СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Органикалык эмес заттардын негизги класстары боюнча текшерүү иши №3

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

органикалык эмес заттардын негизги класстары, оксиддер, негиздер, кислоталар, туздардын классификациясы, аталышы боюнча алган билимдерин текшеришет.

Просмотр содержимого документа
«Органикалык эмес заттардын негизги класстары боюнча текшерүү иши №3»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Органикалык эмес заттардын негизги класстары боюнча текшерүү иши №3

Сабактын методу: репродуктивдүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: өз алдынча иштөө сабагы


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): органикалык эмес заттардын негизги класстары, оксиддер, негиздер, кислоталар, туздардын классификациясы, аталышы боюнча алган билимдерин текшеришет.

  • органикалык эмес заттардын негизги класстары;

  • оксиддер; негиздер;

  • Кислоталар;

  • туздардын классификациясы;

  • аталышы боюнча берилген тапшырмаларды өз алдынча туура аткара алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Оксиддер, негиздер, кислоталар, туздар, органикалык эмес заттардын жалпы формуласы, жөнөкөй жана татаал зат, металлдар, металл эместер боюнча түшүнүгү өнүгөт жана бекемделет. Бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.

  • Оксиддер;

  • Негиздер;

  • Кислоталар;

  • Туздар;

  • органикалык эмес заттардын жалпы формуласы;

  • жөнөкөй жана татаал зат;

  • металлдар;

  • металл эместер боюнча алган билимдерин өз алдынча тапшырмаларды аткаруу учурунда туура пайдалана алышса.


Күтүлүүчү натыйжа:

  • органикалык эмес заттардын негизги класстары;

  • оксиддер; негиздер;

  • Кислоталар;

  • туздардын классификациясы;

  • аталышы боюнча берилген тапшырмаларды өз алдынча туура аткара алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): органикалык эмес заттардын негизги класстары, оксиддер, негиздер, кислоталар, туздардын классификациясы, аталышы боюнча алган билимдерин өз алдынча текшеришет.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Оксиддер, негиздер, кислоталар, туздар, органикалык эмес заттардын жалпы формуласы, жөнөкөй жана татаал зат, металлдар, металл эместер боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү: Үй, бак, күн, көл, когон, жылан, көчө.

А4 кагазга өзү каалагандай кылып берилген нерселердин сүрөтүн тартуу керек. Тартып бүткөндөн кийин жообун окуу керек.


Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Төмөндөгү берилген схемалар боюнча химиялык реакциялар теңдемелерин түзгүлө:

1) Nа + НС1 →

2) Мg + НС1 →

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Эки элементтен туруп, анын бири кычкылтек болгон татаал заттарды оксиддер деп атайбыз.

Оксиддердин алыныштары.

Оксиддер тузду пайда кылуучу жана тузду пайда кылбоочу деп бөлүнөт. Тузду пайда кылуучу оксиддер негиздик, кислоталык жана амфотердик болуп бөлүнүшөт. 1.Оксиддер, элементтердин кычкылтекте күйүшүнөн пайда болот:

4Li + O2 = 2Li2O

2. Оксиддер, кээ бир кычкылтектүү кислоталар жана негиздер, жана кычкылтек кармаган туздар ажыраганда пайда болот:

H2CO3 = H2O + CO2


Оксиддердин классификациясы.

1.Негиздик же металлдардын оксиддер : Li2O, Na2O, K2O, Rb2O, Cs2O, Fr2O, Cu2O, CuO, Ag2O, MgO, CaO, SrO, BaO, FeO. Кислоталар менен өз ара аракеттенишип, тузду жана сууну пайда кылуучу оксиддер негиздик оксиддер деп аталат.

2.Кислоталык же металл эместердин оксиддери. Негиздер менен өз ара аракеттенишип тузду жана сууну пайда кылуучу оксиддер кислоталык оксиддер деп аталат.

3.Амфотердик оксиддер. Негиздер менен да, кислоталар менен да реакцияга кирип тузду жана сууну пайда кылуучу оксиддер амфотердик оксиддер деп аталат. Мындай оксиддер BeO, ZnO, Al2O3, Ga2O3, Tl2O3, Fe2O3, Cr2O3 ж.б. кирет, б.а. амфотердик оксиддер кислоталар менен негиздик оксид катарында, ал эми негиздер менен кислоталык оксид катарында реакцияга кирет:

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

I вариант

1. Төмөнкү схемалары келтирилген реакциялар теңдемелерин түзгүлө:

Li+…→ Li2O С+...→СO2

2. Төмөнкү оксиддердин структуралык формуласын жазгыла:

а) Р2О5; б) СО2;


3.Төмөнкү кислоталардагы кислота калдыктарынын валенттүүлүгүн аныктагыла:

H3AsO4, H2SO4, HNO3



II вариант

1. Төмөнкү схемалары келтирилген реакциялар теңдемелерин түзгүлө:

Ca+…→ СаО А1+...→ Аl2О3

2. Төмөнкү оксиддердин структуралык формуласын жазгыла:

а) Al2O3 ; б) NO2;

3.Кислоталарды негиздүүлүгү жана кислота калдыгындагы кычкылтектин атомуна жараша классификациялагыла: H3PO4, H2S, H3BO3, , H2CO3.

Үйгѳ тапшырма:

1.4.7г темирдин (III) гидроксидин ажыратканда кайсы заттар канча массада алынат?

2.9.2г магнийдин оксиди суу менен аракеттенишкенде канча массадагы магнийдин гидроксиди алынат?

Баалоо: