СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Мультфильм. .

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Мультфильм. .»

Мультфильм Мультфильмдер-ѳсүп келе жаткан баланы тарбиялоочу эң жеткиликтүү курал. Андагы ар бир окуя баланын психологиясына ѳзгѳчѳ таасир берет жана коомду ошол кѳргѳн фильмдер аркылуу кабыл алышат. Мультфильмдеги каармандар жеткинчекке ѳзүн алып жүрүүнүн ар тараптуу багыттарын кѳрсѳтѳт. Ошолор аркылуу жаман менен жакшыны, боорукердик менен ташбоордукту айырмалай алышат.  Бѳбѳк ѳзүн сүйүктүү каарманына окшотот да анын кыймылын, кылган ишин, кылыктарын аткара баштайт. Ошондой эле мультфильм баланын аң сезимине, ой жүгүртүүсүнѳ, дүйнѳ таанымына түздѳн-түз таасирин тийгизет.

Тилекке каршы азыркы заманбап мульфильмдер тарбиялык, психологиялык жана педагогикалык жактан изилденбей, сабатсыз иштелип, балага терс таасирин тийгизип калууда. М: кээ бир мультфильмдердеги башкы каармандар айлана-чѳйрѳгѳ зыян келтирип, коомдук эрежелерди сактабай, уурулук кылып, адамдарды ѳлтүрүп, жаман жоруктарды кѳп жасашат. Ошол эле жасагандары үчүн бирѳѳ аны жазалабайт, же жаман иштерди жасап жатканын эч ким түшүндүрбѳйт. Ошентип балада  жаман иштер кадимки эле кѳрүнүш болуп сезилет. Аны жасаса да, эч ким тыюу салбайт экен деген түшүнүк пайда болот. Мындай мультфильмдерди такай кѳргѳн бала сѳзсүз түрдѳ ал жоруктарды кайталайт.