Нерв системасы — эң эле ар түрдүү милдеттерди аткаруучу татаал системалардын тобунан турган организмди башкарып, аны тартипке салуучу татаал түзүлүштөгү система. Нерв системасынын эң негизги милдеттеринин бири — организм менен сырткы чөйрөнү тыгыз байланыштыруу. Ал түрдүү сезүү органдарынын жардамы менен териде, ички органдарда, булчуңдарда жайгашкан сезгич нерв талчалары аркылуу организмдин ички жана сырткы чөйрөсүнөн тынымсыз кабарларды алып, дүүлүктүргүчтөргө жараша ага жооп кайтарат. Нерв системасы организмдин бардык системаларын бириктирип тартипке салып турат.
Бөлүнүшу:
борбордук нерв системасы (мээ, жулүн) жана
четки нерв системасы (нервдер, нерв түйүндөрү, нерв чатыштары, нерв талчалары) болуп экиге бөлүнөт.
Булардын баары негизинен нерв тканынан турат да, алар үчүн мүнөздүү болгон козголгучтук (дүүлүгүчтүк) жана өткөргүчтүк милдетин аткарат.
Борбордук нерв системасы I. Моюн эшектери.
II. Көкүрөк аттары.
III. Бел иттери.
IV. Куймулчак буркуттору.
V. Чычаң нервдери.
-/-
1. Баш мээ.
2. Аралык мээ.
3. Ортоңку мээ.
4. Варолиев көпүрөчөсү.
5. Мээче.
6. Сүйрү мээ.
7. Каракуш мээ.
8. Моюн жону.
9. Бел жону.
10. Жүлүн.
11. Куймулчак (жон мээ).
Борбордук нерв системасы, адамдын жана татаал түзүлүштүү жаныбарлардын мээ системасынын негизги бөлүгүн түзөт, четки нерв системасынан өзүнүн топтошуп жана кыртыш сымал болуп жайгашкан нерв клеткалары менен айырмаланат. Борбордук нерв системасына мээ жана жүлүн кирет. Анын түзүлүшү эң татаал. Борбордук нерв системасынын түзүлүшүн жана негизги закондорун ачууда 19—20-кылымдардагы улуу орус окумуштуулары И. М. Сеченов, В. А. Бец, И. П. Павлов, В. М. Бехтерев, Н. С. Введенский жана А. А. Ухтомский жана башка эмгектери өтө зор.
Борбордук нерв системасынын негизги милдети:
1. Организмдеги бардык органдарды жана системаларды бири-бири менен бириктирип байланыштырып турат, башкача айтканда денедеги бардык түзүлүштөрдү бүтүндөй бир организмге баш ийдирет;
2. Денедеги сезүүчү органдардын жардамы аркылуу адамды курчаган айлана-чөйрөдөн кабар алып, организмди сырткы дүйнө менен байланыштырып, анын ар түркүн кубулуштары менен тааныштырат.
Негизги белгилери түзүлүшү жана функциялары:
Борбордук нерв системасынын негизги структуралык жана кызмат аткаруучу элементи — нейрон. Организмдеги бүткүл нерв талчалары бири-бири менен тыгыз байланышкан. Борбордук нерв системасы организмдин чөйрө менен байланышын жөнгө салып, кылык жорук реакциясын башкарып, дененин бардык органынын иш-аракетин координациялайт. Анын ишинин негизин рефлекстер түзөт.
Борбордук нерв системасынын башка организмдер менен нервдик байланышы 12 жуп мээ нерви жана 31 жуп жүлүн дүмүрчөгү аркылуу ишке ашат. Жүлүнгө арткы дүмүрчөгүнүн афферент нерви аркылуу териден, булчуңдан, бир аз ички органдардан жана кол-буттан «кабар» келип турат. Алдыңкы дүмүрчөгүнөн эфферент нервдери чыгып, ал аркылуу скелет булчуңуна башкаруучу импульстар келет (к. Четки нерв системасы). Ушул эле жерде вегетатив нерв системасынын ички органдардын ишин башкаруучу импульстарды берүүчү талчалар өтөт. Жүлүндүн ак затынын составындагы афференттүү (борборго умтулуучу) жол менен мээге (к. Анализаторлор), ал эми жогортон төмөн карай эфференттүү (борбордон четтөөчү) жол аркылуу жүлүнгө борбордук нерв системасынын жогорку бөлүгүнөн буйрук келет. Жүлүн жабыркаганда афференттүү жана эфференттүү импульстар бузулат.
Жүлүндөн мээге жана андан жүлүнгө келүүчү бардык нерв жолдору мээнин сөңгөгү аркылуу өтөт. Догосу сүйрү мээ аркылуу өткөн рефлекстер, жүлүн рефлексине караганда татаал болуп, ага дем алуу, кан айлануу, тең салмактуулук, ошондой эле чайноо, соруу, жутуу, кусуу, чүчкүрүү, жөтөл сыяктуу рефлекстик акт мисал болот. Сүйрү мээ кырсыкка учураса дем алуу жана кан айлануу токтойт, өмүргө коркунуч туулат. Сүйрү мээнин төрт дөбөчөсүндө көрүү, угуу, көз кыймылдаткыч борборлор жайгашкан. Көргөзгүч урчукта бүт организмдин жүлүндөн, сүйрү мээден жана ортоңку мээден жарым шардын кыртышына келүүчү сезгич жолдор чогулат. Аралык мээ тамактануу, кан айлануу жана зат алмашуу процессин жөнгө салат, ошондой эле жүрөк кан тамыр жана эндокрин системасынын функциясы менен ички жана сырткы кабыл алууну байланыштырат. Мээ сөңгөгүнүн ретикул формациясы, гипоталамус, көргөзгүч урчугу сыяктуу түзүлүшү мээ кыртышына активдештирүүчү жана тормоздоочу таасир берүүгө жөндөмдүү. Ушулар аркылуу организмдин уйку, сергектенүү, ачка болуу, суусоо, ооруу жана башка ишке ашат. Чоң жарым шардын кыртышынан келүүчү импульс өтүүчү жол мээ сөңгөгү аркылуу өтүп, жүлүндүн кыймылдаткыч клеткаларына жетет. Мээ кыртышынын оң тарабынан келген импульс жүлүндүн сол тарабына, сол тарабынан келген оң тарабына өтөт. Мээ кыртышынын бир жагына кан куюлса, дененин карама-каршы тарабындагы булчуңдар шал болот.
Мээ кыртышы 200 млрд нерв клеткасынан (нейрондон) турат. Бул клеткалар ар кандай формада болуп, көп катар жайгашат жана бири-бири менен өсүндүлөрү аркылуу биригет. Дененин ар кайсы бөлүгүнөн, орган жана тканынан келген импульстар кыртыштын ар кайсы жерине келет.
Кишинин ар бир жүрүш-туруш актында борбордук нерв системасынын жүлүндөн тартып мээ кыртышына чейинки бардык бөлүктөрү алар башкаруучу органдар менен биргелешип иштеп, функциялык системаны түзөт. Кайсы мөөнөттө болбосун борбордук нерв системасынын абалы организмдин талабына көз каранды. Татаал түзүлүштүү жаныбарлар менен кишинин ички чөйрөсүнүн туруктуулугун бир калыпта кармап турууну сүйрү, ортоңку жана аралык мээлердин атайын мээ кыртышынын астындагы борборлор камсыз кылат. Алар организмдин ички ресурстарын керектүү учурда жөнгө салып турат. Бирок бул ресурстардын чеги болот, мисалы, күн ысыкта жылуулукту жөнгө салуунун физиологиялык мүмкүнчүлүгү жетпей калган учурда биз желдеткичти коёбуз, суукта тон киебиз, бул — жүрүш-туруш реакциялары. Борбордук нерв системасынын оорулары. Борбордук нерв системасынын жабыркашы анын өөрчүшүнүн жана кан айлануусунун бузулушу, кырсыкка чалдыгуу, сезгенүү, шишик жана башкаларга байланыштуу болот. Мээнин жана жүлүндүн кемтиги өөрчүп жаткан түйүлдүккө ар кандай тескери таасирден (кош бойлуунун жугуштуу оору менен оорушу, травма алышы, радиоактивдүү заттардын таасири, ата же эненин аракечтиги, ууландыргыч химиялык заттардын таасири) болот. Кээ бир кемтиктин өөрчүшүндө тукум куума фактордун мааниси чоң (к. Тукум куума оорулар). Өөрчүү кемтигине мээнин жана баш сөөгүнүн өөрчүбөй калышы, гидроцефалия кирет. Борбордук нерв системасы баш сөөк жана омуртка начар өөрчүгөндө да жабыркайт. Чоң кишилерде мээ жана жүлүндө кан айлануунун бузулушу гипертония оорусу, атеросклероз менен ооругандарда көп байкалат. Ал мээ кан тамырларынын спазмы же бүтөлүп калышы (тромб), ошондой эле мээге кан куюлуудан болот. Эгерде аз убакытка кан куюлса мээнин иши тез калыбына келет. Эгерде мээ кан тамырлары өтө жабыркаса инсультка алып келет. Балдарда чоң кишилерге караганда мээде кан айлануу чанда бузулуп, ал мээнин кан тамырларынын жабыркашы же кан ооруларына байланыштуу болот.
Борбордук нерв системасынын бардык бөлүгүндө шишик болушу мүмкүн. Бул шишиктер туюк баш сөөктүн же омуртка көңдөйүндө болгондуктан, ал мээни, жүлүндү, артерия жана вена кан тамырларын, мээ кабыгын кысат, жүлүн суюктугунун айланышын бузат.
Борбордук нерв системасынын сезгенүү ооруларына энцефалит, менингит кирет. Ортоңку жана ички кулак жана кээ бир ички органдар ириңдегенде Борбордук нерв системасына ириң өтүп, абцесс пайда болушу мүмкүн.
Баш травмасынан ымыркайлардын төрөттөн жабыркашы көп учурайт. Баланын башы төрөт жолунан чоң болсо, төрөттө баланын башы бир аз кысылып чыгат. Дени соо балага бул кысылуу таасир этпейт. Эгерде бала алсыз, курсактагы кезинде кычкылтек жетишпей же кандайдыр бир оору таасир эткен болсо, анын мээси кичине эле кысылууну көтөрө албайт.
Борбордук нерв системасынын кызматынын бузулушуна байланыштуу ооруларда (к. Неврастения) оорулуунун алы кетет, бат чарчайт, эске тутуусу начарлайт, урушчаак болуп кетет. Борбордук нерв системасынын ооруларынын өзгөчө тобун психикалык оорулар түзөт.
Дарылоо оорунун себебине жараша жүргүзүлөт. Азыркы мезгилде борбордук нерв системасынын көп ооруларын өз убагында жана туура дарылоо жүргүзүлгөндө жакшы натыйжа берүүдө. Өзүн-өзү дарылоо организмге өтө зыян келтирет.
Четки нерв системасы — борбордук нерв системасынын (мээ менен жүлүндүн) сыртында жайгашкан нерв системасынын бөлүгү.
Борбордук нерв системасы Четки нерв системасынын жардамы менен организмдеги бардык системалардын, органдардын жана ткандардын иштешин жөнгө салып, бири-бирине ылайыкташтырып турат. Четки нерв системасынын составына мээ, жүлүн нервдери, алардын сезгич түйүндөрү, вегетатив нерв системасынын нервдери жана түйүндөрү кирет. Борбордук нерв системасын тери, булчуң, тарамыш, байламталар менен байланыштырып туруучу Четки нерв системасы— сома (дене) нерв системасы, ал эми ички органдар, кан тамырлар, бездер менен байланыштырган нерв талчалар вегетатив нерв системасы деп аталат. Органдардагы сырткы жана ички сезүү нерв учтары — рецепторлор, бөлүп чыгаруучу жана кыймылдатуучу нерв учтары — эффекторлор да Четки нерв системасына кирет.
Кишинин четки нерв системасынын жайгашуусу: 1—алдынан көрүнүшү; II—артынан көрүнүшү. Дененин териси, тери алдындагы клетчаткасы, кээ бир булчуңдар алынып ташталган. 1 — бут кетменинин үстүңкү нервдери; 2— шыйрак нервдери; 3— тизенин тери алдындагы нервдери; 4— алакан нервдери; 5— ортоңку нерв; 6— билек нервдери; 7— сан нервдери; 8— симпат сөңгөгү; 9— куймулчактын нерв чиелениши; 10— белдин нерв чиелениши; 11— тери-булчуң нервдери; 12— боор эт нервдери; 13— кабырга арасындагы нерв; 14— ийин нерв чиелениши; 15— адашма нерв; 16— моюн нерв чиелениши; 17— бет нервдери; 18— кежиге нервдери; 19— кулак-чыкый нервдери (үч ача нервдин бутактары); 20—көз үстүндөгү нерв (үч ача нервдин бутактары); 21— акырек нерви; 22— ийиндин тери алдындагы нервдери; 23— кабырга арасындагы нервдердин териге жана ич булчуңдарына кеткен бутактары; 24— билектин тери алдындагы нервдери; 25— сандын тери алдындагы нервдери; 26— балтыр нерви; 27— соор булчуң нервдери; 28— кол чеңгелинин сырткы нервдери; 29— жүлүндүн бел бутактары; 30— жүлүндүн көкүрөк нервдери; 31— жүлүндүн моюн нервдери; 32—далы нервдери; 33— кол нерви; 34— чычаң нерви; 35— таман нервдери.
Мээ, жүлүндө жана нерв түйүндөрүндө жайгашкан нерв клеткаларынын талчаларынан турган нервдер организмде болгон өз ара байланышты ишке ашырып турат. Четки нервдер же нерв сөңгөктөрү көп сандаган нерв талчаларынан туруп, борборго умтулуучу жана борбордон четтөөчү талчаларга бөлүнөт. Борборго умтулуучу нерв талчаларында нерв импульсу рецепторлордон борбордук нерв системасына багытталат. Ал эми борбордон четтөөчү нерв талчаларында нерв импульсу борбордук нерв системасынан четке багытталып, кыймылдаткыч талчалар — булчуңга, вегетатив нерв талчалары бездерге, ички органдарга, кан тамырларга келет.
Борбордук нерв системасынын кайсы бөлүгүнөн чыгышына жараша Четки нерв системасынын нервдери жүлүн нервдери жана баш мээ нервдери болуп бөлүнөт. Жүлүн нервдери жүлүндөн чыккан алдыңкы кыймылдаткыч жана арткы сезгич дүмүрчөктүн кошулушунан пайда болуп, омуртка аралык каптал тешиктеринен чыгат. Эки тамырдын кошулган жеринде арткы сезгич дүмүрчөктүн ичинде жүлүн түйүнү жайгашкан. Жүлүндөн бардыгы 31 жуп (8 моюн, 12 көөдөн, 5 бел, 5 куймулчак жана 1 чычаң) жүлүн нерви чыгып, жүлүндүн 31 сегментине туура келет да, дененин белгилүү бир бөлүгүн камсыз кылып турат. Омурткалардын арасындагы тешиктен чыккандан кийин ар бир жүлүн нерви бутактарга бөлүнөт. Алдыңкы бутагы дененин алды жагына, колго, санга тарайт; арткы бутагы дененин арт жагындагы булчуңдарга жана териге кетет; ошондой эле жүлүн кабыктарына кетүүчү; симпат сөңгөгүнүн түйүнү менен кошулуп туруучу бутактар бар. Баш мээ нервдери (12 жуп) мээнин ичиндеги ядролорунан башталып, баш сөөгүнүн негизиндеги тешиктерден сыртка чыгып, башта жана моюнда жайгашкан органдарга, териге, ал эми адашма нерв баш менен моюндан тышкары көкүрөк жана курсак көңдөйлөрүндөгү органдарга тарайт. Адамдардын ири нервдери нерв-кан тамыр боолорунун составына кирип, сыртынан тутумдаштыргыч ткандан турган кутуча менен курчалып турат. Нерв-кан тамыр боочосу артерия, вена, нерв жана лимфа тамырларын камтып турат. Нервдер тери жана булчуң нервдери болуп бөлүнөт. Тери нервдери теринин астында жайгашып, анын составындагы сезүүчү нерв талчалары терини жабдыса, ал эми вегетатив нерв талчалары тери бездерин, чачтарды көтөрүүчү булчуңдар менен кан тамырларды нервдештирет. Булчуң нервдери ар дайым нерв-кан тамыр боочолоруна кирип, кыймылдаткыч, сезүүчү жана вегетатив нерв талчаларынан туруп, булчуңдарды, муундарды, сөөктөрдү жана кан тамырларды жабдыйт.
Нервдер кыймылдаткыч, сезгич жана аралаш нервдерге да бөлүнөт. Адамдын денесиндеги нервдердин көпчүлүгү аралаш нервдер. Ал нервдин составында сезгич, кыймылдаткыч, вегетатив нерв талчалары бар.
Четки нерв системасынын оорулары түрдүү себептерден (кан айлануунун бузулушу, травма, нервдердин кысылып калышы, түрдүү уулануу, зат алмашуунун бузулушу, ошондой эле сезгенүү) пайда болот. Четки нерв системасынын жабыркаган жерине жараша куяң, плексит, неврит, полиневрит жана башкалар оорулары белгилүү. Куяңда жүлүндүн алдыңкы дүмүрчөсү жабыркап, дененин тийиштүү сегментиндеги булчуңдар шал боло баштайт, ал булчуңдар бошоңдоп, кээде эрксиз кыймылдап, тартылып турат, бирок сезгичтик сакталат. Жүлүндүн арткы дүмүрчөгү көбүрөөк жабыркаганда катуу ооруп, ал жердин сезгичтиги азаят. Нерв чатыштары жабыркаганда сезгичтик жана вегетативдик бузулуулар бир нерв жабыркаганга караганда көбүрөөк болот. Четки нервдер жабыркаганда сезгичтик, кыймыл жана вегетативдик бузулуулар байкалат. Баш мээ нервдери, мисалы, көрүү, жыт билүү, угуу нервдери жабыркаганда оорубай, булчуңдар начарлабай эле көздүн көрүүсү, кулактын угуусу, жыт сезүү начарлайт. Үч ача нерв жабыркаганда беттин бир жагы эч нерсе сезбей калат же өтө катуу ооруйт. Бет нерви кыймылдаткыч функцияны да аткаргандыктан анын бузулушу беттин бир жагындагы мимика булчуңдарын шал же парезге дуушарлантып, көз жумулбай, бет, ооз кыйшаят. Көздү кыймылдатуучу нервдер неврит болгондо чалыр болуу, көзгө кош көрүнүү байкалат. Тил, кулкун жана адашма нервдер жабыркаганда кулкун, кокодо сезгичтик төмөндөп, тилдин арт жагы даам сезбей, жутуу кыйындап, бат-бат чакайт, шилекей чыгаруу да бузулат, ошондой эле органдардын (өпкө, жүрөк, ичеги-карын) функциясы да өзгөрүлөт. Ооруну врач түрдүү неврологиялык текшерүү жана электромиографиялык изилдөө менен аныктайт. Кээ бир учурда жүлүнгө пункция жасалат. Вегетатив нерв системасынын четки бөлүктөрү жабыркаганда плексит, неврит өөрчүп, ички органдар ооруп, начарлайт.
Четки нерв системасынын ооруларын алдын алуу үчүн үшүп калуудан, өндүрүштүк кырсыктан сак болуу жана уу химикаттар менен иштегенде коопсуздук техникасын туура уюштуруу зарыл. Четки нерв системасынын оорусуна көбүнчө ичкилик ичкендер, тамеки тарткандар, кант диабети, богок болгондор, ичеги-карыны ооругандар көбүрөөк дуушар болушат. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлүп, четки нервдин түрдүү бөлүктөрүнүн дарылоосу да ар башка болот. Мында оорулууну атайын текшерип аныктагандан кийин дары-дармек жана физиотерапиялык процедуралар колдонулат.