3-стратегия. ТЕКСТ ТҮЗӨМ.
Стратегиянын сүрөттөлүшү
Аталган стратегия жазуу жана сүйлөө көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Тилдик ишмердүүлүктүн бул түрлөрү кептин өнүгүшүнө багытталган, ошондуктан аларды продуктивдүүгө кошот. Сүйлөөнүн жана жазуунун негизги окшоштугу алар маалыматты берүү үчүн кызмат кылгандыгында. Сүйлөө маалыматты түздөн-түз, байланыштырып берүүгө багытталгандыгында, ал эми жазуу – маалыматты аралыктан берүү үчүн. Маалыматты берүүнүн негизги ыкмасы – бул текст.
Стратегияны колдонуу максаты – окуучуларга өздөрүнүн тексттеринин түзүлүш алгоритмин түшүнүүгө жардам берүү.
Өзүнүн жеке оюн (оозеки же жазуу) түзүү үчүн окуучулар аларга белгилүү тилдик каражаттарды тандап алышат жана алардын жардамы менен зарыл болгон маалыматты берүүгө аракет кылышат. Текст гана байланыштуу ойдо тилдик каражаттардын иштешин көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, ошон үчүн таянычтардын алмаштыргыс түрлөрүнүн бири катары колдонулат.
“Текст түзөм” стратегиясы окуучуларга өздөрүнүн тексттерин түзүү үчүн мисалдарды, күтүлгөн натыйжалардын моделин, негизги сөздөрдү, тезистерди, аталыштарды ж.б. пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылат.
Стратегия 3 кадам менен ишке ашырылат.
3-схема. “Текст түзөм” стратегиясынын негизги кадамдары
Дифференциациялоо: мазмуну, процесс, чөйрө.
Окутуу үчүн универсалдуу долбоорлоо: окуучуларды окуу процессине тартуунун түрдүү ыкмалары, материалды берүүнүн түрдүү формалары.
Окутуу максаттары
окуучуларды тексттин белгилүү түрү менен тааныштыруу;
окуучуларда болгон тилдик каражаттардан оозеки жана жазуу текстин түзүү үчүн зарыл болгон каражаттарды тандап алууга үйрөтүү;
аларды бир бүтүндүккө бириктирүүнү үйрөтүү.
Күтүлүүчү натыйжалар
Окуучулар
тексттердин үлгүлөрү менен таанышышат;
алардын түзүмүн жана түзүлүш өзгөчөлүктөрүн түшүнүшөт;
өз алдынча текст түзүшөт.
Окутуу класс(тар): 2 – 4-класстар
Керектүү материалдар: үлгү тексттер, мүмкүн болуучу тилдик таянычтары бар карточкалар.
Класста ишти уюштуруу формасы: класстын баары менен иштөө, жуптар, тайпалар менен иштөө.
Стратегияны колдонуу жол-жобосунун баяндалышы
Стратегияны колдонгонго чейин
Мугалимге төмөнкүлөр сунушталат:
окуу материалынын (максатка ылайык: куттуктоо, жарыя, маалыматтык билдирүү, жеке кат, ыраазычылык, баяндоо/аңгеме, сүрөттөө, ой жүгүртүү) үстүндө иштөө процессинде окуучулар тарабынан кандай текст түзүлүшү мүмкүн экендигин аныктоо;
тиешелүү тексттердин үлгүлөрүн тандап алуу;
окуучулар өздөрүнүн тексттерин түзүүдө таяна ала турган тилдик таянычтарды даярдоо;
текстти баалоо критерийлерин даярдоо.
Стратегияны колдонуу учурунда
1-кадам. Тексттин үлгүсү менен иштөө
Бул баскычта мугалим тексттин үлгүлөрү менен иштөөнү уюштурат. Окуучулар сунушталган тексттин үлгүлөрүн окушат, түшүнүшөт, талдашат жана алардын түзүлүш моделин өздөштүрүшөт. Негизинен окулганды түшүнүүгө жана тилдик түзүмдү талдоого1 тапшырмалар сунушталат.
2-кадам. Таянычтар менен иштөө
Бул баскыч мугалим тарабынан сунушталган таянычтар менен текст түзүүнү болжойт. Окуучулар үлгү текстте камтылган түрдүү деңгээлдеги түзүмдүк бирдиктерге окшоштуруп ойлорун түзүшөт. Ушул эле учурда боштуктарды толуктоо, сүйлөмдөрдү толуктоо; тексттердин бирдигин ирилештирүү, жөнөкөй сүйлөмдөрдү татаал сүйлөмдөргө, сүйлөмдөрдү абзацтарга бириктирүү; сүйлөмдөрдү, абзацтарды логикалык жактан кайра топтоо; негизги сүйлөмдүн негизинде абзацты түзүү – кеңейтүү, абзацтын негизинде текст түзүү ж.б. көнүгүүлөрдүн түрлөрү аткарылышы мүмкүн.
3-кадам. Жеке текстин түзүү
Бул баскыч тесктти өз алдынча жазууну же мугалим тарабынан жаратылган/түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен оозеки билдирүүнү болжойт.
Баалоо
Иштин жыйынтыгы боюнча окуучулар тарабынан түзүлгөн текст бааланат. Баалоо критерийлери мугалим тарабынан үлгү тексттин түрүнө жана түзүлүшүнө (структура) ылайык иштелип чыгат. Ишти мугалим баалай алат, же болбосо өз ара баалоо: окуучулардан критерийлерге ылайык тексттерди талдоону жана сунуштарды берүүнү суранып, уюштурууга болот. Эгер окуучулар жазуу түрүндөгү текст менен иштешсе, сунуштарды эске алуу менен аларга кем жерин иштеп бүтүрүүгө убакыт берүү маанилүү, андан кийин гана мугалимге текшерүүгө берүү керек.
СТРАТЕГИЯНЫ ИШКЕ АШЫРУУ МИСАЛДАРЫ
1-мисал. Куттуктоо текстин түзүү мисалында стратегияны ишке ашыруу.
Куттуктоо тексти оозеки жана жазуу жүзүндө болушу мүмкүн. Иштин принциби мындан өзгөрбөйт.
Стратегиянын кадамдары | Тапшырмалардын мисалдары |
Тексттин үлгүсү менен иштөө | 1. Куттуктоо открыткасын окугула. Кымбаттуу Анара Исмаиловна! Сизди Жаңы жылыңыз менен куттуктайм! Сизге ден соолук, ийгилик, бакыт каалайм. Менин куттуктоомду үй-бүлөңүзгө да жеткирип коюңуз. Урматым менен, Айбек | 2. Открыткадан төмөнкү сөздөрдү тапкыла а) куттуктоо сөздөрүн (аларды жөнөкөй калем менен чийгиле); б) каалоо кандай айтылганын (көк калем менен чийгиле); в) куттуктоону жеткирүү сунушун (жашыл калем менен чийгиле). |
Таянычтар менен иштөө | 3. Сунушталган формалардын биринин бөлүкчөлөрүндөгү сөздөрдү алмаштыргыла: Мен (кимди?) | туулган күнү менен | | куттуктагым келет! | Жаңы жылы менен | | 8-Март майрамы менен | | 23-февраль менен | | Жеңиш майрамы менен | | Нооруз майзамы менен | | | чын жүрөктөн | куттуктайм! | | чын дилимден | | ак дилимден | | кызуу | 4. Башка каалоо-тилек айткыла. Каалоо-тилекти төмөнкүдөй билдирүүгө болот: Мен (кимге?) | | ийгилик / жетишкендик /бакыт / ден соолук (эмне?) | каалагым келет! | чын жүрөктөн | жаркын маанай / | каалайм! | чын дилимден | текшерүү ишин ийгиликтүү жазууну / | ак дилимден | бардык кыялдары орундалышын | | (эмне?) | 5. Куттуктап коюу өтүнүчүн башкача айтып көргүлө. Аны төмөнкүдөй айтса болот: Мен (кимге?) | салам / куттуктоо / изги тилек жолдоп, | ийгилик / жетишкендик /бакыт / ден соолук (эмне?) | каалайм! | “ |
Жеке текстти түзүү | 6. Көрсөтүлгөн конструкцияларды пайдаланып, өзүңөрдүн досторуңарга жаңы жылдык куттуктоо жазгыла. |
Баалоонун мүмкүн болуучу критерийлери
№ | БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ | Максимал-дуу балл | Окуучунун баллы |
1 | Тапшырманы туура түшүнгөн | 1 | |
2 | Кайрылуу бар | 1 | |
3 | Куттуктоо текстинин туура конструкциясы пайдаланылат (кимди? эмне? менен куттуктайм) | 1 | |
4 | Каалоо-тилек жазылган (бакыт / ден соолук / ийгилик...) | 1 | |
5 | Грамматикалык катасы жок жазылган | 1 | |
Баары | 5 | |
2-мисал. Жеке катты жазууга үйрөтүү мисалында стратегияны ишке ашыруу
Стратегиянын кадамдары | Тапшырмалардын мисалдары |
Тексттин үлгүсү менен иштөө | М.Ю. Лермонтовдун С.А. Раевскийге жазган катын окуп чык жана каттан төмөнкүлөрдү тап: а) автор катты кантип баштаганын, б) кат үчүн кантип ыраазычылык билдиргенин, в) иштер жөнүндө, жашоо жөнүндө суроолорго кантип жооп бергенин, г) жанылыктар жөнүндө сураганын, д) жоопту кантип жазуу керектигин суранганын, е) кантип тааныштарына салам жолдогонун, ж) кантип коштошконун. |
| Кымбаттуу досум Святослав! Сенин катың мага жетти. Аны үчүн сага ыраазылылыгымды билдирем. Буга чейин мен сен жөнүндө чоң энемдин катынан эле билчүмүн. Сен менин иштерим жөнүндө сураптырсың. Мен Россиядан кеткенден баштап саякаттадым, Шушада, Кахетияда болдум. Крестовая тоосуна чыктым. Ал жактан Грузиянын жарымы көрүнөт. Ошол мүнөттөрдө эч нерсенин кереги жок эле, жылбай бүтүндөй өмүрдү карап отургум келди. Кош, ардактуу досум, мени унутпа. Биздин жалпы тааныштарыбызга салам айт. Эгер убакыт тапсаң, кандай жашап жатканың жөнүндө, жаңы премьера жөнүндө эмне сөз болуп жатканын жаз. Сага түбөлүк берилген М.Лермонтов | “ |
Таянычтар менен иштөө | Катты адатта кантип баштарын оку. Кайрылуу формасына көңүл бур. Сен кимге ушинтип кайрылуу керек деп ойлойсуң? Кандай катта (расмий/расмий эмес) ушундай кайрылуулар орундуу. Урматтуу Иманкулов мырза! Урматтуу Айнура Акылбековна! Кымбаттуу чоң ата! Сүйкүмдүү Зарина! Саламатсыңарбы, Зариночка жана Айбек! Саламатсыңбы, Кайрат! Кутман күн, Рустам! | Ыраазычылыкты дагы кантип билдирсе болорун окуп чык ак дилден чыккан сөздөр үчүн жылуу каалоо-тилектер үчүн | чоң рахмат / рахмат сага/сизге / сага/сизге алкыш | Мен сага ... үчүн (кимге? эмне үчүн?) | рахмат айткым келет / айтууну каалайм / айтсам дейм / айтышым керек | Кат алганда кубанууну дагы кантип билдирүүгө болорун окуп чык Кат алганыма кандай кубанычтамын! Сенден / Сизден кат алганыма мен аябай кубанычтамын. Рахаттануу/кубануу менен сенин/Сиздин катыңызды окуп чыктым. | Жашоо жөнүндө, пландар жөнүндө дагы кантип сураса болорун окуп чык Иштер кандай? Жашоо (окуу, жумуш, маанай) кандай? Эмне жыңылык? Кызыктуу эмнелер болуп жатат? Сенде/Сизде кандай жаңылыктар бар? Жайында эмне кыласың/кыласыз? | Жашоо жөнүндө, пландар жөнүндө суроого дагы кантип жооп берсе болорун окуп чык Сен | менин кандай жашап жатканымды/менин иштерим кандай экенин/ менин иштерим кандай жүрүп жатканын/менде кандай жаңы нерселер бар экенин/ менде кандай жаңылыктар бар экенин | сураптырсың | Сиз | сураптырсыз | Менде баары Иштер | жакшы / жайында / мурункудай / өзгөрүүсүз. жакшы / жаман эмес / мурункудай. | Өтүнүчтү дагы кантип билдирүүгө болорун окуп чык Сенден/Сизден | + эмне кылууну? | суранам | Менде сага/Сизге | | Кичи пейилдикке, | | Жооп жазууну дагы кантип суранууга болорун окуп чык Унутпа (ңыз), жазып тур (уңуз). Чыдамсыздык менен жооп күтөм. Жооп алууну абдан каалайм. Сен/Сиз мага жооп бересиң/бересиз деп ишенем. | Каттын аягы дагы кандай болушу мүмкүн Көрүшкөнчө. Жакшы кал (ыңыз). Жакшы тур (уңуз). Жолугушканча. Колуң (уңуз) ду кысып, урматым менен ... | ‘ |
Жеке текстти түзүү | Сенин эң жакын досуң ата-энеси менен башка шаарга көчүп кетти деп элестет. Эми силер электрондук почта боюнча бат-баттан кат алышып турасыңар. Өзүңдүн досуңа кат жаз. Сен окуп чыккан конструкцияны пайдалан. |
Мүмкүн болгон баалоо критерийлери
№ | БААЛОО КРИТЕРИЙЛЕРИ | Максималдуу упай | Окуучунун упайы |
1 | Тапшырманы туура түшүнгөн | 1 | |
2 | Каттын башталыш конструкциясы бар | 1 | |
3 | Ыраазычылык конструкциясы пайдаланылган | 1 | |
4 | Иштер тууралуу, жашоо тууралуу суроого жооп конструкциясы пайдаланылган | 1 | |
5 | Жаңылыктар жөнүндө айтылган | 1 | |
6 | Жооп жазуу өтүнүчү бар | 1 | |
7 | Башка адамдарга салам жолдонгон | 1 | |
8 | Катты аяктоо формуласы колдонулган | 1 | |
9 | Грамматикалык каталары жок жазылган | 2 | |
Баары | 10 | |
Упайларды баага которуу шкаласы
Упайлар | Баа |
9 – 10 балл | “5” |
7 – 8 балл | “4” |
4 – 6 балл | “3” |
1 Дидактикалык тапшырмадан улам талдоо маанилик, композициялык, тилдик, стилистикалык болушу мүмкүн.
5