Тема: Пайдалуу кеңештер
Сабактын максаттары:
Түрдүү багыттагы пайдалуу кеңештер жөнүндө маалымат алышат;
Өз оюн туура жана так айтууга,топ менен иштөөгө тарбияланышат;
Пайдалуу кеңештердин келечектеги турмушунда пайдалана алат;
Адамдын турмушу, ден соолугу үчун пайдалуу кеңештердин мааниси зор экендигин ынанышат.
Сабактын жабдылышы: Ар кандай учкул сөздөр жазылган барактар, газета – журналдар, түстүү барактар, бош бөтолкөлөр, топчу, ийне, жибектер, скотч, ж. б.
Сабактын жүрүшү: Саламдашуу, уюштуруу
Мугалим: Бүгүнкү сабагыбыздын темасы айтып тургандай, эң эле пайдалуу кеп – кенештер жөнүндө соз кылабыз, балдар. Анткени пайдалуу кеңештер биздин турмушка багыттоонун эң негизги каражаты. Алгачкы пайдалуу кеңештерди адамдын ден соолугу кыбат экендиктен, ошого байланышкан кеңештерден баштасак.
Ден соолукка тийиштүү кеңештер
Дүйнөдөгү врач – диетолоктор ден соолукка туудурган учурдагы белгилүүб беш азыкты белгилешкен. Булар:
Газдалган ширин суусундук.
Өндүрүүчүлөр эмнени гана ойлоп чыгарышпайт. Лимондун, алманын, тропикалык дагы көптөгөн жемиштерди даамданткан суусундуктар. Булардын даамы, албетте, кимди болбосун көңүл кош калтырбайт. Бирок мунун ичээрдин алдында алардын кайра эле суусатаарын; өтө көп өлчөмдө шекер болоору жана зыяндуу экени эсиңерде болсун!
2 .Шоколад батончиктер.
Укмуштуу тамак, бейиш ырахатын, энергияны тартуулаган, өздүк жашоодо ийгиликке жеткирет деп жарнамалаган шириндик – бул шоколад. Бирок ал жарнамалардын бири да анын курамына чоң өлчөмдогү шекердин жана түрдүү химиялык кошулмалардын бардыгын айтпайт.
Колбаса.
Колбасасыз жашоону элестете албагандар да бар эмеспи. Ал эми анын курамынын 40 % ын көрүнбөгөн майлар жана даам берүүчү кошулмалар түзөөрүн көпчүлүк биле бербейт.
Чипсы:
Акыркы учурларды өтө көп таркалган азыктардан болуп эсептелет. Кайсыл жерге барба, даамдуу куурулган кар.тошканы кырсылдатып жегендер көбөйө баштады. Тилекке каршы, бул даам көмүртектердин жана майдын кошундусунан, ошондой эле ден соолукка зыяндуу кошулмалардан жасалат.
5.Майлуу эт . Бекеринен мусулмандар менен еврейлер чочконун этин жешпейт. Мындай эт ден соолук үчүн өтө зыяндуу. Өзгөчө курулгандагысы.
Адамдын аң сезиминде психикасында оң таасир берүүчү пайдалуу кеңештер.
Ырды оңой жаттоонун жолдору:
Жаттала турган ырдын маанисин түшүнүү;
Ырдагы каармандар, же эмне жөнүндө болуп жатканын көз алдына элестетүү;
Ырдагы окуя, же адамдарды жандуу сүрөттөй билүү;
Ырды бош убакта кайра-кайра кайталоо, үндү чыгарып окуу;
Интеллекти, эске тутууну өстүрүүнүн жолдору:
Күн сайын эрте менен эки даана, кечинде эки даана жаңгак жеп туруу керек;
Кургатылган өрүктү да күн сайын үч даанадан жеп турса, жүрөктүн иштешин жакшыртып, кан айланууну нормалдаштырат да, натыйжада адамдын мээсиндеги маалыматтарды сактоого жардам берет;
Кадимки чийки сабизди көп жесе, чачты, бойду өстүрөт карартат, көзжүн көрүүсүн жакшыртып, китептеги маалыматты так көргөнгө, эске сактаганга жардам берет;
Ашыкча уктабоо, жаман сурөттөрдү да көп тиктебөө керек.
Кол өнөрчүлүккө байланышкан практикалык пайдалуу кеңештер.
Мугалим: Окуучулардын колуна түстүү барак, маркер, бош бөтөлкө, скотч, топчу, клей,учук , китеп жана башка берет да, кол өнөрчүлүккө байланышкан практикалык пайдалуу кеңештерди жасоону сунуштайт. Окуучулар 5 мүнөттүн ичинде ойлонуп, жасашат. 10 мүнөттө жактап беришет. ( мугалим картонго топчу менен тигилген гүлдү жасап, үлгү көрсөтөт )
Жыйынтыктоо: Бүгүнкү сабак аркылуу пайдалуу, бирок биз маани бербеген кеңештер жөнүндө сөз кылдык. Ылайым эле жогоруда айтылган, силер айткан пайдалуу кеңештер келечек жолуңарда жана турмушуңарда тутка болсун.
Үйгө тапшырма: “ Пайдалуу кеңештер” деген темада үч канаттуу буклет жасап жазып, келүү тапшырылат.