Текшерилди
ТИ боюнча директордун
орун басары
Н.Т.Табалдиева ________
Сабакка чейин
Сабактын темасы: «Өмүргө мамиле »
Сабактын методу: Эвристикалык
Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын формасы: Жаӊы маалымат алуу
Максаты:
А)Конкреттүү максаты(билим берүүчүлүк): Өмүр учкан куш экенин түшүнүшөт
Б)Конструктивдүү(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялоочулук):
Өмүр жөнүндө алган билимин өнүктүрүшөт жана өмүргө мамиле жасоого тарбияланышат
Сабактын мотивациясы: өмүрдүн баалуулугун
Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр,слайддар
Убакыт: 45 мүнөт
Убакыттын бөлүштүрүү: Чакыруу этабы: 3-5мүн
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бөлүгү):20-25мүн
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12мүн
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү:
Саламдашуу, досканын тазалыгына көз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай тартулоо:
Бири-бирине комплимент айтуу
Түшүнүү этабы (сабактын негизги бөлүгү):
Адам (киши) - Жердеги тирүү организмдердин ичинен өзүнүн өрчүп-өсүшүндө эң жогорку баскычка жеткен, коомдук-тарыхый ишмердүүлүктүн жана маданияттын жаратуучусу жана ээси.
Адам жаныбарлардан айырмаланып, акыл-эс, ойлоо жөндөмдүүлүгүнө ээ, эмгек куралын жасап, аны менен айлана-чөйрөгө таасир этип, өзгөртө алат; мээ түзүлүшү татаал, сүйлөөгө жөндөмдүү. Адам гендик жактан жаныбарлар менен тектеш, ал аң-сезимдүү коомдук жандыкка айлангыча узакка созулган биологиялык, социалдык, тарыхый жолду басып өткөн. Адам сымал маймылдын жашоо үчүн табияттагы даяр нерселерди курал катары колдонушу кийин эмгек куралын жасашына түрткү берген. Адамдын эң негизги жөндөмдүүлүгү эмгек куралын жасап, аны табиятты өзгөртүү үчүн пайдаланышы. Адам сымал маймылдын адамга айланышына шарт түзгөн эмгек болгон. Эмгек анын аң-сезиминин, сезүү органдарынын жана мээсинин иштешин жакшыртып, дене түзүлүшүн өзгөртүп, антропогенездин улам жаңы баскычына көтөрүп, миллиондогон жылдан кийин жаңы биологиялык түрдү пайда кылган. Эмгек аң-сезимдин туундусу катары сүйлөө жөндөмдүүлүгүн жараткан. Анатомиялык-морфологиялык бөтөнчөлүктөрү жагынан сүт эмүүчүлөрдүн приматтар түркүмүндөгү «гоминид» (латынча homo – адам) тукумуна кирет. Гоминиддердин түпкү теги катары саналган, мындан 1 млн 600 жыл мурда Чыгыш Африкада жашаган хомохабилис (Homo habilis ишке жөндөмдүү А.) келип чыккан. Археологиялык казындыларда хомохабилистин сөөктөрү менен кошо колго жасалган жөнөкөй эмгек куралдары да табылган. Эмгек куралын жасоо питекантроптордун убагында эле эзелки Адамдын аң-сезимине таасир этип, өз ара пикир алышуу зарылдыгын туудурган. Ушуга байланыштуу алардын мээ түзүлүшү да өзгөрө баштаган. Мындай эволюциялык өзгөрүүлөр Адам коомунун алгачкы доорунда эле башталган. Буга Европа, Африка, Азияда жашаган неандерталдардын көп калдыктары далил.
Төртүнчүлүк доордун аяк ченинде неандерталдарда коомдук мамилелер өнүгө баштаган. Кийинчерээк алардын ордун кроманьондор баскан. Алар илимде Homo sapiens (акылы бар А.) деген атка конгон, неандерталдарга караганда татаалыраак курал жасоого жөндөмдүү болушкан. Алардын дене түзүлүшү менен түр түспөлүндө да туруктуу морфологиялык жана расалык белгилер пайда болгон. Ошентип, эволюциялык жана тарыхый өнүгүүнүн натыйжасында калыптанган Адам Жер жүзүндөгү ар түрдүү материктерде жашап, ошол жердин ысык-суугуна жана тиричилик шарттарына ыңгайлашып отурган. Натыйжада Адамдын сырткы келбети, түспөлү өзгөрүп, ар кайсы жерде түрдүү расалар калыптанган.
Адамдын органдары жана системалары ткандардан куралат. Скелет, муундар жана булчуңдар кыймыл функциясын аткарат. Адамдын тамактанышы тамак сиңирүү органдары аркылуу жүрөт, дем алуу жолу жана өпкө аркылуу дем алат. Зат алмашууда пайда болгон зыяндуу заттар бөйрөк, тери аркылуу денеден сыртка чыгарылып, кан курамын туруктуу сактап турат. Ткандарды жана клеткаларды азык, кычкылтек, гормон менен камсыз кылуу, зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруу милдетин жүрөк, кантамыр жана лимфа системалары аткарат. Жалпы денеде ткань, орган системаларынын бири-бири менен байланышын борбордук нерв системасы башкарат.
Адамдын бою антропологияда жана медицинада дененин морфологиялык өсүшүн, мүчөлөрдүн бири бирине шайкеш келишин мүнөздөйт. Жаңы төрөлгөн эркек ымыркайдын боюнун орточо узундугу 54 см, кыздыкы 53 см болот. Аялдын боюнун өсүшү 17-18, эркектики 20-23 жашка чыкканда токтолот. Бул процесс акцелерацияга байланыштуу. Адам бою 45 жаштан кийин ар бир он жылда 1-1,5 смге кыскара баштайт. Бул негизинен омуртка кемирчектеринин, тамандын жукарышынан ж. б. себептерден болот. Адамдын конституциясы дененин тукум куума жана көнүмүш касиеттеринин негизинде калыптанган функциялык жана морфологиялык өзгөчөлүктөрү болуп эсептелет. Азыр дүйнөдө адамдардын саны 6 млрддан ашты (2005).
Суицид түшүнүгү
Эң оболу айтылчу сөздүн маанисин так жана даана түшүнүп алуу туура болор. Суици́д (лат. sui caedere — өзүн өлтүрүү) – атайын аракет кылуу менен өз жанын кыюу деген маанини берет. Сыртынан караганда адам суицидге өз каалоосу менен жана өзүнүн аракети менен баргандай көрүнөт.
Бардык жан кыюуларды чыныгы жана ашкере суицид (парасуицид же псевдосуицид) деп эки чоң топко бөлсө болот. Ашкере суицид (псевдосуицид) аффект абалында аткарылып, жанын кыюудан мурун бул жагымсыз аракетине коомдун көңүл буруусун каалайт. Муну жапакечтин айлана-чөйрөсүнөн “жардам сураган” чыңырыгы деп түшүнсө да болот. Чыныгы суицид (парасуицид) болсо жакшылап ойлонулган аракет. Анын максаты кандай болбосун жанын кыюу.
Андан сырткары аракечтик, баңгилик, чылым чегүү, оор илдетке кабылганда сакаюуга аракет кылбоо, жол эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин сактабоо, спорттун экстремалдуу түрлөрү менен машыгуу сыяктуу дароо жана түздөн-түз өлүмгө алып келбөөчү, бирок ден-соолук менен өмүргө коркунуч туудурган жүрүм-турум да кээ бир окумуштуулар тарабынан жашыруун суицид деп аталган экен.
Коомдун суицидге жакын тайпалары
Жаш жигиттер, кыздар жана өспүрүмдөр улууларга караганда көбүрөөк жан кыйышат. Аялдар өз жанын кыюуга 4 эсе көп аракет кылганы менен, эркектердин аракети аялдарга караганда үч эсе көбүрөөк ишке ашат.
Ал эми Кыргызстан тууралуу айта турган болсок, 2014-жылы 106 бала өз өмүрүнө кол салган. Адистердин айтуусу боюнча Кыргызстанда 40% адам бул илдеттин кырында турат.
Андан сырткары, өлкөбүздө 2009-жылы 8 айдын ичинде 112 окуучу, башкача айтканда, үч күндө бирден окуучу жанын кыйган. Суицидге көбүнчө 6-9-класстын окуучулары барууда.
Суициддин себептери жана алдын алуу жолдору
Жаш балдардын өмүрүн кыюусунун эң негизги себеби “бул улуу муундун, коомдун жана мамлекеттик органдардын кайдыгерлиги, балдарга жетишерлик көңүл бурулбаганы”, - дешет окумуштуулар.
Буга негизги себеп катары мектепте рэкеттик жана абак субмаданиятынын жайылышы, бала тарбиялоонун түркөй аракеттер менен коштолушу, үй-бүлөдө атанын же эненин жоктугу (толук эмес үй-бүлөлөр), суицид чегине келип калган баланын эч кимге кайрыла албашы, мектеп психологдорунун жетишсиздиги жана алардын чылкый материалисттик көз-карашта болушу сыяктуу чиркешкен себептер кирет. Бул себептерге чара катары үйдүн улуулары айрыкча, ата күнүнө балдарына эң кеминде 20 мүнөт убактысын бөлүүсү өтө маанилүү. Балдар үчүн эбегейсиз чоң жана чечилгис болуп көрүнгөн көйгөй чоң адамдын жардамы менен тез эле чечилип, улууларга болгон ишеними менен сүйүүсүн арттырат. Албетте, бул проблемаларды тоготпоо да туура эмес.
Коомдогу жалпы үмүтсүздүк дагы суицидге алып баруучу негизги себептерден болуп саналат. Коомдо жана үй-бүлөдө өкүм сүргөн жалпы депрессивдүү жана агрессивдүү тенденциялар, “биз (биздин мамлекет) эч качан оңолбойбуз”, “булар да болбой калды”, “жалган дүйнөдөн өлүп эле кутулбасаң” сыяктуу сөздөр баладагы жашоого болгон негативдүү көз-караштын калыптанышына алып келет. Бара-бара бала өлүмдү гана туура чечим катары көрө башташы мүмкүн. Ошондуктан тарбия берип жаткан адам Жараткандын табиятка койгон мыйзамдарын жакшы түшүнүшү керек. Мындан сырткары коомдо, мамлекетте жана дүйнө жүзүндө болуп жаткан кубулуш жана тенденциялардын нугунда болуп, баланын курагына, чөйрөсүнө жана интеллектуалдык деңгээлине жараша кеп-кеңештерин бере алышы зарыл. Мектептеги сынактар сыяктуу катаал деп саналган күндөр адам баласынын тагдырында сейрек эле кездешерин, анан калса, алар адамдын мүнөзү курчутуп, акылды курчутарын эскертип туруш керек экенин адистер айтып келишет.
Адистер дагы бир суициддик себеп катары азыркы ата-энелер менен педагогдордун балдарга өтө жогору талап коюусун жана маалыматты “кынтыксыз чагылдыргандыгы” үчүн гана баа алгандыгын белгилешкен. Мындай талап адилетсиз аракеттер менен коштолгондо, тагыраак айтканда, бир балага “көкүрөк күчүк”, башкасына “барынан жогу” катары мамиле кылынганда ого бетер оорлошот. Ушундан улам, биздин министирликтин аталышына бир гана билим берүү эмес, тарбия берүү деген сөз жана маани да кошулуп, мектепте бир гана билим үчүн эмес, тарбия үчүн да баа берүү зарылдыгы туулгандай.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Бышыктоо:
1. «Өмүр аккан дайра» деген учкул сөздү кандай түшүнөсүӊөр
2. Силердин оюӊарча өмүр деген эмне?
Υйгө тапшырма: « Өчпөс өмүр» деген темада ыр жазып келгиле
Баалоо:
"5"- өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышкан , жаӊы теманы өздөштүрүүдө өз алдынча экиден, топто иштеше алса,алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгара алса.
"4"- Жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса .
"3"- Жогорудагылырдын экөөнө катыша албаса.
"2"- Таптакыр аракети жок болсо.