СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Педагогикалык тест

Категория: Директору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Педагогикалык тест»

«ПЕДАГОГИКА» ДИСЦИПЛИНАСЫ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТЫН ТЕСТТЕРИ


1. Педагогика деген эмне? Төмөндөгү берилген жооптордон туурасын танда.

А) Педагогика баланын өнүгүүсүнүн законченемдүүлүгүн үйрөтөт жана аны тарбиялоонун жолун аныктайт.

Б) Педагогика – бул тарбия жөнүндөгү, адамдарды окутуу жана аларга билим берүү жөнүндөгү илим.

В) Педагогика- тарбиялануучунун дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу максатында тарбиячынын иш аракетиндеги чеберчилик.

Г) Педагогика –адамды тарбиялоо жөнүндөгү илим.


2. Сиздин көз – карашыңызда, кандай термин тарбиялоо жөнүндөгү илимдин сферасын так аныктайт?.

А) Педагогика ( грек сөзүнөн алынган «пайдос»- бала жана «аго»- жетелеп жүрүү)

Б) Андрогогика ( грек сөзүнөн алынган «андрос»- эркек жана «аго»- жетелеп жүрүү)

В) Антропология (грек сөзү «антропос»- адам, жана «логос»- илим).

Г) Педалогия ( грек сөзү «пайдос»- бала жана «логос»- илим).


3. Педагогикалык илимдин алдына кандай максаттар коюлат?

А) Окуу –тарбия процессинин теориясы жөнүндөгү билим менен педагогдорду куралдандыруу, тарбиялоонун закондорун таанытуу.

Б) Өсүп келе жаткан жаш муунду тарбиялоо жана окутуу.

В) Тарбиялоону адамдардын ички өнүгүү фактору катары окуп, үйрөнүү.

Г) Адамдын ички жаратылышын изилдөө.


4. Педагогиканын илим катары өнүгүшүнө эмне себеп болгон? Берилген жооптордун туурасын танда.

А) Илим менен техниканын прогресси.

Б) Ата- энелердин балдардын бактысы үчүн болгон аракети.

В) Адамды турмушка жана эмгекке даярдоонун обьективдүү керектөөсүнүн пайда болушу.

Г) Коомдук турмушта тарбиялоонун ролунун жогорулашы.


5. Педагогикалык системага кирген илимдин группаларын аныкта.

А) Дидактика, психология, тарых, философия, мектеп гигиенасы, салыштырмалуу педагогика.

Б) Жалпы педагогика, жаш курак педагогикасы, социалдык педагогика,башка предметтерди окутуунун методикасы, атайын педагогика, педагогиканын тарыхы.

В) Мектепке чейинки мекемелердин педагогикасы, мектеп педагогикасы, жогорку окуужайлардын педагогикасы, кесиптик техникалык окуу жайлардын педагогикасы.

Г) Жалпы педагогика, этика, эстетика, жаш курак физиологиясы, мектепке чейинки педагогика, мектептердин тарыхы.


6. Кандай байкоо жүргүзүү илимий изилдөө методдоруна кирет?

А) Дежур мугалим ашканадагы ыраттулукту байкайт.

Б) Педагог компь ютердин жардамы менен курстун өзүнчө бир темаларын окутууда окуучулардын өнүгүүсүнө байкоо жүргүзөт.

В) Класс жетекчи окуучулардын кийип жүргөн формаларына байкоо жүргүзөт.

Г) Экскурсия учурунда биолог мугалим окуучулар менен бирдикте кумурскалардын мүнөзүнө байкоо жүргүзөт.


7.Төмөндөгү берилген аңгемелердин кайсынысы илимий- педагогикалык изилдөөнүн методуна жатат?

А) Класс жетекчинин үй- бүлөдө баланы тарбиялоо боюнча ата- энелер менен болгон аңгемеси.

Б) Мугалимдин сабакка кечигип келген окуучу менен болгон аңгемеси.

В) Окуучулар менен коомдук жайларда жүрүш- туруштун эрежелер жөнүндөгү аңгеме.

Г) Класс жетечинин окуучулардын укуктары жана милдеттери боюнча жүргүзгө аңгемеси.


8. Ата- энеден балага кандай сапаттар берилет?

А) Ой жүгүртүү ыктары, интеллектуалдык иш аракетиндеги өзгөчөлүктөр.

Б) Нерв системасынын типтери, темпераменти.

В) Көзүнүн түсү, терисинин түсү, кандын группасы.

Г) Иш аракеттин түрлөрүнө карата жөндөмдүүлүгү.


9. Акселерация деген эмне? Так жана толук жоопту танда.

А) Инсандын активдүү иш аракетиндеги процесс.

Б) Адамдын жекече өнүгүүсүн тездетүү.

В) Инсанды интеллектуалдык жактан калыптандырууну тездетүү.

Г) Кенже жана өспүрүм курактагы инсандын физикалык жана психикалык жактан өнүгүүсүн тездетүү.


10. Педагогикалык инновация деген эмне? Туура жоопту тап.

А) Бул педагогикалык системаны өзгөртүүгө багытталган баардык өзгөртүүлөр.

Б) Бул окуу- тарбия процессинин эффектүүлүгүн жогорулатуу максатындагы киргизилген жаңылыктар.

В) Бул педагогикалык системага эффект берүүчү айрым элементтерди алмаштыруу.

Г) Педагогикалык системанын ички ресурстарын мобилизациялаган, жогорку ийгиликтерге алып келүүчү жаң ылыктар.


11. Дидактика- деген эмне? Берилген жооптордон туурасын танда.

А) Дидактика- инсанды өнүктүрүүнүн законченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим.

Б)Дидактика-баланын личностун калыптандыруунун законченемдүүлүктөрү жөнүндөгү илим.

В) Дидактика- өсүп келе жаткан муунду окутуп, тарбиялоо боюнча педагогиканын бир бөлүгү.

Г) Дидактика- окутуп, тарбиялоонун теориясын иштеп чыккан педагогиканын бир тармагы.


12. Окууну стимулдаштыруу деген эмне?

А) Жакшы окууга талап коюу.

Б) Окуучуну ийгиликтүү окууга «түртүү»

В) Окуучуга жолтоо болгон терс адаттар менен күрөшүү.

Г) Бардык жооптор туура.


13. Окутуунун принцибин кандай түшүнөсүз? Берилген жооптордун туурасын танда.

А) Окутуунун принциби- бул окуучунун таанып- билүү иш аракетин уюштурууну жолдорун көргөзгөн эрежелер жана законченемдүүлүктөр.

Б) Дидактиканын принциптери – окутуунун жана тарбиялоонун максатын ишке ашыруучу окуу иштеринин мазмунун, методдорун жана окутууну уюштуруу формаларын түшүнүүгө болот.

В) Окутуунун принциптеринде коомдук , экономикалык формациянын керектөөсүнө жооп берген мугалимдин окутуучулук ишинин методдору жана жалп законченемдүүлүктөр ачып көргөзүлөт.


14. Жеңилден оорго, белгилүүдөн белгисизге, жөнөкөйдөн татаалга деген эрежелер окутуунун кайсы принцибине таандык.

А) Көргөзмөлүүлүк.

Б) Илимий

В) Жеткиликтүүлүк.

Г) Теория менен практиканын байланышы.


15. Окутуунун методу дегенди кандай түшүнөсүз?

А) Окутуунун методу- бул билимдерди өткөрүп берүү максатындагы мугалимдин окуучуга баруучу жолу.

Б) Окутуу методу – деп окуу процессин уюштуруунун законченемдүүлүгүн түшүнүүгө болот.

В) Окутуунун методу- таанып билүү иш аракетин уюштуруунун жолу.

Г) Окутуунун методу- окутуунун максатына жетүүгө багытталган педагог менен окуучунун ырааттуу иш аракети.


16. Мамлекеттик билим берүүнүн стандартынын негизинде, педагогдордун, психологдордун, методистердин жана ар түрдүү илимдин тармактарынын адсистеринин катышуусу менен, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен түзүлгөн программанын түрү.

А) Жумушчу программа

Б) Автордук программа

В) Типтүү программа

Г) Окуу программасы


17. Окуучуну конкреттүү кесип, адистик боюнча билим, билгичтикке, көндүмдөргө ээ кылуу процесси кандай билим берүү болуп саналат?

А) Жалпы билим берүү

Б) Политехникалык билим берүү

В) Кесиптик билим берүү

Г) Жогорку билим берүү.

18. Педагогика илиминин категориясын танда?

А) Тарбиялоо- улуу муундар тарабынан топтолгон коомдук тарыхый тажрыйбаларды жаш муундарга, аларды турмушка жана эмгекке даярдоо максатында өткөрүп берүү.

Б) Окутуу процесси- окутуучу менен окуучунун максаттуу биргелешкен иш аракети , анын жүрүшүндө агартуу, тарбиялоо, өстүрүү ишке ашат.

В) Окутуунун методдору- билим , ык , машыгууларга ээ кылуу, алардын акыл күчтөрүн өстүрүү жана дүйнөгө болгон көз караштарын калыптандыруу максатында мугалим менен окуучунун биргелешкен иштөө жолдору.

Г) Билим берүүнүн мазмуну- окуучулар ээ боло турган билимдердин,

билгичтиктердин, көз караштардын системасы, аларга ээ болуу инсандын өнүгүшүн камсыз кылат.


19. Педагогика илиминин структурасы. Төмөндөгү жооптордон туурасын танда.

А) Жалпы педагогика.

Б) Этнопедагогика.

В) Социалдык педагогика.

Г) Окутуунун теориясы жана дидактика.


20. Педагогика илиминин тармагы.

А) Педагогиканын жалпы негиздери.

Б) Тарбиялоонун теориясы.

В) Педагогиканын тарыхы.

Г) Окутуунун теориясы


21. Изилдөөнүн методун кандай түшүнөсүз?

А) Изилдөөнүн методу- бул обьективдүү чындыкты таанып – билүүнүн жолдору.

Б) Изилдөөнүн методу- тарбиялык иштерде инсандын керектөөчү мотивациялык чөйрөсүн, окуучунун инсандык сапатын, жүрүш- туруш адаттарын жана көндүмдөрүн калыптандырууда колдонгон атайын жолдорду,ыкмаларды түшүнөбүз.

В) Изилдөөнүн методдору алдын ала аныкталган милдеттерге, күткөн натыйжага таанып билүү активдүүлүгүнүн деңгээлине, окуу ишине жана дидактикалык максатка жетүү үчүн окуучунун окуу- таанып билүү иш аракетин уюштуруу жолу.

Г) Бул жооптордун баары туура.


22. Төмөндөгү сунушталган методдордун кайсынысы изилдөө методдоруна таандык?

А) Окутуунун көргөзмөлүү методу.

Б) Окутуунун иликтөө, проблемалык методу.

В) Педагогикалык эксперимент методу.

Г) Тарбиялоочу жагдайды түзүү методу.


23. Бул метод изилдөөнүн эмпирикалык методдорунун жардамы менен аныктоого мүмкүн эмес жаңы законченемдүүлүктөрдү табууга, окутуунун жана тарбиялоонун маанилүү маселелери боюнча терең илимий жалпылоого жардам берет.

А) Математикалык статистиканын методдору.

Б) Моделдештирүү методу.

В) Педагогикалык тестирлөө.

Г) Педагогикалык идеяларды теориялык талдоо жана синтездештирүү методу.


24. Педагогикалык технология деген эмне?

А) Педагогикалык технология- тигил же бул кубулушту түшүндүрүүгө багытталган көз караштардын, идеялардын жана көрсөтмөлөрдүн комплекси.

Б) Педагогикалык технология – педагогдун окутуудагы, тарбиялоодогу милдеттерин чечүүгө багытталган, өз ара байланышкан үзгүлтүксүз ишинин системасы, же болбосо алдын- ала долбоорлонгон педагогикалык процессти пландуу жана ыраттуу практикага киргизүү.

В) Педагогикалык технология- педагог менен окуучунун биргелешкен иш аракетиндеги жетишкен ийгиликтер.

Г) Педагогикалык технология- окутуу, тарбиялоо иш аракетиндеги чыгармачылык башталыштардын бирикмеси.

25. Инсандын маанилүү белгилери катары төмөндөгүлөрдү: аң - сезим, акыл,жоопкерчилик, эркиндик, жекече татыктуулук, индивидуалдуулук жөнүндө кайсы философ көргөзгөн.

А) С.Л.Рубенштейн

Б) К.Маркс

В) В.П.Тугаринов

Г) М. Монтенссори


26. Педагогикалык процесс деген эмне?

А) Педагогикалык процесс- педагогикалык теориянын обьектиси.

Б) Педагогикалык процесс-берилген максатка жетүү үчүн тарбиялануучунун касиетин, сапатын өзгөртүүгө багытталган, өнүгүп туруучу тарбиячы менен тарбиялануучунун өз ара аракеттенүүсү.

В) Педагогикалык процесс мугалим менен окуучунун биргелешкен тарбиялык иш аракети.

Г) Педагогикалык процесс система катары процесстин өтүү системасына окшош эмес.


27. Педагогикалык процесстин методдору канча группага классификацияланат?

А) 2 группага

Б) 5 группага

В) 4 группага

Г) 7 группага


28. Педагогикалык процесстин бүтүндүк законченемдүүлүтөрүн аныктоо үчүн төмөндөгү байланыштардын бирин тандоо керек.

А) Педагогикалык процесстердин коомдук процесстер жана шарттар менен байланышы.

Б) Педагогикалык процесстин диний уюмдар менен байланышы.

В) Педагогикалык процесстин ар кандай саясий партиялар менен байланышы.

Г) Баардык жооптор туура.


29. Эмгекти илимий уюштуруу дегенди кандай түшүнөсүң ?

А) Эмгекти илимий уюштуруу- окуучулардын, мугалимдердин иш аракетин стимулдаштыруу.

Б) Эмгекти илимий уюштуруу- окуу- тарбия ишинин жүрүшүндө окуучунун жана мугалимдин гигиеналык нормативдерди сакташы.

В) Эмгекти илимий уюштуруу- бул эмгек процессин өркүндөтүүнү камсыз кылган аз каражат, аз убакыт жана аз күч жумшап, жогорку натыйжаны камсыз кылган, эсептелген иш аракеттин комплекси.

Г) Эмгекти илимий уюштуруу- окуучунун реалдуу мүмкүнчүлүгүнө, өнүгүүсүнүн жакынкы перспективасына, жакынкы өнүгүү зоонасына туура келген ийгиликтерге жетишүү.


30. Дидактиканын канча категориясы бар?

А) 3

Б) 9

В) 5

Г) 10


31. Дидактиканын- билим, ык, машыгууларга ээ кылуучу, окуучулардын дүйнөгө болгон көз караштарын калыптандыруу максатындагы мугалим менен окуучунун биргелешкен иштөө жолдору деген категориясы кандай аталат?

А) Окуу процесси

Б) Окутуунун методдору

В) Окутуунун принциптери

Г) Билим берүүнүн мазмуну.


32.Окутууну уюштуруунун натыйжалуу формаларын иштеп чыгуу- дидактикада каралган кандай маселе?

А) Проблема

Б) Милдет

В) Талап

Г) Пикир


33. Билим берүүнүн мазмуну деген эмне? Так аныктамасын танда.

А) Билим берүүнүн мазмуну- окуучуну илимий-билимдерге, билгичтиктерге, көндүмдөргө ээ кылуу, чыгармачылык жөндөмүн, ишенимин өстүрүү үчүн жүргүзүлгөн процесс.

Б) Билим берүүнүн мазмуну- окуу процессиндеги жетекчи идея, негизги эрежелер.

В) Билим берүүнүн мазмуну окутуу процессинде окуучулар ээ болууга зарыл болгон илимий билимдердин, практикалык билгичтиктердин, көндүмдөрдүн системасы, ошондой эле нравалык, этикалык, дүйнөгө көз караштардын идеялары.

Г) Баардык жооптор туура.


34. Билим берүүнүн мазмунун чагылдырган нормативдик документтер.

А) Окуу планы

Б) Окуу принциптери

В) Окутуунун методдору

Г) Окутууну уюштуруунун формалары.


41. Тарбиялоо иши кайсы доордо башталган?

А) Кайра жаралуу доору

Б) Алгачкы доор

В) Кул элөөчүлүк мезгил

Г) Советтик доор




42. Үй-бүлө тарбиясы алгачкы коомдук түзүлүштүн кайсы мезгилине таандык?

А) Алгачкы коом башталган мезгил

Б) Алгачкы коом бузулуп бара жаткан мезгил

В) Кул элөөчүлүк мезгил

Г) Орто кылым


43. Алгачкы коомдо кайсы тарбияга өзгөчө маани берилген?

А) Дене тарбиясы

Б) Акыл тарбиясы

В) Эмгек тарбиясы

Г) Эстетикалык тарбия


44. Грамматикалык мектептер кайсы доордо ачылган?

А) Орто кылым

Б) Алгачкы доор

В) Кул элөөчүлүк доор

Г) Кайра жаралуу доору

45. Байыркы Грециядагы мектеп

А) Кифарист

Б) Приходдук мектептер

В) Чиркөө мектептери

Г) Собордук мектептер


46. Спартандык тарбиянын мекени

А) Улуу Британия

Б) Греция

В) Италия

Г) Россия

47. Оратордук мектептин негиздөөчүсү

А) Я.А.Коменский

Б) К.Д.Ушинский

В) М.Ф. Квинтиллиан

Г) И.Г.Песталоцци

48. Орто кылымдагы тарбиянын негизги багыты

А) Гумманисттик тарбия

Б) Диндик тарбия

В) Патриоттук тарбия

Г) Эстетикалык тарбия

49. Приходдук, собордук, кафедралык мектептер кайсы доорго таандык?

А) Орто кылым

Б) Советтик мезгил

В) Кул элөөчүлүк доор

Г) Алгачкы доор


50. Кайра жаралуу доорунун белгилүү гумманисти

А) В.А. Сухомлинский

Б) Томаз Компанелло

В) И.Г. Песталоцци

Г) А.С.Макаренко

51. Педагогика илимин илим катары негиздеген адам

А) К. Д. Ушинский

Б) А. Гербарт

В) Я.А.Коменский

Г) К.Д. Ушинский

52. Витторино-де-Фельтре, Франсуа Рабле, Томас Мордун педагогикалык идеялары кайсы багытта болгон?

А) Диндик багыт

Б) Гумманисттик багыт

В) Авторитардык багыт

Г) Экономикалык багыт

53. «Улуу Дидактика» деп аталган педагогикалык эмгек кимге тиешелүү?

А) И.Г.Песталоцци

Б) А.С.Макаренко

В) Я.А. Коменский

Г) К.Д.Ушинский

54. Баланын өнүгүүсүнүн жаш курак мезгилинин этаптарга бөлүнүүсү кайсы педагогикалык эмгекте биринчи жолу көргөзүлгөн?

А) Улуу Дидактика

Б) Күндүн шары

В) Ата-энелер педагогикасы

Г) Эне мектеби

55. Үй-бүлө тарбиясына көңүл бурган белгилүү философ

А) Демокрит

Б) Аристотель

В) Платон

Г) Марк Фабий Квинтиллиан

56. «Педагогика» деген сөз кайсы тилден келип чыккан?

А) Грек

Б) Орус

В) Латын

Г) Түрк

57. «Дидактика» деген сөз кандай маанини түшүндүрөт?

А) Тарбиялайм

Б) Билим берем

В) Окутамын

Г) үйрѳтѳмүн

58. Этнопедагогика илимин изилдеген советтик окумуштуу

А) А.С. Сухомлинский

Б) Г.Н.Волков

В) А.С. Макаренко

Г) Н.К.Крупская

59. Элдик педагогиканын булагы

А) Элдик оозеки чыгармачылык

Б) Окумуштуулардын эмгектери

В) Окуу китептери

Г) Окутуу методдору

60. «Манас» эпосу –кыргыз элинин педагогикалык энциклопедиясы» - деп кайсы окумуштуу айткан?

А) Г.Н.Волков

Б) В.Радлов

В) Юдахин

Г) Бартольд


61. Орустун биринчи Алиппесин ким жазган?

А) Н.В. Ломоносов

Б) И.Федоров

В) Н.К. Крупская

Г) К.Д.Ушинский


62. Чыгыштын белгилүү ойчул энциклопедиячысы

А) Беруни Абу Райхан

Б) Махмуд Кашкари

В) Жусуп Баласагын

Г) Жусуп Мамай


63. «Акыл –эс жөнүндө трактат жазган чыгыш ойчулу

А) Омар Хаям

Б) Аль Фараби

В) Ибн Сина

Г) Беруни Абу Райхан


64. Оруста жыл баян жазуу кайсы жылдары башталган?

А) 1020-жыл

Б) 1725-жыл

В) 988-жыл

Г) 867-жыл


65. «Кут Билим» чыгармасын ким жазган?

А) Ч.Айтматов

Б) И.Арабаев

В) Ж.Баласагын

Г) Махмуд Кашкари


66.Түрк тилдер сөздүк жыйнагынын автору

А) Ж.Баласагын

Б) М.Кашгари

В) А.Токомбаев

Г) Ч.Айтматов


67. Ж.Баласагын жана М. Кашгаринин чыгармаларында кандай идеялар бар?

А) педагогикалык

Б) укуктук

В) эркиндик

Г) достук


68. Орус жазуусунун пайда болуусуна эмне таасир берген?

А) Ислам дини

Б) Христианчылыкты кабыл алуу

В) Буддизм

Г) Католик чиркѳѳсү


69. Христиан дини кайсы кылымда, кайсы жерде пайда болгон?

А) IV кылым Византия

Б) VI кылым Аравия

В) I кылым Палестина

Г) V кылым Байыркы Русь


70. Мусулман медресеси кандай жерлерде жайгашкан?

А) Калк көп отурукташкан жерлерде

Б) Калк аз отурукташкан жерлерде

В) Бардык жерлерде

Г) Баардык жооптор туура


71. «Дарыгерлик илимдин канону» деген эмгектин автору

А) Аль Фараби

Б) Беруни

В) Ибн Сина

Г) Ж.Баласагын


72. Кайра жаралуу коомунун педагог гумманисти

А) Людовик Вивес

Б) Махмуд Кашгари

В) Песталоцци

Г) Аристотель


73. Орустун улуу ойчулу

А) Я.А.Коменский

Б) Гербарт

В) Максим Грек

Г) Фридрих Фребель



74. Орустагы монгол-татар баскынчылыгы кайсы доордо болгон?

А) ХIII- XV кылым

Б) XII –XIII кылым

В) XV-XVIII кылым

Г) ХIII-XVIII кылым


75. Ж.Баласагындын «Кут билим» чыгармасы байыркы түрк тилинен кыргыз тилине которулган жылы

А) 2003-жыл

Б) 1993-жыл

В) 1983-жыл

Г) 1963-жыл


76. Чиркөө тарыхы эмгегинин автору

А) Е.Киссарийский

Б) Л.Толстой

В) Г.Чернышевский

Г) А.С.Макаренко


77. Мусулман дининдеги жүрүм-турумдун эрежеси

А) Иман

Б) Дин

В) Шариат

Г) Ислам


78. Дидактиканын принциптерин биринчи ким негиздеген?

А) К.Д.Ушинский

Б) Я.А.Коменский

В) И.Гербарт

Г) М. Квинтиллиан


79. «Тарбия жөнүндөгү ойлор» кимдин чыгармасы

А) В.А.Сухомлинский

Б) Д.Локк

В) Амонашвили

Г) И.В.Пирогов


80. Элементардык башталгыч билим берүүгө көңүл бурган педагог

А) А.С.Макаренко

Б) И.Г.Песталоцци

В) Ж.Ж.Руссо

Г) Томас Мор


81. Оруста маданият, илим, техника багытындагы алгачкы реформалар кайсы падышанын тушунда болгон?

А) Князь Владимир

Б) Князь Алексей

В) Петр 1

Г) Князь Василий

82. Москва университети кайсы жылы ачылган

А) 1755-жыл

Б) 1875-жыл

В) 1977-жыл

Г) 1678-жыл


83. Манас эпосун изилдеген окумуштуу

А) Ч.Айтматов

Б) Ч.Валиханов

В) Б.Өмүралиев

Г) Х.Карасаев


84. «Тар заман» чыгармасы кимге тиешелүү?

А) Арстанбек

Б) Молдо Кылыч

В) Калыгул

Г) Тоголок Молдо


85. Орус педагогикасынын атасы, «Эне тили» китебинин автору

А) А.С.Макаренко

Б) Н.К.Крупская

В) К.Д.Ушинский

Г) Н.И.Пирогов


86. Кыргыз агартуу институту кайсы жылы ачылган?

А) 1925-жылы

Б) 1945-жылы

В) 1939-жылы


87. Кыргыздын алгачкы агартуучусу

А) А.Измайлов

Б) Э.Арабаев

В) Ж.Баласагын

Г) М.Кашкари

88. Кыргыздын биринчи профессору

А) Х.Карасаев

Б) Б. Мураталиев

В) К.Тыныстанов

Г) Э.Арабаев


89. Кыргыздын биринчи Алиппесин ким жазган?

А) К. Тыныстанов

Б) И.Арабаев

В) Ж.Мамай

Г) Х.Карасаев




90. Кыргыз билим берүү Академиясынын биринчи директору

А) Б.Мураталиев

Б) Б.Кулдашев

В) Б.Юнусалиев

Г) Э.Арабаев


91. Кыргызстан Болондук процесске кайсы жылы кирген?

А) 2011-жылы

Б) 2015-жылы

В) 2000-жылы

Г) 2020-жылы


92.Болондук процесстин негизги максаты

А) Жогорку билим берүүнүн салттуу ыкмаларын тура пайдалануу

Б) Жогорку билим берүүнүн европалык аймагын түзүү, жарандардын мобилдүүлүгүн ѳнүктүрүү менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн кароо

В) Жогорку билим берүүгѳ аралыктан окутуу системасын киргизүү

Г) Баардык жооптор тура


94. « Советтик кыргызстандын 40 жылдагы мектеп тарыхы боюнча очерктер» деп аталган белгилүү эмгектин автору

А) М.Р.Рахимова

Б) А.Э.Измаилов

В) М.Р. Балтабаев

Г) Х.Карасаев


95.Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жѳнүндѳгү» мыйзамы качан, кайсы жылы кабыл алынган.

А) 1992-жыл 16-декабрь

Б) 1996-жыл 10-октябрь

В) 2000-жыл 13-март

Г) 1990-жыл 15-март


96. «Альтернативалуу билим берүү мекемелеринин жана билим берүүнүн мамлекеттик эмес структураларынын болуу мүмкүндүгү» билим берүү мыйзамындагы негизги

А) Метод

Б) Билим берүүнүн мазмуну

В) Принцип

Г) Форма



97. Мектептик билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо кандай багытта жүрѳт?

А) Салттуу сабактардын мазмуну жаңыртылып, жаңы сабактар кирет.

Б) Салттуу сабактар кыскартылат, жаңы сабактар тандалат.

В) Жаңы сабактар гана киргизилет

Г) Эч кандай ѳзгѳртүү болбойт.