СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окутуучулардын портфолиосу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

1.1 Портфолио окутуучунун кесиптик компетенциясын бекемдөөнүн таасирдүү механизми болуп саналат.

1.2 Портфолио окутуучунун кесиптик жетишкендиктери, ишинин реалдуу сапаты жөнүндө обьектвдүү маалымат берет, кесиптик ишмердиктин сапатынын өзгөрүүсүнүн динамикасын белгилейт.

1.3 Портфолиону окутуучу иштин ар кандай түрлөрүндө пайдалана алат: окутуу, тарбиялык иш, чыгармачылык, өз билимин өркүндөтүү.

1.4 Окутуучунун аракеттерин прогресске жана ар кандай аймактарында жетишкендиктери көрсөтүп турат, адамдын ишин жана анын натыйжаларын чогултуу болуп саналат.

Просмотр содержимого документа
«Окутуучулардын портфолиосу»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык

Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту

Бекитемин

Директор, доцент ___________ Зулпуев З.Б.

«____» _________ 2022 ж. № _________ буйрук

Каттоо номери __________

Институттун окуу-усулдук кеңешинде каралган жана жактырылган,

2022-ж. “_____” ___________ № ______ протокол





Окутуучулардын портфолиосу жөнүндө жобо

1. Жалпы жоболор

1.1 Портфолио окутуучунун кесиптик компетенциясын бекемдөөнүн таасирдүү механизми болуп саналат.

1.2 Портфолио окутуучунун кесиптик жетишкендиктери, ишинин реалдуу сапаты жөнүндө обьектвдүү маалымат берет, кесиптик ишмердиктин сапатынын өзгөрүүсүнүн динамикасын белгилейт.

1.3 Портфолиону окутуучу иштин ар кандай түрлөрүндө пайдалана алат: окутуу, тарбиялык иш, чыгармачылык, өз билимин өркүндөтүү.

1.4 Окутуучунун аракеттерин прогресске жана ар кандай аймактарында жетишкендиктери көрсөтүп турат, адамдын ишин жана анын натыйжаларын чогултуу болуп саналат.

1.5 Окутуучунун портфолиосу – окутуучунун куралы. Окутуучунун ишинин жана анын натыйжаларын камсыз кылуу үчүн окутуучулардын мүмкүнчүлүгү, рефлекси жана өзүн-өзү баалоочу каражаты катары кызмат кылат.

2. Портфолионун максаты

2.1 Системалуу түрдө талдоо, маанилүү кесиптик натыйжаларды берүү, окутуучунун кесиптик компетенттүүлүгүн көрсөтүү.

3. Портфолионун милдеттери

3.1 Кесиптик өсүшүнүн жогорку мотивациясын колдоо.

3.2 Кесиптик компетенциянын учурдагы деңгээлин аныктоо.

3.3 Активдүүлүктү, жаңычылдыкты, педагогдун демилгелүүлүгүн колдоо.

3.4 Окутуучунун рефлексия жана баалоо (өзүн-өзү баалоо) ишинин көндүмдөрүн өнүктүрүү.

3.5 Конструктивдик билгичтикти өркүндөтүү – масаттарды коюу, өзүнүн педагогикалык ишин пландоо жана уюштуруу.

3.6 Баалуулукту, жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү – студенттердин ишмердигин жана ишмердүүлүгүн талдоо жөндөмдүүлүгү.

4. Портфолионун түзүмү жана мазмуну

4.1 Окутуучу жөнүндө жалпы маалымат:

  • окутуучунун аты-жөнү, туулган датасы;

  • билими (кайсы окуу жайды, качан аяктаган, диплом боюнча адистиги жана ээ болгон квалификациясы);

  • жалпы иш стажы, иштеп жаткан билим берүү мекемесиндеги иш стажы;

  • квалификациясын жогорулатуу боюнча маалыматтар (адистиги боюнча билимин жогорулаткан курстардын аталышы, курстан өткөн айы, жылы);

  • окумуштуулук жана ардак наамдардын бар экендигин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

  • эң маанилүү өкмөттүк сыйлыктары, грамоталары, ыраазычылык каттары;

  • ар түрдүү сынактардын дипломдору;

  • окутуучунун каалоосу боюнча башка документтери;

Бул бөлүмдө педагог жеке өнүктүрүү жараянына баа берүүгө мүмкүндүк берет.

4.2 Педагогикалык иш жыйынтыгы

  • студенттердин билим берүү программаларын өздөштүрүүсүнүн жыйынтыгы менен материалдар жана окутулуп жаткан предмет боюнча аларда негизги компетенттүүлүктүн калыптанышы;

  • педагогикалык кызматкердин иш-аракетин салыштырмалуу талдоо;

  • үйрөтүлгөн тесттер;

  • тарбиялануучулардын окуу жайдагы, региондук олимпиадаларга, конкурстарга катышуусу;

  • студенттерди аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоонун натыйжалары;

  • артыкчылык деңгээлде окугандардын болуусу;

4.3 Илимий-методикалык иш

  • окутуучунун билим берүү программасын жана окуу-методикалык адабияттардын комплектин тандоосуна негизделген материалдар;

  • окутуучунун билим берүүнүн натыйжаларын баалоону аныктоонун тигил же бул каражаттарын өзүнүн практикасында тандоосуна негиздеген материалдар;

  • билим берүү процессинде заманбап билим берүү технологияларын, анын ичинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуусу;

  • окуу-методикалык кеңеште, эксперттик кеңештерде иштөөсү, башка методикалык кабинеттер, башка мекемелер менен кызматташуусу;

  • кесиптик чеберчилик жана чыгармачылык педагогикалык конкурстарга катышуусу;

  • предметтик жумалалыктарга катышуусу;

  • семинарларды, "тегерек столдорду", мастер-класстарды, предметтик олимпиадаларды, конкурстарды, конференцияларды уюштуруусу жана өткөрүүсү;

  • илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү;

  • автордук программаларды иштеп чыгуусу;

  • чыгармачылык отчёттору, рефераттары, баяндамалары жана башка документтери.

4.4 Сабактан тышкаркы иш.

  • студенттерге берген темалар боюнча аткарылган чыгармачылык иштер, рефераттар, окуу-изилдөө иштери;

  • олимпиада, конкурстардын, мелдештердин, интеллектуалдык марафондордун жеңүүчүлөрү;

  • сабактан тышкаркы иш-чаралардын сценарийлери, өткөрүлгөн иш-чаралардын фотолору жана видео-жазуулары;

  • ийримдердин жана тандалма сабактардын программалары.

4.5 Окуу-материалдык база

  • окуу кабинетинин паспортунан көчүрмө;

  • предметтер боюнча адабияттардын каталогу, дидактикалык материал, көнүүгүлөрдүн жыйнактары, рефераттар;

  • көрсөтмө куралдар;

  • окутуунун техникалык каражаттары.

4.6 Куратордун милдеттерин аткаруу

  • жалпы студенттердин предметтер боюнча рейтингин чыгаруу менен окуу-тарбия процессинин жыйынтыктары боюнча маалымат базасын түзүү жана өз убагында жаңыртуу;

  • ата-энелер менен иштөө;

  • студенттердин өнүгүү деңгээлин аныктоо.

4.7 Педагогикалык экспертиза баалайт:

  • кесиптик мезгилдүү басылмаларда, жыйнактарда ж.б. басып чыгарылган статьялары;

  • кесиптик конференцияларда, семинарларда, окуу-методикалык кеңештердин отурумундагы сүйлөгөн сөздөрүнүн тезистери баяндамалары.

4.8 Педагогдун расмий ишин баалоону чагылдырган документтери

  • педагогдордун басылмаларында;

  • кесиптештеринин, администрациянын, ата-энелердин, социалдык өнөктөштөрдүн, студенттердин пикирлери.

4.9 Окутуучунун портфолиосу кагаз жүзүндө же электрондук түрдө даярдалат.

4.10 Портфолио билим берүү мекемесинин администрациясы же мамлекеттик-коомдук башкаруу органы тарабынан бааланат.

4.11 Окутуучунун портфолиосу ар кандай конкурстарга катышуу, окутуучуну аттестациялоо үчүн, эмгек акы төлөөнүн кызыктыруучу бөлүгүн бөлүштүрүү үчүн негиз болот.