СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пайда жана анын экономикалык жаратылышы. Чыгымдар. 10-класс.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Пайда жана анын экономикалык жаратылышы. Чыгымдар. 10-класс.

Просмотр содержимого документа
«Пайда жана анын экономикалык жаратылышы. Чыгымдар. 10-класс.»



Пайда жана анын экономикалык жаратылышы.

Чыгымдар.

Ишкер ишти баштоодо пайданы көздөп, баштапкы сарпталган капиталдын суммасына кошумча сумма алууга умтулат. Ал кошумча пайда товар өндүрүлгөндө эмес, рынокто белгилүү бир киреше бергенде гана билинет. Ошондуктан пайданын коммерциялык иш-аракеттеги ийгилик менен байланышта болгону кокусунан эмес.

Рынок шартында ишкер өндүрүштүн пайдалуу жүрүшүнө коммерциялык эсеп аркылуу жетишет. Ишканалар менен бирикмелердин аркеттери экономикалык принциптер менен ишке ашат. Алардын негизгилери:

  • ишкердиктеги өз алдынчалык;

  • өзүн-өзү актоо жана пайда табуу;

  • өзүн-өзү финансылоо;

  • материалдык кызыкчылык;

  • экономикалык жоопкерчилик;

Бул принциптер эмне үчүн керек?

Ишкана натыйжалуу иштөөсү үчүн ыгы жок тескөөдөн эркин болуп, абсолюттук же салыштырмалуу өз алдынчалыкка жетишүүсү керек. Ишкер өзүнүн сарптагандарын жөн эле кайтарып албастан, пайда да алыш керек.

Пайда –өзүн-өзү финансылоо булагы. Алынган киреше өндүрүштү жакшыртууга жана кеңейтүүгө, эмгек коллективинин социалдык маселелерин чечүүгө, ишкананын алдына койгон максаттарына пайдаланылат.

Пайда ишкана ээлерин жана анын кызматкерлерин өндүрүштүн натыйжаларын жакшыртууга материалдык жактан кызыктырууга багытталат.

Ишкана экономикалык жоопкерчиликти да өз мойнуна алат. Бул менчик ээлери, рыноктук экономика шартында тарткан зыяндарын төлөп, алган милдеттенмелерин жана түзгөн келишимдерин аткара албай калгандыгы үчүн айыбын өздөрү тарткандыгынан көрүнөт. Эгер ишкана пайда көрбөсө сөзсүз банкрот болот.



Банкроттук - (итал. banco банк, rotto сынган), кудуретсиздик жөнөкөй түшүнүктө компаниянын же фирманын, жарандын карыз милдетмелерин төлөөгө зарыл каражаттарынын жоктугунан улам төлөөдөн баш тартышы. Юридикалык көз караштан алганда сот же арбитраж тарабынан карыздакор төлөөгө таптакыр кудуретсиз жана ошого байланыштуу карызын жабуу максатында экономикалык ишмердик жүргүзүүгө жөндөмсүз деп табылгандыгы банкроттук деп эсептелет. Банкрот болгон учурда карыздакордун мүлкүн сатуу же ошол ишкананын кызматкерлери мүлктү сатып алып, карызды жабуу бул абалдан чыгуунун жалгыз жолу болуп саналат. Экинчи вариантта ишкананын мүлкү ошол коллективдин менчиги болуп калат. Банкроттук тууралуу иш козгоого негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • 1) карыздакор өзүн экономикалык жактан кудуретсиз, башкача айтканда банкрот деп таануусу;

  • 2) карыздакордун экономика кудуретсиздигинин себептеринин жана натыйжасынын негизинде сот тарабынан банкроттук тууралуу иш козголушу;

  • 3) карыздакордун экономика кудуретсиздиги тууралуу соттун же арбитраждын чечиминен кийинки кредитордун. арызы.

Банкроттук тууралуу иш арыз же сот чечими түшкөн күндөн тартып козголду деп эсептелет. Сот чарбалык субъектти банкрот деп тапкандан кийин тиешелүү чечим чыгарат жана жоюу комиссиясын түзөт. Кыргызстанда 1997-жылдын 15-октябрында КРдин Жогорку Кеңеши кабыл алган «Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө» мыйзамдын негизинде иш жүргүзүлөт.

Коммерциялык(чарбалык) эсепке ылайык уюштурулган экономикалык мамилелердин баары өндүрүштүн буюмдук факторлоруна карата менчиктүүлүктү мүмкүн болушунча толук ишке ашырууну, андан киреше алууга багытталат. Кайсы гана коомдо болбосун мындай мамилелер демилгени, ишкердикти өстүрүп, ишке чарбалык мамиле кылуу кырдаалын түзөт, мунун баары пайданы көбөйтүүгө алып келет.

Бизнесмен 5миң велосипед чыгарууга бир жылга 1млн. доллар чыгымдады. Ал продукция 1 млн. 300 миң долларга сатылды. Пайда 300миң долларды түзөт. Ал кайдан алынды? Кандайдыр бир буюмду өндүрүүгө жеткен бүткүл чыгым (ишкананын чыгымы) анын наркын түзөт( бир велосипед 1 млн.: 5миң=200 доллар). Рынокто ал наркынан жогорку баа боюнча сатылат ( бир велосипед 1 млн. 300 миң : 5 миң=260доллар). Баа менен нарктын ортосундагы ушул айырма пайданы түзөт. Ошентип пайда коммерциялык (соодалык) иш-аракеттин туундусу катары чыгат.

Коммерциялык иш-аракеттин пайданын өлчөмүнө тийгизген таасирин таанууга болбойт. О.э. экономикалык теория анын пайда болушун чыныгы булактарын ачып берет.

Буюмду жасап чыгарууда каражаттын эки түрү чыгымдалат. Керектелген өндүрүш каражаттарынын наркы К жана кызматкерге эмгек акы түрүндө берилген каражаттардын наркы Э.

Өn=К+Э

Экөөнүн суммасы чыгарылган товарлардын ишканага канчага турганын көрсөткөн продукциянын өздүк наркын түзөт. Өn өлчөмү продукциянын сатылуучу баасынын эң минималдуу чегин көрсөтөт. Минималдуу баа өзүн-өзү актоону камсыз кылып, пайда бербейт.

Бул маселе кандай чечилет?

Жасалып чыгарылган продуктунун ар биринде кызматкерлердин ишкана тарабынан төлөнбөгөн кошумча эмгегинин белгилүү бир үлүшү болот. Продукциянын толук наркы өздүк нарктан дал ушул өлчөмгө көп, ал адатта n тамгасы менен белгиленет. Ошентип, пайданын формуласы чыгат:

W= Өn + n

Нарктын кошумча эмгек менен түзүлгөн бөлүгү пайданын мазмунун түзөт, б. а. пайда-кошумча нарктын (продуктунун) экономикалык формасы. Кошумча нарк товарды сатууда ишке ашырылат. Демек, пайда –ишке ашырылган кошумча нарк.

Пайда алынды. Ал кимге таандык? Ишкана кайсы менчикке тиешелүү болсо, бул жеке да, мамлекетке да тиешелүү болушу мүмкүн. Кээде пайданын баары кирешеге айланат, б.а. менчиктин ээсинин өздүк керектөөсүнө кетет, “ичип-желет” деп эсептешет. Бирок андай эмес. Кайсы гана коом болбосун анын бир кыйла бөлүгү социалдык-экономикалык максатка: айлана чөйрөнү коргоого, экологияны сактоого, соопчулук иштерге ж б. жумшалат. Пайдадан кредит үчүн проценттер, ижара акылары төлөнөт. Ошентип, ишкердин кирешеси ишканадан түшкөн пайданын бир бөлүгүн гана түзөт.

Пайданын көлөмү өскөн сайын ишкерлердин жана мамлекееттердин менчиги кеңейип, өздүк керектөөгө кеткен кирешени көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондуктан пайда коммерциялык (чарбалык) эсептин негизги алдыга жылдыруучу күчү жана максаты болуп эсептелет.



Колдонулган адабият:

К. Алиев. Экономика (Орто мектептин 9-классы үчүн окуу китеби)., Б., 2003-ж.

Түзгөн: Ажыбаева Н.

2