«RACE» стратегиясы
RACE- бул окуучулардын чакан тексттин үстүндө иштөө стратегиясы,ал окуучулардын окуганын түшүнүүсүн жана
алардын ой жүгүртүүсүн, конструктивдүү жообун көрсөтөт.
Жооп тексттин белгилүү бир бөлүгүндө же тексттин бардыгында табылган маалыматты пайдалануу менен берилиши керек.
Бул стратегия окуучуларды маалыматты алууга жана аны
толук жоопту калыптандыруу үчүн негиз катары пайдаланууга үйрөтөт.
Окутуу максаттары
Окуучулардын окуганын түшүнүү көндүмүн өнүктүрүү
Окуучуларга коюлган суроого конструктивдүү жооп түзүүгө,
сүйлөм түзүүгө, байланыштуу текстти жаратууга, окуп
чыккан китепти кайра аңдап-түшүнүүгө үйрөтүү
Күтүлүүчү натыйжалар
Окуучулар окуганын түшүнүүсүн жана ой жүгүртүү билгичтигин көрсөтүшөт.
Тексттин маанисин түшүнүү үчүн керектүү маалыматтарды
чыгара алышат жана маалыматтарды колдонуу менен, жазуу жүзүндө текст жарата алышат.
Стратегияны колдонгонго чейин
Окуучуларга иштей турган китепти же текстти даярдоо керек.
Бул окуп үйрөнүп жаткан предмет боюнча окуу китебиндеги
текст же окуу үчүн кошумча материалдар болушу мүмкүн. Текст
ар бир окуучуга жеткиликтүү болушун камсыздоо керек. Эгерде
окуучулар өздөрү окуганга кыйналып жатышса, анда мугалим
үн чыгарып окуу техникасын пайдаланат.
Тапшырманы түшүнүүдө окуучулар кыйынчылыкты башынан
Өткөрбөшү үчүн , RACE кыскартылган сөзүн тактага же кагазга жазып койсо болот. Окучулар кайсы сүйлөмдү курушу, алардын
Ырааттуулугу жөнөндө так түшүнүү керек.
Окутулуучу класстар: 1-класс, экинчи жарым жылдык, 2-класс
Класста ишти уюштуруунун формасы
Өз алдынча, кичи топтордо иштөө
Жагымдуу маанай
Маанайыңар кандай балдар?!
Жагымдуу маанай
Маанайыңар кандай балдар?!
Алтын эреже
Адабий окуу
Сабактын темасы:
Түлкү менен кене
Сабактын максаты
Текстти окуп, түшүнүп ой жүгүртүү билгичтигин көрсөтүшөт.
Окугандары боюнча маалыматтарды колдонуу менен, жазуу жүзүндө текст
жарата алышат.
Таяныч сөздөр
Эмгек, кене, буудай, күз мезгили, түлкү.
RACE-
кыскартылган сөз
R- Суроону кайра түзүү
А- Суроого жооп берген бир гана сүйлөм.
С- далилдерди келтирүү ( тексттен маалымат)
Түлкү менен кене
Түлкү менен кене дос болушат. Жаз келип, жер айдоо башталат. Түлкү менен кене да эгин айдамакчы болушат.
Талаада кене жалгыз өзү иштейт, а түлкү ар кайсы шылтоону айтып, жалкоолонот. Бир күнү ичи, бир күнү башы
ооруп, кымыз ичип келуу үчүн кете берет.
Кене жерди айдайт, эгинди себет, сугарат, өстүрөт. Куз келип, эгин бышат. Аны да Кенежалгыз өзү жыйнайт.
Анан тоодой болуп үйүлгөн буудайды коргон түлкү кууланып мындай дейт: — Кене, кел экөөбүз жарышабыз. Ким биринчи келсе, буудайды ошол алат. Анда Кене: — Макул, жарышса жарышалы,-дейт. Экөө чуркай турган жерди белгилешет. Жаны эле чуркай баштаганда кене тулкунун куйругуна жабышып алат.
Тулку эси ооп, белгиленген жерге жетип, эки жагын карап, силкингенде кене куйруктан секирип тушуп, туруп калат.
Түлкү «мен биринчи келдим» деп ойлоп, сүйүнүп турган болот. Анан Кенени коруп: — Ой, сен качан келдин?- деп чоочуп кетет. — Келгеним качан? Сени күтө берип тажап кеттим,- дейт кене. Ошентип, түлкү жалкоолугунун айынан буудайдан кур калат. А эмгекчил кене буудайдыалып, жыргап жашайт. Ошинтип экөөнүн достугу бутот.
Күз мезгили келип, буудай бышкан кезде кене менен түлкүнүн кайсынысы эгинге ээ болот?
Өзүн өзү баалоо быйтыкчалары
2.Мүмкүнчүлүгүмдү көрсөтө албай калдым
3.Көп нерсени айтып беришим
бирок барын түшүндүм
керек эле, канааттанбай калдым
1.Барын түшүндүм жана аткардым
Көңүл бурганыңыздарга рахмат!