Сабактын темасы: Ондук бѳлчѳккө бөлүү
Сабактын тиби:Жаңы материалды үйрѳтүү.
Сабактын формасы: Жалпы, жекече, топ менен.
Сабактын максаты: Конкреттүү (билим берүүчүлүк)
Бѳлчѳктүү туюнтмаларды иштѳѳдѳ ондук бѳлчѳктѳргѳ бѳлүү амалын жүргүзѳ алышат.
Ѳз ара кызматташууга үйрѳнүшѳт.Ондук бѳлчѳккѳ бѳлүү амалын жүргүзүүнү үйрѳнүшѳт, жана алган кѳндүмдѳрүн кѳнүгүү иштѳѳдѳ колдоно алышат.
Конструктивдүү (өнүктүрүүчүлүк, тарбиялоочулук)
Сабактын мотивациясы: Бул сабак эмне берет?
Ондук олчкө бөлүүнү үйрөнүшөт.
Сабактын өбөлгөсү: Окуучунун оприордук билими. (мурунку билим)
Ондук бөлчөк, ондук бөлчтөгү ондук белгилер. Ондук бөлчөктү окуганды, жазганды жана салыштырганды билишет. Ондук бөлчөктөрдү кошуу жана кемитүү. Ондук бөлчөктөрдү көбөйтүү.
Убакыт: 45 мин
Топторго бөлүштүрүү:
Сабак
Сабактын жүрүшү: Чакыруу этабы: (чөйрө түзүү, өтүлгөн теманы кайталоо)
а) жекече иштешет
б) экиден иштешет
в) группада иштешет
Ѳтүлгөн теманы кайталоо
Түшүнүү этабы: (сабактын негизги бөлүгү)
Санды ондук бѳлчѳкѳ бѳлүү үчүн 1) Бѳлүүчү натуралдык сан болгондой кылып бѳлүүчүнү да бѳлүнүүчүнү да 10го, 100гѳ, 1000ге ж. у. с. тиешелүү санга кѳбѳйтѳбүз
2)натуралдык санга бъл\\н\н аткарабыз
1,72 : 0,4 = 17,2 : 4 = 4,3
4,588 : 1,24 = 458,8 : 124 = 3,7
Ондук бѳлчѳктѳрдү тегеректѳѳ натуралдык сандарды тегеректѳѳдѳй эле жүрѳт. – Ондук белгиге чейин тегеректѳѳдѳ ошол ондук белгиден кийинки сандар алынып ташталат
1,637 санын ондук үлүшкѳ чейин тегеректе 1,637 ≈ 1,6 себеби 3 < 5 болгондуктан 1,637 санын ондук үлүшкѳ чейин тегеректегенде ал 1,6 болот
1,637 санын жүздүк үлүшкѳ чейин тегеректе 1,637 ≈ 1,64 себеби 7 > 5 болгондуктан 1,637 санын жүздүк үлүшкѳ чейин тегеректегенде ал 1,64 болот .
Ойлонуу этабы: (сабакты бышыктоо)
№ 137 ондук үлүшкѳ чейин тегеректе жана жакын мааниси менен санды салыштыр.
а) 19,546 ≈ 19,5 себеби 4 < 5
19,546 > 19,5
274,79 ≈ 274,8 себеби 9 > 5
274,79 < 274,8
№ 138 Санды бирдикке чейин (бүтүнгѳ) чейин тегеректегиле.
а) 57,38 ≈ 57 б) 6354,9 ≈ 6355 в) 3,654 ≈ 4 г) 280,963 ≈ 281 д) 783,05 ≈ 783 е) 8,2715 ≈ 8
№ 140 Теңдемени чыгаргыла
а) 8,4 : х = 4,2 в) 1,4 а = 196
Х = 8,4 : 4,2 а = 1960 : 14
Х = 2 а = 140
б) 0,32 : у = 0,08 г) 3,2 в = 9,6
у = 0,32 : 0,08 в = 96 : 32
у = 4 в = 3
Жыйынтыктоо: Окуучулдын теманы кандай ѳздѳштүргѳндүгүн билүү үчүн суроолорду берүү.
- Санды ондук бѳлчѳккѳ кантип бѳлѳбүз? – бѳлүүчү натуралдык сан болгондой кылып 10го, 100гѳ, 100ге, ж.б.у.с тиешелүү санга кѳбѳйтѳбүз.
- Ондук бѳлчѳктѳрдү кантип тегеректейбиз? – Ондук бѳлчѳктѳрдү натуралдык сандарды тегеректегендей эле тегеректейт. Мисалы 1,637 санын ондук үлүшкѳ чейин тегеректе 1,637 ≈ 1,6 себеби 3 < 5 болгондуктан 1,637 санын ондук үлүшкѳ чейин тегеректегенде ал 1,6 болот
Үйгө тапшырма: № 138
Балоо: Окуучуларды активдүүлүгүнɵ карата баал