ОШ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ
Окуу-усулдук кеңештин отурумунда
бекитилген
2023-жылдын __________________, №_______ протокол
АКАДЕМИК Б.МУРЗУБРАИМОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ӨЗГӨН ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ КОЛЛЕЖИ
Социалдык өкөктөштүктү жакшыртуу
багыты боюнча
ИШ ПЛАН
Өзгөн шаары
Академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана
билим берүү коллежинин 2023-2026-жылдарга карата
ӨНҮГҮҮ ЖОЛ КАРТАСЫНАН ҮЗҮНДҮ
(Социалдык өнөктөштүк багыты боюнча)
1-БӨЛҮМ
Ош облусу, Өзгөн шаары, академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү коллежи
Мекеменин баамдоосу
2026-жылга карата эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү коллежи катары технологиялык жана педагогикалык кызматкерлерден сырткары башка коомго талап кылынуучу адистерди даярдай турган окуу жайга айланат
Миссиясы:
Академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү коллежи Өзгөн шаарындагы эң алгачкы окуу жай болуп эсептелет. Мекеме 1995-жылы уюшулгандан бери түрдүү кесиптин ээлерин даярдап келет.
Окуу жайдын миссиясы билим берүү программаларына тиешелүү тармактар үчүн орто кесиптик деңгээлдеги, рынок экономикасынын шарттарына жооп бере алган, чет тилдерди жана жаңы маалымат технологияларын терең үйрөнгөн адистерди даярдоого багытталган.
Өзгөн коллежинин максаттары:
Окуу процессин ишке ашырууда азыркы маалымат технологияларын колдонуу жана ишке кийирүү жолдору менен уюштуруу. Окуу процессин көзөмөлдөө, окуу пландарын жумуш берүүчүлөр жана кызыкдар жактар менен биргеликте эмгек рыногунун талаптарына ылайык өркүндөтүү. Ошондой эле кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо жана жогорку квалификациялуу кадрдык курамды калыптандыруу.
Личносттун гармониялык өнүгүүсүн калыптандырууга багытталган, тарбиялык иштердин натыйжалуу формаларын иштеп чыгуу аркылуу студенттердин ар тараптан өнүгүүсүнө шарттарды түзүү.
Эмгек рыногуна ылайык, коллеждин сырткы чөйрө менен туруктуу өз ара мамилелерин камсыз кылуу үчүн иш берүүчүлөр, кызыкдар тараптар жана бүтүрүүчүлөр менен туруктуу байланышты жүргүзүү.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн коллеж төмөнкүдөй милдеттерди алдыга коет:
Окуу жайдын бардык ишмердүүлүк чөйрөсүн башкарууда иштеп жаткан AVN маалыматтык системасын ОшТУнун сайты аркылуу төмөндөгүлөр менен толуктоо: Электрондук кабыл алуу комиссиясы, Кадрлар бөлүмү, Окуу бөлүмү, Финансылык менежмент.
AVN маалыматтык системасын ОшТУнун сайты аркылуу Интернет тармагына кошуп, окуу материалдары, студенттердин жетишүүсү, катышуусу, окуу акысынын төлөмдөрү тууралуу маалыматтар менен ата-энелер, окутуучулар жана студенттер таанышып, иш жүргүзүүсүнө шарт түзүү.
Студенттердин, кызматкерлердин, бүтүрүүчүлөрдүн, ата-энелердин жана социалдык өнөктөштөрдүн өз ара байланыштарын форум, ассоциациялар аркылуу өркүндөтүү.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуу жайдын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, окутуучулардын ишин мотивдештирүүнүн натыйжалуу формаларын ишке ашыруу, контракттык төлөмдөрдүү рационалдуу пайдалануу үчүн финансылык менежмент жүргүзүү.
Окутуучуларды жана кызматкерлерди тандоодо алардын кесиптик, моралдык-этикалык жактарын эске алуу. Окутуучулардын квалификациясын жогорулатууну талап кылуу.
Кызматкерлердин жана студенттердин илимий ишмердүүлүгү. Окуу жайдын илимий ишмердүүлүк боюнча негизги багыттарын иштеп чыгуу, илимий семинарларды, студенттердин илимий-практикалык конференцияларын, кароо-конкурстарды өткөрүү.
Чет элдик билим берүү мекемелери менен тажрыйба алмашуу, биргеликте иш чараларды өткөрүү, студенттерди өз ара алмашуу программаларын түзүү үчүн эл аралык ишмердүүлүктү жүргүзүү
Биздин бүтүрүчүлөр заман талап кылган адистерден болушат.
Дареги жана байланыш маалыматтары: Ош облусу, Өзгөн шаары, Манас көчөсү, номери жок
Email: [email protected]
ОшТУнун сайты: www.oshtu.kg/
Факс: (03233) 5-31-47. Тел.: (03233) 5-31-89, 5-30-34
Социалдык өнөктөштүк багыты
«ШЕРИКТЕШ» командасы
Тынай уулу Бактыбек, жетекчиси - эл аралык байланыш багыты
Жакыпов Жоомарт, кеңешчи - спорттук мекемелер менен иш алып баруу
Абдуллаева Рахатай, мүчөсү - иш менен камсыздоо, бүтүрүүчүлөр менен байланышты жакшыртуу багыты
Наджиева Гүлбарчын, мүчөсү - мамлекеттик мекемелер менен кызматташтыкты жакшыртуу багыты
Акматбек уулу Элдияр, мүчөсү - PR менеджер
АЛЫСКЫ МӨӨНӨТТӨГҮ МАКСАТТАР
Максаттар | Милдеттер | Күтүлүүчү натыйжалар |
Коомчулук менен кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу мекеменин имиджин көтөрүү | Эл аралык жана менчик уюмдар менен кызматташтыкты жакшыртуу Мамлекеттик уюмдар менен байланышты жакшыртуу аракеттерин көрүү Бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер менен иштөө Спорттук иш чараларды уюштуруу PR менеджент тармагын өнүктүрүү | Кеминде эки чет элдик окуу жайлар менен байланыш түзүлөт Мамлекеттик мекемелер менен стратегиялык мөөнөт ичинде биргелешкен 30 иш чара өткөрүлөт, студенттер практикалык тажрыйбасын жакшыртып, мекемелер үчүн волонтерлук иш аракеттерди аткарышат Ата-энелердин маалымдуулугу жогорулайт жана мекеменин ишине 50% активдүү аралашат Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы мекеменин көйгөйлөрүн чечүүдө активдүү көмөктөшөт Мекеменин сайты, социалдык баракчалары волонтер студенттердин жардамы менен активдүү иш алып барат, УТРК, Ош жана Өзгөн шаарларындагы жана Өзгөн районундагы медиа борборлор, ЖМБ, АКИ ПРЕСС ж.б. менен кызматташтык жакшырат ЖМБ мүчөлүгүнө кабыл алынат |
2023-2026-ЖЫЛДАРГА КАРАТА МИЛДЕТТЕРДИ ИШКЕ АШЫРУУ МАТРИЦАСЫ
№ | Иш чаралар | Мөөнөтү | Жооптуулар | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжалар | Жетишүү көрсөткүчтөрү |
1. Эл аралык жана менчик уюмдар менен кызматташтык жакшыртуу |
1. | ОшТУ ж.б. жождор менен студенттерди PR менеджмент багытында өнүктүрүү | 2023-ж. октябрь айынан тартып | Тынай уулу Б. | + | 15 студенттер медиа сабаттуулук багытында тажрыйба алышат Видео, аудио роликтерди, түз эфирге чыгуу, маалыматтарды даярдоо ыкмаларына көнүгүшөт | Жолдомо кат Тизме Сайттагы маалыматтар |
2. | Студенттер үчүн тренингдер | 2023-ж. сентябрь айынан тартып | Тынай уулу Б. Адеп борбору менен бирге | + | студенттер үчүн лидерлик, менеджмент, финансылык сабаттуулук багытында тренингдер уюштурулат. Социалдык долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча сынак жарыяланат | Тренинг модулдары Катышуучулардын тизмеси Электрондук базага, сайтка отчет |
3. | Англис тилин окутуу, Калемко жана Билим окуу борборлору менен кызматташуу | 2023-ж. сентябрь айынан тартып | Тынай уулу Б. | + | Ар бир окуу борборунда студенттер волонтерлук иш аракеттер аркылуу өз тажрыйбасын байытышат Волонтерлук иш аракеттер аркылуу иштеген студенттер окууну аяктаган мезгилде | Келишим же меморандум Катышуучулардын тизмеси Сайттагы маалыматтар |
| | | | | жумуш менен камсыз болушат | |
4. | Эл аралык, менчик жана жеке менчик уюмдар менен биргеликте коомчулук менен байланышуу, адистиктерди даярдоо багытында изилдөө жүргүзүп туруу | | Тынай уулу Б. Сапат менеджменти борбору менен бирдикте | + | Коомчулук менен байланышуу жана адистерди рынок шартына жараша даярдоо багытында жылына 2 жолу изилдөө жүргүзүлөт | Изилдөө отчету Электрондук база |
2. Мамлекеттик уюмдар менен байланышты жакшыртуу аракеттерин көрүү |
5. | Студент-практикант иш чарасы | 2023-ж. сентябрь айынан тартып | Наджиева Г. | + | Өзгөн шаарындагы мекемелерде, ишканаларда студенттер практикадан өтүшөт жана кесиптик тажрыйбасын жогорулатышат | |
6. | Мекемелер, спорттук окуу жайлар менен иш чаралар | 2023-ж. сентябрь айынан тартып | Наджиева Г. | + | Өзгөн шаарындагы (Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, кыргыз телеком, ДОЦ, китепкана жана спорттук мекемелер менен практикалык иш чаралардан өтүшөт. Жалпысынан 1 жылга 4 жолу өтүлөт | |
7. | Студент - волонтер | Октябрь | Наджиева Г. | + | | |
| | | | | волонтерлук иш аракеттерди аткарышат | |
8. | Келечектеги адис кандай болушу керек? | Октябрь, 2023, 3-жума | Наджиева Г. Сапат–менеджменти борбору менен бирдикте | + | Жергиликтүү башкаруу органдары, билим берүү мекемелеринин катышуусунда тегерек стол Келечектеги адистин портретин иштеп чыгышат | Программа Сайттагы маалымат Чогулуштун резолюциясы |
9. | Билим берүү мекемелери үчүн менедмент, менторлук боюнча мастер класстар | Октябрь, 2023, 2-жумасынан тартып | Наджиева Г. Сапат–менеджменти борбору менен бирдикте | + | Мектепти башкаруу, усулдук багыттагы мастер класстар 5 жолу өтүлөт | Тренингдин модулу Сайтка маалымат Анкеталар |
3. Бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер менен иштөө |
10. | Биздин окуу жай – келечекке кам көрөт | Октябрь, 2023, 1-жумадан баштап | Абдуллаева Р., Темиралиева Г. | + | Ата-энелер үчүн окуу жайдын план максаттары тууралуу презентация өтүлөт Ата-энелер уюмунун башкаруу органы бекитилет План түзүлөт | Программа Протокол План Сайттагы маалымат |
11. | Ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр | Ноябрь айынан тартып | Абдуллаева Р. Медиа борбору менен биргеликте | + | Айына бир жолу окуу жайды аяктаган атактуу инсандар жана ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр жөнүндө видеороликтер, ютуб каналга жайгаштырылат. | |
12. | Мен баламдын мыкты адис болушуна салым кошом | Декабрь айынан баштап | Абдуллаева Р. | + | Коомчулуктун өкүлдөрү, ата-энелердин мастер класстары, 5 жолу | Программа Сайттагы маалымат |
13. | Менин жолум ушул жерден башталган! | Ноябрдан тартып Айына 1 жолу | Абдуллаева Р. | + | Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн турмуштук жана кесиптик практикасы боюнча жолугушуулар жана мастер класстар 6 жолу өтүлөт | Программа Сайттагы маалымат |
14. | Ар бир кесип ардактуу! | 2024-жылдан тартып | Абдуллаева Р. | + | 8-9-10-11- класстар үчүн профориентациялык багыттагы мектеп окуучулары үчүн сынак 1 жолу окуу жылы ичинде өтүлөт | ЖОБО Иш чарасы Сынактын жыйынтыгы Сайттагы маалыматтар |
4. Спорттук иш чараларды уюштуруу |
15. | Менин спорттук карьерам жана кесибим! | 2023-ж. октябрь айынан тартып | Жакыпов Ж., Турдали уулу К. | + | Спорттук багыттагы инсандар менен 4 жолу жолугушуучу тегерек стол Спорттук мекемелерге саякат | Программа Сайтка маалымат |
16. | Студенттер аралык спартакиада | 2024-жылдан тартып | Жакыпов Ж., Турдали уулу К. | + | Окуу жай, окуу жайлар аралык, ОшТУнун катышуусунда жылына 1 жолу спартакиада өтүлөт | ЖОБО Программа Сайтта маалымат Сыйлыктар |
17. | Мектептердин окуучулары үчүн спорттук иш чаралар | 2024-жылдан тартып | Жакыпов Ж., Турдали уулу К. | + | | ЖОБО Программа Сайтта маалымат Сыйлыктар |
18. | ОшТУ жана коллеждер аралык окутуучулар арасында спартакиада | 2024-жылдан тартып | Жакыпов Ж., Турдали уулу К. | + | ЖОЖ, КООЖдор аралык жылына 1 жолу спартакиада өткөрүү | ЖОБО Программа Сайтта маалымат Сыйлыктар |
5. PR менеджент тармагын өнүктүрүү |
19. | Медиа борборун уюштуруу | 2023-ж. сентябрь | Акматбек уулу Э. | + | медиа команда уюштурулат | |
20. | Медиа командалардан, жергиликтүү ТВ өкүлдөрүнөн мастер класстар | 2023-ж. сентябрь тартып | Акматбек уулу Э. | + | мастер класстар өтүлөт | Программа Сайттагы маалымат |
21. | ЖМБ уюмуна мүчө болуу | 2023-ж. сентябрь тартып | Акматбек уулу Э. | + | | Сертификат Сайттагы маалымат |
22. | Команданы рубрикаларга бөлүү | 2023-ж. сентябрь тартып | Акматбек уулу Э. | + | | |
23. | ОшТУнун “Жаштык” студиясы, УТРК-Ош телеканалы сыяктуу мекемелерге практикалык мастер класстарга жиберип туруу | 2023-ж. октябрь тартып | Акматбек уулу Э. | + | | Жолдомо кат Сайттагы маалымат |
24. | Сайт, социалдык тармактардагы баракчаларды жаңылоо | 2023-ж. сентябрь тартып | Акматбек уулу Э. | + | Сайт, социалдык баракчалар бир бүтүн базага бириктирилет | Сайт, социалдык баракчалар |
25. | Мекемеге жана облус боюнча жаңылыктарды сайтка жайгаштыруу | 2023-ж. сентябрь тартып | Акматбек уулу Э. | + | Маалыматтар сайтка, социалдык баракчаларга жайгаштырылып турат. 1 жумада 1 жолудан кем эмес. | Сайт, социалдык баракчалар |
26. | Медиа борбору тарабынан жалпы студенттер үчүн мастер класстар | 2023-ж. ноябрь | Акматбек уулу Э. | + | Медиа борбордун студенттери жалпы студенттер жана мектеп окуучулары үчүн мастер класстарды өтүп турушат | Сайтка маалымат Тренинг модулу |
5-БӨЛҮМ
Иш мерчемдин аткарылышынын мониторинги жана баалоосу
Колледждин жетишкен чыныгы жыйынтыктары | Талдоо | Кабыл алынган чечимдер |
Мерчемделген иштердин аткарылышы боюнча | Байкоо, маалыматтарды кароо (ай сайын) | |
Коомчулук менен байланышуудагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун аныктоо | Тестирлөө (окуу жылы ичинде 2 жолу, февраль, май), анкета, байкоо жүргүзүү | |
Кесиптик таңсыктык, базар шартында кесиптерди тандоо боюнча изилдөө | Тест, анкета, байкоо жүргүзүү | |
Эл аралык, менчик жана жеке менчик уюмдар менен биргеликте коомчулук менен байланышуу, адистиктерди даярдоо багытында изилдөө жүргүзүп туруу | Тест, анкета, аңгемелешүү | |