Дисциплинанын окуу-усулдук комплексин иштеп чыгууну төмөнкү тартипте жүргүзүү сунушталат:
Билим берүү стандартынын талаптарына ылайык темаларды жана окуу планына ылайык сабактардын түрлөрүнө сааттардын санын аныктоо.
Дисциплинанын билим берүү стандартын иштеп чыгуу.
Окуу китебин, окуу колдонмосун, курсту же лекциялардын конспектисин иштеп чыгуу. Ар бир тематикалык блокко текшерүүчү суроолорду жана тапшырмаларды иштеп чыгуу. Экзамендик билеттерди калыптандыруу.
Практикалык, лабораториялык жана семинардык сабактардын (алар окуу планында болгон учурларда) структурасын жана мазмунун иштеп чыгуу.
Студенттердин өз алдынча иштерин (СӨИ) пландаштыруу жана студенттердин билимдерин кезектеги көзөмөлдөө чекиттерин белгилөө.
Текшерүү иштери үчүн тапшырмаларды иштеп чыгуу.
Практикалык жана лабораториялык сабактарга, курстук ишке (окуу планында болгон учурларда) усулдук сунуштарды иштеп чыгуу.
СӨИ боюнча усулдук сунуштарды жана СӨИге, дисциплинаны өз алдынча окуп-үйрөнүүгө колдонмолорду калыптандыруу.
Дисциплинанын курсу боюнча тесттик тапшырмаларды иштеп чыгуу.
ОУКтун документтерин жасалгалоо.
ОУКтун материалдарын окуу процессинде апробациядан өткөрүү жана оңдоп-түзөө.
ОУКту макулдашуу жана бекитүү.
Бөлүм | Материалдар | Документтер |
Методикалык | Программалык-методикалык | - СПОнун ББСинен көчүрмө. - Күтүлүүчү компетенциялар түрүндөгү дисциплинага коюлуучу талаптар. * - КМО паспорту. - Жумушчу программа. - Календарлык-тематикалык план (КТП). - Технологиялык карталар. |
Окуу-методикалык | Методикалык сунуштар жана көрсөтмөлөр: Практикалык жана семинардык сабактарга усулдук көрсөтмөлөр (анын ичинде типтүү маселелерди чыгаруу боюнча колдонмо); Дисциплина боюнча лабораториялык жумуштарды аткарууга усулдук көрсөтмөлөр; Курстук жана дипломдук иштерди аткаруу боюнча усулдук көрсөтмөлөр; Үй тапшырмаларын аткаруу боюнча (зарылдыгына карап) усулдук көрсөтмөлөр; Окуу адабияттарын пайдалануу боюнча усулдук сунуштар жана дисциплинаны өз алдынча окуп-үйрөнүүгө сунуштар.* |
Окутуучу | Теориялык | - Окуу китеби (китептери) (КМО паспортунун 2 бөлүгүн көрсөтүү жетиштүү). - Окуу колдонмосу. - Лекциялар курсу. - Лекциялар конспектиси. - Лекциялык курстун презентациясы (слайддар, видео - жана анимациялык фрагменттер).* |
Практикалык | - Маселелер жыйнагы (методикасы жана алардын чыфгарылган варианттары менен). - Электрондук окутуучу каражаттар, колдонмо программалар пакети. * - ж.б. |
Сурап-билүүчү жана кошумча | - Нормативдик материалдар (КМО паспортунун 4-бөлүгүндө көрсөтүү жетиштүү). - Справочниктер (КМО паспортунун 4-бөлүгүндө көрсөтүү жетиштүү). - Сөздүктөр (КМО паспортунун 4-бөлүгүндө көрсөтүү жетиштүү). - Глоссарий (терминдердин тизмеси жана алырдын аныктамалары). - Атластар (чиймелердин альбомдору, схемалар ж.б.у.с.) (КМО паспортунун 4-бөлүгүндө көрсөтүү жетиштүү). - Internet тармагындагы маалыматт булактарына шилтемелер источники информации (КМО паспортунун 5-бөлүгүндө көрсөтүү жетиштүү). - Дисциплинаны тереңдетип окуу үчүн материалдар (зарылдыгына жараша). |
Көзөмөлдөөчү | Көзөмөлдүн методикалык аппараты | - Киришүү текшерүүсүнө тапшырмалар. - Тематикалык текшерүү үчүн тапшырмалар, анын ичинде өзүнчө темалар боюнча тесттик тапшырмалар. - Аудиториядан тышкаркы өз алдынча иштер үчүн тапшырмалар (жумушчу программада көрсөтүү жетиштүү). - Текшерүү иштери үчүн тапшырмалар (жумушчу программада көрсөтүү жетиштүү). - Зачетко тапшырмалар (жумушчу программада көрсөтүү жетиштүү). - Курстук ишке темалар. - Экзамендик суроолордун тизмеси (жумушчу программада көрсөтүү жетиштүү), экзамендик билеттердин комплекти (кыркылган вариант). - Дипломдук иш үчүн темалар. - Чыгармачылыкка тапшырмалар. - Реферат жазуу үчүн темалар. - Билимдерди текшерүү үчүн тесттер. - Өзүн-өзү текшерүү үчүн суроолор. |