СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуянын ыктымалдыгы

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Окуянын ыктымалдыгы»

Тема: Ыктымалдыктар теориясы. Окуянын ыктымалдыгы

Сабактын максаты


Баалоо үчүн критерийлер

1.Ыктымалдыктар теориясы айлана-чөйрө дүйнөсүнүн обьективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөчү математика илиминин бөлүгү болуп эсептелери жөнүндө жана биз жашаган мейкиндик чексиз көп окуялар менен толтурулганын билишет.

2.Окуянын ыктымалдыгын табуунун формуласын билишет.

3. Окуянын ыктымалдыгын табышат.

4.Берилген тапшырмаларды аткарышат.

  • ыктымалдыктар теориясы айлана-чөйрө дүйнөсүнүн обьективдүү мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдөөчү математика илиминин бөлүгү болуп эсептелери жөнүндө билишсе;

  • окуялардын жалпы түрлөрүн баяндап айтып беришсе;

  • окуянын ыктымалдыгын таба алса;

  • берилген тапшырмаларды аткарса;

  • сабакка активдүү катышса;

  • жеке,жупта иштей алса;

  • мисал иштөөдө формулаларды колдоно алса.

Сабактын түрү: практикалык сабак

Сабактын формасы: Жеке жана жупта иштөө

Сабактын жүрүшү: 1. Сабакты уюштуруу

2. Үй тапшырмасын текшерүү

3. Кайталоо үчүн суроолор

1-тапшырма. Жуптарда иштөө: мисалдар жазылган карточкалар студенттерге таркатылып, жооп берүү үчүн убакыт берилет.

Окуялардын кайсынысы кокус, сөзсүз орун алуучу (чыныгы), сөзсүз орун албоочу (жалган) окуя болот?

№1. Бир лотереялык билет боюнча утушка ээ болуу.

№2 . Кутучадагы 4 көк жана 6 кызыл шарлардан өңдүү шаарды сууруп алуу.

№3.  200 беттүү китепти ачканда 205 чи беттин ачылышы.

№4. Бутаны атканда ага тийиши же тийбөөсү кандай окуя?

№5. Куб түрүндөгү сөөк оюнчугун ыргытуудан 6 дана чоң упай болушу кандай окуя?

№6. Эгерде металл тыйыны ыргытылса, анда герб жагынан түшүшү кандай окуя?

№7. Жылуулуктан муздун эриши кандай окуя.

№8. Эртең жаан жаайт же жаабайт.

№9. Студент окуу жайды бүтүрсө, кызыл диплом алат.

№10. Кутучада салынган 3 кызыл жана 5 сары шарлардан ак түстөгү шарды сууруп алуу.

2-тапшырма.

Окуянын ыктымалдыгын тапкыла.

  1. Абонент телефон чалганы жатып, номердин бир цифрасын унутуп калгандыктан, аны болжоп эле алды. Керектүү цифра алынгандыгынын ыктымалдыгын тапкыла.

  2. Эки кошунанын: биринин бышып турган алмасы экинчинин гүлдөп турган тюльпанын сындырып салды. Экинчи кошуна сотко кайрылып, утуп чыгуусунун ыктымалдыгын тапкыла.

  3. Текчедеги 20 китептин 8и Чынгыз Айтматовдун китептери. Болжоосуз бир китеп алынды. Ал китеп Ч. Айтматовдун китеби экендигинин ыктымалдыгын тапкыла.

  4. Урнада 20 кызыл, 15 сары, 10 көк жана 18 жашыл шарлар бар. Кокусунан алынган бир шардын жашыл болуусунун ыктымалдыгын тапкыла.

  5. Ойнотулуп жаткан 1500 лотереянын 225 утушка ээ. Сатып алынган бир лотереянын утушка ээ болуусунун ыктымалдыгын тапкыла.

  6. Заводдогу 210 деталдын 23ү жараксыз. Алынган бир деталдын жарактуу болушунун ыктымалдыгын тапкыла.

  7. Ящикте 30 шар бар: 10 кызыл, 5 көк жана 15 ак. Андан бир шар алынган. Алынган шардын түстүү болуусунун ыктымалдыгын тапкыла.

  8. 100 беттүү китепти ачканда, ачылган бет 3кө эселүү экендигинин ыктымалдыгын тапкыла.

  9. Урнада 1ден 10го чейин номерленген шарлар салынган. Алынган шардын номери 10дон ашпаган сан экендигинин ыктымалдыгын тапкыла.

  10. 289 беттен турган китепти ачканда 300 бет ачылаарынын ыктымалдыгын тапкыла.

  11. Кылмышкерге күмөндүү 6 эркек жана 8 аял киши кармалды. Кылмышкер аял киши экендигинин ыктымалдыгын тапкыла



Жыйынтыктоо: Студенттер менен биргеликте өтүлгөн теманы талкуулоо.

Үй тапшырма: Кокус, сөзсүз орун алуучу, сөзсүз орун албоочу, карама-каршы, биргелешкен, биргелешпеген окуялардын ар бирине үчтөн мисал түзүп келгиле.

Баалоо.