SEA-Cтарттык эксперимент Германиялык проект менен өтүлгөн сабак
Жангелдиева Динара Тууганбековна
Математика 6-класс
Тема: Октук симметрия
1.Старттык эксперимент:
Колдонулуучу материалдар:
кагаздан кесилген квадрат
кагаздан кесилген тик бурчтук
кагаздан кесилген үч бурчтук
клей , кайчы, түстүү кагаздар, скотч, маркер, сызгыч, А-4 кагазы, флипчарт.
Эксперименттин сүрөттөлүшү
А)Квадрат формасындагы кагаз көрсөтүлүп, экиге бүктөлөт.
Б)Экиге бүктөлгөн кагаз дагы экиге бүктөлөт.
В)Квадрат бурчтарын боюнча бүктөлөт да үч бурчтук пайда болгону көрсөтүлөт.
Г)Дагы бурч боюнча бүктөлөт жана бүктөө сызыктары маркер менен сызылып көрсөтүлөт.
2.Мумкун болгон байкоолор
- кагаздан кесилген квадрат көрсөтүлдү;
- квадрат эки бүктөлдү;
- квадрат түз сызыктар боюнча бүктөлдү;
- Квадрат жактары дал келгендей 2жолу бүктөлдү;
- квадратты бүктөгөндө эки тик бурчтук пайда болду;
- квадратты жактары дал келгендей эки жолу бүктөгөндө 4кичинекей квадрат пайда болду ;
- квадраттын чокулары дал келгендей бүктөлдү;
- квадрат үч бурчтук боюнча бүктөлдү;
- квадраттын бурчтарын дал келтирип бүктөгөндө 2 үч бурчтук пайда болду;
- Квадраттын чокуларын дал келтирип эки жолу бүктөгөндө 8 үч бурчтук п.б.
- бүктөө сызыктары боюнча түз сызыктар жүргүзүлдү;
- бүктөгөндө түз сызыктар пайда болду;
3.Тандалган байкоолор
- квадрат жактары дал келгендей 2 жолу бүктөлдү;
- квадрат түз сызыктар боюнча бүктөлдү;
- квадратты бүктөгөндө эки тик бурчтук пайда болду;
- квадраттын чокулары дал келгендей бүктөлдү;
- квадрат үч бурчтук боюнча бүктөлдү;
- квадраттын бурчтарын дал келтирип бүктөгөндө 2 үч бурчтук пайда болду;
- Квадраттын чокуларын дал келтирип эки жолу бүктөгөндө 8 үч бурчтук п.б.
- бүктөө сызыктары боюнча түз сызыктар жүргүзүлдү;
- бүктөгөндө түз сызыктар пайда болду;
4.Суроолор
- Жактары бири-бирине дал келгендей канча сызык жүргузүүгө болот?
- Бүктөө сызыгы фигуралардын жактарынан жана бурчтарынан көз карандыбы?
- Бардык эле фигураларды жактарына дал келе тургандай кылып бүктөөгө болобу?
5.Мүмкүн болгон божомолдор.
1-суроо боюнча.
- Үч бурчтукту жактары бири-бирине дал келгендей 2сызык жүргүзүүгө болот;
- Үч бурчтукту жактары бири-бирине дал келгендей 3 сызык жүргүзүүгө болот;
- Тик бурчтукту жактары бири-бирине дал келгендей 2сызык жүргүзүүгө болот;
- Тик бурчтукка жактары бири-бирине дал келгендей 3сызык жүргүзүүгө болот;
- Ромбго жактары бири-бирине дал келгендей 2сызык жүргүзүүгө болот;
- Ромбго жактары бири-бирине дал келгендей 4 сызык жүргүзүүгө болот.
2- суроо боюнча
- Бүктөө сызыгы фигуралардын жактарынан көз каранды;
- Бүктөө сызыгы фигуралардын бурчтарынан көз каранды;
- Бүктөө сызыгы фигуралардын жактарынан жана бурчтарынан көз каранды;;
- Жүргүзүлгөн түз сызык фигуралардын жактарынан жана бурчтарынан көз каранды эмес;
- Бүктөө сызыгы фигуралардын жактарынан көз каранды эмес,бирок бурчтарынан көз каранды;
- Бүктөө сызыгы фигуралардын бурчтарынан көз каранды эмес,бирок жактарынан көз каранды;
3-суроо боюнча
- Бардык эле фигураларды жактарына дал келе тургандай кылып бүктөөгө болот;
-Бардык фигураларды жактарына дал келе тургандай кылып бүктөөгө болбойт;
-Айрым гана фигураларды жактарына дал келе тургандай кылып бүктөөгө болот;
6.Эмне изилденет
- Фигуралардын жактары бири-бирине дал келгендей канча сызык жүргүзүүгө болорун аныктоо;
- Фигуралардын бүктөө сызыктарынын жактарынан жана бурчтарынан көз карандыбы же көз каранды эместигин аныктоо;
-Бардык эле фигураларды жактарына дал келе тургандай кылып бүктөөгө боло тургандыгын же болбостугун аныктоо.
7.Мүмкүн болгон верификациялык тажрыйбалар.
1-топ
-Тең капталдуу трапеция, тура алты бурчтук, ромб , тик бурчтуктун жактары бири-бирине дал келгендей мүмкүн болгон сызыктарды жүргүзүп саноо;
-берилген фигуралардын эки бурчунун суммасы тышкы бурчка барабар экенин эсептеп көрүү;
2-топ
-Квадрат,үч бурчтук,ромб,тик бурчтардын бүктөө сызыктарынын жактарынан жана бурчтарынан көз каранды же көз каранды эместигине тажрыйба жүргүзүү;
-берилген фигуралардын ички жана тышкы бурчу биригип 180˚ка барабар экенин эсептеп көрүү;
3-топ
-Айлана,тегерек,трапеция,параллелограммды жактары дал келе тургандай кылып бүктөп көрүү.
-ромб, тик бурчтук, параллелограмм, квадрат, трапециялардын ички эки бурчтарынын суммасы тышкы бурчка барабар болоорун же ашып кетээрин көрүү;
8.Верификациялык тажрыйбадан келип чыккан концепциялар.
-Төрт бурчтукка (тең капталдуу трапеция)жактары бир-бирине дал келгендей
1 түз сызык, тик бурчтукка -2, ромб -2 ,алты бурчтукка -6 түз сызык жүргүзүүгө болот.
-Квадрат, үч бурчтук, ромб, тик бурчтуктардын бүктөө сызыктары жактарынан жана бурчтарынан коз каранды эмес.
-Бардык эле фигураларды жактары дал келе тургандай кылып бүктөөгө болбойт.
-Жактары бир-бирине дал келгендей фигураларга жүргүзүлгөн түзсызык октук симметрияга айланат.“Симметрия”грек тилинен алынган, “Simmetria”-өлчөмдөш дегенди билдирген сөз.Симметрия огун жана симметриялуу нерселерди айлана-чөйрөдөн кезиктирүүгө болот.
Мисалы: жалбырак, бактын, жүрөктүн сүрөтү, көпөлөк ж.б.
- каалагандай үч бурчтуктар үчүн ички бир бурчуна жандаш жаткан бурч ал үч бурчтуктардын тышкы бурчу болот.
- каалагандай үч бурчтуктар үчүн тышкы бурчу аны менен жандаш болбогон эки ички бурчтарынын суммасына барабар болот.
- каалагандай төрт бурчтуктар үчүн аткарылбайт.
- каалагандай үч бурчтуктардын тышкы бурчу менен ички бурчу 180˚ка барабар болот.
9.Колдонулушу
-Күндөлүк турмушта: терезе, китеп, адамдын коздөрү, кулактары, курак кураганда, шырдак жасоодо, оймо-чиймелерде, кийим тигүүдө ж.б.
-Техникада:самоёт курууда, машина курууда ж.б
-Илимде: архитектурада, математикада, черчениеде, сүрөттө, живописте, физикада, биологияда ж.б.
Шырдак жасоодо, оймо чиймелерде, архитектурада, геометрияда, физикада, курак курганда, үйдүн чатырын тургузганда, суу тосмолорун койгондо ж.б.