СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдерди окутуу борбору

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалимдердиокутуу борбору

Просмотр содержимого документа
«Мугалимдерди окутуу борбору»

Мугалимдерди Окутуу Борбору

Вчера в 12:47

“МУГАЛИМДИН ИМИДЖИ” 
ДЕГЕН ЭМНЕ?
Имидж англис тилинен «image» сөзүнөн келип чыккан. Анын мааниси белгилүү бир адамдын образын көрсөтүүчү бейнеси. Тактап айтканда сырткы айлана-чөйрөнүн сиз тууралуу топтогон же жыйнаган оюу. Коомдо активдүү болуу, адамдар менен мамиле түзүү.
Имидж – саясий субъекттин өзү жөнүндөгү түшүнүктөрү менен ал жөнүндөгү массалык маалымат каражаттарында калыптанган сүрөттөмөлөрдүн кошундусунан улам пайда болгон образ, саясий мүнөздөмө. 
Мугалимдин имидж жалаң эле мугалимдин билимин, аң-сезиминин жана жүрүм-турумунун чыныгы өзгөчөлүктөрү жөнүндө эмес, андан тышкары, ал жөнүндөгү окуучулардын, ата-энелердин ой-мүдөөсү, элестетүүсү жөнүндө да жалпыланган, жөнөкөйлөтүлгөн маалыматтарды берет. Ыңгайлуу же ыңгайсыз абалдын, шарттын таасири менен мугалимдердин артыкчылыктары жана кемчиликтери жөнүндө коомдук аң-сезимде белгилүү бир образ пайда болот жана калыптанат. Бул образ, белгилүү бир мааниде, өз алдынчалыкка ээ болуп, саясатчыны коомчулуктун пикирине ылайык иш жүргүзүүгө мажбурлайт. 
Мугалимдин имиджин аныктоодо ата-энелердин, окуучулардын жана маалымат каражаттарынын ролу чоң. Элдин көпчүлүк бөлүгү өзүнүн саясий симпатиясын билдирүүдө көбүнесе колдо болгон маалыматтарга таянууга мажбур болушат. Ушундан улам азыркы мезгилде, өнүккөн өлкөлөрдө мугалимдердин имиджин аныктоодо одоно каталарды кетирбөө үчүн окутуунун формаларын жана ыкмаларын, педагогикалык маданиятты колдонушат. Мугалим жекече иш стили, педагогикалык көз карашы жана окутуу усулдары бирине-бири төп келсе, анда бул педагогикалык имидждин ачкычы болуп эсептелет. Эгерде педагогикалык имидж азырка заман талаптарына дал келсе, анда мугалимге ийгилик алып келет. Ушул максатта мугалимдин артыкчылыгын баса белгилөөчү жана анын начар жактарын жаап-жашырып туруучу маалымат үчүн атайын программалар иштелип чыгат.
Мугалим- ардактуулук жактан карасак эң ардактуу кесип. Ѳзүң билген нерсени көп кишиге үйрөтөсүн, бул сооп, мамлекетке пайдалуу кишилерди өстүрүп чыгарасың. Бала мугалимден үлгү алат. Бирок мугалим болуш үчүн дагы шык болуусу зарыл. Окуучулар менен мамиле курууну билиш керек. 
Окуучуларга сабакты түшүнүктүү кылып бере алышың, сөзгө чечен, окуучуларга үлгү боло тургандай инсан болушуң керек. Андай сапаттар жок болсо, мугалим болбой эле койгон жакшы.
Мухаммад Пайгамбар (с.а.в.)дын айтканы бар: «Мага бир тамга үйрөткөндүн кырк жыл кулу болом». Биз ошол сѳзгѳ жараша болушубуз, бизге берилген ишеничти акташыбыз керек. Себеби ата-энелер балдарын бизге ишенип тапшырат. Мугалимдик кесип-бул жөн гана сабак окутуу эле эмес, балдардын маданий-эстетикалык аң-сезимин байытылышына, ар тараптан жетишүүсүнө, татыктуу тарбиялануусуна да салым кошуу болуп эсептелет.