СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Phpy7sbY4_Strategiya-Interaktivd-okuu.docx

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Phpy7sbY4_Strategiya-Interaktivd-okuu.docx»

2 -стратегия: Интерактивдүү окуу

Сабактын катышуучулары: мугалим, 12 окуучу (6 эркек бала жана 6 кыз). Эмеректерди жайгаштыруу: окуучулар үстөлдөрдө отурушат.

Балдар адабияты: Мугалим окуйт жана окуу мазмунунун каалаган тармагы боюнча талкуулоо жүргүзөт.

Мугалим жалпы класска үн чыгарып окуган учурда, окуучулар аны кунт коюп угушат, ошондуктан мугалимдин окуганы гана эмес, аны кантип аткаргандыгы дагы маанилүү. Мугалимдердин назарына интерактивдүү окуу стратегиясы сунуш кылынат, ал мугалим тарабынан китепте эмне болуп жаткандыгын жалпы класс менен талкуулоо аркылуу окуучуларды китеп окуу процессине тартууга багытталган. Талкуулоо мугалим китепти окуп жаткан учурда окуучуларга берген суроолордун жардамы менен ишке ашырылат. Бул суроолор белгилүү түзүлүшкө жана өтө иреттүү ырааттуулукка ээ. Төмөндө интерактивдүү окуунун эки стратегиясы берилген: «Багыттоо, баалоо, кеңейтүү, реакция кылуу», жана «Шыбырап айтуу», алар өз аталыштарын мугалим тарабынан китепти үн чыгарып окуп жаткан учурда окуучуларга берилген суроолордун милдетинен жана окуганды тереңирээк түшүнүү үчүн окуу шыбырап айтууну пайдалануудан улам алышкан.

  • Дифференциация: окутуу процесси, окуу чөйрөсү.

  • Окутуу үчүн универсалдуу долбоорлоо: окутуу процессине окуучулардын катышуусу/тартылуусу.

Окутуу максаттары

  • Окуганын түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүү.

  • Сөз байлыгын кеңейтүү.

  • Суроолорго толук (майда-чүйдөсүнө чейин)жоопту түзүү.

  • Текст менен иллюстрациянын ортосундагы байланышты аныктоо.

Күтүлүүчү натыйжалар

Окуучулар:

  • тексте/китепте түйүндүү маалыматты аныкташат;

  • көркөм адабият:чыгарманын түзүлүшү жана маанилүү деталдары (ким, эмне, кайда, качан, эмне үчүн).

  • илимий-популярдуу: башкы идея жана колдоочу деталдар.

  • окугандарын жашоо тажрыйбасы менен байланышын түзүшөт;

  • суроолорго жооп берүүдө жаңы сөздөрдү пайдаланышат.

Окутуу класс (тар): 1-класстын экинчи жарымынан 2-класска чейин.

Керектүү материалдар: Сабактын темасына байланыштуу (китептин тексти өтө узун, бирок ошол эле учурда өтө кыска болбошу керек) китептин бир нече көчүрмөсү (эгер мүмкүн болсо), китептин тексти иллюстрациялар менен коштолушу керек.

Класста ишти уюштуруунун формасы: жалпы класс

Стратегияны колдонуу жол-жобосунун баяндалышы

Стратегияны колдонгонго чейин

Мугалим төмөнкүлөрдү даярдоосу зарыл:

  • Окуучулардын көндүмдөрүнүн өнүгүү деңгээлине ылайык окуп-үйрөнүп жаткан теманы камтыган китептерди.

  • «Багыттоо, баалоо, кеңейтүү, реакция кылуу1» жана «Шыбырап айтуу2» стратегияларына дал келген ырааттуу суроолорду.

«Багыттоо, баалоо, кеңейтүү, реакция кылуу» стратегиясындагы суроолордун ырааттуулугу

Багыттоо: мугалим окууну багыттоочу суроо менен баштайт, ал окуучуларды окууга тартылуусуна мүмкүнчүлүк берет, алардын көңүлүн окулуп жаткан китепке бурат, бул китеп эмне жөнүндө экендигин түшүнүүсүнө жардам берет. Мугалим китептин аталышын тактайт, окуучулардын көңүлүн иллюстрацияга бурат же биринчи сүйлөмдү окуп бүткөндөн кийин, окуучулардан бул китеп эмне жөнүндө боло тургандыгынын кандай божомолдоосу бар экендигин сурайт.

Баалоо: мугалим окуучулардын жоопторун тууралыгын тастыктоо менен баалайт: «Ооба», «Туура», «Албетте», «Макулмун», же «Келгиле, сенин туура экендигиңди карап көрөлү».

Кеңейтүү: мугалим окуучунун жообун баяндайт жана окугандарын тереӊирээк түшүнүү үчүн маалымат кошот.

Реакция кылуу: мугалим окуучулар тарабынан жаңы алынган маалыматты кайталоого шыктандырат. Бул окуучулардын жаңы маалыматтарды өздөштүргөнүн аныктоо үчүн аткарылат.

«Шыбырап айтуу» стратегиясындагы суроолордун ырааттуулугу

«Сүйлөмдү бүтүрүү» шыбырап айтуусу: мугалим сүйлөмдү окуй баштайт, бирок окуучуларга сүйлөмдөрдү өзүлөрү бүтүрүү мүмкүнчүлүгүн калтырат. Мисалы, мугалим окуйт: «Жазгы аба мелүүн жана таза. Мына, биринчи …жашыл болуп калды», окуучулар: «Жалбырак» - деп жооп беришет. Бул тапшырма поэтикалык тексттерге же кайталануучу фразалар болгон жерлерде колдонулат. Тапшырманы аткаруу бул текстте кайсы тил стили пайдаланганын окуучуларга аныктоого мүмкүндүк берет, бул кийинки окуу үчүн чечүүчү мааниге ээ.

«Баарын эстөө» шыбырап айтуусу: мугалим окуучуга китеп же текст окуп бергенден кийин, ал окугандарын эстеп калууга жардам берген суроолорду берет: «Окуя кантип башталган? Андан кийин эмне болду? Окуя эмне менен аяктады?»

Ачык шыбырап айтуулар: мугалим окуучулардын көңүлүн китептеги иллюстрацияларга бурат, окуучуларга суроолорду берет: «Сүрөттөн эмне көрүп жатасыӊар, айтып бергилечи?», «Иллюстрация бизге эмне жөнүндө айтат?». Бул окуучуларга өз оюн эркин айтууга мүмкүндүк берет.

«Эмне? Кайда? Качан шыбырап айтуусу: бул суроолор жаңы сөздөрдү өздөштүрүүгө түрткү берет же окуучулардын тексттеги маанилүү деталдарга көңүл буруусуна маани берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мугалим окуучуларга жаңы же тааныш эмес сөздөрдү окуу менен, аларда эмне жөнүндө сөз болуп жаткандыгына божомолдоолору барбы, бул кайда, качан жана кантип пайдалана тургандыгын ж.б. сурашы мүмкүн.

«Реалдуу жашоо менен байланыш» шыбырап айтуусу: мугалим окуп жаткан тексттин/китептин мазмуну жана окуучулардын реалдуу жашоосундагы болуп жаткан окуялар ортосундагы байланышты өткөрөт. Бул жерде окуучулардын эмне айтканын кунт коюп угуу жана алардын сүйлөшүү кебинин, айтып берүү билгичтигинин өнүгүүсүн демилгелөө жана турмуштук тажрыйбасы менен окугандарынын байланышын түзүү маанилүү.

Стратегияны колдонуу учурунда

  • 1-кадам. Окуучуларга сабактын максатын (сабактын бөлүгүнүн максатын) түшүндүрүӊүз, алардын эмнеге үйрөнө турганын, класс менен суроолордун үстүнөн кантип иштешин тактаӊыз.


  • 2-кадам. «Багыттоо, баалоо, кеңейтүү, реакция кылуу» жана «Шыбырап айтуу» стратегиялар жөнүндө окуучуларга айтып бериӊиз.

  • 3-кадам. Китептин серебин алдын-ала жүргүзүӊүз.

  • Окуучуларды китептин аталышы менен тааныштырыӊыз, автор жана иллюстратор жөнүндө айтып бериӊиз.

  • Китептин темасы жөнүндө бар болгон алдын ала маалыматтарды талкуулаӊыз.

  • Окуучуларга ушул китепте эмне жөнүндө талкуулана тургандыгын божомолдоого мүмкүнчүлүк бериӊиз.

  • 4-кадам. «Багыттоо, баалоо, кеңейтүү, реакция кылуу» жана «Шыбырап айтуу» стратегияларын колдонуу менен окуучуларга үн чыгарып окуп бериӊиз.

Стратегияны колдонгондон кийин

Үй тапшырмасы: мугалим окуучуларга окулган китепке же текстке карата «ачык» жана «жабык» же «Блумдун ромашкасы» суроолорун түзүүнү сунуш кылат.

Баалоо. Мугалим окуучулардын жообун кунт коюп угат жана ага жакшы жооп берүүгө жардам бере турган кийинки суроонун түрүн аныктайт.

Баалоонун варианттары:

  • Окуу көндүмдөрү калыптанбаганын көрсөткөн окуучулар: мугалим окуучулар үчүн татаал болуп эсептелген суроолорду кайталайт же өзгөртөт, же текстти кайрадан окуп чыгат.

  • Окуу көндүмдөрү калыптанганын көрсөткөн окуучулар: мазмундук божомолдоого, жалпылоого, талдоого («Эмне үчүн?») жана баалоо ой пикирин аныктоого суроолорду берүү.

1 Англис тилиндеги версияда бул стратегия PEER деп аталат: П – багыттоо, шыбырап айтуу, E - баалоо (баалоо), E - жайылтуу (кеңейтүү), R жооп берүү (жооп берүү, реакция кылуу).


2 Англис тилиндеги версияда бул стратегия CROWD деп аталат: C - толук (сүйлөмдү аяктоо), R-эскерүү (эстөө), О - ачык, тез жардам (ачык шыбырап айтуулар), W - Эмне, Качан, Кайда, Эмне үчүн? суроолору (“Эмне?”) , "Кайда?", "Качан?" Жана "Эмне үчүн?"), D-Distaning (аралыкты кармоо).



3