СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Осумдуктор жазында. Бак дарактардын бурдошу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаз мезгили Күн узарып, күн жылый баштады. Жазында өсүмдүктөр тамырлап, жибип тириле баштайт. Бардык жерди көк шибер каптап жердин бети жашыл түрдөнүп калат. Өсүмдүктөр кантип өнүп чыгат?

Просмотр содержимого документа
«Осумдуктор жазында. Бак дарактардын бурдошу»

Мугалимдин аты жөнү:

Предмети: Мекен таануу Күнү:

Сабактын темасы: Ѳсүмдүктѳр жазында. Бак-дарактын бүрдѳшү. Ѳсүмдүктүн кѳбѳйүшү жана таралышы.

Сабактын тиби: Аралаш.

Сабактын методу: Көрсөтмөлүү.

Сабактын жабдылышы; сүрөттөр, окуу китеби ,проектор, буклеттер.

Негизги компетенттүүлүктөр

1. Маалыматтык

2. Социалдык - коммуникативдик:

3. Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү:



Сабактын максаттары

Күтүлүүчү натыйжа

Билим берүүчүлүк: Өсүмдүктөр жөнүндө жалпы түшүнүк алышат.


Берилген теманын мазмуну менен таанышышса. Өсүмдүктөр тууралуу ар бир окуучу өз көз караштарын билдирсе жана жаратылыштын коооздугун айтышса. Ой пикирлерин билдиришсе.

Өнүктүрүүчүлүк: Өсүмдүктүн өсүшү боюнча түшүнүгү өнүгөт. Окуучулар жаратылышты сүйүүгө жана ага этияттык менен мамиле кылууга, табигый байлыктарды сарамжалдуулук менен пайдалана билүүгө тарбияланышат.

Таанып билүүчүлүк жөндөмдүүлүктөрү артса, ойлорун мазмундуу баяндоого үйрөнүшсө. Жаратылышка этият мамиле кылууга, табигий байлыктарды сарамжалдуу пайдалана алышса.

Тарбия берүүчүлүк: Жаратылышты сүйүүгө жана ага этияттык менен мамиле кылууга, табигый байлыктарды сарамжалдуулук менен пайдалана билүүгө үйрөнүшөт.


Табиятты сүйүүгө, таза сактоого жана коргоого тарбияланышса.



Сабактын баскычтары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучунун ишмердүүлүгү

Компетент-р

Баалоо

НК

ПК

1

Уюштуруу 2 мүн

Окуучуларды сабакка даярдоо, аларга жагымдуу маанай түзүү.


НК2



2

Сабактын жүрүшү

Үй тапшырма 4 мүн

Ноорузда кандай тамактар жасалат?

Кайсы улуттар майрамдашат?

Нооруз кайсы мезгилде болот?


Окуучулардын жооптору.

НК1

НК2

НК3

НК2

НК3


3

Жаңы тема

18 мүн

Азыр кайсы мезгил болуп калды?

Демек, Жаз мезгили Күн узарып, күн жылый баштады. Жазында өсүмдүктөр тамырлап, жибип тириле баштайт. Бардык жерди көк шибер каптап жердин бети жашыл түрдөнүп калат. Өсүмдүктөр кантип өнүп чыгат?

Адегенде жерди күрөктөп казабыз. Анан тырмоо менен тырмап, жер даяр болгондо урукту сээп коёбуз. Убагы менен сугарып, ото чөбүн отоп койсок түшүмү мол болот. Өсүмдүккө жарык, аба, суу керек.

Окуучулар кунт коюп окуп берген теманы угушат.

НК2

НК1

ПК1

ПК2


4

Эс алуу мүнөтү

3 мүн

Күн-түн оюну. Күн дегенде кол көтөрүшөт, түн дегенде колдорун түшүрүшөт. Адашкандары оюндан чыга беришет.

Окуучулар кыймылдатышат.




5

Бышыктоо 10 мүн

Адам өсүмдүктөн эмне алат?

Нан күрүч, талкан, кайдан алынарын , пахтадан кийим кече жасаларын билдиңер.

Демек, трактор менен жер айдап. Урук себебиз, уругунан кайра эле ошол өсүмдүк келип чыгат. Сугарбаса бакпаса алар куурап жок болот. Ошентип адамдар эрте жаздан күзгө чейин бапестеп баккан өсүмдүктөрүн күзүндө түшүмүн алышат. Ошол үчүн кыргыздар Эр эмгегин жер жебейт деп коюшат. Адамдар багып өстүргөн өсүмдүктөрдү маданий өсүмдүктөр деп коюшат. Ал эми жер бетип каптап, сугарбаса деле өсүп турган өсүмдүктү жапайы өсүмдүктөр дешет. Жапайы өскөн өсүмдүктү мал жейт. Адамдар жапайы өсүмдүктөрдү чаап, жыйып малдарга тоют кылып беришет. Өсүмдүктөрдүн көбү дарылык касиетке ээ. Кээ бир өсүмдүктөрдөн эмерек, эшик, терезе кагаз, китеп, дептерлерди жыгачтын тарындысынан алат. Ошондой эле гүлдөр коозукту, сулуулукту тартуулайт. Абаны да тазалайт.


Жоопторун айтышат.

НК2

НК3

ПК3

ПК2

ПК1


6

Жыйынтыктоо 5 мүн

Тест менен иштөө.

Окуучулардан жогорку суроолорго жооп алгандан кийин мугалим сабакты төмөндөгүдөй жыйынтыктайт. Табият менен таттуу мамиледе болуу окуучулардын жан дүйнөсүн тазартып руханий бийиктикке көтөрүлүп, адам жаратылыштын бир бөлүгү экендигине ишенет.

Жоопторун белгилешет.

НК3

ПК3


7

Үй тапшырма

1 мүн

113-бет окуп түшүнүгүңөрдү айтып бересиңер.

Берилген теманы белгилеп алышат.

НК1

НК3

ПК3

ПК2

ПК1


8

Баалоо 2 мүн

Арнаменттер менен баалоо. Критерийлер менен баалоо

5”- Өтүлгөн теманы кайталоодо активдүү катышкан жаӊы теманы өздөштүрүүдө, алган билимин системалаштырып жыйынтык чыгара алса.

4”-жогорудагылардын бирөөнө катыша албаса

3”- жогорудагылардын экөөнө катыша албаса

2”-таптакыр эле аракети жок болсо

Берилген суроолорго туура жооп берген окуучуларга баа коюлат.