Отчет
Отчет деген эмне?
- Белгилүү бир мөөнөткө пландаштырылган иш же тапшырманын аткарылышы, кызмат жана илимий иш сапарлардын жыйынтыгы тууралуу маалымат берүүчу расмий иш кагазы.
- Отчетту кызматкер жетекчинин наамына жазат жана андагы маалыматтардын так ишенимдүү болушу талап кылынат .
ОТЧЕТТО ЭМНЕЛЕР ЖӨНҮНДӨ АЙТЫЛАТ?
ОТЧЕТТО АТКАРУУ ҮЧҮН ЭМНЕ ТАПШЫРЫЛГАНДЫГЫ, АЛАРДЫН АТКАРЫЛЫШЫ, ЭМНЕЛЕРГЕ КӨНҮЛ БУРУЛГАНДЫГЫ, ЭМНЕЛЕР АТКАРЫЛБАЙ КАЛГАНДЫГЫ, ЭМНЕ КЕМЧИЛИКТЕР БОЛГОНДУГУ КӨРСӨТҮЛҮП, БЕЛГИЛЕНГЕН ТАПШЫРМАЛАРДЫН АТКАРЫЛБАЙ КАЛУУ СЕБЕПТЕРИ ТАК АЙТЫЛАТ ЖАНА КЕМЧИЛИКТЕРДИ ЖОЮУНУН ЖОЛДОРУ СУНУШ КАТАРЫ БЕЛГИЛЕНЕТ .
АЛ БОЮНЧА АТКАРЫЛГАН ИШКЕ ЖЕ ТАПШЫРЛГАН ИШТИН САПАТЫНА БАА БЕРИЛЕТ. Отчеттун айрым түрлөрүнүн негизинде КЫЗМАТКЕРЛЕР СЫЙЛАНАТ ЖЕ ЖАЗАЛАНАТ .
МЕЗГИЛДҮҮ ИШТЕР ОТЧЕТУ
ОТЧЕТ
ИШ САПАРЫ ОТЧЕТУ
АВАНСЫЛЫК ОТЧЕТ
АТАЙЫН ТАПШЫРМА ОТЧЕТУ
МЕЗГИЛДҮҮ ИШТЕР ОТЧЕТУ ӨНДҮРҮШТҮК ИШТЕРДИН АТКАРЫЛЫШЫНА КАРАТА ДАЯРДАЛАТ. АНДА ЦИФРАЛАР, ОНДУК БӨЛЧӨКТӨР, ТҮРДҮҮ НОМЕНКЛАТУРАЛЫК КЫСКАРТУУЛАР КЕНИРИ КОЛДОНУЛАТ. АНДАН СЫРТКАРЫ ТАБЛИЦА, ДИАГРАММАЛАРДА КОЛДОНУЛАТ.
МЕЗГИЛДҮҮ ИШТЕР ОТЧЕТТУНУН РЕКВИЗИТТЕРИ ТӨМӨНКҮ ТАРТИПТЕ ЖАЙГАШТЫРЫЛАТ
1. ОТЧЕТТУН АТЛЫШЫ
2. ИШ КАГАЗЫНЫН АТАЛЫШЫ
3. ИШ КАГАЗЫН МАЗМУНУ . ТЕКСТ
4. ЭГЕР ТИРКЕМЕ БАР БОЛСО
ОТЧЕТ БЕРҮҮЧҮНУН КЫЗМАТЫ
ОТЧЕТ БЕРҮҮЧҮНҮН АТЫ ЖӨНҮ
КОЛУ
ДАТАСЫ
ОТЧЕТТУН АТАЛЫШЫ РЕКВИЗИТИНДЕ ИШТИ АТКАРГАН МЕКЕМЕНИН АТАЛЫШЫ, ОТЧЕТ КАЙСЫ МӨӨНӨТ ҮЧҮН ТҮЗУЛГӨНҮ КӨРСӨТҮЛҮП, « ЖӨНҮНДӨ» ДЕГЕН СӨЗ МЕНЕН ИШ КАГАЗЫНЫН АТЫНА БАЙЛАНЫШТЫРЫЛАТ.
ЭГЕРДЕ ОТЧЕТКО ТИЕШЕЛҮҮ ИШ КАГАЗДАР: МААЛЫМ КАТ , АКТ, ТҮШҮНҮК, БОЛСО АЛАРДЫ Н ТҮП НУСКАЛАРЫ ЖАЛПЫ НЕГИЗДЕ ТИРКЕМЕ КАТАРЫ БЕРИЛЕТ.
ОТЧЕТТУН ТЕКСТИНИН АЯГЫНА ОТЧЕТ БЕРҮҮЧУ ӨНДҮРҮШТУК СМАСЕЛЕГЕ БАЙЛАНЫШКАН ӨЗ ПИКИРИН БИЛДИРСЕ БОЛОТ.
Манас районундагы «Башат» кооператив чатбасынын №6 бригадасынын 1998-жылга пландаштырылган иштеринин аткарылышы жөнүндө
ОТЧЕТ
КООПЕРАТИВ ЧАРБАНЫН №6 БРИГАДАСЫНА 50 ГА АЯНТ БЕКИТИЛИП БЕРИЛГЕН .Бул аянтка план боюнча пияз 1,6 га, сабиз 2,4 га, помидор 12,0 га, көк калемпир 3,5 га, картөшкө 20,5 га жана кант кызылчасы 10,0 га айдалышы керек эле .Бригада мучөлөрү жашылчаларды планда көрсөтулгөн боюнча айдашты жана төмөнкудөй тушүм алышты:
№
Жашылчалардын аталышы
1
Эгилген аянт
2
Пияз
Түшүмдүүлүк
3
Сабиз
План
1,6
Помидор
Нак алынган
160,0
4
Ашыкча центнер
2,4
5
Көк калемпир
12,0
эскертүү
240
270,5
250,0
140,0
6
47,5
Картөшкө
3,5
кызылча
10,0
1542,0
35,0
20,5
145,0
37,0
2000,0
10,0
2,0
2347,0
3500,0
347,0
3900,0
400
Бригада мучөлөрү планды аткарууда уюшкандыкты көрсөтүштү. Пландагыдан ашыкча жашылчалар совхоздун жумушчуларына арзан баада сатылды.Бригаданын бардык айдоо аянты тоңдурмаланды.Жылдык жыйынтык чыгарууда бригада мүчөлөрүн моралдык жана материалдык жактан сыйлоону кооператив чарбанын жетекчилигинен сураймын.
Бригадир (колу) Т.Алыкулов
1999.15.01.
Иш сапар отчету
Отчет жазууда иш сапарга чыккандагы отчет болот. Иш сапар отчету уюмдун өкүлү өндурүштүк же илимий максатта кызмат сапарында болгондо жазылат..Мындай отчет акча каражаты менен байланыштуу болгондуктан, ал мекеме жетекчилигитарабынан бекитилет.( иш сапарында сарпталган чыгым авансылык отчетто бекитилет).
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин биринчи проректору П.Акбаровго кыргыз тили кафедрасынын доценти З.Абалбековдун Бишкек шаарында өткөт иш сапары жөнүндө
Бекитемин
Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору
____________________
2000-ж19-май
отчету
Мен, З.Абалбеков 2000-ЖЫЛЫДН 11-МАЙЫНАН 16-МАЙЫНА ЧЕЙИН Бишкек шаарында иш сапарында болдум. Иш сапарынын учурунда КМУ педагогикалык университетинин кыргыз тили кафедрасында болдум жана кафедра мүчөлөрүнүн жумушчу программалары , «кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча окутулуучу предметтердин өзгөчолүгү, болүштүрүлгөн сааттары менен тааныштым.
Иш сапарынын мезгилинде КР Улуттук аилимдер академиясынын «Илим» басмасында чыгарууга даярдалып жаткан «Кыргыз тилинин фонетикасы» аттуу эмгегимдин макетин оңдодум.Китеп 2000-жылдын июль айнда жарык көрмөкчү.
Доцент (колу) З.Аалбеков
2000.18.05
АТАЙЫН ТАПШЫРМА ОТЧЕТУ
Мекеме жетекчилиги адистиги башка бир мекемеге кандайдыр бир өндүрүштүк жагдайды үйрөнүп келүү боюнча сапарына жибериши мүмкүн.Ушундай максат менен иш сапарына барган адис же кызматкер мекеме жетекчилигине атайын тапшырма отчетун тапшыруусу зарыл.Атайын тапшырма отчетунда жетекчилик тарабынан адиске тапшырылган милдеттер кандай чечилгени конкретүү сыпатталып берилиши керек.Аткаралбай калган милдеттердин себептери көрсөтүлөт.
Манас районундагы «Башат»
Кооператив чарбасынын башчысы
А.Умаровго улук экономист
А.Акматбековдон
отчет
2000-жылыдн 12-январы
Сиздин тапшырууңуз боюнча 2000-жылыдн 9-10-январында Бишкек шаарында кызмат сапарында болуп, «Ош» базары менен чарбанын атынан келишим түздүм. «Башат» коопчарбасы январ айынын 3- декадасында 120 тонна картошканы сатууга укук алды.
«Ош» базарыбашка чарбалар менен да келишим түзгөндүктөн, биздин чарба сунуш кылган сабиз жана буудайды сатууга укук ала албадык.
Тиркеме: «Ош» базарынын акимдиги менен 2000-жылдын 10-январында түзулгөн келишим (2 бет)
Улук экономист ( колу) А.Акматбеков
Көнүгүү иштөө
Классынар менен аткарган иштеринер (мектеп айланасында өткөрүлгөн ишембиликтер, карыяларга жардам берүүгө баргандагы аткарылган иштер) тууралуу класс жетекчинерге отчет жазгыла
Көңүл бурганыңыздар
үчүн чоң рахмат