СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өлкөнү санариптештирүү

Нажмите, чтобы узнать подробности

Өлкөнү санариптештирүү

Просмотр содержимого документа
«Өлкөнү санариптештирүү»

“Достук” орто метебинде 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деген ачык тарбиялык сааттын

иштелмеси

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” тууралуу кеңири түшүнүккө ээ болот.

2.Өнүктүрүүчүлүк: Теманын мазмунун түшүнүп, өз ойлорун эркин айтууга көнүгөт.Сөз байлыгы өсөт.

3.Тарбия берүүчүлүк: Өлкөнү жана аймактарды өнүктүрүүгө салым кошо билүүгө, мекенчил болууга тарбияланат.

Сабактын формасы: топтор менен иштөө

Сабактын түрү: аралаш сабак

Сабактын жабдылышы: Гимн, батман,маркер, түстүү карточкалар жана түзүлгөн долбоор, слайд.

Предмет аралык байланыш: адабият, тарых, сүрөт жана география.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу: Окуучулар менен саламдашуу, жоктоо жана жагымдуу маанай түзүп алуу(комплимент айтуу), топторго бөлүү.Сабакты Кыргызстандын гимни менен баштоо

2.Үй тапшырмасын суроо: Кыргызстандын жети областындагы жети өзгөчөлүктөрдү айтып берүү жана сүрөтүн тартып келүү.

3.Жаңы тема:

Окуучулар , баарыбызга белгилүү болгондой ар бир мамлекет жыл жаңырган сайын өлкөнү өнүктүрүү максатында ар жылга ар кандай аталыштарды берип келет.Быйылкы жылды президентибиз Сооронбай Жээнбеков “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялады.Аймактарды өнүктүрүүдө жаңы жумушчу орундарды түзүү, айылдык ишкерлерге колдоо көрсөтүү, ошону менен эле бирге айыл чарба продукциясын сактоо, таңгактоо жана кайра иштетүү, текстиль-тигүү, курулуш материалдарын чыгаруу тармактарында жаңы ишканалар ишке киргизилип жатат.

Демек, аймактарды өнүктүрүүдөгү мындай алгылыктуу кадамдар быйыл да, кийинки жылы да уланат.Бур туура кадам.Анткени калкыбыздын 65-70% жашаган аймактар, элет жерлери өнүкпөсө, Кыргызстан ар тараптан конплекстүү өнүгө албайт.

Санарип-технологиялар жашоонун бардык тармактарына кирет.Дүйнө ыкчам өнүгүүдө.Учурда электрондук (интернет) байланыш бүтүндөй адамзат коомун жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ кылууда.Ансыз бул заманда мамлекеттен жөнөкөй жарандарга чейин кыймылдай албай калдык десек болот.Андыктан санариптик технологияны мамлекетибизге канчалык эрте киргизсек, өлкөнүн өнүгүүсү ошончолук натыйжалуу болору көрүнуп калды.

“Өлкөнү санариптештирүү - бүгункү күндүн талабы болуп жатат.Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.Мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө адам фактору жоюлат.Бул коррупциялык элементтерди жок кылат,”-деп белгилеген президент.

Анда эмесе, балдар, слайддагы сүйлөмдү барагыңарга өз алдынча толуктап жазгыла.Слайд көрсөтүлөт.

Ата Мекен – бул...

Тынчтык – бул...

Достук –бул..

Жазып бүткөнүңөр кагазыңарды партаңардын четине коюп койгула.

Сабактын аягында өзүңөрдүн жазганыңар боюнча ой-пикириңер өзгөрдүбү салыштырабыз.

4.Бышыктоо: 1-топко аймак деген сөзгө синквейн түзөт, 2-3-топтор коррупция жана санариптештирүү сөзүн Венндин диаграммасына салат.

1.Аймак

2.Көрктүү, өнүккөн

3.Кубантат, багат, өнүгөт

4.Биздин аймак өнүгүү жолунда

5.Регион

1.Өлкөнү өнүктүрөт.

2.Убакыт үнөмдөлөт.

3.Коррупция жоголот.

4.Өнөр жайы өсөт.

5.Күчтүү мамлекет болот.

1.Чындык, адилеттик жок болот.

2.Бийлик алсыз адамдарга тиет.

3.Өлкөнүн экономикасы начарлайт.





Санариптештирүү Коррупция















Балдар, мекен тууралуу ыр билесиңерби?

Мен сыймыктанам,

Атабыз Манас эр менен.

Ак калпактуу тоо менен,

Ажайып кооз жер менен.

Суйкайган сулуу кол менен,

Баа жеткис каада-салт менен,

Сыймыктанып келебиз,

Көп улуттуу эл менен.

Бул ырдын маасин окуучулар чечмелейт.

Мекен, туулган жер тууралуу макалдардын орду алмашылып берилет.Окуучулар макалды тууралап окушат да, маанисин чечмелейт.

1.“айрылганча, өмүрдөн, айрыл, мекенден”- “Мекенден айрылганча өмүрдон айрыл”

2. “сырыңды, душманга,бербе, берсең, жаныңды”- “Душманга жаныңды берсең да, сырыңды бербе”.

3. “жигит, үйдө, жоодо, туулуп, эр, өлөт”- “Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт”.

Окуучулар ватманга Кыргызстандагы жашаган улуттардын кийимдерин тарышат жана алардын достугу, ынтымагы тууралуу айтышат.

Андан соң айылыбыздын ушул мезгилге чейинкисин жана санариптештирүү жылындагы өзгөрүүлөрдү чагылдырып долбоор тузүшөт.Түзгөн долбоорун көрсөтүп, сүрөттөп айтып берет.

5.Жыйынтыктоо:”Адам мекенин сүйөт, булбул гүлзарын сүйөт” дегендей ар бирибиз мекенибизди көздүн карегиндей сактап, аз да болсо өлкөнүн өнүгүүсү үчүн салым кошо билүүбүз керек.Мекенди сүйүү- жакшы окуп, тартиптүү болуу.

6.Үйгө тапшырма берүү: “Айылымдын өнүгүүсүнө өз салымымды кошом” деген темада кыска эссе жазып келүү.