимдин квалификациясынын деңгээлин баалоонунэксперттик баракчасын толтурат.
51. Аттестация кесиптик билим жөнүндөгү дипломдо көрсөтүлгөнпедагогикалык адистикке ылайык берген сабагы боюнча квалификациясынжогорулатуу курстарынан өтүүнү эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Окуткансабактар диплом боюнча адистикке шайкеш келбеген учурда, тиешелүүпедагогикалык адистик алуу менен кесиптик кайра даярдоо курстарындаокуудан өткөндүгүн күбөлөндүрүүчү документтин негизинде жана/же окуткансабагы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өткөндүгүн эскеалуу менен окуткан сабагы боюнча аттестация жүргүзүлөт.
52. Аттестациянын жыйынтыгы мугалим алган балл боюнча сандыккөрсөткүчтөрдүн негизинде эсептелет, ушул Жобонун3-тиркемесине ылайыкформа боюнча аттестациялык комиссиянын жыйынынын протоколунажазылат жана протоколго төрага, төраганын орун басары, катчы жанажыйынга катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коёт.
53. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча комиссия төмөнкү чечимдердинбирин кабыл алат:
- тиешелүү квалификациялык категорияны ыйгаруу;
- тиешелүү квалификациялык категорияны ыйгаруудан баш тартуу.
54. Мугалимдерге квалификациялык категория ыйгаруу тууралуу чечим, ошондой аттестациялык комиссиянын сунуштамалары аттестациялыккомиссиянын жыйынына катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк саны менен ачыкдобуш берүү менен кабыл алынат. Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүндобушунун саны тең чыгып калган учурда чечим аттестациялануучунунпайдасына кабыл алынат.
55. Аттестациялык комиссиянын жыйынына түздөн-түз катышканмугалимдин аттестациясынын жыйынтыгы добуштун жыйынтыгычыгарылгандан кийин билдирилет.
56. Аттестациянын жыйынтыгы боюнча мугалимге тиешелүүквалификациялык категорияны ыйгаруудан баш тартылган учурдааттестациялык комиссия аны кайра даярдоого же ПККЖДРИдеквалификацияны жогорулатууга жиберүү жөнүндө сунуштама берет.
57. Мугалимге тиешелүү квалификациялык категорияны ыйгаруудан баштартылган учурда ал кеминде бир жылдан кийин кайра аттестациядан өтүүгөукуктуу. Мөөнөтүнөн мурда аттестациядан өтүүдө квалификациялыккатегория мөөнөтү аяктаганга чейин сакталат.
58. Мугалимдердин квалификациялык категориясы ыйгарылган учурданбаштап беш жылга чейин сакталат.
59. Жүйөлүү себептер боюнча кезектеги аттестациядан өтпөй калганучурда мугалимдин квалификациялык категориясы жумушка чыкканданкийин бир жылдык мөөнөткө сакталат.
Жүйөлүү себептерге төмөнкүлөр кирет:
- убактылуу ишке жөндөмсүздүк;
- кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү, бала багуу боюнча өргүү;
- ишти токтотуу себептерине карабастан квалификациялык категорияыйгарылган кызмат боюнча ишке кайра чыгуу.
5. Аттестациянын жыйынтыктарын чыгаруу
60. Аттестациялык комиссиянын жыйыны ушул Жобонун3-тиркемесинеылайык форма боюнча протокол менен толтурулат.
61. Аттестациялык комиссиянын чечими ушул Жобонун4-тиркемесинеылайык форма боюнча аттестациялык баракчага жазылат.
62. Аттестациядан өткөн мугалимдерге квалификациялык категорияыйгаруу жөнүндө буйрук аттестациялык комиссия чечим кабыл алган күндөнтартып15 календардык күндөн кечиктирбестен жалпы билим берүү уюмунунжетекчиси тарабынан чыгарылууга тийиш.
63. Аттестациялык баракча жалпы билим берүү уюмунун жетекчиситарабынан аттестация өткөрүлгөндөн кийин бир жуманын ичиндемугалимдерге тааныштырылат. Аттестациялык комиссиянын жыйынынынпротоколдору, аттестациялык материалдар, аттестациялык баракчалар, аттестацияга берилген мүнөздөмөлөр жана документтер жалпы билим берүүуюмунун жетекчисинде сакталат.
64. Аттестациялык комиссиянын квалификациялык категория ыйгаруужөнүндө чечими менен макул болбогон учурда мугалим райондук же шаардыкбилим берүү бөлүмүнө(башкармалыктарга, борборлорго) мындай чечимгедаттанууга укуктуу.
65. Жалпы билим берүү уюмдарын аттестациялоону уюштуруу жанаөткөрүү процесстерин өркүндөтүү максатында жыл сайын өткөрүлүүчүаттестациянын жыйынтыгы боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарымукуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте райондук жешаардык билим берүү бөлүмдөрү(башкармалыктары, борборлору) аттестациялык процесске мониторинг жана баалоо жүргүзөт, алардынжыйынтыгы боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуумамлекеттик органга аттестациялык жол-жоболордун натыйжалуулугун
өркүндөтүү боюнча сунуштар берилет.