Просмотр содержимого документа
«Озун - озу жана бирин - бири баалоо»
Өзүн – өзү жана бирин – бири баалоо.
Баалоо көндүмү – окуучуларга окутуу процессинде үйрөтүлүүчү турмушта зарыл болгон, өтө маанилүү көндүмдөрдүн бири. Калыптандыруучу баалоо бул көндүмдү билим берүүнүн сапатына таасир тийгизе турган негизги көндүм катары колдонууну талап кылат. Каталарды байкоо, иш – аракетке карата баалоо критерийлерин колдонуу, классташынын жообун угуу – абдан татаал, бирок окуучуга зарыл болгон көндүм болуп эсептелет.
Баалоо ишмердүүлүгүнө болгон негизги талаптардын бири – бул окуучулардын өз натыйжаларын баалоо, каталарын байкоо жана түрдүү иштерге карата коюлган талаптарды билүү жөндөмдүүлүгүн калыптандыруу. Бул максатка жетүү үчүн өзүн – өзү жана бирин – бири баалоо ыкмаларын колдонуу шарт.
Өзүн – өзү баалоо
Өзүн – өзү баалоо – бул өзүнүн күчтүү жана алсыз жактары, мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү жөнүндө маалыматтарды топтоп, талдоого багытталган процесс. Окуучунун өзүн – өзү баалоо көндүмү өз ишин бир катар критерийлер боюнча баалоонун негизинде калыптанууга тийиш. Аталган шартта гана окуучу өзүнүн ишин, ар бирине өзүнчө баалоо критерийи колдонулган, бир кыйла жөндөмдүүлүктөрдүн топтому катары көрө алат. Окуучу өзүнүн жетишкендиктерине өзү байкоо жүргүзө алат.
1 – мисал. Мугалим «Эки бир тууган» жомогуна тиешелүү төмөнкү суроолорду алдын ала даярдап, кагазга жазып коет. Жомоктун үзүндүсүн окугандан кийин суроолорду окуучуларга таратат же окуп берет, ар бир окуучу жоопторун өзүнө жазып алат.
- Окуя кайда болду?
- Бул жомокто ким же эмне жөнүндө баяндалат?
- Эмне үчүн ___________болду деп ойлойсуңар?
- Окуя мындан ары кандайуланат деп ойлойсуңар?
- Каармандар эмне болот?
- Бул үзүндүдө кандай ой камтылган?
Андан кийин мугалим туура жоопторду көрсөтөт же окуп берет, ал эми окуучулар өз жоопторун салыштырып, баалайт.
Ошол эле учурда мугалим окуучулардын жоопторун калыптандыруучу баалоонун «жол чырагы» ыкмасын колдонот.
Бирин – бири баалоо.
Калыптандыруучу баалоо окуучуларга өтүлгөн материалды бири – биринин ишин баалоо аркылуу бышыктоого, бири – биринен үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Дагы бир артыкчылыгы – бул башкалар аткарган иштин күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо аркылуу өзүнүн жетишүүсүн талдайт.
Бирин – бири баалоонун түрлөрү:
- иштери менен алмашуу;
- атайын түзүлгөн план боюнча бири – бирин сурамжылоо;
- окуу көндүмдөрүн текшерүү;
- өз ара тапшырмаларды берүү.
2 – мисал. Жуп менен окуу уюштурулат. «Окурман театры» көнүгүүсү үчүн иштелип чыкканкритерийлер боюнча классташтар бири – биринин окуганын, «Эки жылдыз, бир каалоо» ыкмасынын негизинде баалашат.
Бирин –бири баалоону тез – тез колдонуу сунушталбайт. Окуучулар арасында келише албастык туулушу мүмкүн, анткени баалоочулар кайтарым байланыш берүү учурунда ката кетирүүлөрү ыктымал. Жуптарды тез – тез алмаштырып туруу зарыл.