Алайчы уулу Саит атындагы инновациялык орто мектеби
Предмет: География | 8-класс |
Текшерген ОББ: Ниматилла кызы Багдаг\л | К\н\: 10.12.19 |
Мугалим:Жусупова Айжамал | |
Сабактын темасы: Ъс\мд\к д\йнъс\.
Сабактын максаты: Кыргызстандын ъс\мд\г\, алардын ар т\рд\\л\г\ боюнча окуп \йрън\шът.
Сабактын милдеттери:
Таанып бил\\ч\л\к(когнитивдик) Ъс\мд\г\ жана алардын т\рлър\ боюнча окуп \йрън\шът. | Ишмерд\\л\к(ън\кт\р\\ч\) Карта менен иштъъ жъндъмд\\л\ктър\ артат,ъз оюн далилд\\ айта бил\\гъ машыгышат жана алган билимдерин практикада колдоно алышат. | Баалуулук(тарбиялык) Окуучулар бирин-бири укканга,топто,жупта иштъъгъ,эркин с\йлъъгъ тарбияланышат. |
Негизги компетентт\\л\к:
Маалыматтык | Социалдык-коммуникативдик | Ъз алдынча уюштуруу жана къйгъйлърд\ чеч\\ |
Ъс\мд\ктър\ боюнча окуу китебинен жаёы маалымат алышат. | Интернет булактарынан ъз алдынча жаны маалыматтарды табууга кън\г\шът. | Окуучулар жергиликт\\ ъс\мд\ктърд\ ъз алдынча изилдешет. |
| | |
Предметтик компетентт\\л\к:
Географиялык документтерди талдоо жана интерпретациялоо ПК1 | Географиялык процесстер менен кубулуштарды т\ш\нд\р\\ ПК2 | Географиялык объектилердин комплекстүү мүнөздөмөсүн берүү жана мейкиндикте багыт алуу ПК3 |
Диаграмма жана класстердин \ст\ндъ иштешет. | Ъс\мд\ктърд\н къп т\рд\\л\г\н сактап калуу зарылдыгы жън\ндъ ой ж\г\рт\шът. | Аймактык жана ълкъдъг\ ъс\мд\ктърд\ бири-бири менен байланыштырат. |
Сабактын кърсътк\чтър\:
1-кърсътк\ч | 2-кърсътк\ч | 3-кърсътк\ч |
Ъс\мд\ктър\ жън\ндъ маалымат ала алышса | Бири-бири менен топто,жупта иштей алышса | Ъз алдынча ъс\мд\ктърд\ туура пайдалануунун жолдорун табышса |
К\т\л\\ч\ натыйжасы:
1-натыйжа | 2-натыйжа | 3-натыйжа |
Ълкъдъг\ ъс\мд\ктърд\ биле алышат | Аны пайда кылган факторлорду талкуулашат | Д\йнъл\к жана жергиликт\\ ъс\мд\ктърд\ салышытырат |
Сабактын тиби: Сабак саякат
Усулдар : Салттык
Ресурстар: Окуу китеби,с\ръттър,компьютер,интер.доска
Сабактын с\ръттъл\ш\:
Этап | Убакыт | Мугалимдин иш аракети | Окуучунун иш аракети |
Уюштуруу | 3 мин | Саламдашат. Жагымдуу маанай т\зът(логикалык суроо) Сабактын жабдылышын карайт. | Саламдашат.жагымдуу маанайда сабакка киришет.Окуу куралдарын толуктап сабакка къё\л бълът. |
Уй тапшырмасын текшеруу | 12 мин | /йгъ берилген тапшырманы тешер\\,окуучулардын дептерлерин текшер\\,суроолорду бер\\. | /й тапшырмасын кайталашат.Суроолорго жооп беришет.Тапшырманы аткаруу боюнча жоопкерчиликке ээ болушат. |
Жаны теманы тушундуруу | 20 мин | Ълкън\н бардык аймактарындагы ъс\мд\ктър жана алардын ъзгъчъл\ктър\ жън\ндъ айтып берет. | Окуучулар ой ж\г\рт\п жооп беришет.Т\рд\\ жоопторду айтышат.Кайсы жооп туура экендигине ъздър\ ынанышат. |
Бышыктоо | 4 мин | Суроолор берилет.Проблемалар коюлат.Ъс\мд\ктър\,аларды жок кылып жаткан факторлорго жалпы м\нъздъмъ берет. | Жооп беришет.Талкуулашат,предмет аралык байланышытырышат.Суроолорду т\з\шът. |
Баалоо | 4 мин | Китептен тапшырма берет.Окуучуларды баалайт. | /йгъ берилген тапшырманы эсине сактап к\ндъл\гънъ жазып алат. |
Жаёы тема: Кыргызстандын өсүмдүктөр дүйнөсү.
Кыргызстандын флорасы өсүмдүктөрдүн 4 миңдей түрүн камтыйт. Өсүмдүктөрдүн өсүшү рельеф, кыртыш, климат жана башка факторлорго байланыштуу. Кыргызстан тоолуу республика болгондуктан, климат жана башка факторлордун өзгөрүүсүнө байланыштуу өсүмдүктөрдүн таралышы бийиктик алкактуулук мыйзамына баш ийет.
Түздүктөр менен тоо этектеринде шыбактуу талаа, суу жээктеринде чычырканактуу, талдуу, ит мурундуу жана башка токойлор басымдуулук кылат. Анча бийик эмес тоолордо жаан-чачындын жаашына байланыштуу түрдүү талаалар, шалбаалар, токойлор жана бадалдар, бийик тоолордо альпы шалбаалары, тоо тундралары, сырттарда бийик тоолуу талаа, кала берсе шыбактуу чөлдөр да кезигет. Кыргызстандын аймагындагы өсүмдүктөрдү төмөнкү типтерге бөлүштүрүүгө болот, алар чөл, тикенектүү, талаа, шалбаа, саз, токой, жалбырактуу бадал жана тоо тундра өсүмдүктөрү.
Кыргызстандын өсүмдүктөрүнүн таралышында бийиктик алкактуулук закон ченемдүүлүгү даана байкалат. Төмөнкү алкактарды ч ө л д ө р м-н ж а р ы м ч ө л д ө р ээлейт. Алар четки түздүктөрдө ж-а тоо этектеринде деңиз деңг. 500–1300 м таралган. Ал эми бийик жайгашкан ички өрөөндөрдө муздак чөлдөр 3400 мден жогору кездешет. Чөлдөрдө өсүмдүктөрдүн басымдуу бөлүгүн ксерофиттер түзөт. Тоо этегиндеги чөлдөрдө ным салыштырмалуу жетиштүү болгондуктан мезофиттер-эфемерлер ж-а эфемероиддер дүркүрөп өсөт. Шор топурактуу жайларда галофиттер гана өсө алат. Чөл өсүмдүктөрүнүн флорасында 70–80ге жакын өсүмдүктөрдүн түрү бар. Мында бир жылдык ж-а көп жылдык чөп өсүмдүктөрү м-н кошо бадалдар ж-а бадалчалар кездешет. Таштак топурактуу жайларда петрофиттер ж-а суккуленттер таралган. Чүй, Талас өрөөндөрүндө Кыргыз, Талас Алатоолорунун, Чаткал, Фергана, Алай кырка тоолорунун этектеринде негизинен шыбактуу чөлдөр о. эле баялыштуу, андан кийин чекенделүү чөлдөр кеңири таралган. Жаз мезгилинде бул чөлдөрдөгү өсүмдүктөрдүн топурак кыртышын текши капташы, о. эле жакшы гүлдөп, кооздугу м-н өзгөчөлөнөт. Өзгөчө жыш гүлдөгөн кызгалдактар, жоогазындар чөлгө көрк берет. Эфемерлер м-н эфемероиддердин вегетациясы аяктагандан кийин боз топурактуу чөлдөрдө шыбактар (ичке бөлүкчөлүү, фергана, ийри, күзгү, тыкыз, теңиртоо, ысыккөл шыбактары), шорлуу жерлерде баялыштар, таштагыраак жерлерде чекенделер үстөмдүк кылат. Фергана өрөөнүндөгү шыбактуу чөлдөрдө эфемерлер көбүрөөк өсөт. Тоо этектериндеги жарым чөлдөрдө эрте жазда чөл ыраңы, карабаш жылган жапырт гүлдөп, чөлгө окшобой жашылданат. Бул өсүмдүктөрдүн жайкы ж-а кышкы тыныгуу мезгилдеринде суйдаң өскөн шыбактын түрлөрү, гогенакер, кавказ аккылкандары, терскендер гана калат. Өсүмдүктөрдүн жер бетин каптоосу 25 %ти түзөт. Ысыккөлдүн көкүрөгүндөгү, Ички Теңиртоонун өрөөндөрүндөгү таралган чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү Фергана өрөөнүндөгү чөлдөрдөн эфемерлер, эфемероиддердин аздыгы же жоктугу м-н айырмаланат. Бул аймактарга да шыбактуу, баялыштуу ж-а чекенделүү чөлдөр мүнөздүү; бирок жарды, болгону 60ка жакын өсүмдүк түрү бар. Бул көрсөткүч чөлгө мүнөздүү эмес чөлдүү талаанын (чыгыш казтаманынын, шыбактай коён томуктун ж. б.) ж-а отоо чөптөрдүн эсебинен жогорулашы мүмкүн. Басымдуулук кылган өсүмдүктөрү: жапыз ксерофилдер, баялыш бадалдары ж-а бадалчалары. Дүңгөлүү Тоонун шалбаалуу талаа альп топурагы Бийик тоонун скелеттүү топурагы Бийик тоонун чымдак талаа топурагы Бийик тоонун чала чымдак коңур топурагы Бийик тоонун тундра сымал топурагы Бийик тоо өрөөнүнүн коңур сымал топурагы Бийик тоо өрөөнүнүн такыр сымал чөл топурагы Бийик тоо өрөөнүнүн куба-күрөң чөл- талаа топурагы Бийик тоо өрөөнүнүн коңур топурагы Горные лугово-степные альпийские почвы Высокогорные скелетные карбонатные почвы Высокогорные дерновые степные почвы Высокогорные полуторфянистые каштановые почвы Высокогорные полигональные тундравидные почвы Каштановидные почвы высоких межгорных впадин Высокогорные такыровидные пустынные почвы Высокогорные бурые пустынностепные почвы Высокогорные степные каштановые почвы Альп шалбаалуу талаа зонасы, 3200 – 3800 м Бийик тоонун таштак чөлдүү зонасы, 3200 – 3000 м Бийик тоонун чымдуу чөлдүү талаа зонасы, 3500 – 3700 м Бийик тоонун шалбаалуу талаа зонасы, 3500 – 3800 м Бийик тоо сырттарынын шалбаалуу талаа зонасы, 3500 – 4000 м Бийик тоо сырттарынын шалбаалуу талаа зонасы, 2800 – 3100 м Бийик тоо сырт өрөөндөрүнүн чөл зонасы, 3200 – 3600 м Бийик тоо сырт өрөөнүнүн жарым чөл зонасы, 3100 – 3400 м Бийик тоо өрөөнүнүн кургак талаа зонасы, 2800 – 3100 м Сырт топурактары Уландысы ТОПУРАГЫ М. Кадыркулов 277 өсүмдүктөрдүн 3 түрүн – кавказ ж-а таштак аккылкандарын, о. эле чийди жолуктурууга болот. Чий жер алдындагы суулар жер бетине жакын жайгашкан жерлерде үстөмдүк кылат. Ичке жалбырактуу ыраң, вешняков пиязы сыяктуу жаз ж-а эрте жай мезгилдеринде вегетациясын өткөргөн өсүмдүктөр кездешет. Көбүрөөк кездешүүчү бадалдарга – кыргыз төөкуйругу, ак кабыктуу төөкуйрук, кырк муундай чекенде ж-а орточо чекенде кирет. Ысыккөлдүн чөлдөрүндө Борбордук Азиянын чөлдөрүнө мүнөздүү өсүмдүктөр – регель симпегмасы ж-а жунгар реомериясы кездешет. Нарын өрөөнүндө, Чаткал ж-а Алай кырка тоолорунун этектериндеги чөлдөрдө галофиттердин түрлөрү – баялыштар (ийрикей, туташ жалбырактуу), барсагай мөмөлүү сведа, кашкар реомериясы ж. б. өсөт. Баялыштуу ж-а чекенделүү чөлдөрдөгү өсүмдүк түрлөрүнүн саны шыбактуу чөлдөргө салыштырмалуу аз. Өсүмдүктөрдүн жер бетин каптоосу 5–10 %ке гана жетет. Чөлдөрдүн өзгөчө тибин бийик жайгашкан өрөөндөрдүн таманын ээлеген муздак чөлдөр түзөт. Мында жылуулуктун аздыгы, катуу шамалдын болушу, өсүмдүктөрдүн өсүшүнө терс таасирин тийгизет; мала гүлдүү, леман ж-а кнорринг шыбактары үстөмдүк кылат. Мындай чөлдөр Арабел, Кумтөр, Сарыжаз өрөөндөрүндө, Аксайда, Арпада ж-а Алайда кездешет. Флорасынын составы өтө жарды. Ошондой эле федченко чекендесин, чуңкурдуу кекекти, танаптуу юринеяны, төөтаман, гаккель бескильницасын жолуктурууга болот. Тоо этектериндеги чөлдөрдүн өсүмдүктөрү адам баласынын чарбачылык таасиринен кыйла өзгөрүүгө учураган. Алардын бир бөлүгү айдоо аянттарына айландырылса, ал эми калган бөлүгү жазгы, күзгү ж-а кышкы жайыт катары кеңири пайдаланылууда. Ыксыз мал жаюудан чөл өсүмдүктөрү жабыр тартууда. Тоо ксерофиттерине төө тамандар кирет. Төө тамандар жерге төшөлө өскөн, узун бутактуу бадалчалар. Жалбырактары ичке, тасмадай, тикенектүү келишет. Кырг-нда төө тамандардын 25 түрү кургак таштак жерлерде өсөт. Жаш өркүндөрүн төө жейт. Тоо ксерофиттерине о. эле трагаканттай чырмоок (тикенектүү, жер жаздыктуу бадалча) да кирет. Чөл өсүмдүктүү тилкеден жогору жарым чөл өсүмдүктөрү таралган. Мында чөл өсүмдүктөрүнөн шыбактарды, ал эми талаа өсүмдүктөрүнөн дүңгөлүү кылканактууларды жолуктурууга болот. Жарым чөлдөн жогору т а л а а ө с ү м д ү к т ө р ү таралган. Мында көп жылдык микротермдүү ксерофиль (суукка ж-а кургакчылыкка чыдамдуу) чөп өсүмдүктөрү, өзгөчө дүңгөлүү кылканактуулар үстөмдүк кылат. Флорасынын составында 400гө жакын өсүмдүк түрү кездешет. Анын 20 %и дүңгөлүү кылканактуулар, 5 %и пияз түптүү клубендүү өсүмдүктөр (Е. П. Коровин, 1962). Дүйүм чөптөрдөн өзөк тамырлуулар көп кездешет. Кырг-ндын аймагында талаа флорасы составы, түзүлүшү ж-а өнүгүү ритмдери б-ча 2 топко бөлүнөт: дүңгөлүү ж-а саванна сымал (субтропиктик) талаалар. Дүңгөлүү талаалар негизинен Түн. Кырг-нга, ал эми саванна сымал талаалар Фергана өндүрүнө мүнөздүү. Дүңгөлүү талаалар Ички ж-а Борб. Теңиртоодо, Ысыккөл ойдуңунда, Кыргыз Алатоосунун капталдарында, Чоң ж-а Кичи Кеминде, Талас ж-а Алай өрөөндөрүндө деңиз деңг. 700–1500 мге чейинки бийиктиктерде таралган. Басымдуулук кылган өсүмдүктөрү: бетегелер (бороздуу, крылов, теңиртоо бетегелери), аккылкандар (кавказ, кылкандуу, крылов, кыргыз аккылкандары). Бийиктик абалына жараша кылканактуу өсүмдүктөр ар түрдүү фитоценоздорду түзөт. Чөл алкагына жакын бетеге-шыбактуу, шыбак-аккылкандуу ж. б., ал эми орто бийиктиктеги тоо капталдарынын жогорку чегинде бетеге, аккылкан, чымдак тоо сулусу үстөмдүк кылат. Алай, Түркстан, Чаткал кырка тоолорунун ж-а Борб. Теңиртоонун кургак күнгөй беттеринде дүңгөлүү талаалар деңиз деңг. 2700–3400 мге чейин таралган.