Персоналдык компьютер система катарында
Дяардаган: Маанова Ч.П.
Бул темадан силер компьютерлер кантип пайда болгондугун, ошол пайда болгондон бери азыркы биз билген компьютер абалына жеткенге чейин кандай өзгөрүүгө дуушар болгондугун жана алардын баарын эмне бириктирип турарын билесиңер.
Компьютерлер бири-биринен өлчөмдөрү жана мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланышат. Азыркы күндө компьютерлерди башка түзүлүштөр менен да оңой айкалыштырып жатышат. Компьютер деп атоого мүмкүн болгон түзүлүштөр азыркы кезде өтө көп жана жылдан жылга алардын саны өсүүдө. Бул түзүлүштөрдү компьютердин ар кандай түрлөрү боюнча бөлүштүрүүгө болот.
Компьютер деген эмне?
Компьютер –бул маалымат менен иштөөчү түзүлүш. Ал маалыматты кабыл алат, иштетет, сактайт жана ишинин жыйынтыгын чыгарып берет. Программалар менен иштеген универсалдуу электрондук түзүлүш.
Маалыматты иштетүүнүн негизги этаптары: киргизүү, өзгөртүп түзүү , сактоо , чыгаруу .
Ушунун бардыгы компьютердин аппараттык камсыздалыштары деп аталган түзүлүштөрүнүн жардамы менен аткарылат.
«Компьютер» деген сөз англис тилиндеги to compute, computer сөздөрүнөн келип чыккан, которгондо «эсептөө», «эсептегич» дегенди түшүндүрөт (англис тилиндеги сөз өз учурунда латындын computo – «эсептеймин» деген сөзүнөн алынган).
Баштапкы маанисинде англис тилиндеги бул сөз механикалык түзүлүштүн жардамы менен, же аларсыз деле арифметикалык эсептөөлөрдү жүргүзгөн кишини түшүндүргөн.
Кызыктуу маалымат
Ар кандай тилде компьютерди ар кандай аташат.
Мисалы,
Францияда ordinateur– «сорттоочу»,
Финляндияда tietokone – «билим машинасы»,
Кытайда – дьан-нао, ко-торгондо «электрондук мээ»
дегенди түшүндүрөт
Компьютердин тарыхы
Өткөн кылымдын аягында компьютерлерди ЭЭМ (электрондук эсептөө машиналары) деп аташкан. Биринчи компьютерлер өтө чоң орунду ээлеген. Алар азыркы класстарга да батмак эмес. Ошондой көлөмдө болсо да жөнөкөй гана маселелерди чыгарган. Адамдар аларды жакшыртуу максатында абдан көп эмгектенишкен. Жыйынтыгында азыркы ыңгайлуу компьютерлерге жетиштик. Компьютердин негизги функционалдык блокторун 1946-жылы америкалык окумуштуулар Жон фон Нейман, Герман Голдстайн жана Артур Бертстер баяндап жазышкан
ЭЭМ (электрондук
эсептөө машиналары)
Компьютердин өнүгүү этаптары:
1) Лампалар менен иштөөчү эсептөөчү машина; (1946-1950-жж)
2) Транзистор менен иштөөчү электрондук эсептөөчү машина (ЭЭМ) ;(1950-1960-жж)
- Азыркы персоналдык компьютерлер (ПК) (1980-жылдан )
3) Интегралдык схема менен иштөөчү ЭЭМ ; (1960-1970-жж)
4) Микропроцессордун жардамында түзүлгөн компьютерлер (170-1980-жж)
5) Процессор менен иштеген персоналдык компьютерлер (ПК) (1980-жылдан бери)
Процессор -бул компьютердин жүрөгү
Биринчи персоналдык компьютерлерди 1981-жылы IBM фирмасы чыгарган.
IBM фирмасынын технологиялык ийгиликтери жана Microsoft фирмасынын программалары бүгүнкү күндөгү компьютерлердин өнүгүшүнө алып келди.
Заманбап компьютер – бул информация менен иштѳѳчү универсалдуу программалык башкарылуучу электрондук түзүлүш. Компьютер универсалдык түзүлүш деп аталышынын себеби, анын кѳп максаттар үчүн колдонушунда – адам аны түрдүү ишмердиктерде пайдаланып, ар кандай информацияларды иштетет, сактайт жана бере алат.
Компьютердин түзүлүшү
Компьютер процессордон, эстен, информацияны киргизүүчү жана чыгаруучу түзүлүштѳрдѳн турат.
Бул түзүлүштѳрдүн аткарган функциялары кандайдыр бир мааниде ой жүгүрткѳн адамдын функцияларына окшоп кетет
Компьютердин түрлөрү
1) Стационардык ПК деп өзүнүн туруктуу орду бар компьютерди түшүнөбүз.
2) Портативдүү ПК – алып жүрүүгө мүмкүн болгон компьютер. Өлчөмү боюнча анча чоң эмес, жеңил жана көп убакытка сырткы ток булагына кошуу муктaждыгы болбогон компьютерлер.
Бул компьютерлер чанда гана ордунан жылдырылат. Кадимки шартта алар компьютердик столдо туруктуу орнотулган.
Буларга ноутбук, нетбук жана планшеттер кирет.
Мындай машиналарды жумушчу станция деп атап койсо да болот, алар-дын кубаты интенсивдүү эсептөөлөрдү жүргүзгөнгө жетет.
Столдун үстүндөгү компьютер
(Персоналдык компьютер)
Ноутбуктар − бул кыйынчылык-сыз көтөрүп жүрө ала турган компьютерлер. Алар аккумуляторунун болгондугу менен автономдуу (ток булагынан тышкары) иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ноутбуктун стационардык компьютерлерден болгон негизги айырмачылыгы – андагы негизги түзүлүштөрдүн ыңгайлуу айкалышы. Ноутбук бир эле корпусунда дисплейди, системалык биримдикти жана клавиатураны камтыйт.
Планшет − бул эсептөө машинасын, музыка укканга динамиктерди, видео жана интернет баракчаларын көрүү үчүн экранды бириктирген чакан түзүлүш.
Планшеттин негизи катары кол
тийгенде аракетке келген маалыматты киргизүүчү түзүлүш – экраны эсептелет.
Анын башкача аталышы - «сенсордук дисплей» же тачскрин.
Чөнтөк компьютерлер
Смартфондор телефондун функцияларынан башка эсептөө функцияларына да ээ. Башкача айтканда смартфон – бул ага же андан чалууларды жүргүзүүгө мүмкүн болгон компьютер.
- Интерфейс – бул системага стандарт менен кошулуу, башкача айтканда разъёмдор менен кабелдердин, микросхемалар, стандарттык программалык коддор жана колдонуучу менен компьютердин ортосундагы байланыш.