69. Адамдын экологияга тийгизген _ өтө кооптуу : адамдын айынан _ токойлор _, жаныбарлардын миңдеген түрлөрү _.
А) жамандыгы/ толтура/ жок болду/ кырылды Б) залакасы/ бардык/ кырылды/ тим болду В) кызматы/ миллиондогон/ өрттөлдү/ өлдү Г) таасири/ көптөгөн/ кыйылды/ жоголду
70)___ ___ кошулуусу ___.
А)анархисттердин/ демократттарга/ адаттагы көрүнүш Б)имамдардын / атеисттерге/ ажеп эмес В)эркектердин/ феминисттерге/ таң калыштуу көрүнүш Г)уурулардын / кылмышкерлерге/ адаттан тышкаркы көрүнүш
71)____ мезгил талаптарына жана убакытка, аймакка жана барчу жерге, окуялардын жана көрүнүштөрдүн мазмунуна жооп бериши керек.
А)Тамак-аш Б)Кийим В)Акча Г)Дары-дармек
72. Жер бетинин 71 % океан _ ээлейт. Калган бөлүктөрү кургак _ жана _ турат.
А) жерлери/ жерлерден/ Антарктидадан Б) мейкиндиги/ материктерден/ континенттерден В) суулары/ континеттерден/ аралдардан Г) алкагы/ топурактан/ жерлерден
73. Табигый кырсыктар — капысынан болуп, адам баласынын _ _ табияттын алаамат кубулуштары. _ _ табият кырсыктары адамдын иш-аракетинен да болушу мүмкүн.
А) оюна/ эч келбеген/ Демек/ көпчүлүк Б) аракетине/ баш ийбеген/ Бирок/ айрым В) тагдырына/ кол салган/ Ошондой эле/ кээ бир Г) өмүрүнө/ коркунуч алып келген/ Андай болсо да/ бир да
74. Акыра - кургактыктагы эң _ жаныбар. _ , анын узун мойнундагы омурткаларынын саны өзүнөн бир канча эсе _ келген адамдыкы менен _ .
А) узун/ Ошндуктан/ кыскараак/ тең Б) чоң/ Анткени менен/ кичине/ окшош В) бийик/ Андай болсо да/ кыска/ барабар Г) алп/ Ошентсе да/ алсыз/ бирдей
75. Биздин оюбуз боюнча, аюулар адамды тамак катары санашат. Бирок бул болгону _ . Аюу, адам анын _ киргенде гана, өз _ коргоо же аны _ максатында гана кол салат.
А) стереотип/ территориясына/ тукумун/ жеринен айдоо Б) жаңылыштык/ үңкүрүнө/ балдарын/ коркутуу В) калп/ аймагына/ мамалагын/ качыруу Г) жомок/ айланасына/ үңкүрүн/ өлтүрүү
76. Биздин комуз _ арасында эң байыркы _ бири.
А) кыргыз калкынын/ салттуу аспаптардын Б) Орто Азия элдеринин/ руханий мурастын В) түрк элдеринин/ музыкалык аспаптардын Г) жергиликтүү калктын/ маданий мурастын
77. Ысык-Көл суусунун алдында байыркы урандылар бар экендиги көпчүлүккө кеңири _ болгону менен, ал шаар жакшы _ .
А) белгилүү/ изилденилген Б) таанылбаган/ сакталган В) белгисиз/ сакталган Г) маалым/ изилденилбеген
78. Абанын температурасынын _ , кар катмарынын _, өсүмдүктөр менен жаныбарлар дүйнөсүнүн тиричилигиндеги өзгөрүшү , негизинен, _ айында _.
А) төмөндөшү/ калыңдоосу/ күз/ башталат Б) ысышы/ жоголуусу/ жай/ токтолот В) муздашы/ топтолуусу/ кыш/ сакталат Г) көтөрүлүшү/ эриши/ жаз/ байкалат
79. Кээ бир жайыттарда жаан-чачындын _ улам, пайда болгон нымдуулук _ болгондуктан, кошумча сугаруу _ .
А) көптүгүнөн/ ашыкча/ мүмкүнчүлүгү түзүлөт Б) жетишсиздигинен/ жок/ керек болот В) аздыгынан/ жетишсиз/ муктаж болот Г) молдугунан/ көп/ керектелет
80. Жаш келиндердин улууларга _ барып, кол берип, колун бекем кысканга караганда, эки колун _ , _ коюшу эмне деген сылыктык, назиктик!
А) кашкайып/ бооруна алып/ ийилип Б) чуркап/ салаңдатып/ жүгүнүп В) уялып/ артына алып/ баш ийип Г)тартынбай/көкүрөгүнө коюп/ урмат көрсөтүп
81. Адамдын популяциясынын _ , экологиянын _ , _ пайда болушу жан-жаныбарларга _ жаратууда.
А) азайышы/ оңолуусу/ ветеринарлардын/ жашоого мүмкүнчүлүк Б) көбөйүшү/ бузулушу/ браконьерлердин/ жагымсыз жагдайларды В) кыскарышы/ өркүндөшү/ зоопарктандын/ оң таасирин Г) жогорулашы/ кирдеши/ уучулардын/ өлүм-житим
82. Капитализм 15-кылымда Италия менен Голландияда гана пайда _ , 16-кылымда ал бүткүл Европага орной баштаган.
А) болгондугу үчүн Б) болор замат В) боло турса да Г) болгону менен
83. Жаныбарларды _ жандыктар деп атоо _ . Көпчүлүк жаныбарлар, _ , ойношот, кайгырышат, эмоцияларын билдире алышат. Атүгүл, кээ бири ситуацияга жараша реакция көрсөтө алат.
А) жөндөмсүз/ туура эмес/ бизге окшоп эле Б) акылсыз/ жаңылыштык/ адамдар сыяктуу эле В) акылдуу/ туура болот/ адамдардан айырмаланып Г) жөндөмдүү/ ката эмес/ бизден айырмаланып
84. Бир аалым : "Кооз кийимдерди көрдүм, _ адамы жок, кооз адамдарды көрдүм, _ кийими жок",- деп айткандай, кийим адамда негизги эмес экенин _ .
А) кийинген/ кийерге/ барктап билели Б) бирок/ бирок/ унутуп баратабыз. В) ичинде/ сыртында/ эстен чыгарбайлы Г) кадырлуу/ жакшынакай/ билбей калбайлы
85. Эгерде соода түйүнү талапка жооп бере тургандай деңгээлде _ , ага чейинки рекламалык иш-чаралар максатына _ .
А) уюштурулса/ калып калат Б) өткөрүлбөсө/ ашпай калат В) уюштурулбаса/ жетпей калат Г) өткөрүлсө/ жетип калат
86. Америкалык _ _ боюнча, бир күндө океан бетинен атмосферага 1 000 000 тоннадан ашык суу _ .
А) метеорологдордун/ эсептөөлөрү/ буу түрүндө көтөрүлөт Б) океанологдордун/ айтышы/ жаан түрүндө түшөт В) окумуштуулардын/ далилдери/ булут сымал жогорулайт Г) спутниктердин/ көрсөтүшү/ куюлуп түшөт
87. Кийим текчеси толтура болсо да, кийимим _ деп _ аз эмес. Аларды ысырапкор деп айтсак _ .
А) аз/ ойлогондор/ туура болбойт Б) кир/ кийбегендер/ жаңылышпайбыз В) көп/ араздангандар/ да болот Г) жок/ наалыгандар/ ашыкча болбос