Орхон жазма эстеликтериндеги кыргыз этноними кандай сөздөр менен айкалышып, эмне маанилерди бергени кыргыз этнониминин маанисин тактоодо керек деген ойдобуз. Кыргыз сөзү Тунйукук, Көл Тигин жана Билге Каган жазма эстеликтеринде жалпы жонунан жыйырма бир кез учураса мунун тогузунда эч кандай айкалышсыз жалгыз колдонулган. Калган учурларда каган, йир, бодун өңдүү сөздөр менен бирге айтылган.
1. Өз алдынча колдонулуп, жалпы кыргыздарды, кыргыз элин, мамлекетин жана жерин билдирет: Кыркызыг уда басдымыз (Кыргыздарды уйкуда (капыстан) бастык) (Тунйукук ж.э., 27-сап); Кыркызда йантымыз (Кыргыздардан кайттык) (Тунйукук ж.э., 29-сап); Йогчы, сыгытчы өңре күн тогсыкда Бөкли чөллиг эл, табгач, түпүт, апар, пурум, кыркыз, үч курыкан, отуз татар, кытанй, татабы бунча бодун келипен, сыгтамыш, йогламыш (Жоктоочулар, (ыйлап) сыктоочулар, чыгыштан, күн чыгыштан Бөкли чөлдүк эл (корейлер), кытайлар, тибеттиктер, апарлар (аварлар), пурум (византиялыктар), кыргыздар, үч курыкандар, отуз татарлар, кара кытайлар, татабылар мынча эл келип, ыйлап-сыкташыптыр, жоктошуптур) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 3-4-саптар); Йырыйа Баз Каган, тогуз огуз бодун йагы эрмиш, кыркыз, курыкан, отуз татар, кытанй, татабы коп йагы эрмиш (Түштүктө кытай эли жоо экен, түндүктө Баз Каган, тогуз огуз эли жоо экен, кыргыз, курыкан, отуз татар, кара кытай, татабы баары жоо экен) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 14-сап); Көл Тигин алты отуз йашыңа кыркыз тапа сүледимиз (Көл Тигин (жыйырма алты) жашында кыргызга карай жортуулдадык) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 34-сап); Йогчы, сыгытчы өңре күн тогсыкдакы Бөкли чөллүг ил, табгач, түпүт, апар, пурум, кыркыз, үч курыкан, отуз татар, кытанй, татабы бунча бодун келипен, сыгтамыш, йогламыш (Өзү ошентип каза болуптур. Жоктоочулар, (ыйлап) сыктоочулар, чыгыштан, күн чыгыштан Бөкли чөлдүк эл (корейлер), кытайлар, тибеттиктер, апарлар (аварлар), пурум (византиялыктар), кыргыздар, үч курыкандар, отуз татарлар, кара кытайлар, татабылар мынча эл келип, ыйлап-сыкташыптыр, жоктошуптур. Ушундай атактуу каган экен) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 5-сап); Йырыйа Баз Каган, тогуз огуз бодун йагы эрмиш, кыркыз, курыкан, отуз татар, кытанй, татабы коп йагы эрмиш (Түштүктө кытай эли жоо экен, түндүктө Баз Каган, тогуз огуз эли жоо экен, кыргыз, курыкан, отуз татар, кара кытай, татабы баары жоо экен) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 12-сап); Алты отуз йашыма чик бодун кыркыз бирле йагы болты (Жыйырма алты жашымда чик эли кыргыздар менен бирге жоо болду) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 26-сап); Йети отуз йашыма кыркыз тапа сүледим (Жыйрма жети жашымда кыргызга карай жортуулдадым) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 26-сап).
2. Беш сүйлөмдө өкүмдар, мамлекет башчысы, каган деген мааниге каган сөзү менен айкалышып, кыргыз каганын, өкүмдарын билдирүүдө колдонулган: Артук кыркыз күчлүг каган йагы болты (Эми кыргыздардын күчтүү каганы да жообуз болду) (Тунйукук ж.э., 20-сап); Башлайу кыркыз каганыг балбал тикдим (Кыргыз каганды баштап балбал тиктим) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 25-сап); Кыркыз каганын өлүртүмиз, илин алтымыз (Кыргыз каганын өлтүрдүк, мамлекетин алдык) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 36-сап); Кыркыз каганта Тардуш Ынанчу Чор келти (Кыргыз каганынан Тардуш Ынанчу Чор келди) (Көл Тигин ж.э., түндүк бет, 13-сап); Башлайу кыркыз каганыг балбал тикдим (Кыргыз каганды баштап балбал тиктим) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 20-сап).
3. Беш жолу эл, калк, улут маанисине келген бодун сөзү менен бирге келип, кыркыз бодун/кыркыз бодуны (кыргыз эл, кыргыз эли) сөз айкашын түзүүүдө колдонулган. Бул сөз айкашы кыргыз элин, улутун билдирет: Каганка кыркыз бодуны ичикди (Каганга кыргыз эли баш ийди) (Тунйукук ж.э., 28-сап); Көгмен йир-суб идисиз калмазун тийин аз кыркыз бодунуг итип, йаратып келтимиз (Көгмөн жер-суусу ээсиз калбасын деп, аз жана кыргыз элдерин курап, жасап, (кайра) келдик) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 20-сап); Сүңүг батымы карыг сөкүпен, Көгмен йышыг тога йорып, кыркыз бодунуг уда басдымыз (Сүңгү (найза) бою карды жиреп, Көгмөн жышын айланып ашып, кыргыз элин уйкуда (күтүүсүз) бастык) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 35-сап); Көгмен йир-суб идисиз калмазун тийин аз кыркыз бодунуг итип, йаратып келтимиз (Көгмөн жер-суусу ээсиз калбасын деп, аз жана кыргыз элдерин курап, жасап, (кайра) келдик) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 17-сап); Сүңүг батымы карыг сөкүпен, Көгмен йышыг тога йорып, кыркыз бодунуг уда басдым (Сүңгү (найза) бою карды жиреп, Көгмөн жышын айланып ашып, кыргыз элин уйкуда (күтүүсүз) бастым) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 27-сап).
4. Эки сүйлөмдө жер, мекен маанисин берген йир сөзү менен айкалышып, кыргыз жери, мекени деген маанини чагылдырган кыркыз йири сөз айкашын жасоодо колдонулган: Көгмен аша кыркыз йириңе теги сүледимиз (Көгмөндү ашып, кыргыз жерине чейин жортуулдадык) (Көл Тигин ж.э., чыгыш бет, 17-сап); Көгмен аша кыркыз йириңе теги сүледимиз (Көгмөндү ашып, кыргыз жерине чейин жортуулдадык) (Билге Каган ж.э., чыгыш бет, 15-сап).
Жыйынтыктап айта турган болсок, Орхон жазма эстеликтери деген жалпы ат менен белгилүү болгон Тунйукук, Көл Тигин жана Билге Каган жазма эстеликтеринде кыргыз сөзү кыркыз түрүндө учурап, Түштүк Сибирде жашаган, каганы, мамлекети, жери бар күчтүү элди чагылдырыш үчүн орун алган.