СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Остеология. Скелет жөнүндө түшүнүк жана анын түзүлүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүгү.

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Остеология. Скелет жөнүндө түшүнүк жана анын түзүлүшүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүгү.»

Жаныбарлардын Анатомиясы жана физиологиясы Ош – 2021ж

Жаныбарлардын Анатомиясы жана физиологиясы

Ош – 2021ж

Тема 1 . Анатомия жөнүндө түшүнүк. Анатомиянын өсүп өнүгүү тарыхы. Анатомияны окуп үйрөнүүнүн негизги ыкмалары жана объектилери. Организмдин структуралык элементтери жана биологиялык өсүп өнүгүүнүн негизги мыйзамдары. Клетка жөнүндө түшүнүк. Ткандардын түзүлүшү жана өсүп өнүгүүсү.

Тема 1 . Анатомия жөнүндө түшүнүк.

  • Анатомиянын өсүп өнүгүү тарыхы. Анатомияны окуп үйрөнүүнүн негизги ыкмалары жана объектилери. Организмдин структуралык элементтери жана биологиялык өсүп өнүгүүнүн негизги мыйзамдары. Клетка жөнүндө түшүнүк. Ткандардын түзүлүшү жана өсүп өнүгүүсү.
Анатомия Анатомия- жаныбардын айрым органдарынын системаларын жана бүтүндөй организмдин бардык системаларынын түзүлүштөрүн изилдей турган илим. Алгачкы учурларда өлүктү союу чеберчилиги анатомия деп аталып келген (ana - тең, tomeo - кесүү, ушундан улам anatomeo-бөлө кесүү деп атасак болот), анын максаты тирүү организмдин түзүлүшү тууралу маалыматтарды алуу болуучу. Учурда жаныбарлардын түрүн, тукумун, конституциясын, жыныстык жана курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен организм түзүлүшүнүн закон ченемдүүлүгүн жана өнүгүүсүн изилдей турган илим анатомия деп аталат. Анатомия - табигый биологиялык илимдердин ичине кирет. Жандуу организмдердин түзүлүшүн жашоо-тиричилигин түшүндүрүүчү илим - биология деп аталат (bios - өмүр, жашоо, logos- окуу, илим, түшүнүк). Жашоо-тиричиликтүүлөргө

Анатомия

  • Анатомия- жаныбардын айрым органдарынын системаларын жана бүтүндөй организмдин бардык системаларынын түзүлүштөрүн изилдей турган илим.
  • Алгачкы учурларда өлүктү союу чеберчилиги анатомия деп аталып келген (ana - тең, tomeo - кесүү, ушундан улам anatomeo-бөлө кесүү деп атасак болот), анын максаты тирүү организмдин түзүлүшү тууралу маалыматтарды алуу болуучу. Учурда жаныбарлардын түрүн, тукумун, конституциясын, жыныстык жана курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен организм түзүлүшүнүн закон ченемдүүлүгүн жана өнүгүүсүн изилдей турган илим анатомия деп аталат.
  • Анатомия - табигый биологиялык илимдердин ичине кирет. Жандуу организмдердин түзүлүшүн жашоо-тиричилигин түшүндүрүүчү илим - биология деп аталат (bios - өмүр, жашоо, logos- окуу, илим, түшүнүк). Жашоо-тиричиликтүүлөргө
Анатомия - бөлүнүшү Макроскопиялык анатомия – бул кадимки биз көзүбүз менен көрүп таануучу анатомия; Микроскопиялык анатомия – бул микроскоп аркылуу жүргүзүлүүчү анатомия, көз менен көрө албаган майда клеткаларды, тканьдарды окутуучу бөлүгү; Макромикроскопиялык анатомия – бул стереоскопиялык жана бинокулярдык б.а. Көзгө көрүнбөгөн, микроскопко чоңдук кылган анатомиялык эелменттерди изилдейт. Системалык анатомия – организмдин кызмат аткарган системасына жараша (кан айлануу, дем алуу, тамак сиңирүү ж.б.)  Системалык анатомия: (түрдүк,курактык, жыныстык, бир нече жаныбарлардын анатомиясы каралса – салыштырмалуу болуп бөлүнөт)  Патологиялык анатомия – ооруулуу организмди изилдей турган анатомиянын бөлүгү

Анатомия - бөлүнүшү

  • Макроскопиялык анатомия – бул кадимки биз көзүбүз менен көрүп таануучу анатомия;
  • Микроскопиялык анатомия – бул микроскоп аркылуу жүргүзүлүүчү анатомия, көз менен көрө албаган майда клеткаларды, тканьдарды окутуучу бөлүгү;
  • Макромикроскопиялык анатомия – бул стереоскопиялык жана бинокулярдык б.а. Көзгө көрүнбөгөн, микроскопко чоңдук кылган анатомиялык эелменттерди изилдейт.
  • Системалык анатомия – организмдин кызмат аткарган системасына жараша (кан айлануу, дем алуу, тамак сиңирүү ж.б.)

Системалык анатомия: (түрдүк,курактык, жыныстык, бир нече жаныбарлардын анатомиясы каралса – салыштырмалуу болуп бөлүнөт)

Патологиялык анатомия – ооруулуу организмди изилдей турган анатомиянын бөлүгү

Анатомия тарыхы Анатомия тарыхы – бул илимдин өтө байыркы экендигин далилдеп берет. Гиппократ грек окум . (б.э.ч. 460-370 ж) адам зат денесин түзүлүшүн жазып чыгып бир системага түшургөн. Платон, Аристотель нерв системасын, салыштырмалуу анатомияны жазып чыгышкан. Грек окумуштуусу Герофиль, Рим окумуштуусу Гален анатомия илиминин негиздөөчүлөрүнөн болушкан. Анатомия илим сапатында негиздөөчүсү катары Андрей Везалий (1514 1564-жж.) эсептелет. Ал өтө жогорку шыктуулугу  менен бул илимди өтө жаш күнүнөн баштап изилдеген. Везалий  22 жашында Ладдам университетине (Италия) анатомия  сабагын Галендин китептери боюнча окутпастан, өзүнүн адам  өлүктөрүн союудан пайда болгон көз караштары аркылуу сабак  берген.

Анатомия тарыхы

  • Анатомия тарыхы – бул илимдин өтө байыркы экендигин далилдеп берет. Гиппократ грек окум . (б.э.ч. 460-370 ж) адам зат денесин түзүлүшүн жазып чыгып бир системага түшургөн.
  • Платон, Аристотель нерв системасын, салыштырмалуу анатомияны жазып чыгышкан.
  • Грек окумуштуусу Герофиль, Рим окумуштуусу Гален анатомия илиминин негиздөөчүлөрүнөн болушкан.
  • Анатомия илим сапатында негиздөөчүсү катары Андрей Везалий (1514 1564-жж.) эсептелет. Ал өтө жогорку шыктуулугу

менен бул илимди өтө жаш күнүнөн баштап изилдеген. Везалий

22 жашында Ладдам университетине (Италия) анатомия

сабагын Галендин китептери боюнча окутпастан, өзүнүн адам

өлүктөрүн союудан пайда болгон көз караштары аркылуу сабак

берген.

Анатомиялык - изилдөө ыкмалары 1. Препарациялоо же бөлө кесүү – бул органдарды кесип алып, изилдөөдө колдонулуучу ыкма; 2. Чылоо ыкмасы – жаныбардын денесин сууга же башка суюктукка көп убакыт бою чылап, ал көп убакыт бою сактоого мүмкүндүк берет; 3. Тоңдурулган өлүктөрдү аралоо ыкмасы – айрым органдардын өз ара катнаштарын изилдөөдө колдоннулат (Н.И. Пирогов ); 4. Инкьециялоо же толтуруу ыкмасы – бул көңдөйлүү органдарды (кан тамыр, өпкө ж.б.) изилдөөдө колдонулат; 5. Коррозия же жедирүү ыкмасы – толтуруу ыкмасына окшоп кетет, бирок бул жерде орган толтурулуп алып сырткы органдары химиялык растворлор менен жедирилет, эрибей турган органдар калат; 6. Макромикроскопиялык ыкма – сууда органдын кесиндилерин лупа, дүрбүлөр менен изилдөө жүргүзүлөт.

Анатомиялык - изилдөө ыкмалары

1. Препарациялоо же бөлө кесүү – бул органдарды кесип алып, изилдөөдө колдонулуучу ыкма;

2. Чылоо ыкмасы – жаныбардын денесин сууга же башка суюктукка көп убакыт бою чылап, ал көп убакыт бою сактоого мүмкүндүк берет;

3. Тоңдурулган өлүктөрдү аралоо ыкмасы – айрым органдардын өз ара катнаштарын изилдөөдө колдоннулат (Н.И. Пирогов );

4. Инкьециялоо же толтуруу ыкмасы – бул көңдөйлүү органдарды (кан тамыр, өпкө ж.б.) изилдөөдө колдонулат;

5. Коррозия же жедирүү ыкмасы – толтуруу ыкмасына окшоп кетет, бирок бул жерде орган толтурулуп алып сырткы органдары химиялык растворлор менен жедирилет, эрибей турган органдар калат;

6. Макромикроскопиялык ыкма – сууда органдын кесиндилерин лупа, дүрбүлөр менен изилдөө жүргүзүлөт.

Клетка – жөнүндө түшүнүк

Клетка – жөнүндө түшүнүк

Организмдеги тканьдар

Организмдеги тканьдар

Организмдеги тканьдар

  • Ткандар (биологияда)  — организмдин табияты, түзүлушү жана функциясы окшош клеткалар системасы. Ткандардын курамына ткань суюктугу жана клетканын тиричилик аракетинин продуктулары кирет. Жаныбар жана кишинин Ткандары негизинен 4 топко (эпителий, тутумдаштыргыч, булчуң жана нерв Ткандары) бөлүнөт; жайгашкан органына жараша коргоо, бөлүп чыгаруу жана соруу кызматтарын аткарат. Эпителий дененин жана ички органдардын сырткы, ички беттерин каптап турат. Эпителий Ткандарында клеткалар бири-бирине тыгыз жатышат жана калкалагыч касиетке ээ.
  • Тутумдаштыргыч Ткандар түзүлүшү жана аткарган кызматы жагынан ар түрдүү. Алар – кан, сөөк, кемирчек, тордомо, кадимки тутумдаштыргыч Ткандар - трофиктик (азыктандыруу), коргоо, кан пайда кылуу, газ алмашуу, таяныч ж. б. функцияларды аткарат. Тутумдаштыргыч Ткандарда клеткалар адатта бири-бирине тыгыз жайгашпайт.
  • Булчуң Ткандары булчуң талчаларынан туруп, организмдин кыймыл функциясын аткарат. Түзүлүшү боюнча булчуң Ткандары скелет булчуңдарын түзгөн туура ала булчунга жана ички органдардын Ткандарын түзгөн жылма булчуңга айырмаланат. Булчуң Ткандары туюу жана жыйрылуу касиетине ээ.
  • Нерв Ткандары мээ менен жүлүндүн негизин түзөт. Нерв Ткандарын түзүүчү клеткалар нейрондор деп аталат. Нерв Ткандары сырткы чөйрөдөн жана организмдин өз органдарынан келген дүүлүгүүлөрдү кабыл алып, аны талдап жана ага жооп кайтарат, организмдин бардык тиричилик аракетин башкарат жана координациялайт.