СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мугалимдин портфолиосунда кандай маалыматтар болуусу керек?

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Мугалимдин портфолиосу өз ичине төмөнкү иш-кагаздарды камтыйт:

 

I бөлүм. Мугалим жөнүндө жалпы маалымат

II бөлүм. Педагогикалык ишмердүүлүктүн  жыйынтыктары

III бөлүм. Илимий-усулдук ишмердүүлүк

IV бөлүм. Предмет боюнча сабактан сырткаркы  ишмердүүлүк

V бөлүм. Мугалимдин кураторлук иштери

VI бөлүм. Сабактын иштелмелеринин электрондук варианты(мугалимдин жүктөмүндөгү бардык предметтер боюнча жана тесттик тапшырмалардын жооптору менен берилген варианты)

VII бөлүм. Электрондук китептин варианттары.

VIII бөлүм. Мугалимдин өзүнүн педагогикалык  ишмердүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары

IX бөлүм. Пикирлер

Просмотр содержимого документа
«Мугалимдин портфолиосунда кандай маалыматтар болуусу керек?»


Мугалимдин портфолиосунда кандай маалыматтар болуусу керек

Мугалимдин портфолиосу өз ичине төмөнкү иш-кагаздарды камтыйт:


I бөлүм. Мугалим жөнүндө жалпы маалымат

II бөлүм. Педагогикалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары

III бөлүм. Илимий-усулдук ишмердүүлүк

IV бөлүм. Предмет боюнча сабактан сырткаркы ишмердүүлүк

V бөлүм. Мугалимдин кураторлук иштери

VI бөлүм. Сабактын иштелмелеринин электрондук варианты(мугалимдин жүктөмүндөгү бардык предметтер боюнча жана тесттик тапшырмалардын жооптору менен берилген варианты)

VII бөлүм. Электрондук китептин варианттары.

VIII бөлүм. Мугалимдин өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары

IX бөлүм. Пикирлер


1-бөлүм. «Мугалим жөнүндө жалпы маалымат»(Резюмеси)

  • Логотиби

  • Жеке темасы, девизи.

  • Ф.А.А., туулган күнү, айы, жылы;

  • билими(кайсы окуу жайды канчанчы жылы аяктаган, диплом боюнча адистиги);

  • жалпы жана педагогикалык стажы, учурда иштеп жаткан мекемедеги стажы;

  • Квалификациясын жогорулатуу(кайсы мекемеде, эмне темада өткөн айы, күнү);

  • кесиптик өнүгүүнүн жеке планы;

  • Илимий, ардактуу наамдары жана даражалары тастыктаган документтердин көчүрмөсү;

  • Мамлекеттик сыйлыктары, ыраазычылык кат, грамоталар, ар түрдүү конкурстун диплом, грамоталарынын көчүрмөлөрү; ж.б. документтер.

  • Мугалимдин педагогикалык философиясы



2-бөлүм. «Педагогикалык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары»

  • окуучулардын билимдерин текшерүүнүн жыйынтыктары(чейректик, жылдык жана жыл ичинде алынган срез. боюнча);

  • окуучуларды аттестациялоонун жыйынтыктары;

  • бүтүрүүчүлөрдун жогорку окуу жайынын бюджеттик негизине окууга өтүшү;

  • окуучулардын гимназия ичинде, райондук, шаардык, республикалык олимпиадаларга катышуусунун жыйынтыгы;


3-бөлүм. «Илимий-усулдук ишмердүүлүк"

Бул бөлүмгө төмөнкүлөр кирет:

  • Мугалим тарабынан тандалган окуу-усулдук адабияттар жана билим берүү программаларын негиздеген материалдар;

  • Мугалим тарабынан тандалып колдонулган билим берүү технологиясын негиздеген материалдар;

  • Мугалим тарабынан тандалып колдонулуп, практикаланып келген билим берүүнүн жыйынтыгын баалоонун педагогикалык диагностикасын негиздеген материалдар;

  • Мүнөзү оор окуучулар менен иштөөнүн усулдук технологиялары,

  • Таланттуу окуучулар менен иштөөнүн усулдук технологиялары,

  • Билим берүү процессинде маалымат-коммуникациялык технологияларды колдонуу материалдары;

  • Усулдук бирикменин ЖОЖ, шаардык билим берүү борборлору менен биргеликте иштөөсү жөнүндө материалдар;

отчеттук маалыматтар:

  • - Кесиптик жана чыгармачыл педагогикалык конкурстарга катышуусу(«Мыкты мугалим», «Мыкты куратор», ж.б.);

  • - Декада, же предметтик жумалыктарга катышуусу;

  • - Семинар, тегерек стол, мастер-класстарды уюштуруусу жана өткөрүүсү;

  • - илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүсү;

  • - автордук, модифицирленген программаларды иштеп чыгуусу;

  • - кандидаттык жана доклорлук диссертациялардын кол жазмасы;


4-бөлүм. «Предмет боюнча сабактан сырткаркы ишмердүүлүк»

Бул бөлүмгө төмөнкүлөр кирет:

  • чыгармачылык иштердин, реферат, изилдөөчүлүк иштер, проектер, предмет боюнча окуучулардын иштеринин тизмеси;

  • интелектуалдык марафон, мелдеш, конкурс, олимпиадалардын ж.б. конкурстардын женүүчүлөрүнүн тизмеси;

  • сабактан сырткары жүргүзүлгөн иштердин сценарийлери, өткөрүлгөн иш-чаралардын(көргөзмө, предметтик экскурция, КВН, ж.б.) сүрөттөрү жана дисктери(видеосу);

  • элективдик курстардын жана кружоктордун программалары;


5-бөлүм. «Мугалимдин кураторлук иштери»

Бул бөлүмгө төмөнкүлөр кирет:

  • классынын жетишүүсүнүн жана билим сапатынын анализи;

  • классындагы окуучулардын контингенти жөнүндө маалымат;

  • тартип бузган окуучулар жөнүндө маалымат;

  • ата-энелер менен иштөөсү жөнүндө маалымат;

  • тарбиялык сааттардын жана ата-энелер чогулушун өткөрүүнүн иштелмелери.


8-бөлүм.

«Мугалимдин өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүн баалоонун жыйынтыктары»(отчеттор)


9-бөлүм. «Пикирлер»

  • окуучулардын, ата-энелердин, кесиптештеринин, мектеп администрациянын пикирлери