СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Окуу практикасынын отчету

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуу практикаcына ПОВТАС адистигинин ПК-1-19 тайпасынан 22 студент катышты. Практика үчүн 4 аптага 60 саат пландаштырылып, аткарылды. Окуу практикасынын алгачкы аптасы окуу жайда студенттер үчүн лекция жана практика түрүндө өткөрүлдү.

Просмотр содержимого документа
«Окуу практикасынын отчету»

ПК-1-19 тайпасынын студенттеринин 2020-2021-окуу жылынын 4-семестриндеги окуу практикасы боюнча отчету

Окуу практикаcына ПОВТАС адистигинин ПК-1-19 тайпасынан 22 студент катышты. Практика үчүн 4 аптага 60 саат пландаштырылып, аткарылды.

Окуу практикасынын алгачкы аптасы окуу жайда студенттер үчүн лекция жана практика түрүндө өткөрүлдү. Студенттер менен иштөө программага ылайык төмөнкү мазмундагы пункттар боюнча өткөрүлдү:

Темалардын жана суроолордун аталыштары

Окуу жумуштарынын түрлөрү

Текшерүүнүн формалары

Сааты


Техникалык коопсуздук боюнча инструктаж

Лекция


2

1.

Microsoft Word тексттик процессорунун жардамында тексттик документтерди түзүү

Лабораториялык жумуштар

Отчет

8

2.

Microsoft Excel электрондук таблицасынын каражаттары менен берилгендерди кайра иштетүү

Лабораториялык жумуштар

Отчет

8

3.

ЭВМдин логикалык негиздери, элементтери жана түйүндөрү

Лабораториялык жумуштар

Отчет

4

4.

Эсептегич системдердин классификациясы

Лабораториялык жумуштар

Отчет

4

5.

Берилгендер базасын түзүү

Лабораториялык жумуштар

Отчет

4

6.

Типтүү жана аралаш структурадагы алгоритмдерди программалоо

Лабораториялык жумуштар

Отчет

6

7.

Матрицаларды көбөйтүүнүн программасын түзүү

Лабораториялык жумуштар

Отчет

6

8.

ОСтин версияларын окуп-үйрөнүү жана аны орнотуу

Лабораториялык жумуштар

Отчет

8

9.

Отчет даярдоо


Отчет

6


Бардыгы



60

Практиканы өтөө учурунда студенттердин төмөндөгүлөрдү үйрөнүүсү каралган:

  • Практиканын программасында каралган жалпы жана жекече тапшырмаларды аткаруу;

  • Ишкана-мекемелердеги жана уюмдардагы ички эмгек тартибин сактоо;

  • Санитардык, техникалык жана өндүрүштүк коопсуздук эрежелерди окуп үйрөнүү жана ал эрежелерди сактоону үйрөнүү;

  • Штаттык кызматкерлердей эле аткарылган иштин жана анын натыйжаларына жооп берүүгө үйрөнүү;

  • Практиканын жетекчисине күндөлүктү көзөмөлдөө үчүн көрсөтүү, берилген тапшырмалардын аткарылышы тууралуу жазуу түрүндөгү эсеп-кысапты тапшыруу ж.б.

Практиканын акыркы аптасында (9.06 – 12.06) студенттер окуу жайга келип, отчет даярдоо иштерин жүргүзүштү жана төмөнкү документтерди тапшырышты:

1) Практикада даярдаган иштеринин көчүрмөлөрү;

2) Практиканын күндөлүгү;

3) Практикалык тапшырмаларды аткаруунун отчету жана тиркемелери.

Отчетту кабыл алуу учурунда ар бир студент менен теориялык билими жана практикалык көндүмдөрү боюнча аңгемелешүү өткөрүлдү. Баалар AVN маалымат системасына киргизилди жана ведомость кагазга чыгарылып, отчетко тиркелди.

Практика жетекчиси Раманкулов М.

2021-жылдын 12-июну