Өмүр баян
Мен Саматов Шайырбек Абдилатович 1982-жылы 8-апрель күнү мурдагы Ош облусу, азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Тамаша айылында туулганмын.
Атам- Саматов Абдилат Саматович 1950-2010-жж. Кесиби ветеринардык врач болгон. Апам- Саматова Манзура Мадалиевна 1953-жылы туулган. Союз убагында Колхоз-Созхоздордо саанчы болуп эмгектенип жүргөн. Бүгүнкү күндө бизге Энелик мээримин жана тарбиясын берип келүүдө.
Өзүм-үй-бүлөөлүүмүн, 5 кыздын атасымын.
Жубайым- Саматова Айнура Мамыржанована 1986-жылы туулган.
Кесиби- №55 Достук орто мектебинде орус-тили жана орус-адабияты мугалими.
Биз 1989-жылы атамдын жумушунун которулгандыгына байланыштуу Тамаша айылынан Кадамжай районунун Халмион айыл аймагындагы Кок-Тал айылына көчүп келгенбиз. Бүгүнкү күндө ушул эле жерде туруктуу жашап келе жатабыз. Билим алууга алгачкы кадамым №12 Жошук орто мектебине 1- класска окууга барып, ал жерде алтынчы класска чейин окуп, алтынчы класстан 9-класска чейин №55 Достук орто мектебинде окуп, 1999-жылы 10-11-классты №13 Тамаша орто мектебинде окуумду ийгиликтүү аяктаганмын. (Ошол мезгилде азыркы №55 Достук орто мектеби, 9 жылдык толук эмес орто мектеби болгон.)
Мектепти аяктагандан кийин ошол эле 1999-жылы Ош шаарындагы Ош Мамлекеттик университетинин Философия жана башкаруу технологиялары факультетинин социалдык иштер боюнча бөлүмүнө 1-курска окууга тапшырып, 2004-жылы окуумду ийгиликтүү аяктаганмын. Андан соң 2005-жылы үйлөнүп, жумушка кирүүгө мүмкүнчүлүк болбой Россия Федерациясынын борбору Москва шаарына жумуш издеп кеткенмин. Ал жактан жылына барып келип жүрүп, 2010-жылга чейин үзүрлүү иштеп, атам каттуу ооруп калгандыгына байланыштуу биро толо Кыргызстанга үйгө келгенмин. Ошол эле 2010-жылы атам каза болуп калды, үй-бүлөө түйшүгү мага жүктөлдү. Ар кандай жумуштар менен 2-жыл иштеп жүрдүм. 2011-жылы Кыргыз-кытай гуманитардык – Экономикалык институтуна Каржы жана насыя адистиги боюнча окууга тапшырып, 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинен 2015-жылы “Каржы жана насыя” адистиги боюнча Экономист квалификациясын алганмын. 2012-жылы Кадамжай шаары жаңы шаар деген статус алып түптөлгөндүгүнө байланыштуу Кадамжай шаардык кенешинин аппаратына башкы адис кызматына ишке киргенмин. Ал жерде 2 жылга чейин иштеп, 2014-жылы Айыл-чарба тармагына, тактап айтканда Кадамжай районундагы “Кыргызстан” мамлекеттик эксперименталдык үрөнчүлүк станциясына директору болуп дайындалганмын, ушул эле кызматта бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жатамын.
Ошол эле учурда коомдук иштерге да активдүү катышып, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө жана өнүгүшүнө да салым кошуп келүүдөмүн.
Республиканын аймагында жана чет өлкөлөрдө ар тармактуу семинарларга катышып, тажырыйба алып, мекенибизге аз да болсо кызмат көрсөткөндүгүбүзгө тиешелүү ишканалардан “Ыраазычылык кат”, “Ардак грамота” жана сертификат сыяктуу тастыктоочу баракчаларын да алганмын.