ӨЗҮН-ӨЗҮ СЫЙЛОО. МЕНИН УКУГУМ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИМ
УКУК БОЮНЧА ДАТАЛУУ КҮНДӨРДҮН КАЛЕНДАРЫ:
2001–2010-ж.ж. – Планетадагы балдардын кызыкчылыгы үчүн тынчтыктын жана зомбулуксуздуктун эл аралык он жылдыгы.
1-июнь – Эл аралык балдардын укугун коргоо күнү.
4-июнь – Агрессиянын курмандыгы болгон балдардын эл аралык күнү . 20-ноябрь – Дүйнөлүк балдар укугунун күнү.
10-декабрь – Адам укугу күнү.
май – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү.
Сабактын максаты:
Окуучуларды адам укугунун негизги жоболору, балдардын укугу боюнча эл аралык жана мамлекеттик документтер менен тааныштыруу;
Өзүңө жана башкаларга болгон урматтоого негизделген принциптер жана өзүңдү- өзүң урматтоонун сырткы элементтери боюнча түшүнүк берүү;
Кандай гана адам болбосун ал өзүн-өзү урматтоого жана айланадагы адамдардын урматтоосуна укугу бар экенин негиздөө.
Даярдоо иш-чаралары:
Үч окуучуга көрүнүш даярдоону сунуштоо (сценарийдин тексттин сабактын иштелмесинен караңыз).
Керектелүүчү ресурстар: 5-6 карточкаларды (окуучулардын санына жараша) даярдоо, «Өзүнө болгон ишенимин бекемдөө» оюнунда колдонула турган карточкаларга бирден төмөндөгү сүйлөмдөрдү жазуу.
1. Барак аласыңар, тоголоктоп ыргытасыңар. Эй, бала, баракты алып бер! - деп өтүп бараткан балага айтасыңар. |
2. Эй, акчам пирожкиге жетпей жатат, беш сом бер, угуп жатасыңбы? |
3. (Рюкзакты алып) Бул рюкзакты бекитип кой, (класстагы окуучунун атын айтып) издесин өзүнүн рюкзагын, математикада тамашалап көрөбүз. |
4. Бүгүн алтынчы сабактан кийин бардыгыбыз качабыз, уктуңарбы? |
5. Сенин саатың барбы (телефон, наушниктер, ручка, саат)? Кана көрөйүнчү, (алып көрөт) Жакшы нерсе го (наушниктер, ручка, сааттар ж.б.), болду, меники болот!!! |
6. Үй тапшырмасын жаздыңбы? Жазсаң, көчүргөнү бересиң. |
Адам укуктарынын жалпы декларациясы;
Балдардын укугу боюнча декларация;
Кыргыз Республикасынын Конституциясы.
Сабактын планы: |
№ | Көнүгүү | Убакыт |
1. | Киришүү бөлүгү. «Мен укуктуумун, мен укуктуу эмесмин» | 5 мүн. |
2. | Негизги бөлүк: «Сенин укугуң конвенциясы» мини-лекция Интерактивдүү маек «Өзүн-өзү урматтоо деген эмне?» Кырдаалды талдоо жана ага баа берүү Өзүнө болгон ишенимди бекемдөө Ролдордо ойноо: «Өзүмө болгон ишенимди бекемдейм» | 30 мүн. |
3. | Жыйынтыктоо: Ачык микрофон Коштошуу адеби | 10 мүн. |
| | 45 мүн. |
Сабактын жүрүшү:
Киришүү бөлүгү (5 мүн.)
Максаты: окуучуларды жаңы теманы түшүнүүгө даярдоо.
Мугалим: Окуучулардын тегерек болуп турушун, эмнеге укуктуу жана эмнеге укуктуу эместиги боюнча бирден сүйлөм айтуусун суранат.
Болжолдуу жооптор:
«Мен өзүмдүн ой пикиримди айтканга укуктуумун»;
«Закондорду бузганга укугум жок».
Жыйынтык: Ар бир адам өзүнүн жана башка адамдардын укугун билүүсү керек. Ошентип, мугалим сабактын темасын жана максатын окуучуларга айтат.
Негизги бөлүк (30 мүн.)
«Сенин укугуң боюнча конвенция» мини-лекция.
Максаты: окуучуларга адам укугу боюнча эл аралык жана мамлекеттик документтер жөнүндө маалымат берүү.
Адам укуктары негизги укук болуп саналат, ал бардык элде болуш керек. Адам укуктары адам баласына эркин
жашоого, коомдук жашоого катышууга, өзүнүн дараметин жогорулатууга мүмкүнчүлүк жана адамдарга сый-урмат, адилеттүү мамиле жасоого кепилдик берет. Биз адам баласыбыз жана ал укуктарды тартып алууга болбойт, ошондуктан бизде адам укугу бар. Силер кайсы бир мамлекеттин жарандары болгонуңар үчүн эмес, адам болгонуңар үчүн укугуңар бар. Адам укугу дүйнө жүзүнүн кайсы гана жери болбосун бардык адам баласы үчүн бирдей, мындайча айтканда жалпы. Бул адам укугу улутуна, расасына, диний көз карашына, жынысына, жашына жана башка айырмачылыктарына карабай бардыгына тиешелүү. Адам укугун бузуу- бул аны адам катары көрбөй мамиле жасоо дегенди түшүндүрөт. Негизги принцип бул укуктун улуулугу. Адам баласында болгон айырмачылыктарга карабай бардыгы мыйзамдын алдында бирдей.
Адам укугу бекитилген азыркы
замандагы негизги документ – бул адам укугу боюнча жалпы декларация болуп саналат, ал 1948-жылы Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) тарабынан иштелип чыккан жана кабыл алынган.
Ар бир адам баласынын төмөндөгүдөй укуктары бар: билим алууга, жашоого, азыктанууга, мыйзам чегинде тең мамилеге, саламаттыкты сактоого, адилеттүү сот, шайлоого, эркин ой пикирин айтууга, эркин дин тутууга, мүлккө ээ болууга, басмырлануудан коргонууга, коомчулуктун маданий жашоосуна катышууга укуктуу.
1996-жылы 2-мартта Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болуп кирген. Кыргызстан адам укугун сактоо боюнча негизги
эл аралык конвенцияларды бекиткен.
Бириккен Улуттар Уюму өлкөдө адам укугу сакталып жаткандыгын текшерет. Мамлекет өлкөдө адам
укугунун сакталышына, корголушуна, аткарылышына жоопкерчиликтүү.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы боюнча адам укугу жана эркиндиги негизги баалуулук болуп саналат жана мыйзам чыгаруу, аткаруучу бийликтин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн маанисин жана мазмунун аныктайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жарандарынын ар-намысын, кадырын сыйлоо укугуна, тең укуктуулук, жынысына, расасына, улутуна, диний көз карашына, динге ишенүү эркиндиги боюнча басмырланбаганга кепилдик берет.
Мугалим: Балдардын дагы укугу бар.
Алардын кандай укугу бар?
Болжолдуу жооптор: жашоого, билим алууга укуктуу….
Мугалим: Балдардын укугу боюнча конвенцияда бала жашоого, ата-эненин камкордугуна, медициналык жардам алууга, билим алууга, эс алууга укуктуу. Бардык балдар эркин жүрүүгө жана ой пикирин эркин айтууга укуктуу. Бардык балдар жеке жашоого, ар тараптан
өнүгүүгө укуктуу. Эч кайсы бала кыянат мамилеге, зордук-зомбулукка, кемсинтүүгө кабылбоосу керек жана ар бир бала кадыр-баркын урматтоого укуктуу. Бүгүнкү күндү ушул урматтоо
укугуна арнайбыз. Бардык ушул укуктар эл аралык документте, Балдардын укугу боюнча конвенцияда жазылган.
Интерактивдүү маек
«Өзүн-өзү урматтоо деген эмне?»
Максаты: өзүн-өзү урматтоо дегенге түшүнүк берүү.
Мугалим: Ар бир бала урматка укуктуу. Бирок, сени урматташ үчүн сен өзүңдү өзүң урматташың керек. Бул сөздү кандай түшүнөсүңөр?
Болжолдуу жооптор:
Өзүн-өзү урматтоо - бул адам өзүн- өзү сыйлагандык;
Ата-энени, үй-бүлөнү сыйлагандык;
Адам өзүн аны сыйлагандай, урматтагандай алып жүрүүсү.
Мугалим: Кандай ойлойсуңар, өзүн- өзү урматтагандык адамга эмне берет?
Болжолдуу жооптор:
Өзүн-өзү урматтаган адам, башкалардын ой-пикиринен көз каранды болбойт, дайыма өзүнүн пикири болот.
Өзүн-өзү урматтоо бул ишенимди жана токтоолукту берет;
Өзүн-өзү урматтаган адам эч кимди туурабайт;
Өзүн-өзү урматтаган адам башка бирөөлөрдү дагы урматтай билет.
Мугалим: Өзүн урматтаган адамдар ар дайым аракет кылат. Алар дайыма өзүнө-өзү ишенет, өздөрүнүн укугун, ой пикирин коргошот. Өзүңдү өзүң
урматтоого жана сый-урматка ээ болууга аракетсиз жетише албайсың. Өзүңө өзүң ишенүүң зарыл.
Кырдаалды талдоо жана ага баа берүү. «Өзүнө болгон ишенимди бекемдөө»
Мугалим: Окуучулардын жашоосунан алынган мисалдарда адамдардын жүрүм- турумунун чегин көрсөтүү
Мугалим: Психологдор ар бир адам эле өзүнө болгон ишенимди бекемдей ала албай тургандыгын байкашкан. Мен силерге үч өспүрүм балдар катышкан көрүнүштү көрүүнү сунуштайм. Эмне жөнүндө сүйлөшүп жаткандарын уккула, балдардын жүрүм-турумун байкагыла жана ким өзүнүн ишенимдерин ырастай алат, ким ырастай албагандыгы боюнча жыйынтык чыгаргыла.
Азамат: (уялбастан, агрессивдүү).
-Тест тапшырып жатканда мен сени менен олтурам! (Мырзанын желкесине урат)
Мырза: -Эмне үчүн?
Азамат: -Мен сенден көчүрөм!
Мырза: -Менин жоопторум туура эмес болуп калышы мүмкүн!
Азамат: -А сен туурасын жаз. Аракет кылсаң, алгебра сабагында дагы көчүрөм!
Арген: (токтоо) -Алгебрада ар түрдүү вариант болот.
Азамат: -О! Анда сен мен үчүн чыгарып бересиң! Түшүндүңбү?
Арген: (токтоо) -Эч нерсени түшүнгөн жокмун, сен үчүн мен эч нерсе жасабайм.
Азамат: -Эмне? Сен эмне деп сүйлөп жатасың?
Арген: (токтоо) -Жок, мен жөн эле каалабай жатам.
Мугалим: Кандай ойлойсуңар ким өзүнө болгон ишенимди бекемдеп жатат, ким өзүнө болгон урматты көрсөтүп жатат?
Болжолдуу жооптор:
Мырза абдан пассивдүү, өзүнө болгон
ишенимди ырастаган жок, күчү барга баш ийип, кечке кечирим сурап, башкаларга караганда өзүн төмөн коюп жатты;
Азамат өзүн өтө агрессивдүү алып барды. Өзү жөнүндө гана ойлоп, башкаларды сыйлабай кемсинтти;
Арген өзүнүн укугун коргоду, башкалардын укугун басмырлаган жок, ал өзүнүн оң жана терс сезимдерин айтты, өзүнө ишенди.
Мугалим: Силердин байкооңордон жыйынтык чыгарабыз. Азамат өзүнө болгон ишенимди бекемдеш үчүн бирөөнү кемсинтүүсү керек. Өзүн-өзү сыйлабаган, өзүнө ишенбеген адамдар өздөрүн ушундай алып жүрүшөт. Бул өзүнө болгон ишенимди бекемдөөнүн жаман жолу, эгерде ага каршылык болсо, анда курулай өзүн-өзү урматтоосу жокко учурайт.
Мырза өзүн коргой албайт, ал өзүн- өзү урматтоого татыктуу эмесмин деп ойлойт. Бул туура эмес.
Адам баласы болуп жаралгандыгы үчүн кандай гана адам болбосун ал урматка татыктуу.
Ал эми Арген болсо, психологдордун оюу боюнча өзүнө болгон ишенимди туура бекемдеди. Ал башка бирөөлөрдүн укуктарын басмырлабай, токтоо
жана ишенимдүү өзүнүн оюн айтып жатат жана ошол эле мезгилде өзүн кемсингендей сезген жок.
Бул жүрүм-турумдун кайсы стилине жакыныраак?
Мырзанын ордунда болгонду каалайт белеңер?
Өзүн-өзү урматтоого тарбиялоо үчүн Мырзага кандай кеңеш берет элеңер?
Болжолдуу жоопторду доскага жазуу:
Мугалимге жана ата-энеге арыздануу;
Чоң агасынан же классташтардан капа кылган адам менен «маселени териштирүүнү» сурануу;
Спорт менен машыгуу;
Бокс боюнча чемпион болуу;
«Жок» деп айтууга үйрөнүү;
Коркунучту жеңүү;
Башкалардын оюн эске алуу;
Сүрөт тартуу, музыка, бий менен алектенүү;
Кандайдыр бир иште биринчи болуу.
Мугалим: Бизде 9 пункттан болгон план түзүлдү (сүйлөмдүн санына карай). Бул пункттарды биз кандай атайбыз?
Болжолдуу жооптор:
Кантип күчтүү жана көз карандысыз боло алабыз?
Өз ишенимдерин бекемдөө же өзүнө ишенүү планы;
Кандай ойлойсуңар пландан өзүнө болгон ишенимди бекемдебеген пункттарды алып коюш керекпи?
Болжолдуу жооптор:
1-жана 2-пункттарды алып ташташыбыз керек. Адам өзүнүн ишенимин өзү бекемдеш керек, башка бирөөлөргө ишенбей. (талкууласа болот).
4-пунктту алып коюш керек. Бардыгы эле боксер же чемпион боло албайт. (талкууласа болот).
3-8- пункттарды алып коюш керек. Адам баласы башка кызыктуу жана пайдалуу нерселер менен алектенип, өз ишенимдерин бекемдесе болот.
Мугалим: Кандай ойлойсуздар, бул планга төмөндөгүдөй пункттарды киргизсе болобу? «Кымбат телефонду
сатып алуу» же «Кымбат кийим кийүү».
Болжолдуу жооптор:
Албетте, кимдин кымбат телефону болсо, ал өзүн-өзү сыйлагандык болуп саналат;
Кымбат кийим өзүн-өзү урматтаганы үчүн керек, ким өзүн-өзү урматтабаса анда начар кийинет;
Кымбат кол телефон урмат алып келбейт, баары бир кимдир бирөөнүн кол телефону кымбатыраак болот;
Кымбат кийим кийинүү бул аздык кылат, анткени сени аны өзүң иштеп алган жоксуң, аны ата-энең сатып алып берген.
Мугалим: Мындай пункттар өзүн- өзү урматтоо үчүн керек эмес деп айткандарга мен кошулам, адам баласы өзүн урматтоосу керек, кымбат кийим кийгендиги же кымбат телефонду колдонгондугу үчүн эмес, ал адам болгону үчүн урматтоо керек.
Ролдордо ойноо: «Өзүмө болгон ишенимди бекемдейм»
Максаты: кырдаалдарды түзүү.
Мугалим: Балдар «Өзүмө болгон ишенимди бекемдейм» деген ролдордо ойноочу көнүгүүнү аткарабыз. Анда 2 топто 5-7 адамдан катышат. Биринчи топ
«Чабуул» деп аталат. Ким ушул топко катышат?
Доскага 5-7 адам чыгат. Биринчи топ түзүлдү, силер
Азаматтын ролун ойнойсуңар, анын ролу агрессивдүү, өзүнө-өзү ишенген, орой, өзүнө болгон ишенимди бекемдеш үчүн дайыма айланасындагыларды басмырлайт. Силердин тобуңардын ар бир мүчөсү бирден фраза алып айтат.
Мугалим топтун ар бир мүчөсүнө сүйлөмдөр жазылган карточкаларды берет:
Барак аласыңар, тоголоктоп ыргытасыңар. Эй, бала, баракты ал! - деп өтүп бараткан балага айтасыңар
Эй, акчам пирожкиге жетпей жатат, беш сом берчи, угуп жатасыңбы?
(Рюкзакты алып) Бул рюкзакты бекитип кой, (окуучунун атын айтып) издесин өзүнүн рюкзагын, математикада тамашалап айтабыз!
Бүгүн алтынчы сабактан кийин бардыгыбыз качабыз, уктуңарбы?
Сенин саатың барбы (телефон, наушниктер, ручка, саат)? Кана көрөйүнчү, (алып көрөт) Жакшы нерсе го (наушниктер, ручка, сааттар ж.б.), болду меники болот!!!
Үй тапшырмасын жаздыңбы? Көчүргөнү бересиң.
Топтун өкүлдөрү атаандаштарына чабуул кыла турган фразалар менен таанышканча, экинчи топту түзөбүз. Ким катышканды каалап жатат?
Доскага 5-7 бала чыгат.
Бизде экинчи топ да түзүлдү – ал
«Коргонуу» тобу. Аргендин ролун аткарууга туура келет. Алар токтоо, ишеничтүү, Азаматтын сөзүнө татыктуу жооп беришет. Бул сөздү алар өздөрү ойлоп табышат.
Топторду 2 катарга тизилүүсүн сурануу. Мен «Чогулгула!» деп айтсам, эки топтон биринчи адам ортого чыгып, жанаша турушат. Мен «Ринг» деген сөздү айтсам, «Чабуул» тобунун мүчөсү өзүнүн сөзүн айтат. Ошол эле мезгилде
«Коргонуу» тобунун мүчөсүнөн жоопту угабыз. Ал эми калган балдар байкоочу- эксперт болушат, көнүгүүнүн акырында өздөрүнүн «Коргонуу» тобунун мүчөлөрү өздөрүнө болгон ишенимди бекемдей алгандыгы тууралуу ойлорун айтышат.
Көңүл бургула! Топтор даярбы?
Мугалим жана окуучулар ушинтип аткарышат.
Мугалим: Чогулгула! (2 окуучу чогулат, бири-биринин жандарына турушат)
Мугалим: Оюнду баштайбыз!
Бир окуучу сүйлөмдү окуйт, экинчи жооп берет жана экөө тең катардын акыркы тарабына турушат. Мугалим бардыгы өздөрүнүн ролдорун аткарып бүтмөйүнчө, ошентип көнүгүүнүн ар бир кадамын аткарат.
Мугалимге сунуш:
Мугалим этият болуусу зарыл, биринчи топто экинчи топтун балдарына караганда күчтүү балдар болуп калбаш керек. Биринчи топко – (чабуул койгон топко) пассивдүү, алсыз балдарды алыш керек, алар дагы күчтүү болуу кандай болгондугун сезүүсү зарыл. Аларга сөздөрдү катуу жана ишеничтүү айтуу боюнча кеңеш бериңиз. Экинчи топко – (коргонуу тобуна) күчтүү, башкаларды басынтканды жакшы көргөн балдарды алуу керек, алар дагы басмырлоо кандай болот экендигин сезүүсү керек.
Мугалим: Эки топтун окуучуларына суроо берет: Сиз кандай ойлойсуз? Эмне үчүн? Андан кийин байкоочулардан сурашат: «Коргонуу» тобунун жообу боюнча эмне айта аласыңар?
«Коргонуу» тобуна окуучулар өздөрүнүн сын пикирин айтат.
Мугалим: Тилекке каршы кээ бир балдар коргонуунун ордуна кайра айыптап киришет, токтоолукту, ишенимди көрсөткөндүн ордуна агрессивдүү, орой жооп беришет.
Мүмкүн кимдир бирөө өзүнөн мындайды байкагандыр?
«Коргонуу» тобунун мүчөлөрү өздөрүнүн пикирин айтышат.
Мугалим: Бул көнүгүүдөн кандай жыйынтык чыгарса болот?
Жыйынтык чыгаруу
(10 мүн.)
«Ачык микрофон» көнүгүүсү Максаты: кайтарма жооп алуу,
теманы эске тутууга үндөө.
Мугалим: Балдар, бүгүнкү сабактан эмнени билдиңер? Кандай ачылыштарды жасадыңар?
Болжолдуу жооптор:
Ар бир адам баласы өзүн урматтоосу керек экендигин билдик;
Адам баласы адам болгону үчүн өзүн- өзү урматтоосу керек;
Ким өзүн урматтаса, ал башкаларды дагы урматтайт;
Урмат-сыйга татыктуу болуш үчүн, ал биринчи өзүнө-өзү ишениш керек;
Башка бирөөлөрдүн эсебинен өз ишенимдерин бекемдөөгө болбойт;
Биз адам укугу жана балдардын укуктары жөнүндө билдик;
Эгер биз ар бирибиз негизги адам укуктарын билсек, анда биз аны натыйжалуу колдоно алабыз. Биз өзүбүздүн жүрүм-турумубуздун чегин так билишибиз керек жана ал чектен
өтүп кетпешибиз зарыл, башка бирөөнүн укугун басмырлабашыбыз керек.
Адам укугун билүү менен биз башка бирөөлөргө урмат менен мамиле жасасак, башкалар дагы бизди урматтайт.
Мугалим: Доскага алдын ала жазылган текст менен ватман илинет: