УЙКУҢУЗДУ ТАРТИПКЕ САЛЫҢЫЗ
Сабактын максаты: • Окуучулар уйкуну кантип тартипке салууну үйрөнүшөт;
• Убагы менен уктап, сергек болуунун пайдаларын түшүнүшөт;
Сабактын жабдылышы: Слайддар, проектр ж.б.
Сабактын жүрүшү:
1-кадам: Мугалимдин киришүүсү. Окуучулардын негизги көйгөйлөрүнүн бири да көп уктоо адаты же болбосо тартипке салынбаган уйку. Уйку тартипке салынбаган болсо, ийгиликке жетишүү да мүмкүн эмес. Орто жаштагы адамдар иштеринин көптүгүнөн жана түрдүү көйгөйлөрдөн улам, аз укташкандыгын айтышат. Ал эми жаштардын көпчүлүк бөлүгү, ашыкча уйкунун себебинен, иштери ойдогудай болбой жаткандыгын айтып арызданышат. 2-кадам: Мугалим слайд аркылуу түшүндүрөт.
1-слайд. Орточо уйку канча саат болуш керек?
Уйкуга болгон муктаждык, адамдарда түрдүүчө болот. Адамдын жаш курагына карай уйкунун сааты да өзгөрөт. Статистикалык маалыматтарга караганда: Бир айлык бөбөк сутканын 21 саатын, 6 айлык бөбөк сутканын 18саатын, 1 жаштагы бала сутканын 15 саатын, 4 жашындагы бала сутканын 12 саатын, 12 жаштагы бала сутканын 10 саатын уйку менен өткөрүш керек. Чоң адамдар: 25-45 жаштагылар, бир суткада 6-7 саат. 45 жаштан жогорку курактагылар, бир суткада 5-6 саат уктаса жетиштүү болот. Жалпысынан алганда чоң адамдар үчүн 5-6 сааттык уйку жетиштүү болот. Нормадан ашыкча уйкунун, адамга эч кандай пайдасы жок, тескерисинче бир канча зыяны бар. М: баш ооруну, чар жайыттыкты пайда кылат, адамга физиологиялык жана психологиялык жактан зыянын тийгизет. Эң негизги зыяны да, убакытты өлтүрөт. Бул болсо ийгиликсиздикке себеп болот. Көптөгөн адамдар көп уктагандыгын айтып арызданышат. Бирок, ошого карабастан уйкусун көзөмөлгө ала алышпайт. Бир канча изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, уйкуну кыскартуунун эки жолу иштелип чыккан: Биринчиси, адамдын көп уктоосунун себеби ден соолугунун начардыгынан болушу мүмкүн. Ошондуктан медициналык текшерүүдөн өтүш керек. Экинчиси, адам көп уктагандыгын билсе, өз каалоосу жана аракети менен уйкусун азайтыш керек. Муну аста-секиндик менен ишке ашырууга болот. Мисалы: ар күнү 10 саат уктаган окуучу, күндө бир сааттан кемитип, уйкусун 7-8 саатка түшүрсө болот. Өзү каалаган өлчөмгө түшүргөндөн кийин, муну 4-5 ай чыдамдуулук менен улантыш керек. Жыйынтыкта күндө 10 саат уктаган окуучуга, 7-8 саат уйку жетиштүү болуп калат.
2-слайд. Уйкуну пайдалуу кылыш үчүн:
1. «Эрте менен туруп, бир иш аткарам» деп жатыңыз. Жоопкерчилик менен жатсаңыз, эрте турасыз;
2. Ар күнү белгилүү бир убакытта уктаганга аракет кылыңыз. Кеч, уктоо убактысын, эрте менен, ойгонуу убактысын белгилеп алыңыз. Анткени тартиптүү уйку адамды дем алдырат жана ден соолугунун бекем болушун камсыз кылат;
3. Тынч жерде уктаңыз. Үн жана жарыктык уйкуну бузат;
4. Тынч укташыңыз үчүн, ден соолугуңуз жакшы болуш керек. (Ден соолугуңузга кам көрүңүз);
5. Жатуудан мурун оор тамак жесеңиз, уйкуңуз жакшы болбойт;
6. Жатуудан мурун көп суюктук ичсеңиз да, уйкуңуз жакшы болбойт;
7. Спирттик ичимдиктер, укташыңызга тоскоол болот (ден соолугуңузга да зыян); 8. Эгер жатып уктай албасаңыз. Бул учурда китеп окуу же болбосо башка нерселер менен алек болуу сунуш кылынат. Уйку окуучунун ийгиликке жетишүүсүнө чоң таасирин тийгизет. Ийгиликке жетүү үчүн уйкуну тартипке салыш керек.
3-слайд. Эрте туруунун пайдалары:
➢ Жашоодо ийгиликке жетишүүнү каалаган адам, эрте турууну үйрөнүш керек. Анткени ийгиликке жетишкен адамдардын көпчүлүгү, эрте турушат;
➢ Эрте турган адам, таза абадан дем алат, зээндүү болот, физиологиялык жана психологиялык жактан күчтүү болот;
➢ Эрте турган адам, жаңы күнүн пландаштыруу, ишине даярдануу, эң негизгиси жаратканга шүгүр айтып, ага ибадат кылып, андан жакшылык суроо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Бул, ийгиликке жетүү үчүн чоң мааниге ээ.
➢ Тарыхта аты калган улуу инсандар, жашоосунда көптөгөн ийгиликтерди багындырган инсандар, бул даражага эрте туруп ишин баштоо менен жетишишкен. Көпчүлүгү алты сааттан аз укташкан; Уйкуну тартипке салуу кыйын иш эмес. Баштай албоо кыйын. Өз каалооңуз менен өзүңүзгө сөз бериңиз, кыска убакыттын ичинде ийгиликке жетише аласыз. Анткени кыштын суугуна чыдабаган, жаздын даамын тата албайт.
➢ Жатаарда өзүңүздү суракка алыңыз: бүгүн эмне кылдым? Эртең эмне кылышым керек?
➢ Жаңы күндү, жакшы ниет менен баштаңыз;
➢ Ийгиликке жетишиңизге ишенбесеңиз, эч качан ийгиликке жетише албайсыз; ➢ Улуу инсан болууну кааласаңыз, аз уктап, көп окуңуз;
➢ Уктагандыңыз үчүн да, ойгонгондуңуз үчүн да шүгүр кылыңыз.
Бышыктоо: Уйкуну убагында уктоо керек.
Ар дайым жалкоолуктун айынан уктабоо керек.
Ар дайым эрте менен эрте туруу керек.
Сергек жашоо узаак жашоого өбөлгө.
Үйгө тапшырма : Мен серек жашоону каалайм Ой толгоо.