СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

PhpMHXvgl_1-kl-ZHazuu.doc

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«PhpMHXvgl_1-kl-ZHazuu.doc»

Түшүндүрмө баракчасы

Алиппе мезгилинде окуучулар китеп менен окуп көнүгө баштаган учурда жазуу иштерин жүргүзө баштайбыз. 1-класска жаңы келген бала колуна калем сап кармап, жазуунун ар кандай элементтерин (сызыкча,таякча, иймек ж.б.) жаза баштайт. Жазуу иши окуу иши менен айкалыштырат. Тамганы каллиграфиялык белгилерине ылайык туура жазууга, туура айтууга үйрөнүшөт. Жазуу ишкердигине ээ болуу- негизинен, эне тилин окутуудагы кеп ишкердигине ээ болуунун жыйынтыктоочу этабы. Жазуу иши өз алдынча методдор (даяр үлгү боюнча-жазуу, генетикалык методдор) жана жазуу эрежелерин таянып жазууга көнүктүрүү. Бардык учурда окуучуларды таза, сулуу жазууга көнүктүрүү керек. Сөздөрдү жазууда тамгаларды жаза билүү эмес, аларды таза жазуу, тамгалардын аралыктарын туура сактоо, бири-бирине туура улап кошуп жазуу, баш жана кичине тамгаларды өз эреже – өлчөмдөрүнө жараша туура тартып жазуу, аларды тикесинен жана туурасынан туура жазууларына көңул буруу мугалимдин милдети. Окумуштуулардын изилдоосу боюнча 7-8 жаш курагында окуучулардын инсандык сапаттары калыптанат. Окуучулар тамгалар менен таанышып сабаттуу жазууга үйрөнө башташат. Жазуунун негизги этабында окуучулар тамгалардын элементтери менен танышат. Бул учурда окуучулар алган билимдерин бышыктап кайталап жыйынтыктап туруусу өтө зарыл.

Алган билимдерин колдоно билүү максатында бардык предметтер боюнча ооз эки жана жазуу жүзүндө көнүгүүлөр өткөрүлөт. Көнүгүүлөр ар бир сабакта кайталоо, бышыктоо үчүн да өткөрүлөт. Үйгө да өз алдынча иштөөгө тапшырма берилет. Ооз эки көнүүгү баланын логикалык ойлоосун акыл- эсин көңүл буруусун жана речин өстүрүүгө жардам берет. Жазуу жүзүндөгү көнүгүү баланын сабаттулугун арттырып туура жазуу эрежелерин колдонуп жазуу маданиятын өстүрүүгө көмөктөшөт. Көнүгүү өткөрүү бир нече этаптан турат:

  1. Мугалим окуучулардын билимине таянып көнүгүү аткаруу максатын түшүндүрөт;

  2. Аткаруу үлгүсүн көрсөтөт

  3. Жакшы окуган балдардын аткаруусун өтүнөт

  4. Көнүгүүлөрдү жалпы көп ирет аткарып машыгуулар уюштуруп тажрыйбаларын аткарат

Бул этаптар окуу ишишнде ачык көрүнбөгөнү менен ар бир сабакта же үйдөн көнүгүү аткаруулар сөзсүз катышат. Ар кандай иш -аракеттеринин натыйжалуу өтүүсү төмөндөгүлөр:

  • Балдардын эмоциясынын өнүгүүсүнө түрткү болуучу усулдар

  • Таанып билүүгө, билим алууга кызыгууну арттыруучу

  • Жоопкерчиликти жана милдеттүүлүктү калыптандыруучу

Окууга кызыктуруунун баалуу усулдарынын бири оюн аркылуу окутуу. Башкача айтканда өзгөчө башталгыч класстар үчүн оюн учурларын колдонуу өз натыйжасын берет. Мисалы: Кызыктуу грамматика сабагы.Балдардын алдына үч деңгээлдеги келечек жолун коюп көрсөтүү пайдалуу. Ал азыркы аткарылуучу көнүгүүлөр. Эртеңки же жакынкы күндө аткарылуучу алыскы убакта аткарыла турган окуу аракеттери. Таанып билүү ишин кызыктуу уюштуруу баланын билим алууга даяр экенин көңүл буруусун калыптандырып, кунт коюп угууга, изденүүгө түрткү берет. Китепте жазылган маалыматтардан тышкары кызыктуу окуялар, образдуу салыштыруулар, турмуштан алынган мисалдар, гезит же журналдардан, илимий, адабий китептен алынган толуктоолор, балдардын билимин кеңейтип кызыгуусун күчөтөт. Алардын өздөрүнө дагы ар кандай сүйлөм түзүп келүүсүн тапшыруу изденүүгө күч демилге берет. Балдарды окууга кызыктыруучу келечек пландары адам үчүн пайдасы коомдогу орду социалдык мамиле азыркы цивилизациянын талаптарын таанып билүүгө тилдерди өздөштүрүүгө маданияттуу, маалыматтуу болууга багыт берилиши тийиш.

Жазуу сабагын окутуунун максаттары жана милдеттери:

Жазуу сабагын окутуунун максаттары:

  • Окуучулардын сабатын ачуу

  • Жазуунун негизги этабында окуучулар тамгалардын элементтери менен таанышат

  • Сабаттуу жазууга үйрөтүү

  • Айтылын жаткан кепти уга билүүгө көнүктүрүү

  • Кыргыз тилинин, маданиятын, мурастарын баалоого үйрөтүү

Жазуу сабагын окуутунун милдеттери:

  • Тамгаларды элементи менен сулуу таза жазууга үйрөтүү

  • Берилген суроого туура, сылык, толук жооп бергенге үйрөтүү

  • Айтылып жаткан кепти уга билүүгө көнүктүрүү

  • Тамгаларды үзбөй, туура жазууга үйрөтүү

  • Китептен же тактадан көчүрүп жазууга, мугалимдин окуганын угуп жазууга көнүгүүсү;



1-классты аяктаган окуучулар тамгаларды элементине жараша туура жазууга, туура улап, ылдам жазууга, так, киептен же тактадан көчүрүп жазууга жана мугалимдин окуганын угуп жазууга үйрөнүүсү керек. Алиппе мезгилинде тамгалар алфавиттеги катарына жараша эмес, сөз түзүү мүмкүнчүлүгүнө ылайык берилген. Жыл аягында окуучуларга сунуш кылынган жазуу ишинин көлөмү 40 сөздөн турат.

Катар номери

Бөлүнгөн сааттар


Сабактын мазмуну

Сабактын саны


Сабактын темасы

Өтүү убагы

мөөнөтү

Эскертүү

1.

9 саат

Жазууну үйрөнүү

1

Сызыкчаларды жазуу..



1

Узун таякчаларды жазуу



1

Иймек сызыкчаларды жазуу.



1

Узун иймек сызыкчаларды жазуу..



1

Үзгүлтүксүз улап жазуу



1

Тегерекчелерди жазуу.



1

Тамгалардын элемен-и



1

Тамгалардын элемен-и



1

Илмекче жазуу



2.


14 саат



Тамгалар-ды жазууну үйрөнүү

Кайталоо

1

Аа тамгасы.



1

Лл тамгасы.



1

Кк тамгасы.



1

Ээ (е) тамгасы. .



1

.Оотамгасы.



1

Мм тамгасы



1

Тт тамгасы.



1

Рр тамгасы.



1

Ыы тамгасы



1

Пп тамгасы. .



1

Созулма оо тамгасы.



1

Уу тамгасы. .



1

Нн тамгасы



1

Өө тамгасы



Жазуу сабагынын календардык тематикалык планы 1-чейрек 23саат



Жазуу сабагына түзүлгөн календардык-тематикалык планы

2-чейрек 21саат

Катар номери

Бөлүнгөн сааттар


Сабактын мазмуну

Сабактын саны


Сабактын темасы

Өтүү убагы

мөөнөтү

Эскертүү

1.


14 саат


Тамга жазуу

Тамгалар ды элемент-

тери менен жазуу

1

Дд тамгасы,



1

Д-Т тамгалары



1

Ии тамгасы



1

Й тамгасы



1

Бб тамгасы



1

Б-П тамгалары



1

Үү тамгасы



1

Жж тамгасы



1

Сс тамгасы



1

Созулма уу тамгасы



1

Зз тамгасы



1

Гг тамгасы



1

ң тамгасы



1

К-Г тамгалары



3.

1 саат

Сөздүк жат жазуу

1

Сөздүк жат жазуу



4.

6 саат








Сөз өстүрүү


Тамгаларды элементтери менен жазуу

1

З-С тамгасы



1

Шш тамгасы



1

Чч тамгасы



1

Ж-Ш тамгалары



1

Созулма аа тамгасы



1

Сөздөрдү жазуу



Жазуу сабагына түзүлгөн календардык-тематикалык планы 3-чейрек 27саат

Катар номери

Бөлүнгөн сааттар


Сабактын мазмуну

Сабактын саны


сабактын темасы

Өтүү убагы

мөөнөтү

Эскертүү

1.


13 саат


Тамга жазуу Сөз үйрөнүү.

1

Х х тамгасы,



1

Созулма өө тыбышы



1

Ее тамгасы,



1

Ёё тамгасы



1

Созулма ээ тамгасы



1

Созулма үү тамгасы



1

Вв тамгасы



1

Яя тамгасы



1

Юю тамгасы



1

Фф тамгасы



1

В-Ф тамгалары



1

Щщ тамгасы



1

Цц тамгасы



2

1саат

Белги

1

Ь ,Ъ белгиси



3

1саат

Сөздүк жат жазуу

1

Сөздүк жат жазуу



4

2саат

Бышыктоо

1

Алфавит жана тамгалардын жазылышы



1

Тыныш белгиси чекит ж-дө түшүн.



5

2саат


Кыргыз тили –эне тилим

1

Баш жана кичине тамга



1

Сөздү муунга ажыратуу



6

1саат

Көчүрүп жазуу

1

Көчүрүп жазуу




4саат

Сүйлөм.

Сүйлөмдүн

түрлөрү

1

Сүйлөм



1

Жай сүйлөм



1

Суроолуу сүйлөм



1

Илептүү сүйлөм



7

1саат


1

Бышыктоо сабагы



8

2саат


2

Сөз . Сөздүк диктант.Көчүрүп жазуу




Жазуу сабагына түзүлгөн календардык-тематикалык планы 4-чейрек 28саат

Катар номери

Бөлүнгөн сааттар


Сабактын мазмуну

Сабактын саны


сабактын темасы

Өтүү убагы

мөөнөтү

Эскертүү

1

6саат

Тыбыш жана тамга


1

Тыбыш жана тамга.



1

Үнсүз тыбыш



1

Үнсүз тыбыштардын бөлүнүшү



1

Үндүү тыбыштар



1

Үндүү тыбыштардын бөлүнүшү



1

Созулма үндүүлөр.



2

2саат

Сөздүк жат жазуу

1

Сөздүк жат жазуу






1

Катанын үстүнөн иштөө




6саат

Үндүү тамгалар

1

Э(е)тамгасынын жазылышы



1

Жоон үндүүлөр



1

Ичке үндүүлөр.



1

Бышыктоо сабагы



1

Машыгуу сабагы



1

Үндүү тамгаларга карата көнүгүү иштөө



3

2саат

Жат жазуу.

1

Сөздүк жат жазуу.






1

Катанын үстүнөн иштөө



4

3саат



Йоттошкон тамгалар жана ь,ъ белгилери

1

Йоттошкон тамгалар катышкан сөздөр.



1

Машыгуу сабагы



1

Ь, Ъ тамгалары катышкан сөздөр.



5

1саат

Көчүрүп жазуу

1

Көчүрүп жазуу



6

6саат

Муун жана ташымал

1

Муун.



2

Сөздүк жат жазуу



2

Ташымал



1

Сөздүк жат жазуу



7

2саат


2

Жылдык кайталоо