PISA деген эмне? PISA- окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы Кыргызстан 2025-жылы өтө турган окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына катышат .
- PISAны 2000-жылдан бери экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (ОЕСД) ар 3 жылда бир жолу өткөрүп келет.
- Эл аралык баалоонун 8-цикли (2021-жылы өтүш керек эле) СОVID-19 пандемиясына байланыштуу бир жылга жылдырылып, 2022-жылы өтмөй болду.
- PISAга катышуучу өлкөлөрдүн саны 2000-жылы 32 болсо,2022-жылга карата 88 ге жетти.
- PISA изилдөөсү мониторинг жүргүзүүчү болуп эсептелет.Ал ар бир мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү аныктап, билим берүү жетишкендиктерин же кемчиликтерин салыштырып,тиешелүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет.
Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 15 жаштагы окуучулар катышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ,ошондуктан ушул жашка келип,мектептеги милдеттүү билим алуу аяктайт.
PISA кимди баалайт?
PISA окуучулардын функционалдык сабаттуулугун , мектепте алган билимин практикада колдонуу жөндөмдүүлүгүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашоого даярдыгын баалайт. Б.а. жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө, же болбосо,өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмдү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат.
Функционалдык сабаттуулук деген эмне?
- Функционалдык сабаттуулук- адамга ОКУУГА, ЖАШООГО, ИШТӨӨГӨ жардам бере турган сабаттуулук.
- « Функционалдык сабаттуу адам - бул ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндө, баарлашууда жана социалдык мамилелерде турмуштук маселелерди чечүү үчүн өмүр бою тынымсыз алып турган билимдер менен көндүмдөрдү колдонууга жөндөмдүү адам»
Леонтьев А.А.
- PISA дагы баалоо кандай жүргүзүлөт?
- Окуучулардын билим жетишкендигин изилдөө негизги 3 багытта жүргүзүлөт:
1. Окуу сабаттуулугу;
2.Математикалык сабаттуулук;
3.Табигый илимдер боюнча сабаттуулук;
PISA нын акыркы циклдарында кошумча инновациялык багыттар иштелип чыккан.
Ар бир 3 жылда бир инновациялык баалоо багыты киргизилет:
-Санариптик сабаттуулук (2009)
-Глабалдык компетенттүүлүк (2018)
-Тапшырмаларды өз алдынча аткаруу (2012)
-Краетивдүү ой жүгүртүү (2022)
Ар бир мамлекет кошумча багытты тандоону же андан баш тартууну өзү чечет.
Математикалык сабаттуулук – бул ар түрдүү контексттерде математиканы формилировкалоо, интерпретациялоо жөндөмү. Ал өзүнө математикалык талдоо жана кубулуштарды сүрөттөө,түшүндүрүү жана прогноздоо үчүн математикалык түшүнүктөр,фактылар боюнча ой жүгүртүү.
Табигый –илимий сабаттуулук- илимий методдордун жардамы менен изилденип,такталып,байкоолорго жана эксперименттерге негизделген тыянактарга алып келүүчү реалдуу кырдаалдардагы көйгөйлөрдү табигый-илимий билимдерди колдонуу менен аныктоого жөндөмдүүлүк.
Окуу сабаттуулук- жазуу түрүндө берилген тексттерди түшүнө билүүсү жана ой жүгүртүүсү, өз максаттарына жетүү үчүн аларды пайдалана билүүсү.Көз караштарга,мамилелерине көнүл бурулат.
Билимди текшерүүнүн төрт деңгээли эске алынат
1-деңгээл
Маалыматты билүү деңгээли
2-деңгээл
Билгенин практикада
3-деңгээл
колдонуу
4-деңгээл
Проблемалык
деңгээли
жагдайды
Чыгармачыл
мамиле
чечүү
деңгээли
деңгээли
1.Маалыматтык билим деңгээлинин критерийлери
- Үйрөнгөнүн кайталап айтып бере алуу;
- Үйрөнгөнүн баяндап айтып бере алуу;
- Үйрөгөнүн жаттап айтып бере алуу;
- Үйрөнгөнүн сүрөттөп айтып бере алуу;
2. Практикада колдонуу деңгээлинин критерийлери
* Эрежени практикада далилдей алуу;
* Үйрөнгөнүн практика жүзүндө түшүндүрө алуу;
* Фактыларды талдап далилдей алуу;
* Түшүнүктү мисал менен талдап бере алуу;
*Түшүнүктү мүнөздөп, далилдеп бере алуу;
3. Проблеманы чечүү деңгээлинин критерийлери
- Проблемалуу жагдай түзө алуу;
- Түзүлгөн проблемалуу жагдайды чече алуу;
- Проблемалуу мидеттерди аткара алуу;
- Түшүнүктөрдү анализдеп,талдай алуу;
- Далилдерди салыштырып, себептерин иликтей алуу;
- Түшүнүктү жалпылап, жыйынтыкка келе алуу;
4.Чыгармачыл деңгээлдин критерийлери
- Ишмердик мамилесин текшерүү жана баалоо үчүн суроолор жана тапшырмалар менен иштей алуу;
- Предмет аралык байланышты ишке ашыруу үчүн суроолор жана тапшырмаларга жооп бере алуу;
- Жеке көз карашын билдирүү жана аны далилдөө үчүн суроолор жана тапшырмалар менен иштей алуу;
Окуучунун чыгармачыл-ишмердүүлүгүнүн жалпы ырааттуулугу кандай болот?
- Билүүсүз-колдоно албайт;
- Колдонуусуз- ой жүгүртүү болбойт;
- Ой-жүгүртүүсүз –проблеманы чече албайт;
- Проблеманы чече албаса- ишмердик болбойт;
- Ишмердиксиз-чыгармачылык болбойт;
- Чыгармачылыксыз –жаңылык жаралбайт;
- Жаңылыксыз-ачылыш болбойт;
- Ачылышсыз –өсүш болбойт;
Жыйынтыктар кантип бааланат?
- Тесттен өткөн ар бир окуучуга эл аралык 1000 баллдык шкала боюнча балл берилет, ал эми ар бир топтогу тапшырманы аткаруу үчүн өзүнчө (математика, окуу жана табигый илимдер)
- Эл аралык 1000 баллдык шкала төмөндөгүдөй мүнөздөмөгө ээ: -шкала боюнча орточо балл 500, стандарттык чектөө 100 балл, ошондо бул изилдөөгө катышкан бардык өлкөлөрдөгү билим алуучулардын болжол менен 2/3 бөлүгү 400дөн 600гө чейин балл ала турганын билдирет.
Кыргызстан мектептик билим берүүнүн эл аралык рейтингине 2025-жылы кайрадан кошулууга даяр. Учурда өлкөнү PISAга даярдоо иштери башталды. PISА-2025 тин эң башкы багыты математика,табигый илимдер боюнча, окуу сабаттуулугу болот.
Изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстан үчүн төмөндөгүлөргө жардам берет:
- Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугунун деңгээлин баалоо менен башка өлкөлөрдүн билим берүү системасына карата эффективдүүгүн салыштыруу;
- Окутуунун эффективдүүлүгүнө жана жыйынтыктарына таасир этүүчү факторлорду баалоо,Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо үчүн сунуш жана стратегияны иштеп чыгуу;
- Убакыттын өтүшү менен Кыргызстандагы окуучулардын функционалдык сабаттуулугун өнүктүрүүдөгү өзгөрүүлөрдү байкоо;
Тапшырмалардын форматы
- Тест тапшырмалары анкета түрүндө болот жана белгилүү бир көйгөйдүн түшүндүрмөсү менен тапшырмалар берилет. Анда ар кандай мүнөздөгү жана кыйынчылыктагы бирден алтыга чейин суроолор берилет.
- Тест суроолорунун ар кандай форматтагы (ачык же жабык) колдонулат. Мында суроолорго өз оюн жазышы, жеке көз карашын билдире алышы керек,же туура,туура эмес деп баалана турган (жабык жооп)жоопторду тандап алышы керек. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымын эркин түрдө жооп берүүгө болжолдонгон суроолор түзөт.
- 2015-жылдан тартып PISA компьютердик баалоого өттү. Дээрлик бардык өлкөлөр санариптик форматтагы тестирлөөгө катышкан.
- Көңүл бурганыңыздарга ырахмат!
МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ ДЕГЕН ЭМНЕ ?
- Мамлекеттик билим берүү стандарты –
бул мамлекет өзүнүн бардык атуулдарына милдеттүү түрдө камсыз кылуучу билим берүүнүн минималдуу,алгачкы,түпкү деңгээли болуп эсептелет, башкача айтканда мамлекеттик стандарт-коом тарабынан ар бир атуулга кепилдене турган билимдүүлүктүн мамлекеттик нормасы.
- Жаңы мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарты КРнын министрлер кабинетинин 2022-ж.22-июль, №393 токтомунун негизинде кабыл алынды.
Жалпы билим берүү системасынын негизги компетенттүүлүктөрү
- 1. Маалыматтык компетенттүүлүк-о куучулардын маалыматты өз алдынча издөөгө, талдоого тандоого, иштеп чыгууга, тыянак чыгарууга,сын көз караш менен түшүндүрүүгө даярдыгы жана жөндөмдүүлүгү,керектүү маалыматты алып аны оозеки жана жазуу формасында маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу жөндөмдүүлүгү .
- Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк-өзүнүн умтулуусун башка социалдык топтордун кызыкчылыктары менен туура келтирүүгө,адамдардын баалуулуктарына (маданий,диний,этностук,гендердик,кесиптик,инсандык) сый мамиле жасоонун негизинде өзүнүн көз карашын коргой билүүгө даярдыгы, Мекенди сүйүү,улуттук каада-салтты урматтоо, Кыргызстандын маданий мурасына жана жаратылыш байлыктарына аяр мамиле кылуу;
- Өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чечүү компетенттүүлүгү-өзүнүн потенциалдуу жана актуалдуу касиеттерин,инсандык өзгөчөлүктөрүн,окуу жана турмуштук кырдаалдагы көйгөйлөрдү жана карама-каршылыктарды табуу жөндөмдүүлүгү,чыгармачылык жана долбоордук иштерди аткаруу үчүн талдоону колдонууменен аларды чечүүнү пландаштыруу ;
Мамлекеттик стандартта төмөнкүдөй билим берүү тармактага бөлүнөт .
- 1. Филологиялык
- 2. Социалдык
- 3.Математикалык
- 4.Табигый-илимий
- 5.Искусство жана технологиялар;
- 6.Ден соолук маданияты
Билим берүү тармактары
Филология-лык
Баштал-ч
Социалдык
Негизги билим
билим берүү
1.Кырг.тил, окуу
«Мен жана дүйнө»,
Табигый-илимий
1.Кырг.тил
берүү
2.Орус тил,
Орто жалпы
2.Орус тил
Мекен таануу,
1.Тарых
турмуш тир.коопсуз
окуу
Математи-калык
1.Кырг.тил
б.берүү
1.Таб.т-нуу
3.Эне тил
Искусство,
2.Диндер-н
трежелери,
математика
табият таануу
3.Эне тил, окуу
2.Орус тил
1.Тарых
1.Матем-ка
өнүгүү тар-х
2.Биология
1.Көркөм-сүрөт чыг.
технология
4.Кырг.жана
Ден соолук
4.Чет тили
адеп
3.Эне тил
1.Биология
2.Дин-н өнү.
маданияты
дүйнө адаб.
3.Адам жана коом
1.Технол-я
2.Алгебра
2.Музыка
1.Дене
3.Химия 4.Физика
тарыхы
4.Кырг.адаб.
1.Алгебра
2.Химия
тарбия
2.Көр.сүрөт
5.Геогр-ия
3.Геоме-я
1.Дене
5.Чет тили
2.Геометрия
3.Адам жана коом.
3.Физика,астрономия
1.Инфор-ка
3.Музыка
тарбия
1.Дене
4.Географ-я
4.Инфор-ка
Тарбия
2.АЧД