Ош областы Ноокат району
Токтогул атындагы санаториялык
мектеп-интернаттын мугалимдеринин окуучулардын ата-энелерине кайрылуусу
“ Соккон жүрөк чыга жаздап кабынан,
Өз баласын артык көрүп баарынан.
Баласынын миң түйшүгүн көтөрүп,
Эне кымбат, эне ыйык баарынан” .
Тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары-Маматкалилова Шарипа
«Биздин балдар-бул биздин карылыгыбыз. Туура тарбиялоо-бул биздин бактылуу карылыгыбыз, жаман тарбиялоо-бул биздин келечектеги кайгыбыз, көз жашыбыз, башка адамдар алдындагы бүт өлкө алдындагы күнөөбүз»
Макаренко
Антон Семёнович
Советтик педагог,
жазуучу
- Мектеп директору: Маллаев Р.М
Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер! Кырдаалга карата аралыктан окутууга туура келди.Ушундай убакта бири-бирибизди колдоп, коюлган эрежелерди так сактасак.
«Билим берүүнүн мыктысы»
- Урматтуу ата-энелер, өлкөбүздө жаралып жаткан кырдаалга байланыштуу жана карановирус илдетинин жугуу коопсуздугун азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана Илим Министрлигинин кабыл алган чечимине ылайык мектеп окуучуларынын сабактары дистанциондук (аралыктык) негизде жүргүзүлмөкчү, буга байланыштуу сиздердин балдарыңыздардын онлайн жана дистанциондук сабактарды ийгиликтүү өздөштүрүүлөрүнө жардам көрсөтүнүздөрдү суранабыз.
Ардагер мугалим, «Билим берүүнун мыктысы»-Бакиров Т.
Барыбызга кубанычтуу кундөрүбүз тезирээк келсе деп тилек кылалы.
Орус тили жана адабияты мугалими-Миржалилов Х.Р.
«Билим берүүнүн мыктысы»
Балдарыбыз менен биргеликте китеп окуп, жан дүйнөсүн байытып, акыл-эсти өнүктүрүүчү интеллектуалдык жана улуттук оюндарды бирге ойноп, аларга ата-энелик жылуулукту, мээримди, сүйүүнү берип, ар тараптуу камкордукка алалы.
Мектептин психологу, насаатчы мугалим-Атаканова К.К
Сиздерден сураныч. Окуучулардын ден соолугуна , окуусуна кайдыгер болбойлу.
«Билим берүүнүн мыктысы»
Англис тили жана технология мугалим-Мараш оглы Ф
«Билим берүүнүн мыктысы»
Ылайым бул жаман илдет жолобосун.
Жерибизге тынчтык,элибизге ден- соолук берсин
Чыгармачыл мугалим-Абдывасиева Ч.
Дүйнөдө адам капиталынан өткөн байлык жок. Балдарыбыздын келечегине чогуу салым кошуп, көңүлдөрүн көтөрүп туралы.
«Билим берүүнүн мыктысы»
- Окуу бөлүм башчысы: Төрөкулова Г.
Министрлик дистанттык формада окутууну уюштуруу боюнча ата-энелерге тѳмѳнкүлѳрдү сунуштайт:
«Билим берүүнүн мыктысы»
Башталгыч класс мугалими-Туркова А.
Бала бакчалардын тарбиялануучуларына жана 1-класстан 4-класска чейинки окуучуларга КТРК “Баластан” телеканалы аркылуу кѳрсѳтүлүүчү окуу материалдар, телесабактар;
5-класстан 11-класска чейинки окуучуларга телесабактар.
Технология жана көркөм өнөр сабагынын мугалими- Чоңмурунов С ..
«Билим берүүнүн мыктысы»
Көрөңгөлүү мугалим
Физика,математика мугалими-Абдывасиева Ч.А
Тѳмѳнкү электрондук ресурстарды колдонсоңуздар болот:
-oku.edu.gov.kg, ibilim.kg, bb.edu.gov.kg (билим булагы), kitep.edu.gov.kg, edu-nlsit.jet.kg, testing.kg билим берүү ресурстары .
Башталгыч класс мугалими-Уркунбаева С
Чыгармачыл мугалим .
«Билим берүүнүн мыктысы»
Окуучулардын сабактарына жардам берип ,жылуу сөздөрүңүздөн айтып,аларды мактап турсаңыздар,балдар биздин келечегибиз !!!
Башталгыч класс мугалими-Маматкалилова Ш.Э .
Менин окуучуларым 1-класс өз алдынча электрондук каражаттарды колдоно албагандыгына байланыштуу сабакка катышууларына жана материалдарды өздөштүрүүлөрүнө жардам беруудө активдүү болууңуздарды суранам
Кыргыз тили жана адабияты мугалими-Саланова М.Ж.
intobr.kg жана yaklass.ru билим берүү платформаларын бардык окуучулар жана мугалимдер акысыз пайдаланса болот;
Насридин кызы Акбермет-орус тили жана адабияты мугалими
Билимди -бала мектептен алса, тарбияны -ата-эне берет.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими-Жунусова Б.
Балаңызды колдоп, сабак окуусуна жардам бериңиз.
Башталгыч класс мугалими жана тарбиячы-Гапарова О.А.
Кыргыз тили жана адабияты мугалими-Куватбекова Зуура
Окуучу дагы алдыга жылыш үчүн эки канат керек бири- билим, экинчиси- тарбия.
Медайым-Мирзаназарова О.Х
Өздүк гигиена эрежелерин сактап, үйдө болуңуздар.
Кырдаалга байланыштуу балдар үйдѳ отургандыктан, ар бир ата-эне ѳз балдарына психологиялык жактан жагымдуу мамиле жасап, үй-бүлѳдѳ жагымдуу психолиялык климатты жаратуу абдан маанилүү.
Чыгаан мугалим-Атаканова К.
Насаатчы мугалим- Миржалилов Х
Ал эми мектеп менен ата-эне бириксе, балдарда болот келечек.
Мугалимдер окуучулардын шайыр үндөрүн,
сабак өткөндү сагынабыз.
Бар болгула ата-энелер!
Окуучулар мектепке тез арада , аманчылыкта кайтып келишип, мектеп короосун шанга бөлөп, мектеп жашоосу өз нугуна түшүүсүн чын жүрөктө каалаймын.
Мектебинер силерди күтөт.
Урматтоо менен мектеп директору Р.Маллаев .
«Эл агартуунунмыктысы»
Мугалимдер да ызы-чуу түшкөн мектеп аянтчасын, мээримдүү көздөрү менен караган окуучуларын сагынды.Бүгүнкү кырдаалда ар бирибизге сабырдуулук каалайм.Урматтоо менен Токтогул атындагы санаториялык мектеп-интернаттын башкы тарбиячысы: Маматкалилова Шарипа!