СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Paint графикалык редактору. Картинкалар менен иштөө

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Paint графикалык редактору. Картинкалар менен иштөө

Просмотр содержимого документа
«Paint графикалык редактору. Картинкалар менен иштөө»



Датасы:_________________________________

Сабактын темасы: Paint графикалык редакторунда картинкалар менен иштѳѳ

Сабактын тиби: Билимдерди бышыктоо, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү калыптандыруу сабагы;

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк- Окуучулар графикалык редактордун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алышат, билимин, билгичтигин калыптандырышат.

  2. Өнүктүрүүчүлүк- программалар менен иштөөгө көнүгүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт;

  3. Тарбия берүүчүлүк- Берилген тапшырмалар аркылуу тапкычтыкка, шамдагайлыкка, өз алдынча иштөөгө, тартынбастыккачычкан менен иштөөгө. Сабакта тынч отурууга жана көңүл бөлүүгө, сылыктыкка, ынтымакка, бирин-бири угууга тарбияланышат.

Окутуу каражаттары: методикалык адабияттар, «Компьютер боюнча практикум»

Ж.Исманалиев, К. Мурзакулов. Исфана 2010-ж.

Интернет булактары

Жабдылыштар: компьютер, ПАИНТ программасы, сүрөттөр, доска, маркер, расскраска

Сабактын методу: Иновациялык түшүндүрүү,

Сабактын формасы: компьютердик-практикалык сабак

Предмет аралык байланыш: кыргыз тили, англис тили,

Сабактын планы:

  1. Уюштуруучулук.

  2. Мотивация.

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу-Окуучулар менен жылуу маанайда учурашып, журналга белгилөө

Бүгүнкү сабакта биз

  1. Өткөн теманы кайталоо, бышыктоо;

  2. Paint графикалык редакторунда расскраскалар менен иштейт.

  3. Баалоо, үй тапшырма берүү, жыйынтык;

  4. Окуучулардан күтүлүүчү натыйжалар: (окуучулар бул сабактын соңунда кандай деңгээлди көрсөтүш керек?)

Компетенциялар/

Деңгээлдер

Маалыматтык


Социалдык-коммуникативдик

Өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү

Репродуктивдүү

Окуучу Paint программасын билишет

Окуучулар аталган теманы талкуулашат, ой бөлүшөт

Окуучулар Paintти ачууну үйрөнүшөт

Продуктивдүү

Окуучулар Paint программасынын мүмкүнчүлүгүн үйрөнүшөт

Окуучулар бири-биринен үйрөнүшөт жана талкуулайт

Paint графикалык редактордун иштерин, элементтерин билишет


Креативдүү

Окуучулар инструменттерин айырмалай алышат

Окуучулар ар бир жөнөкөй программа менен иштегенди билишет

Окуучулар Paint ти турмушта колдоно алышат


Билимин актуалдаштыруу:

  1. Paint кандай программа?

  2. PAINT программасын кантип ачабыз?

  3. Paint терезеси кандай структурадан турат?

  4. Кандай панель инструменттери бар?

  5. Панель инструменттери кандай кызмат аткарат?

Paint графикалык редакторунда расскраскалар менен иштейт.

Сүрѳттѳрдү редакциялоо. Каталарды оңдоо Paint графикалык редактору ѳчүргѳнгѳ, жылдырганга, кѳчүргѳнгѳ, кескенге жана койгонго, ошондой эле сүрѳттүн каалаган бѳлүгүн кандайдыр бир ѳзгѳртүү жасаганга мүмкүнчүлүк берет. Керектүү аспаптар Изображение тобунда чогултулган. Адегенде керектүү аймакты – фрагментти «кѳрсѳтүү» (обочолонтуу) же бѳлүп алуу керек. Фрагментти бѳлүп алганга эки аспап арналган: Выделение

прямоугольной области (Тик бурчтуу аймакты бѳлүп алуу); Выделение произвольной области (Каалагандай аймак бѳлүп алуу).

Тик бурчтуу аймакты бѳлүп алуу үчүн кѳрсѳткүчтү диагональ боюнча бѳлүп алууга тиешелүү аймак аркылуу жылдыруу керек. Каалаган формадагы аймакты бѳлүп алуу үчүн кѳрсѳткүчтүн сүрѳттүн керектүү бѳлүктүн айланасында жылдыруу керек.

Бѳлүнгѳн аймактан сырткары каалаган жерде чертүү менен бѳлүп алуу (обочолонтуу) алып салынат.Фрагменттерди бѳлүп алуучу ар бир аспапты эки вариантта колдонсо болот: тунук эмес фрагмент (бѳлүнгѳн аймактын бѳлүктѳрү фондун түсү менен кармалат); тунук фрагмент (бѳлүнгѳн аймактын бѳлүктѳрү фондун түсү менен кармалбайт).

Бѳлүнгѳн фрагмент менен тѳмѳнкү амалдарды аткарса болот:

- ѳчүрүү– фрагмент жоголот, анын орду фондун түсү менен толтурулат;

- жылдыруу– сүйрѳп ташуу методу менен холсттун каалаган жерине жылдырат, бул учурда фрагменттин мурдагы жайгашкан орду фондун түсү менен толтурулат;

- сүйрѳп ташуу– бул учурда ал (Shift клавишин жана маустун сол кнопкасы басылган абалда) фигуралуу из калтырат;

- кесип алуу (Буфер обмена тобундагы Вырезать аспабы) – фрагмент экрандан жоголуп, алмашуу буферине жайгашат, холст тогу анын орду фондун түсү менен толтурулат;

- коюу – алмашуу буферинен жумушчу аймактын керектүү жерине коюу (46-сүрѳт) (Буфер обмена тобундагы Вставить аспабы);





- кѳчүрүү (Буфер обмена тобундагы Копировать аспабы) – фрагмент мурдагы ордунда калат, анын так кѳчүрмѳсү алмашуу буферине жайгашат;

- кѳбѳйтүү, Ctrl клавишин басып сүйрѳп ташуу – фрагменттин кезектеги кѳчүрмѳсү маустун кнопкасын коё берген сайын пайда болуп турат;

- ѳзгѳртүү (буруу, чоюу, жантайтуу) (47-сүрѳт).


Каталарды оңдоо

Каталарды оңдоонун бир нече жолу бар.Эгерде ѳзгѳртүү киргизүүчү аймак чоң эмес болсо Ластик аспабы колдонулат. Сүрѳт сүрүп ѳчүрүлѳт. Тазалануучу аймак фон катары берилген түстү алат.Эгерде сүрѳттүн чоң аймагын кайра тартууга туура келсе ал

тѳмѳнкүдѳй аткарылат:

1) тик бурчтуу же эрки менен алынган аймакты бѳлүп алат;

2) Delete клавишин басат. Бул учурда тазаланган аймак фондун түсү менен толтурулат.

Алгачкы фрагмент.

Фрагментти жантайтууга болот.Фрагментти солдон оңго, жогортон тѳмѳн чагылдырууга, берилген бурчка бурууга болот.Фрагментти чоңойтсо же кичирейтсе болот.

47-сүрѳт 46-сүрѳт Тунук фрагментти коюу Тунук эмес фрагаментти коюу

Сүрѳт ийгиликтүү тартылбай калган учурда анда алдын ала Выделить всё жана Удаление командаларын аткаруу менен ишти кайрадан баштайт.

Paint графикалык редакторунда акыркы амалдарды алып салууга болорун эстен чыгарбагыла. Бул үчүн Отменить аспабы колдонулат. Вернуть аспабы баштапкы вариантка келүүгѳ мүмкүндүк берет.

Балдар көрдүнөрбү тарткан сүрөттөрүбүздү кайсы инструменттин жардамы менен боёйбуз экен? Распылитель жана Заливка инструменттеринин жардамы менен.

Эми балдар силер электрондук варианттагы сүрөт тартуунун кадамдары көрсөтүлгөн тапшырмалардын жардамында паинт программасынан фигураларды колдонуу менен «Сүйүктүү жаныбарым» деген темада сүрөт тартып үйрөнөсүнөр



Үй тапшырма: Жогорудагы сүрѳттѳрдүн декалдарын колдонуп кандайдыр бир идеяны чагылдырган сүрѳттү жаратуу


Билимин баалоо: Сабакка активдүү катышып, туура жооп берип, оригиналдуу суроолорду берүүсүнө, мугалим берген тапшырманы өз алдынча аткаруусуна жараша формативдик бааланат.