Тема: Салам сага санжыралуу Ноорузум!
Максаты: Окуучуларды кыргыз элинин урп-адаты,каада-салты менен тааныштыруу.
Нооруз майрамынын тарыхый маанисин ачып корсотуу.
Сабактын жабдылышы:
Сабактын журушу:
Мугалим: Арбаныздар ардактуу агай- эжейлер,кымбаттуу балдар жана кыздар,азиз меймандар! Куш келипсиздер! Алдыда келе жаткан жакшылык майрамы менен куттуктоо менен тарбиялык сабагыбыздын алгачкы барагын Нооруз майрамынын касиеттуу тамагы болгон Сумолоктун жомогу менен ачууну туура кордук.
«Илгери откон заманда,жаркыраган жаздын алгачкы айында калкты ачарчылык каптайт. Эл ичинде олум- житим коп болот. Элдин айласы куруп,самандай сапырылат. Тамак сурап чыркыраган балдардын ундору басылбайт. Энерлердин айласы кетип, аргасы тугонот. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Мээрман энерлер Бир ойго келишип,ар кимиси колдо болгон тамак-аштарын ортого чыгарышат. Бироосу Бир чымчым ун,экинчиси Бир кашык майын, учунчусу бир ууч талканын, дагы бироолору уч- торт оруктун кагын чогултушат. Коп тукурсо кол болот дегендей,копчулук он жыйналган тамак-аш чон казандын жарымынан болот. Ага толтура суу куюлуп, от жагылат. Казан кайнайын деп калганда чиедей балдарын ээрчитип бир аял келет. «Айланайын журтум,казанынарга кошоор эч нерсем жок,мына бул тогуз тоголок таштан башка эч нерсе таппадым. Жок дегенде алар балдарыма ырыскы болуп кошо бышсын»- деп жуз аарчысына ороп келген тогуз ташты казанга салат.
«Айланайын кудай,ушул коктом элибизге токчулук менен бак- таалайлуу алып келсин,журтубуз ачарчылыктан кыйналып кетти, мол тушумдун,берекенин,ден-соолуктун жылы болсун !» - деп тиленишет.
Ошол танда эн Бир таттуу,жегиликтуу,токчулук даамданып бир даам бышат. Ал даамды Сумолок деп аташат. Жаш-кары дебей сумолокту соомойлору менен илип жешет. Сумолок кулазык болуп копко жетип,элди ачарчылыктан сактап калат. Ошол жылы элдин тилеги кабыл болуп,тушум мол болот.Ал эми сумолок жаны жылды тосуу майрамынын касиеттуу тамагы болуп калган экен.
Нооруз майрамын тосуу учун кыз- жигиттер келе жатышат, тосуп алалы! Жаны жылды ыр-бий менен тосолу.
«Жалын бийи» бийленет.
Мугалим: Нооруз майрамы! Ата- бабаларыбыз жыл тогошоор убак деп Нооруз айын, тагыраак айткандарды марттын 21 не караган тунду эсептешкен. Элибиз бул айды чын куран айы деп аташкан. Тарыхта айтылгандай Нооруз кундору согуш токтоп,Эл чыр-чатагын унутушуп,таза журок менен майрамдашкан. Арча менен аластап,жамандыкты качырып, жакшылыкты чакырышкан.
Эмесе Тенир Ата менен Умай эненин батасын алалы!
Тенир Ата: Келди Нооруз! Жер энебиз нан берсин!
Жериме коп жер жайнаган мал берсин!
Коктом менен кошо келген Ноорузум,
Ынтымакты, ырыс-кешик алып келсин!
Кут качпай пейил онолсун!
Коп болбой балдар торолсун!
Аластуу арча жытынан,
Жоболон кырсык жоголсун!
Умай эне: Алас³! Ар балээден калас.
Айжан аман, жылдан эсен бололу! Жараткан жакшылык ыроолосун!
Алас³! Ар балээден калас,
Орообуз данга толсун!
Оозубуз нанга толсун!
Жараткан жар болуп,
Эл-жеримди колдосун, Оомийин!
Окуучу: Куурдаштар бугун кубанып,
Кубултуп чыгар добушту,
Кучак жайып тозолу,
Касиеттуу Ноорузду!
Окуучу: Кыйырын кезип бут жердин,
Кыргыз элге туш келдин!
Ниетинде жакшылык,
Нооруз майрамын куш келгин!
Мугалим: Кыргыздын философиялык багыттагы дуйно таанымы ото кучтуу болгон. Элдик оозэки чыгарманын Бир туру болгон «Алым-сабак айтым кепке» кезек берели.
Окуучу: Асман менен жердин ортосу канчалык?
Окуучу: Асман менен жердин ортосу каш менен кабактын ортосундай. Каш которуп ойдо карасан-асман. Кабак тушуруп ылдый карасан- жер.
Окуучу: Калп менен чындын ортосу канчалык?
Окуучу: Калп менен чындын ортосу торт эли. Кулак менен уксан калп,коз менен корсон-чын.
Окуучу: Тируу жандын атасы ким? Энеси ким? Каны кайсы? Жаны кайсы?
Окуучу: Тируу жандын атасы-кун,апасы-жер,каны-суу, жаны- аба
Асыл болсон кундой бол,
Ааламга жарык нур берген!
Жакшы болсон жердей бол,
Баарын чыдап которгон!
«Алым-сабак ыры» ылдалат.
Мугалим:Уч буроо,жалгыз тээк,уч кыл комуз,
Чертилбейт, кууго келбейт чебер колсуз!
Эли да комузундай жопжонокой,
Бирок да онору бар айтып болгус!
Куу чертуу
Мугалим: Кармашканда кайрат берип утуру,
Беттеген жоо болбойт бизден кутулуу.
Кайрат кайтпас ожорлук бар канында,
Ал анткени биз Манастын тукуму!
Манас эпосунан узунду айтуу.
Мугалим:Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол Кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кот менен баатыр бол деп,
Чон аталар остургон сени, мени, деп айтылуу акын Байлылда Сарногоев айткандай, жигиттердин оюну кок бору болгон.
Эмесе назарыныздарда «Кок бору» бийи.
Мугалим: Кыргыз элимде бир майрам,ар бир той оюн-зооксуз отпойт эмеспи. Эмесе кезекти каада-салт,оюн зоокко берели!
Аркан тартыш оюну откорулот.
Тушоо кесуу салты корсотулот.
Мугалим: Жаныргансыйт Ала-Тоонун добушу,
Жашаргансыйт байыркы ата-конушум!
Сагындырып неге мынча кеч келдин,
Салам сага санжыралуу Ноорузум!
Нооруз майрамы баарыбыз токчулук,молчулук,тынччылык алып келсин деген тилек менен,бугунку тарбиялык сабагыбызды «Салам сага санжыралуу Ноорузум!» аттуу ыр менен жыйынтыктап коелу.