Просмотр содержимого документа
«Мыкты адам "Билерман ордо"»
Саты Токторов атындагы орто мектеби Байматова Аксана Информатика мугалими
Кругозордук суроолор
5 суроо
Командаларга ийгилик
1-суроо
Жарганаттар учуп жүргон ар түрдүү майда жандыктар менен азыктанышат.Бирок алардын кээ бирлери уктап калган адамды курч тиштери менен теерисин тиштеп,чыккан канды сооруп жан багышат.Бул жарганаттар туштук Америкада кеңири таралган.
Алардын бул түрү кандайча аталат?
1-жооп
Вампир
2-суроо
Койлор төлдөгөн соң ,козуларды белгилуу бир убакыттан кийин энесинен ажыратууга туура келет.Эгерде козулар дайыма эле энесин эме берсе,койлор арыктап кетиши мүмкүн.Козуларды энелеринин сүтүнөн ажыратуу үчүн тажырыйбалуу койчулар бир ыкманы колдонушат.
Алар кандай ыкманы пайдаланышат?
2-жооп
Койчулар койлорунун жүндөрүн кыркышып,сууга жуунтушат.Ошондо алардын тышкы келбети бир аз өзгөрөт. Натыйжада койлордун мурдагы жыты кетет да, козу өз энесин тааныбай эмүүдөн баш тартышат.
3-суроо
Дүйнөдөгу адамдардын көпчүлүгү үй-бүлө багуу үчүн иштеп,байлык топтоп өздөрүнөн кийинки урпактарга мурас катары болгон дүйнөсүнүн баарын калтырып кетүүгө аракет жасашат.Бирок адамдардын кээ бир тобу мурас калтырганы менен аны балдарына эмес,башка нерсеге жумшалышын дайындап кетишет.
Алар кимдер жана калтырып кеткен мурастары эмнелер болуп эсептелет?
3-жооп
Пайгамбарлар. Анткени алардын байлыктары бала-чакасына мураска калбайт,муктаждарга садага катары,кайрымдуулук иретинде таркатылат
4-суроо
Урматтуу окуучулар туз менен калемпирден (кызыл мурчтан)столдун үстүнө бир аз төгүп,аралаштырып,андан кийин алардын эч бирине тийбестен,кайра бири биринен ажыратып алууга болобу?
4-жооп
Болот.Бул үчүн таракты алып,чачты бир нече жолу энергиялуу тароо керек.Андан кийин тарак төгүлгөн туз менен калемпирге жакындатылат.Мындай учурда тан калыштуу кубулуш жүрөт.Бардык мурч туздан бөлүнүп,тарака жармаша баштайт.
5-суроо
Бүгүнкү күндө медицина жугуштуу ооруларды таркатпоо үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууда.Мисалы,аба аркылуу жугуучу вирустан сактануу үчүн бет кап кийишуудө.Пайгамбарыбыз Мухаммед С.А.В.диний тараптан эле эмес,Медицина тармагы боюнча да терең билимге ээ болгон.Ал: «Эгерде кайсы бир жерде оору пайда болгон болсо,ал жердегилер башка жакка чыкпасын,ал эми сырттан келгендер ал аймакка кирбесин»деп айткан.Пайгамбарыбыз бул жерде эмнени назарга туткан?
5-жооп
Карантинди