«ОШ ЖАҢЫРЫГЫ» ГАЗЕТАСЫ КӨТӨРГӨН КӨЙГӨЙЛӨР АНЫН ЧЕЧИЛИШИ, ЭЛЕКТРОНДУК ФОРМАТКА ӨТҮШҮ
Махабат Каримовна Мамырова1
Аннотация
Бул макалада «Ош жаңырыгы» газетасы көтөргөн көйгөйлөр анын ачылыш жолу, редактордук иш анын татаалдыгы баяндалат. Журналистикада жаңыдан кадам таштап жаткан жаштарга да сынай турган медианын ар кандай тентенциялары жана учурдагы басма сөздүн өнүгүшү, электрондук форматка өтүшү, журналистиканын кичинекей, бирок маанилүү критерийлери менен тааныштырылат. Кыргызстандагы гезиттердин электрондук форматка өтүшү «Ош жаңырыгы» гезитинин мисалга алсак 2023-жылы «Ош жаңырыгы» гезитинин 85-жылдык мааракеси белгилендик. Биздин гезит 1938-жылы негизделген. Анын 1940-50-жылдарындагы архивин таап чыктык. Ал кезде латын ариби менен басылган экен. Бул эмне? Бул өткөн замандын жазма маданияты! Бул тарых! Бул маданий баалуулук! 100, 150 же 300 жылдан кийин биздин урпактар кантип тааныйт? Жазма булактардан, анын ичинен ушул гезиттер аркылуу көрүп танышууга болот. Бул жерде гезиттин орду чоң экени талашсыз го. Ошондуктан азыркы мезгилде биз «Ош жаңырыгы» гезитибизди электрондук форматка өтсөк да азыр гезиттерде тарыхтын аскерлери иштеп жатат. Кандай болгон күндө да, гезиттер ишмердүүлүгүн улантышы керек. Ошондо дагы да биз замандын талабына жооп берген шартарды коомго ыңгайлуу иретинде. Ыкчам, бат электорндук форматта коомго маалыматты жеткирүүдөгү оперативдүү жеткирүүгө жол ачат. «Ош жаңырыгы» газетасы түштүк регионунуда эң эски, эң көп тажырыйбага ээ болгон мамлекеттик газета болуп эсептелет. Газета 1938-жылдан бери жашап коомго кызмат өтөп келүүдө. Газета журналистика илиминдеги күндөлүк турмушунда колдонгон бардык жанрлар менен иштеди. Биздин алдыбыздагы көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн, ар дайым журналист же кабарчы болобу маалыматты же макаланы коомго туура таркатуу менен өзгөчөлөнөт. Ошондо редакция өз максатына жетүү менен бирге, коомдогу көптөгөн проблемалардын да чечилишине себепкер болууда. Маалыматтын максаты басылмадагы ар бир жанрдын жана интервью жанрынын колдонуудагы орду, берилүү ыкмаларына илимий иликтөө жасоо болду. Албетте, газетанын мурдагы чыккан «Ленин жолу» убагындагы айрым фактыларга да токтолуп кетүүнү эп көрдүк. Газета кайсыл жанрда иш алып барбасын биринчи кезекте эл мүдөөсүн аткаууга басым жасайт. Газета облустун элин күнүмдүк информация менен камсыз кылууда, бүгүнкү күндүн технологиялык жаңы жабдуулар менен ишке ашырып жатышат. Ар кандай көйгөйлөрдү, чечилбеген маселелерге жандашуу менен иш алып барып, окурмандын талабын гана элдин мүдөсүн дагы биринчи жагдай редакциянын чыгармачыл жамаатына чоң аброй, чоң ийгилик алып келүүдө. Азыркы учурда жаңы адамды тарбиялоо өзгөчө маанилүү коом – өлкөбүздүн коомдук маселеси болуп саналат. Ал эми программасында «Коомдун активдүү куруучусу болгон жаңы адамды калыптандыруудагы массанын бүтүндөй тарбиялык иштеринде эң башкы роль басма сөздөр, радио, кино жана телекөрсөтүүгө таандык» деп көрсөтүлгөн. Басма сөз, жалындуу сөздү, анын ички жана тышкы саясатын улуттук идеаларды калайык – калктын кеңири катмарына жетеирүү менен аны аткарууга, аларды пропагандалоодо, уюштурууда жана жаңы коомдук курулушун бардык этаптарындагы чарбалык жана жаңы коомдун курулушун бардык этаптарындагы чарбалык жана маданий курулуштун маселелерин чечүүдө, эмгекчилерди жыңы духта тарбиялоо менен коомдук пикирди калыптандырууда жоопту жана ардактуу милдет катары аткарып келүүдө. Ошону менен бирге тарбиялоодо, анан коомдук активдүүлүгүн арттыруу жана жат идеология менен моралга болгон саясий кыраакылыгын көрсөтүү боюнча максатка ылайык чоң иштерди чыгармачылык менен жүргүзүп келе жатат.
Ачкыч сөздөр: ММКлар, электрондук гезиттер, макала, аналитикалык макала, идея, фактылар.
The problems raised by the "Osh Yangyri" newspaper are his
solution, transition to electronic format
Abstract
This article describes the problems raised by the Osh Echo newspaper, the ways of its opening, and the complexity of editorial work. Even young people who are just starting to engage in journalism will be familiar with various trends in the media development of the modern press, the transition to electronic format, small but important criteria of journalism. The transition of newspapers in Kyrgyzstan to electronic format. Taking the example of the newspaper "Osh Yangyrigy", in 2023, the 85th anniversary of the newspaper "Osh Yangyrigy" was celebrated. Our newspaper was founded in 1938. We found his archive from the 1940s and 50s. At that time it was printed in Latin script. What is that? This is the written culture of the past! This is history! This is a cultural value! How will our descendants recognize in 100, 150 or 300 years? It can be seen from written sources, including these newspapers. There is no doubt that the newspaper has a great place here. Therefore, even if we have switched our newspaper "Osh Yangyrgy" to electronic format, now the soldiers of history are working in newspapers. In any case, newspapers must continue to operate. And still we meet the requirements of the times in a way that is convenient for the society. It paves the way for prompt delivery of information to the society in fast, electronic format. "Osh Yangyrgy" newspaper is considered to be the oldest and most experienced state newspaper in the southern region. The newspaper has been serving society since 1938. He worked with all the genres used in daily life in newspaper journalism. In order to solve the problems before us, always be it a journalist or a reporter, it is distinguished by the correct dissemination of information or articles to the society. In addition to achieving its goal, the editorial office also contributes to the solution of many problems in society. The purpose of the information was to conduct a scientific investigation into the use of each genre and the interview genre in the publication, and the methods of transmission. Of course, we tried to dwell on some facts from the time of the previous publication of the newspaper "Lenin's Way". Regardless of the genre, the newspaper focuses on serving the people's interests first. The newspaper provides the people of the region with daily information, which is implemented with modern technological equipment. Dealing with various problems and unsolved issues, putting only the reader's demand and the people's interest first, brings great reputation and great success to the creative team of the editorial office. Currently, educating a new person is a particularly important social problem of our country. And in the program, it is indicated that "the main role in the educational activities of the masses in the formation of a new person who is an active builder of society belongs to printed words, radio, cinema and television." The press, the passionate speech, its domestic and foreign policy, let alone the national ideals - carry them out by bringing them to a wide segment of the population, promote them, organize and solve the problems of the economic and cultural construction at all stages of the new social construction, the construction of a new society, and inspire the workers It is a responsible and honorable duty to educate and shape public opinion. "Osh Yangyri" has been performing such a responsible task with high political responsibility. "Osh Yangyrgy" is mainly a city newspaper, and with its published materials in each issue, it educates citizens in the spirit of high idealism and loyalty to the Motherland, their work, responsibility towards work and public property, the full development of the remnants of various old customs, and the harmonious development of a person in all aspects. and is based on the direction of educating a new socially formed new person by presenting real spiritual wealth to the people. The newspaper "Osh Yangyrygy" is working in this direction by increasing the influence of the recently published press. At the same time, he is creatively carrying out great work in education, then increasing his social activity and showing his political awareness of foreign ideology and morality. One of the most important special pages in the newspaper is the "Terendyk" page, which is devoted to political studies in the "Osh Echo". "Depth" is prepared by the propaganda and agitation department of the editorial On a special page, articles describing the experience of propagandist work methods, the agitator's opinion, advice for propagandists and life successes achieved by citizens are published. Sometimes there are critical materials that reveal flaws. "Being a propagandist is a great honor and responsibility. To be worthy of this task, it is necessary to study a lot and know a lot.".
Key words: mass media, electronic newspapers, article, analytical article, idea, facts.
Киришүү
Кыргызстандагы гезиттердин электрондук форматка өтүшү «Ош жаңырыгы» гезитинин мисалга алсак 2023-жылы «Ош жаңырыгы» гезитинин 85-жылдык мааракеси белгиленди. Биздин гезит 1938-жылы негизделген. Анын 1940-50-жылдарындагы архивин таап чыктык. Ал кезде латын ариби менен басылган экен. Бул эмне? Бул өткөн замандын жазма маданияты! Бул тарых! Бул маданий баалуулук! 100, 150 же 300 жылдан кийин биздин урпактар кантип тааныйт? Жазма булактардан, анын ичинен ушул гезиттер аркылуу көрүп танышууга болот. Бул жерде гезиттин орду чоң экени талашсыз го. Ошондуктан азыркы мезгилде биз «Ош жаңырыгы» гезитибизди электрондук форматка өтсөк да азыр гезиттерде тарыхтын аскерлери иштеп жатат. Кандай болгон күндө да, гезиттер ишмердүүлүгүн улантышы керек. Ошондо дагы да биз замандын талабына жооп берген шартарды коомго ыңгайлуу иретинде. Ыкчам, бат электорндук форматта коомго маалыматты жеткирүүдөгү оперативдүү жеткирүүгө жол ачат.
«Ош жаңырыгы» газетасы түштүк регионунуда эң эски, эң көп тажырыйбага ээ болгон мамлекеттик газета болуп эсептелет. Газета 1938-жылдан бери жашап коомго кызмат өтөп келүүдө. Газета журналистика илиминдеги күндөлүк турмушунда колдонгон бардык жанрлар менен иштеди. Биздин алдыбыздагы көйгөйлөрдүн чечилиши үчүн, ар дайым журналист же кабарчы болобу маалыматты же макаланы коомго туура таркатуу менен өзгөчөлөнөт. Ошондо редакция өз максатына жетүү менен бирге, коомдогу көптөгөн проблемалардын да чечилишине себепкер болууда. Маалыматтын максаты басылмадагы ар бир жанрдын жана интервью жанрынын колдонуудагы орду, берилүү ыкмаларына илимий иликтөө жасоо болду. Албетте, газетанын мурдагы чыккан «Ленин жолу» убагындагы айрым фактыларга да токтолуп кетүүнү эп көрдүк (Исмаилова,2018:5).
Газета кайсыл жанрда иш алып барбасын биринчи кезекте эл мүдөөсүн аткаууга басым жасайт. Газета облустун элин күнүмдүк информация менен камсыз кылууда, бүгүнкү күндүн технологиялык жаңы жабдуулар менен ишке ашырып жатышат. Ар кандай көйгөйлөрдү, чечилбеген маселелерге жандашуу менен иш алып барып, окурмандын талабын гана элдин мүдөсүн дагы биринчи жагдай редакциянын чыгармачыл жамаатына чоң аброй, чоң ийгилик алып келүүдө.
Азыркы учурда жаңы адамды тарбиялоо өзгөчө маанилүү коом – өлкөбүздүн коомдук маселеси болуп саналат. Ал эми программасында «Коомдун активдүү куруучусу болгон жаңы адамды калыптандыруудагы массанын бүтүндөй тарбиялык иштеринде эң башкы роль басма сөздөр, радио, кино жана телекөрсөтүүгө таандык» деп көрсөтүлгөн. Басма сөз, жалындуу сөздү, анын ички жана тышкы саясатын улуттук идеаларды калайык – калктын кеңири катмарына жетеирүү менен аны аткарууга, аларды пропагандалоодо, уюштурууда жана жаңы коомдук курулушун бардык этаптарындагы чарбалык жана жаңы коомдун курулушун бардык этаптарындагы чарбалык жана маданий курулуштун маселелерин чечүүдө, эмгекчилерди жыңы духта тарбиялоо менен коомдук пикирди калыптандырууда жоопту жана ардактуу милдет катары аткарып келүүдө. «Ош жаңырыгы» бул сыяктуу жооптуу милдетти жогорку саясий жоопкерчиликте аткарып келе жатат. «Ош жаңырыгы» негизинен шаар газетасы болгондуктан өзүнүн ар бир санындагы жарыяланган материалдары менен шаардыктарды жогорку идеялуулуктун жана Мекенге, өз ишине берилгендиктин, эмгекке жана коомдук менчикке жоопкерчилик мамиле жасоонун духунда тарбиялоо, ар кандай эски үрп-адаттардын калдыктарынын толук өнүктүрүү, адамды ар тараптан гармаоникалык өнүктүрүү жана элге чыныгы рухий байлыкты тартуулоо менен жаңы коомдук калыптанган жаңы адамын тарбиялоо багытына негизделген. «Ош жаңырыгы» газетасы бул багытта акыркы мезгилде жарыяланган басма сөздүн таасирдүүлүгүн арттыруу менен иш алып барышууда (Абдыразаков, 2017:8). Ошону менен бирге тарбиялоодо, анан коомдук активдүүлүгүн арттыруу жана жат идеология менен моралга болгон саясий кыраакылыгын көрсөтүү боюнча максатка ылайык чоң иштерди чыгармачылык менен жүргүзүп келе жатат[4, 6-б].
Газетадагы эң башкы атайын беттин бири «Ош жаңырыгындагы» саясий окууга арналган «Тереңдик» аттуу бети. «Тереңдик» редакциянын пропаганда жана агитация бөлүмү тарабынан даярдалат. Аты эле айтып тургандай атайын бет шаардагы жашоочулардын дүйнө таануу илимин терең үйрөнүүгө, өнүккөн капиталисттик коомдун мезгилинде терең саясий – экономикалык билим алууга жетишүүгө чоң көмөк берет. Атайын бетте пропагандисттик иш ыкманын тажрыйбасын, агитатордун ой-пикири, пропагандиске кеңеш жана атуулдар жетишкен турмуштук ийгиликтерин баяндаган макалалар жарык көрөт. Кээде кемчиликтердин бетин ачкан сын материалдар да кезигет. «Пропагандист болуу чоң сыймыктуу да, жоопту да иш. Бул милдетке татыктуу болуш үчүн көп окуп, көптү билүү зарыл» деп башталат.
С. Султановдун «Ийгилик башаты - уюшкандыкта» деген макаласы. Макала «Тереңдиктик» 10-январь 1997-жылкы санында жарык көргөн. С. Султановдун макаласында саясий жана экономикалык билим берүү тармакгында жаратып жаткан ийгиликтери жөнүндө баяндайт.
Бул бетте атайын кабарчы Б. Боркеевдин «Жалындуу сөздүн таасири» деген макаласын «Өнөр иш ыкмасы» аттуу рубриканын алдында жарыяланган. Макалада кабарчы Ош шаарындагы борболоштурулган шаарлар телефон байланыш түйүнүнүн алдыңкы инженери Л. В. Петрованын иш ыкмасындагы тажрыйбалары жөнүндө сөз козгойт.
Макаланын башкы каарманы мурда СССР ВДНХнын күмүш медалынын жеңүүчүсү Л. В. Петрова «Биздин продукция – адамдарды сапаттуу тейлөө. Маданият милдеттенме биздеги негизги пункт да ушул» деген сөзү, менен мыкты инженер гана эмес, эмгекке жаңыча мамиле жасаган тажрыйбалуу телефонист экенин билдирет. Өндүрүштүк көрсөткүчү өлкөдө экинчи орунда тургандыгы баяндайт.
«Тереңдик», «Ош жаңырыгы» саясий окууга арналган бети болгондуктан бул беттин ар бир санында пропагандист – агитаторлордун өздүк тажрыйбалары чагылдырылып турат. Ал эми атайын бетке жарыяланган бардык материалдардагы маселелер пропагандист агитаторлордун өздөрүнө балуу кеңештерин, көрсөтмөлөрүн берет. Газетанын ушул эле бетинде «Пропагандистке кеңеш» аттуу рубриканын алдында «бардыгын даярдык чечет» деген макала орун алган. Макала актуалдуу маселелерди козгоо менен абдан мазмундуу жазылат. «Пропагандисттин талапка ылайык иш алып баруусу, теориялык билим деңгээли, турмуштук тажрыйбасы жана аудитория менен жандуу иштеше билүүсү аркылуу ченелет» деп көрсөтүлөт макалада. Андыктан «Тереңдикте» жарыяланган бул макала пропагандистке сабак өтүүнүн түрдүү формаларын, угуучуларга кандайча тапшырма берүүнү жана материалдарды кантип чогултуудагы балуу тажрыйбаларды үйрөтөт (Каракозуев,2018:15).
«Тереңдиктин» ушул 1998-жылы 27-мартта жарыяланган санында Ош губернаторунун инструктору В. Т. Крассиконун батыш районундагы Керме-Тоо орто мектебинин 10-«а» классынын чогулушунан алган «Алгала, жаштык курак» деген репортажы орун алган. Репортаж бүтүрүүчү класстын окуучуларынын сабакты абдан кызыктуу жана мазмундуу өткөзгөнүн баяндайт. «Сабак аларды өз мекенин бир кадам жакындатып, граждандуулукту, патриоттук ишенимди бекемдеди, мекенди сүйүү идеяга берилгендиктин сынынан өткөрдү» дейт автор макаласында. Эгерде «Тереңдиктин» ар бир санында атуулдары саясий, экономикалык окуулардын жүрүшүнөн дал ушундай репортаждар жарыяланып турса эң сонун болор эле. Анткени көптөгөн газеттик жанрлардын ичинен репортаж абдан таасирдүү мүнөзгө ээ. Кызыктуу окуянын жүрүшүн баяндаган репортаждар газетанын ар кандай окурманы эч бир тажабай, кызыгуу менен окуйт. Бирок «Тереңдиктин» бетинен бул сыяктуу репортаждар өтө аз жарыяланат.
Атайын кабарчы Т. Кенжеев «Өсүштүн негизи» деген макалалары азыркы мезгилдин талабына жооп берерлик деңгээлде жазылып, олуттуу пикирлерди билдирет. Белгилей кетчү нерсе «Тереңдиктин» бетине көбүнчө интеллегент кызматкерлердин, пропагандист агитаторлордун жана атайын кабарчылардын макалалары гана жарыяланып турат. Алар көп убакта күндөлүк турмуштун талабына жооп берген маселелерге гана токтолушат. Эгерде «Мекен тарбиялаган» деген рубриканын алдында согуш ардагерлеринин мурунку иш тажрыйбаларындагы кызыктуу окуяларды, кыйынчылык менен багындырылган тосколдуктар жөнүндөгү эскертүүлөрүн жарыялап турса «Тереңдиктин» мазмуну да тереңдөөчүдөй сезилет. Анткени атайын беттин аты «Тереңдик» деп аталып, бүгүнкү күндө эр жүрөк жаштарын саясий кыраакылыкка, дүйнө илимин терең өздөштүрүүгө багытталып жатпайбы. Бул үчүн жыйырманчы-отузунчу жылдардагы атуулдарын Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде алар кандай баатырдык, эрдиктерди көрсөткөнүн жана элибиздин басып өткөн алгачкы сьезддерин тарыхый бөтөнчөлүктөрү жөнүндөгү кызыктуу материалдар «Тереңдиктин» бетине ачышкан болбостон кайра жаштарды саясий курчтуккан, патриоттуулкка үндөө менен «Мен жаштын» деген сөздүн качалык ыйык турарын үйрөткөн сабактын бири болмок. Экинчи жагынан дал ушундай материалдар гана «Тереңдикке» окурмандардын бүтүндөй чөйрөсүн өзүнө таратууга көмөк берет. Болбосо, «Тереңдиктин» бетиндеги материалдар интеллегент кызматкерлер, агитатор жана пропагандисттер сыяктуу окурмандардын белгилүү чөйрөсүнө гана ылайыкташтырылгандай сезилет [4, 5-б.].
«Вечерний Бишкек» газетасында «Собеседник» деген атайын бет бар. «Собеседниктин» милдети ал дагы шаардыктарды саясий жактан такшалтуунун максатындагы атайын бет бологондуктан бүгүнкү шаар жаштарынын коомдук көз карашын саясий жактан калыптану усуна зор көмөк көрсөтөт. «Собеседниктин» ар бир санын окуган окурман сөзсүз аз да болсо саясий жактан сабак алып, көз карашы патриоттулуктун жана гумандуулуктун духунда сезет. Бул бетте ар дайым «Адреса опыта» деген рубриканын алдында жогорку эшалондогу жетекчилердин, эмгек ардагерлердин макалары, алар менен жолугушуулар болуп турат. «Вечерний Бишкек» 7-август 1999-жылы жарыяланган санындагы «Собеседникте» Свердловск районунун акими Ж. Жээнбековдун шаардыктар менен болгон жолугушуусун берген. Макалада абдан көп кырдуу көйгөйлөрдү козгогон.
«Ош шамы» саясий окууга арналган «Тереңдиги» да эмгек ардагерлердин, тажрыйбалууу кызматкерлердин ой-пикирлерин, кеңештерин жарыялап, «Вечерний Бишкек» газетасынын иш тажрыйбаларынан колдонсо, мындан да жакшы болот [3, 5-б.].
«Тереңдик» 29-май 1998-жылы чыккан санында 96-97-жылкы саясий окуунун натыйжаларын жыйынтыктайт. Атайын бетте «Ийгилигиңер кут болсун» деген рубриканын алдында конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр белгиленген. «Ош жаңырыгы» газетасы бул кароо конкурсту Ош шаарынын 3000 жылдыгына карата өткөргөн. Республикалык бул турга эң мыкты деген 22 ийримдин иши сунуш кылынган. Бул беттеги А. Жапаровдун Карасуу шаарынан жазган «Мураска каныгуу» деген макаласы жыйынтыктоо сабактарынан баалуу кабарларды билдирген. Атайын кабарчы А. Мамытбековдун конкурстун жеңүүчүлөрү кантип бул ийгиликке жетишкенин, алардын иш алып баруудагы уюмдуулугун жана мезгилдин талабындагы жоопкерчиликти сезе билүү менен эмгектенгенишкенин эң сонун баяндаган.
Ош губернаторунун башчысынын маданият бөлүмүнүн башчысы «Шаарда жашайбыз» деген макаласы илимий теориялык конференциянын жүрүшүнөн жазылып, кызыктуу пикирлерди баяндайт. Макалада «Уландар менен кыздар арасында Мекенди сүйүп жашоо образын пропагандалоо, жаштардын активдүү турмуштук позициясын калыптандыруу, турмуштун жеңил көлөкөлүү жактарын ашкерелөө – бүгүнкү күндүн башкы милдеттеринин бири» деп көрсөтүлөт. Буга карата «Эгемендүү жашоо образы жана жаштардын активдүү турмуштук позициясын калыптандыруудагы ролу» деген темада өткөрүлгөн илимий теориялык конферецияда мына ушундай проблемаларды чагылдыруунга арналган [3, 7-б.].
Ош губернатору саясий окуунун жүрүшүндө «Тереңдик» 98-99 жылкы окуу жылында да бир топ ийгиликтерди жаратты. «Тереңдик» өзүнүн бетинде пропагандисттик чеберчилик, программаны өздөштүрүү, берилген материалды турмуш менен байланыштыруунун мааниси жөнүндө ар кандай талкуу, талаштарды уюштурду. Мында «Изден, ойлон, тап» рубриканын алдында жарыяланган отклик материалдар окурмандардын кызыгууларын арттырды. Газетанын 13-июнь 1999-жылы жарыяланган санындагы «Тереңдикте», «Изден, ойлон, тап» деген рубриканын алдында бул маселелерге байланыштуу эң кызыктуу материалдар жарыяланган. Ал эми ушул беттеги С. Бостонованын «Шаардагы жашоосу оңолуш керек» деген макала шаардагы жашоону өркүндөтүү маселесин ачык айтат. Ошондой эле пропагандалоо боюнча бир катар алгылыктуу аракеттерди жасап жаткандыгын баяндаган. Макалада шаардагы уюмдар жаңы жашоого, турмуш менен ак эмгекке бышырганды үйрөнүү жана калктын калың катмарына түшүндүрүүдө оперативдүүлүк менен мамиле жасаганы белгиленген. «Тереңдиктин» жарыяланган С. Бостонованын бул макаласы атайын беттин мазмунун алда канча тереңдеткен [2, 6-б.].
«Тереңдиктин» өзүнүн ар бир санында пропагандист жана агитаторлорго кеңешин берип турат. Бул кеңештер анын «Пропагандисттин иш ыкмасын», «Агитатор ой бөлүшөт» деген рубриканын алдында жарыяланган макалалардан чагылат. Ош губернатору саясий окуунун жүрүшүндө пропагандистик үгүт сөздөрдүн күчү жаштардын идеялык саясий көз караштарын калыптандыруудагы ролу жогору экенин баса көрсөтүүгө болот. Анткени анын чыгармачылык иштери уюштуруучулугу жогору экени газетанын атайын беттеринен көрүнүп турат.
«Тереңдикте» жаралаган ийгиликтердин арасында кээде анча мынча кемчиликтер учурайт. Атайын бет көп жылдардан бери негизги бет катары жарыяланып жүрсө да, эч кандай катар белги коюлбай жүрөт. Дагы бир талаштуу маселе «Тереңдикке» кээде клуб деген сөздү жармаштыруу маселе «Тереңдикке» кээде клуб деген сөздү жармаштыра коюудан пайда болууда. «Тереңдиктин» 1993-жылкы 10-январь 5(7531) жарыялаган санында «Тереңдик» өндүрүштүк саясий окууга арналган бет дегендин ордуна, өндүрүштүк саясий окууга арналган клуб деп жарыяланган. Газетанын 1993-жыл 13-июндагы санындагы «Тереңдикте» да клуб деген сөздү кошуп жазышкан. Мындай көрүнүштөр окурмандар үчүн «Тереңдик» кандай клуб болсун? «Тереңдик» эч кандай клуб эмес. Ал саясий окууга арналган атайын бет болуп жарыяланган жана ошол бойдон калат. Эгер кокустан «Тереңдикти» клуб деп атоочулар чыкса анда редакция бул маселени сөзсүз чечиши керек, болбосо «Тереңдиктин» окурмандарынын арасында эки ойду пайда кылбай, мындан кийин клуб деген сөздү жармаштырганды токтотуу зарыл [4, 7-б.].
Ар бир газетада клубдардын атайын беттеридин сакталышы жогоруда белгиленгендей анын окурмандар чөйрөсүнө байланыштуу. Бул сөздүн далили катары «Жаш үй – бүлөлөрдүн клубу» деген атайын бетинин өзү гана жетишет. Эмне үчүн ушундай багыттагы атайын беттинин өзү гана жетишет. Эмне үчүн ушундай багыттагы атайын беттер, клубдар облусттук газеталарда жок? Анткени, алардын окурмандардын бул сыяктуу маселелер эмес, мындан башка маселелер кызыктырат. Ал эми жаңыдан үйлөнгөн жаш жубайларга улуулардын, ата – энелердин кеңеши ал дайыма керек. Бул үчүн өзүнөн өзү газетада «Жаш үй – бүлөлөлөрдүн клубунун» болушу зарылчылыгы түзүлөт.
«Жаш үй – бүлөлөрдүн клубунда» жарыяланган макала дайыма окурмандардын суроо пикирлерин пайда кылып, өз кучагына актуалдуу маселелерди камтыйт. Газетанын 27-август 1998-жыл №102 (763) санында жарыяланган «Бакыт – сен кандайсын?» деген макаланын мазмуну абдан терең. Окурман бул макаладан редакцияга келген түрдүү каттардын, ал каттар баяндаган жаштардын түркүн тагдырлары менен тааныша алат. Каттарда баяндалгандай кайсы бирөөлөр отузга чыкса да сүйүктүү адамын жолуктура албаганын же кечээ от менен жалын болуп сүйүшүп, бүгүн турмуштун чоң агымына туруштук бере албай ажырашып жаткан жаш үй-бүлөнүн кейиштүү тагдыры кимди болсо да тынчсыздандырбай койбойт. Бул сыяктуу макаланын артынан редакцияга ондогон, жүздөгөн каттар келет. Алардын айтайын деген ою, максаты экинчи жолу кайгылуу окуяны, үй – бүлөдөгү бактысыздыкты болтурбоо [5, 2-б.].
«Ош жаңырыгы» 15 –январь 1997-жылы №7 (750) санындагы атайын бетинде «Эки монолог же болбой калган бир диалог» С. Ефременконун макаласын жарыялаган. Эгер газета дал ушундай макалалар менен ар дайыма атайын бетин уюштурса, анда газетадагы атайын беттин таасири окурмандардын көңүлүнүн борборунда болору талашсыз чындык. Ушул эле беттин өзүндө орун алган «Баарыбыз ойлонсок» деген рубриканын алдында «Үй-бүлөлүк очоктун жылуулугу» деген макала да окурмандарды кош көңүл калтырбайт. «Жаш үй – бүлөлөрдүн клубунда» кызыктуу макалалар менен бирге жаштарга косметикалык кеңеш, бүгүнкү күндөгү моданын түрлөрүн, ырлар жана сүйүүнүн жылт эткен учкунун чагылдырган фотоэтюддарды да жарыялап турат [3,15-б].
«Ош жаңырыгынын» башкы милдети жаштарды саясий көз караштын тунуктугуна, патриоттуулукка, чынчылдыка, эң башкысы адамдын ички психологиялык калыптануусундагы гумандуулукка жетишүүсүнө жардам берет. «Ош жаңырыгында» жарыяланган көптөгөн материалдар жаштарды таза сезим менен жашоого, жүрүүгө да үйрөтөт. «Ош жаңырыгы» 21-октябрь 1998-жылкы санында жарыяланган «Нокаттан Н. Н. деген адам паспортту кабыл алуу эрежелерин тактыкты сактап жатабызбы? «Ош жаңырыгы» эгер мүмкүнчүлүк болсо ушул жөнүндө талкуу уюштурсак» деп кайрылган. Газетага бул сыяктуу суроо менен кайрылуунун өзү «Ош жаңырыгы» окурмандын абдан жакын кеңешчиси, сайсий туура түшүнүк берген тарбиячысы экени байкалат. «Ош жаңырыгы» экинчи бир саны жарыялынганча ар кандай суроолор менен ага жүздөгөн каттар келип түшөт. Ошол каттардын дээрлик бардыгы кат ээлеринин көңүлүндөгү эң назик, чыныгы ойлорун баяндайт. Ошол себептен улам «Ош жаңырыгы» ар бир саны көптөгөн кызыкгуулары, суроолорду пайда кылат. Айрым учурда чеберлер менен таанышууга болот. Кээде өздүк – көркөм чыгармачылыгында көңүл бөлбөй жаткан уюмдардын адресине арналган сын материалдар да ушул бетте чагылдырылат. Булардан сырткары «Ош жаңырыгы» адабий бет жана ишембилик бет болгон «Панорама» деген атайын беттерин жарыялап турат. Негизинен алганда бул эки беттин алган багыты окшош болгону менен мазмуну бир аз башкачараак. Экөөндө тең адабий чыгармачылык, адабият жана искусство жаңылыктары, кино обозрениелер жарыяланат. Ишенбилик бетте көбүн эсе адабият жана искусство жөнүндөгү макалалар, ырлар, сатира, юморлор берилет. Негизги максат окурмандын көңүлүн көтөрүп, аны бүгүнкү күндөгү адабият жана искусство маселелери менен [5, 3-б.].
Анализ – (гр. – analysis – жиктештирүү, ажыратып берүү) Тексти изилдөө максатында окуп, талдап чыгуу. Чыгармага анализ берүүдө анын идеасын темасын, образдардын тилин талдоо жана жалпы комплексттик анализдөө ишке ашырат. Дегеле макала, очерк, фельетон жана башка журналистикалык материалдар кандай мүнөздө стилде жазылбасын, теманын тандалып алынган оьектинин анализге алып баяндайт. Маалыматтык берүүлөрдөн башка корреспонденция анализсиз жазылбайт.
Мисалы; «Түндүк – Түштүк куштун эки канатындай, ошонун бирин кайрып жатпайсыңарбы аркалык туугандар». Ташкөмүрлүк Акылбек Аалынын бул көрүнүктүү макаласында Кыргыздын Түндүк – Түштүк болуп бөлүнгөнү өлкөнү Т. Усубалиев башкаргандан башталганын жана башка маселелерди кеңири анализге алынып жазылган [2,5-б.].
План - гезиттин планы эки бөлүктөн: анын мазмунун белгиленген структура жана гезит жүзү болгон дизайндан турат. Бул нерселер жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин маани берип ойлоно баштаганга чейин гезиттин форматы, анын «жүзү» формасы жана көлөмү жөнүндөгү маселелерди чечип алуу керек.
Макет – планыңызды түзүп болгон соң, гезиттин реклама үчүн берилген жерлери белгиленген макетти гезиттин кичи моделин түзүшүңүз керек болот. Мунун «клеткада» же болбосо А3 же А4 форматтагы кагаздарды бир нече жолу бүктөө жолу менен жасоого болот. Бул этапта ишке реалдуулук аралаша баштайт. Анткени байыртадан редакциялык материалдар менен реклама ортосунда келишпөөчүлүк бар. Маңызына көрө гезиттин бул эки тарабы гезиттердеги бир эле жер үчүн сргушушат.
Дизайн – экономиканын тил менен айтканда азыркы кездеги индустриялуу өндүрүштө калдыкталган буюмдардан эстетикалык баалулукту түзүү максатында ар түрдүү кесиптеги адистердин кызматташтыгынын негизинде атайын ишкердиктин коллективдүү түрү. Ошондой эле дизайн – көркөм долбоорлоштуруу. Журналистикада басма сөз каражаттарын жарыкка чыгаруудагы долбоорлоштуруу башкача айтканда көркөмдөп, калыпка салуу. Газетадагы мындай ишти «верстка» деп да атап коюшат.
Дизайнер - гезитти көркөмдүк, текстерди, кирешелерди (сүрөт). Ылайык калыпка салып, даярдоочуу адис. Верска – Макет, мүмкүн,гезиттин визулдык турпатына окшош, бирок анын артында көзгө көрүнгөндөн көрө көбүрөөк нерсе бар. Макеттин негизги максаты элдердин макаланы окууган болгон кызыгуусун ойготу жана жагымдуу къркъм тилкелерин түзү. Макет бул- дизайин аркулуу болгон комментарий. Кат жазу чеберчилигиндей эле мындагы маанилүү нерсе көз менен көргөндө гана эмес конструкциянын негизинде жатат.
Макет жана верстак бул – гезиттик даизайндын алкагындам акалаларды жана иллюстрациялык материалдарды берүүнү анын стилистикасынын усулу. Бул өтө оор тема жана көптөгөн журналисттердин сыры сүрөткерлердин аз гана тобуна белгилүү магия катары эсептешет. Муну себеби алардын дизайын менен верстканы алмаштырып алгандаганда.
Макетти иштеп чыгуу же башкача айтканда гезиттин сырткы кейпини негизги шифттерин жана параметрлерин тандап алуу дизайнерин иши. Бирок, күбүнчө дазайнердин кийлигишүүсүн талап кылган ар түрдү рубрикалары бар бетерди эске албагнанда верстка бүтүндөй журналисттердин иши. Алар гезиттин мазмунун демек эмне маанилүү экенин билишет. Дизейнерлер жаңылыктар, бизнес же спорт беттерин жасалгалап жатканда көбүнэсе көркөм беттерди жасоого аракет кылышат. Аларды чечүүчү добушу жок кеңешче катары гана пайдаланыңыз.
Верстка өзүн журналистмин деп эсептегендердин ар кандай иштөө ыкмаларынын катарына кириши керек. Айрымдары бул ишке таланттуу жана жөндөмдүү болушат. Бирок муну кантип жасоону баары тең билиши шарт. Журналист катары верстка менен алек болбойм деп эсептеген чакта да, баары бир ал тууралуу анын негиздерин билүүгө тийишсиз. Көпчүлүк гезиттерде верстка менен айрым гана адамдар шургулданышат. Жазгыч журналист да, бөлүмдүн редактору да бул негизги эрежелерди эстен чыгарбоосу зарыл [3, 6-б.]. «Ар бир фейк маалымат коомду бузат» деген сөздү кошуп өз ойлорун ПСМТ менен сүйлөп бериңиз.
Адабияттар:
1. Бурул Исмаилова (2018) «Ош шамы» гезити 546-саны «Принт Мастер» ЖЧКсынын басмаканасы [email protected]
2. Т. Абдыразаков (2017) «Кыргыз Туусу» гезити 893-саны [email protected]
3. Асанбек Каракозуев (2018) «Ош жанырыгы» гезити 1982-саны «Принт Мастер» ЖЧКсынын басмаканасы [email protected]
4. Асылбек Айтманбетов (2018) «Кутбилим» гезити «Учкун» АК басмаканасында басылды №33 (10779) 14-сентябрь
5. Айжылдыз Точиева(2012) «Ош шамы» №9 (1629) 3-май
1 Улук окутуучу, ОшМУ, ИПиЖ иниститунун журналистика кафедрасы,