Алымкул Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектеби
Окууда жетишпеген балдар менен иштөө
Мугалими: Арапова Кундуз
2018 - 2019 - окуу жылы
Окууда жетишпеген балдар менен иштөө
Максаты:
1. Балдардын окууга болгон жоопкерчиликтүү мамилесин жөнгө салуу;
2. Ата - энелердин балдарынын окуусуна болгон жоопкерчилигин арттыруу;
3. Окуучулардын билим алуусунун деңгээлин көтөрүү;
4. Окуучулардын сабактардан начар окуп, классташтарына салыштырмалуу окуу материалын өздөштүрө албай
калуусун жана ордунда калып калуусунун алдын алуу;
5. Предметтен окуу материалын туура өздөштүрүүсүнө жардам берүү;
Начар окуган окуучулар менен иштөө боюнча негизги багыттар
Окуучунун окуудан жетише албагандыгынын себебин аныктоо;
Начар окуган окуучуну сабактан жетишүүсүнө комплекстүү иштерди жүргүзүү, сабактан тышкаркы учурда
иштөө, ата - энеси менен сүйлөшүү, сабак учурунда иштөө;
Класстан тышкаркы иш - чараларга тартуу;
Коомдук иштерге катыштыруу;
Окуучунун окуудан начарлоосунун себеби ар кандай болушу мүмкүн. Ар бир эле окуучу жакшы окууну каалайт.
Кээ бир учурларда сабактан “2” алып калган учурда баланын окууга болгон кызыгуусу тарап, кээде ал сабакка катышпай
да койгон кездер болот. Жыйынтыгында тартиби дагы начарлайт. Сабактан начар окуган бала өзүндөй начар окуган бала
менен достошот, себеби жакшы окуган окуучунун алдында өзүн ылдый сезет.
Окуудагы жетишпөө - бул окуу программасын канаатандырарлык денгээлде өздөштүрө албоо. Себеби үй бүлөнүн
социалдык абалына жараша дагы болушу мүмкүн. Б.а үй бүлөдө балага билим алууга көңүл бурулбай калуусу мүмкүн.
Ата - энелер үйдөн баласынын окуусуна көңүл буруп, тапшырманы аткарууга жардам берип, мектеп менен тыгыз
байланышта болсо, мындай көйгөй аз болмок.
Мугалим окуучуларды предметине кызыктыра алуусу, ар кандай интерактивдүү методдорду колдоно билүүсү дагы
сабактын эффективдүүлүгүн жогорулатып, начар окуган окуучулардын предметке болгон кызыгуусу артып, көңүл бура
баштайт.
Начар окуган окуучу менен сабак учурунда иштөө
Сабактын этаптары:
1. Өтүлгөн материалды кайталоо учурунда окуучугасабакта дифференцирленген суроолорду берүү менен окууга
болгон кызыгуусун арттыруу, туура жооп берген учурда аны мактоо;
2. Жаңы теманы түшүнүүсү үчүн жөнөкөйлөтүлгөн мисалдар, тажрыйбалар аркылуу түшүндүрүү;
3. Бышыктоо учурунда берилүүчү тапшырмаларды жөнөкөйлөтүп берүү;
4. Өз алдынча иштөөдө атайын карточкаларды даярдап келип, окуучунун денгээлине жараша тапшырма берүү;
5. Окуучунун билимин оъективдүү баалоо;
6. Окуучуга индивидуалдык тапшырма берүү;
Начар окуган окуучу менен иштөөдө класс жетекчинин милдеттери
Класс жетекчи класстагы окуучунун окуудан жетише албагандыгыны себебин аныкташ керек. ал үчүн жекече
ангемелешип, ата - энеси менен сүйлөшүп, жеткиликтүү иш аракеттерди аткаруу менен себебин аныкташы зарыл.
Баланын сабактардан жетише албай, начар окугандыгынын себеби:
Сабакты көп калтыруусу;
Үйдөн тапшырманы аткарууда ата - энеси тарабынан көзөмөлдүн жоктугу;
Жөндөмсүздүгү;
Окууга болгон калоосунун жоктугу;
Тапшырманын көлөмүнүн көптүгү;
Мугалим тарабынан окуучуну баалоонун объективдүү эместиги;
Окуу материалынын татаалдыгы;
Ден соолугунун начарлоосу;
Ата-эне - окуучу - класс жетекчи ортосундагы “Үчилтик” келишими
1.Окуучунун аты - жөнү: __________________________________________________
2.Атасынын же апасынын аты жөнү: __________________________________________
3.Класс жетекчинин аты жөнү: _______________________________________________
Ата - энеси:
Баламды (кызымды) мектепке өз убагында жөнөтөм,себепсиз калтырбайм.
Окуу куралдары менен толук камсыз кылып турам.
Ден-соолугун ардайым көзөмөлгө алып турам.
Таза кийинип тыкан журүүсүн камсыздайм.
Өзү кызыккан сабактардан ийримдерге катышуусуна шарт түзүп берем.
Мектептин коомдук жана маданий массалык иштерине үзгүлтүксүз катыштырам.
Маданияттуу сылык сыпаа сүйлөөгө үйрөтөм
Толук өздөштүрө албай жткан сабактарына кшумча сабактар уюштуруп берем.
Спорттук форма менен камсыздайм.
Достору жана классташтары менен жакындан таанышам
Ар кандай диний уюмдарга,дискотекаларга катыштырбайм жана майрамдык кечелер өткөрүп бербейм
Мектепке уюлдук телефон көтөрүп келүүсүнө жол бербейм.
Ашыкча көп акча бербейм.
Мектепте ата-энелер чогулушуна катышам жан класс жетекчи жана мугалимдери менен тыгыз байланышта болуп турам.
Мектептен сырткары баламдын жүрүш-турушуна өзүм толугу менен жооп берем.
Сабактарына катышып турам.
Мектептин уставына баш ийем.
Окуучу:
Мектепке кечикпей өз убагында жөнөтөм жана себепсиз сабактан калтырбайм.
Үй тапшырмаларын жана мугалимдин айткандарын так аткарам.
Мектеп формасын сактап,таза, тыкан жөнөтөм.
Акыл- эстүү болуп,ойлонулбаган чечимдерди кабыл албоого үндөйм.
Зордук-зомбулук көрсөтүүгө жана рекетчилик кылууга жол бербейм.
Достору менен ынтымактуу болуп,алардын буюмдарына кыянаттык кылбоого үйрөтөм .
Мектепке телефон менен жибербейм.
Өз алдынча майрамдык кечелер,экскурсия уюштурбайт жана катышпайт
Коомдук иштерге дайыма катышып турат
Мектептин эрежелерине толугу менен баш ийет.
Класс жетекчи:
Ар күнү окуучулардын келип кетүүсүнө көзөмөл жасайм.
Окуучулардын тартибине көзөмөл жасоо менен бирге өз убагында ата-энелерге маалымдайм.
Окуучулардын жынысына,улутуна жана материалдык абалына карабай бирдей мамиле жасайм.
Форма ,тазалык,билим сапатын көзөмөлгө алам.
Коомдук иштерге катышууга үгүттөйм, катышпаса чара колдоном.
Ата-энелер менен тыгыз байланышта болом.
Жума сайын кемчилдиктери бар окуучуларга эскертме берип, ата-энелерине жеткирип турам.
Начар окуган окуучулар менен иштөө
1. Окуучунун аты - жөнү: ___________________________________________________
2. Классы _________________________________________________________________
3. Кайсы предметтен жетише албайт: _________________________________________
4. Окуучунун тартиби: ______________________________________________________
5. Окуучунун начар окуусунун себеби:
___________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________
6. Окуучу менен жекече кандай иштер аткарылды:
___________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________
7. Аткарылган иштин жыйынтыгы:
___________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________
8. Кошумча маалыматтар:
___________________________________________________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________________________________________________
“Бекитемин”
Мектеп директору: А. Исраилова
____________________________ 2018 - жыл
Алымкул Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектебинин математика/ информатика мугалими Арапова
Кундуздун сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөө планы
№ Аткарылуучу иштин мазмуну Аткаруу Ресурстар Күтүлүүчү натыйжа
мөөнөтү
1 Сабакты өздөштүрө албаган окуучуларды Сентябрь Иш план Иш план түзүлүп, бекитилет
аныктоо. Жекече иш алып баруунун
планын түзүү
2 Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын Окуу жылынын Ата - энелер менен Ата - энелер менен жекече пикир
ата - энелери менен сүйлөшүү, маалымат башында сүйлөшүү дептери алмашуу болот жана окуучунун
берүү өздөштурүүсү боюнча маалымат
берилет
3 Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын Дайыма Сабактардын Окуучунун сабакка болгон
күнүмдүк сабакка жана кошумча сабакка жүгүртмөсү, кызыгуусу жакшырат
катышуусун көзөмөлдөө катышуу дептери
4 Окуучуларга диагностикалык карта түзүү, Сентябрь Диагностикалык Окуучуга мүнөздөмө берилет
мүнөздөмө жазуу карта
5 Окуучулардын дептерлеринин Дайыма Дептерлер Окуучунун дептерлеринин абалы
текшерилиши жакшырат
6 Сабактарга катышуу, окутууда Дайыма Таркатмалар, Окуучунун сабакка болгон
дифференциялык жана жекече мамиле сабактаын планы, кызыгуусу, кабыл алуусу жакшырат
жасоо. тесттик
- Ар түрдүү деңгэлдеги тесттерди тапшырмалар
пайдалануу;
- Окуучулардын билим денгээли
боюнча группада иштөө
7 Диагностикалык машыгуу иштерин Ай сайын Жазма иштери Окуучунун өздөштурүүсү бааланат
өткөрүү жана анализдөө (жазма иштери) (срездер)
8 Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын Ай сайын Ата энелер менен Окуучунун жашоо шарты аныкталат,
жашоо шартын аныктоо максатында сүйлөшүү дептери сабак окуу үчүн шарт жакшырат
үйлөрүнө баруу (зарылдыгы болсо)
9 Окуу - тарбия процесстерине ата - Чейрек сайын Ата - энелер менен Ата - энелер менен сүйлөшүү жүрөт,
энелерди катыштыруу, диагностикалык сүйлөшүү дептери окуучунун өздөштүрүүсү тууралуу
машыгуу иштеринин жыйынтыгын ата - маалымат берилет
энелерге маалымдоо, ата - энелер менен
жекече иштөө
10 Аткарылган иштерге анализ, жыйынтык Окуу жылынын Анализдер, Аткаоылган иштин жыйынтыгы
жасоо соңунда жыйынтык чыгарылат
отчёттор