СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуу ишмердүүлүгүндө үй тапшырмасынын мааниси жана эффективдүүлүгү.

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучуларга үй тапшырмасын канча берүү керектиги жана башка маалыматтарды алышат

Просмотр содержимого документа
«Окуу ишмердүүлүгүндө үй тапшырмасынын мааниси жана эффективдүүлүгү.»

Окуу ишмердүүлүгүндө үй тапшырмасынын мааниси жана эффективдүүлүгү

Россияда чиновниктер окуучулардын үй тапшырмасынын көлөмүн кыскартуунун сунуштап жатышат. Азыркы учурда ата-энелер, окуучулар, мугалимдер, коом талкуулашууда. Ата-энелер тарабынан үй тапшырмасынын көлөмүнүн көптүгүнөн сунуштар түшкөндүгүнөн Билим берүү министрлиги үй тапшырмасын аткаруунун убактысы боюнча жаңы документ даярдашууда.

1-класска үй тапшырмасы жок

2-3-класстар-1,5 саат

4-5-класстар- 2саат

6-8-класстар-2,5 саат

9-11-класстар-3,5 саатка чейин

Сабактардын расписаниесин түзүүдө да өзгөчө көңүл буруу зарыл. Мугалимдер өздөрүнү кызыкчылыгын ойлобой, предметтердин татаал жана жөнөкөйлүүлүгүн эске алуу зарыл.

Окуучуларга үй тапшырмасын көп бергендиктен дайыма бош эмес. Ата-эне, чоң эне, чоң ата, эжеси, байкеси менен бирдикте аткарган учурда да үй тапшырмасын 100% аткарууга болбой тургандыгын эскертип айтышууда. Бул азыркы окуу китептеринин татаалдыгы менен да түшүндүрүлөт.

Үй-бүлөөлүк психолог Наталья Гришаева төмөндөгүдөй дейт: «Көпчүлүк мектептерде окуучулар үй тапшырмасына көмүлүп калган. Мага балдар көп келишет. Башталгыч класстын балдары мектептен келгенден тартып эле үй тапшырмасын аткарууга киришет. Үй тапшырмасын аткарууга кеткен убакыттын көптүгүнөн көп нерсеге дагы жетише албайт. Мына ушунун негизинде жашагысы келбеген балдар бар. Ал эми өспүрүм курактагы балдар үй тапшырмасын деле аткарышпайт. Мунун жыйынтыгы үй-бүлөөдө күндө чырлардын чыгышына алып келет. Үй тапшырмасын окуучу кызыгуу жана чыгармачылык менен аткаруусу керек»

Профсоюз уюмунун өкүлү:-«Үй тапшырмасын таптакыр бербей койсо болбойт. Ал ар бир окуучу жеке иштөөгө негизделип берилиши керек»-дейт.

Физиология институнун директору Марьяна Безруких: -«Үй тапшырмасын аткаруунун убактысы маселени чечпейт, үй тапшырмасынын көлөмү чечет. Окуучулардын үй тапшырмасын аткарууну өзгөртпөй эле, мектепте окуучуларды окуутууну өзгөртүү керек»-дейт.

Мисалы, 2-класстын окуучусу мектепте 4 саат окуйт. Үй тапшырмасын 1,5 саат аткарат. Мындан сырткары дагы жардамчы иштери бар(кружок) 1-1,5 саат. Демек, 2-класстын окуучусунун жумушчу күнү чоң адамдардыкындай эле болуп жатат.

Мындай үй тапшырмасын кыскартуу боюнча мындан бир нече жыл мурун Европа баштаган. Ата-энелердин арыздануусу менен адегенде Великобритания, андан кийин 2012-жылы Француздар, анан эле Германия.



1. Сабактын кайсы этабында(кайсы учурда) үй тапшырмасын берүүгө болот?

…?

2. Мугалим класска кирип, окуучулар менен саламдашып, бүгүнкү датаны жана теманы жазуу менен, үй тапшырмасын дароо берип койду? Бул туурабы?

…?

3. Мугалим үй тапшырмасын текшерүү менен ошол эле учурда кайра үй тапшырмасын берди.

…?

4. Жаңы теманы түшүндүрүп, ошол эле учурда үй тапшырмасын берди.

…?

5. Бышыктоо мезгилинде үй тапшырмасын берүү.

…?

6. Окуучулардын билимин баалоо менен үй тапшырмасын берүү.(бул учурда ар бир окуучунун баасын айтуу менен жекече тапшырма берүүгө да болобу?)

…?



Окуучуларга нормадан ашырбай, тажатма кылбай тапшырма берүү менен алардын ден соолугуна да зыян келтирбөө керек.

Үй тапшырмасын берүүдө төмөнкүдөй талаптарды аткаруу зарыл:

  • Үй тапшырмасы ар бир окуучуга түшүнүктүү болуш керек, башкача айтканда ар бир окуучу эмне кылуу керектигин жана кандай кылуу керектигин билүүсү зарыл.

  • Эгерде үй тапшырмасы өтө жөнөкөй жана репродуктивдүү болсо, анда тапшырма максатына жетпейт. Үй тапшырмасы окуучунун өз алдынча иштегенге багыт алынуусу керек.

  • Үй тапшырмасы сөзсүз түрдө текшерилүүсү керек. Мугалимдин текшерүүсү менен окуучу аракетчилдикке, тактыкка жана аткаруучулукка тарбияланат.

  • Үй тапшырмасы дифференцирленген, жекече, фронталдуу болушу мүмкүн.

  • үй тапшырмасы башка предметтерди эске алуу менен(регламентке ылайыкташтырылып) берилет.

  • үй тапшырмасы бир типтүү жана бир образдуу болбошу зарыл. үй тапшырмасында стандартуу эмес суроолор берилиш керек жана байкоо жүргүзүү менен ойлоно турган тапшырмалар кезигүүсү керек.

  • үй тапшырмасы окуучулардын мурда ээ болгон билим билгичтиктерин, өз алданча иштей алуусун эске алуу менен жүргүзүлөт.

  • үй тапшырмасы өтүлгөн теманы кайталоо максатындагы суроолорду камтуусу керек.

  • үй тапшырманын ар бири кандайдыр бир деңгээлде татаал болуусу керек, бирок ошол татаалдыкты окуучу өзүнүн акылы, жөндөмү менен чече алгандай болуш керек.

  • үй тапшырмасы окуучулардан төмөнкүлөрдү талап кылган суроолорду камтуусу керек: салыштырууну, анализдөөнү, классификациялоону, келип чыгуунун себептерин негиздөөнү, жыйынтыкты формулировкалоону, жаңы шартта мурдагы билим билгичтиктерди колдонууну.



  1. Жаңы материалды өздөштүрүү үчүн берилген тапшырма сабактын аягында берилсе жакшы болот.

  2. Окуучулардын кандайдыр бир жөндөмдүүлүгүн бышыктоо максатында болсо, анда көнүгүүдөн кийин тапшырма берилет.

  3. Үй тапшырма окуучулардын билимин текшерүү максатында болсо, анда сабактын башында берилсе пайдалуу болот.

Сабакта үй тапшырмасы коңгуроого чейин, түшүндүрмөсү менен окуучуларга түшүнүктүү болгондой берилет. Окуучулар үй тапшырмасын кантип, эмнени? Кандай? аткара тургандыгын мугалим билип, өзүнө ишенгендей болуш керек.

Бир предметтен үй тапшырмасын аткаруу 2-класс-20мүнөт, 3-4-класс-30 мүнөт убакыт сарамжылоо керек. үй тапшырмасы класста аткарылган иштердин 30% нен ашпоосу керек.



2-4-класстарга үй тапшырмасынын көлөмү боюнча үлгү.

Предметтер

2-класс

3-класс

4-класс

1

Математика

Маселе же 2 мамыча мисал

Маселе же 3 мамыча мисал, бирок 16 дан ашпоосу керек

Маселе жана 2 туюнтма, же 2 маселе же маселе жана 4 мисал

2

Орус тили

15-17 сөздөн турган көнүгүү. Бирден ашпаган грамматикалык тапшырма

25-27 сөздөн турган көнүгүү. Бирден ашпаган грамматикалык тапшырма

35-37 сөздөн турган көнүгүү. Бирден ашпаган грамматикалык тапшырма

3

Адабий окуу

1-1,5 беттен ашпаган

2-2,5 беттен ашпаган

3-3,5 беттен ашпаган

4

Мекен таануу

1-1,5 беттен ашпаган

2-2,5 беттен ашпаган

3-3,5 беттен ашпаган





Үй тапшырмасына берилген ар түрдүү типтеги көнүгүүлөр окуучулардын окуучулардын бардык эске тутуу жөндөмдүүлүгүн өстүрөт.

- көрүү сезимин(көчүрүп жазуу көнүгүүлөрү аркылуу)

- угуу сезимин(оозеки сүйлөп берүүсү аркылуу)

- логикасын(өтүлгөн теманын схемасын түзүү аркылуу)

- образдуулугу жана эмоционалдуулугу(кубулушту, нерсени оозеки баяндап берүүдө)



Мугалим үй тапшырмасынын зарылдыгын негиздеп, анан гана максаттуу бериши керек. Эгер мугалим сабак учурунда материалдын баарын окуучулар толук өздөштүрүүгө багыт алып өтсө, үй тапшырмасын берүүнүн зарылдыг жок. Бул учурда кошумча, каалоочу окуучулар үчүн класс учурунда аткарылган тапшырмалардай тапшырма берсе болот.

үй тапшырмасынын татаалдыгы класста аткарылган тапшырмалардын деңгээлиндей жана андан да жеңилирээк болуусу зарыл. үй тапшырмасынын мазмуну ар бир окуучуга түшүнүктүү болуусу керек. Ар бир окуучу эмне жана кандай кылуу керектигин билүүсү керек.



үй тапшырмасын аткарууда сөзсүз түрдө негизги гигиеналык талапты аткаруу керек:

2-класстардын 20 мүнөт үй тапшырмасын аткаруусунан кийин сөзсүз түрдө 5-1- мүнөт эс алуусу зарыл. Эс алуу убагында көзгө пайдалуу болгон бир нече гимнастикалык көнүгүүлөрдү аткаруусу зарыл.

3-класста үй тапшырмасын аткаруу 30-35 мүнөт, 4-класста 40-45 мүнөт болгондуктан, ал аралыкта 2-3 мүнөттүк көнүүгүүлөрдү аткаруусу зарыл. Көп убакыт талап кылган тапшырмаларды аткарууда окуучу бир аз эс алуу менен (гүлгө суу кую, чаңдарды арчуу) үй тапшырмасын аткарууну улантышы керек.

Үй тапшырмасын текшерүү

Үй тапшырмасын сабактын кайсыл учурунда текшеребиз?

- - - - - -

үй тапшырмасын бергенден кийин аны сөзсүз түрдө текшерүү керек, антпесе өзүнүн маңызын жоготот. үй тапшырмасын текшерүү сабактын каалаган учурунда жүргүзүлөт. Эгер бүгүнкү тема өтүлгөн теманын уландысы болсо, анда сабактын башында текшерилет. Сабактын ортосунда, сабактын аягында да текшерүүгө болот.

Үй тапшырмасын текшерүүнүн формалары:

  • үй тапшырмасын текшерүүнүн фронталдуу формасы

  • үй тапшырмасын(жазуу иштерин)тандоо жолу менен текшерүү

  • жазуу иштерин өз ара бири-бирин текшерүү жолу аркылуу

  • жеке карточкалар аркылуу текшерүү