Алымкул Үсөнбаев атындагы «Арал» орто мектебинде 9-10-11-класстардын окуучулары менен биргеликте өтүүчү «Өспүрүмдөр кылмышка каршы» деген ураандын астында өтүүчү тегерек столдун иш-планы
Мугалими: Арапова Кундуз
Максаты:
А) Окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга жана улуттар арасындагы достукту, ынтымакты чындоо керектигин үйрөнүшөт;
В) Жаштар ан-сезиминде кылмыштын зыяндуулугун аңдап сезешет;
Г) Өспүрүмдөр милициянын катарына тартылышат жана спортко шыктанышат;
Жабдылышы: слайд, сүрөттөр, интерактивдүү доска, видеодисктер, маркер, стикер ж.б.
Уюштуруу:
Амансыздарбы, узун кундор энедей ардактоочу, элдин баласына мээрим берип суйуп эркелетуучу, бутундой чынар даражасына жеткируучу, ниети асмандай тунук адамзаттын багбаны болгон мугалимдер!
Биздин Алымкул Үсөнбаев атындагы «Арал» орто мектебине кош келиниздер! Мына, биздин тоолуу мекенибиз эмне деген керемет жер! Дуйнодо мындай табияты кооз, торт мезгили тугол жер барбы? Болсо да Кыргызстаныма жетпес деп ойлойм. Бул жонундо канча айтса да жетишсиз.
Куш ондуу аба жиреп уча алабыз,
Балыктай сууда калкып сузо алабыз.
А бирок, аттигинин,айткылачы,
Канткенде, адам болуп бейкут омур суро алабыз,- демекчи,мамлекетибиздин тынчтыгына, саламат жашап жатканыбызга каниет кылалы.
- Кымбаттуу коноктор, ардактуу мугалимдер, ошентсе да, «Сен айтпасан, мен айтпасам, ким айтат?» демекчи, айтып деп, ортого алып чыгуучу маселе жаралып жатат. Ал оспурумдор арасындагы кылмыштуулук, мектеп рекети – коомду каптаган социалдык жарага айланып, кылмыштын жузу жылдан – жылга жашарып бараткандай. Андыктан ийри олтуруп туз кенешели деген максатта чогулуп отурабыз. Силер менен отулуучу тегерек столдун темасы: «Оспурумдор кылмыштуулукка каршы» деген ураандын астында отулмокчу.
- Айткылачы, балдар, дегеле кылмыш деген эмне?
- Кылмыш- бул бейбаштык, ээнбаштык, адепсиздик, зоокурлук, бекерчилик, уурулук, тарбиясыздык, ыймансыздык.
- Кылмыш – коом учун коркунуч туудурган иш аракет, же болбосо. мыйзамдуу турдо чара коруло турган кайдигерлик.
Бугун биздин коомдун алдында эн актуалдуу, социалдык мааниси терен маселелердин бири- оспурумдор арасындагы кылмышты азайтуу жана алардын алдын алууну жогорку денгээлге чыгаруу болуп эсептелет. Олкодо татаал криминалдык абал сакталып турганынан улам, баарынан мурда, оспурумдордун коркунучтуу кылмыштарга баруусу бугунку кундо азайбагандыгынан, алардын арасындагы доочулук, же мындайча айтканда, «мектептеги рекет» курч койгой болуп турганынан улам, бул маселени тезинен чечуу зарыл.
Ой-чабыт:
- Айткылачы балдар, кылмыштын турлору деп кайсыларды эсептейсинер?
- Уурулук, тоноо, коркутуу, каракчылык. Хулиганчылык, мушташуу, мажбурлоо, денеге залал келтируу, алдамчылык.
Ой-чабыт: Туура айтасынар, балдар, силер айткан кылмышты кимдер, кимдин балдары жасашат?
1. Мигранттардын балдары: ата-энелер жумушсуздуктан улам балдарын кароосуз калтырып жатышат
2. Тарбиясы жок , тарбия коркорбогон балдар.
3. Байдын балдары.
- Андай болсо томондогу эпизоддорго конулунорду бурамын.(слайддан корсотулот)
Бул кылмыштын кайсы туру, эмне учун?
Бир нече корунуш корсотулуп талкууга коюлат.
- Балдар силер айткылачы, укук бузуунун турлору кайсылар?
1.Административдик жанылыштык.
2.Тартиптик жанылыштык.
3.Жарандык укуктук жанылыштык.
Туура айтасынар. Анда силер оз ойлорунарды жазгыла.(стикерге жазышат).
1.Административдик жанылыштыкка укук бузуунун кайсы турлору кирет?
2.Тартиптик жанылыштыккачы?
3.Жарандык укуктук жанылыштыкка укук бузуунун кайсы туру кирет?
Демек буларды аныктап алдык. Андай болсо «Укук бузууну аныкта» деген тапшырма берем.( Экранда томонку кырдаалдар сунуш кылынат)
1.Тимур милицияга телефон чалып, мектепке бомба коюлган деп жалган айтты.
2. Асан коруктагы даракты сындырды.
3.Бектур менен Тилек отуп бараткан жолоочуга таш ыргытышты.
4. 9-класстын окуучулары кинотеатрда кино кору учурунда спирт ичимдигин ичип отурушту
5. Акмат бироонун автоунаасына кирип, магнитафонуну уурдап алды.
7. 11-класстын 4 баласы мектептин 2 компьютерин уурдап кетишти.
ТАПШЫРМА:
Корсотулгон кырдаалдар укук бузуунун кайсы туруно кирээрин аныктагыла.
Административдикпи, тартиптикби, же жарандык укук бузуубу?
Ой-чабыт- Укук бузуунун канчалык денгээлде зыяны бар?
Ой-чабыт – «Кылмыш эмне учун коркунучтуу»? ( жоопторун флип - чартка жардамчы мугалим жазып турат)
Демек, балдар – кылмыш коомдун онугуусуно каршы жасалган. Ото зыяндуу иш – аракет экен.
Ой-чабыт. Анда, мен дагы томонкудой суроо менен кайрылгым келип турат.
Кылмышка баруунун копчулук себептерин кайсылар деп ойлойсунар?
1.Адамдын озунун кылган ишине жоопкерсиздиги
2.Жалкоолук, оройлук, эрдемсинуу, мыкаачылык. Ички дуйнонун жардылыгы.
3.Уй-булонун, кочонун терс таасири.
4.Мыйзамды сыйлабоо же билбоо.
5.Мыйзамдардын чалалыгы.
6.Олкодогу экономикалык жана саясий туруксуздук.
- Мыйзамдар дединер «Кылмыш жана жаза» кодекси жонундо билесинерби. (Окуучулар оз ойлорун айтышат)
Ноокат районундагы мектеп окуучулары арасында катталган кылмыштардан факты келтире кетейин.
24-февраль куну «Бел» окмотуно караштуу мектептин окуучусу мал уурулук кылган. Исановдо 18-22-24-январда окуучу бала акча, телефон, кийим-кече уурдаган.29-сентябрда Тажибайда окуучу бала мектепте досуна бычак сайган. 12-январда Толос айыл окмотуно карштуу мектептердин биринде окуган окучу мал уурулук менен кармалган.Кок-Жарда 1997-жылы туулган мектеп окуучусу мектепте досунун уюлдук телефонун уурдап алган.
_ Оспурумдор тарабынан болуп жаткан кылмышты канткенде токтото алабыз, аны менен кантип курошуу керек?
_ (Жооп) Туура тарбия беруу, балдарды бош койбой пайдалуу иштерге жумшоо, бала озундогу жакшы сапаттарды онуктуруу керек. Баланын тарбиясына эн оболу ата-эне жооптуу, андан кийин мектеп, коомчулук, мамлекет ж.б.
Бышыктоо:
Илгертеден созго чечен ата-бабаларыбыз жакшыга да, жаманга да кыска жана нуска таамай айтылган создор менен жаштарды тарбиялап келишкен. Ал создор муундан- муунга маанисин жоготпой пайдаланууда. Андыктан ушундай болгон тарбиялык мааниси бар макал-лакаптар менен сабагыбызды жыйынтыктайлы.
Жамандан орой конулго, так саларын ойлончу.
Сен-деген сенек соз, сиз-деген сылык соз.
Он келбейсин адамга, орой болуш жаман да.
Таш аласын- таш урсан, жаш аласын, жаш берсен, кыш берсен кыш алаарсын, аш берсен, аш алаарсын.
Болтуругун урсан, бору да оч алат.
Бироого жамандык салганынын, озунду бутундан чалганынын.
Ышкырышса- ынтымак качат, ызаатташса конул ачат.
Кыныр иш кырк жылда билинет.
Жыйынтыктоо:
Ошентип, балдар, биз бугунку тегерек столубузду томондогу эки турдуу корунуштогу гул менен жыйынтыктайбыз.
Абдан сонун ачылып, элдин баарын суктандырып, коргон сайын конулун ачылган гулго - жакшы, акылдуу, эл учун эмгектенген баланы
Куурап, соолуп, таштандыга айланган гул- кылмышкер, жаман баланы элестетип ойлорун жазышат.