PISA 8-9-КЛАСС
* Обязательно
Электронная почта*
Ваш адрес эл. почты
Аты-жөнү*
Мой ответ
Мектептин аты*
Мой ответ
Класс*
Мой ответ
Область*
Мой ответ
Город (район)*
Мой ответ
МАТЕМАТИКА Төрт бурчтуктар АВ жана СD параллель жактары бар AВСD төрт бурчтугу. AO кесиндиси OC кесиндисинен кичине. М жана О чекиттери – төрт бурчтуктун жактарын кесиндилерге бөлөт. DM кесиндиси OС кесиндисинен кыскарак.
Мой ответ
1-тапшырма. Жогоруда сүрөттөлгөн фигуранын номерин тегеректеңиз. *
1
2
3
4
Сом монеталары Изилдөөчүлөр идеалдуу монета системасын төмөнкү талаптарга жооп берерин аныкташты: 1. Монеталардын диаметри 15 мм ден кем эмес жана 45 мм ден ашпоого тийиш. 2. Системанын ар бир кийинки монетасынын диаметри мурункусуна караганда 30% га көбүрөөк болушу керек. 3. Диаметри бүтүн санга барабар болгон монеталар гана чыгарылат.
Мой ответ
2-тапшырма. Тизмеде көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын монеталарынын көлөмүн эсептеп чыгыңыз. Сиз 15 мм өлчөмүнөн баштап, сиздин эсептөөңүздө биздин мамлекеттин аймагында колдонулуп жаткан 50 тыйындан 10 сомго чейинки монеталар камтылышы керек. _______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________*
Мой ответ
Блоктордун курулушу Каныкей кичинекей кубиктерден блок курганды жакшы көрөт, бул сүрөттө оң жагында көрүнүп турат:Каныкей бул көп кубиктерди кагаздан жасап, 1-сүрөттөгүдөй сегиз кубикти бир блокко чаптайт
Мой ответ
3-тапшырма. Каныкейге 2-сүрөттөгүдөй блок куруу үчүн канча чакан куб керек? Жообу: ________________ куб.*
Мой ответ
4-тапшырма. Каныкей, 3-сүрөттөгүдөй блокту курууга караганда, кичинекей кубиктерди көбүрөөк колдонгонун байкады. Каныкей кичинекей кубиктерди бири-бирине жабыштырып, 3-сүрөттөгүдөй блок алса болот, бирок блок ичинен көңдөй болушу мүмкүн экендигин түшүндү. Ал 3-сүрөттөгүдөй, бирок ичтен көңдөй болгон блокту куруу үчүн минималдуу канча куб керек? Жообу: _________________ куб.*
Мой ответ
5-тапшырма. Эми Каныкей бир бүтүнгө окшогон блок кургусу келет, анын узундугу 6 кичинекей, туурасы 5 кичинекей, бийиктиги 4 кичинекей куб. Ал блоктун ичиндеги боштуктун эсебинен минималдуу кубдарды колдонууну каалайт. Ушундай блокту куруу үчүн Каныкейге минималдуу канча сандагы кубдар керектелет? Жообу: ______________ куб.*
Мой ответ
Акча алмаштыруу. Самара Бишкектен АКШга 3 айга стажировкадан өтүүгө даярданып жатат. Ал бир нече миң сомду америкалык долларга ($) алмаштырышы керек
Мой ответ
6-тапшырма. Самара АКШ доллары менен кыргыз сомунун алмашуу курсу төмөндөгүдөй болгонун билди:1 $ - 84.95 сомСамара ушул курс боюнча сапар үчүн 1250 АКШ долларын даярдашы керек. Самара алмашууга канча кыргыз сомун даярдашы керек? Жообу: _______________________________________*
Мой ответ
7-тапшырма. Стажировка бүткөндөн кийин Самара үйгө келип, 340 АКШ доллары калганын аныктады. Бирок аларды жаңы курс менен алмаштырды: 1 $ - 81,4 сомАл жаңы курс боюнча канча кыргыз сомун алды? Жообу:____________________________________________________________*
Мой ответ
8-тапшырма. 3 айдын ичинде алмашуу курсу 1 доллар үчүн 85,95 сомдон 81,4 сомго өзгөрдү.Жаңы курс Самара үчүн пайда алып келди деп айта алабызбы? Жоопту түшүндүрүңүз. Жообу: ____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________*
Мой ответ
Үй-бүлөлүк саякат Бейшемби күнү Асановдордун үй-бүлөсү “TEZ JET” компаниясынын учагы менен Оштон Бишкекке учуп кетишти. Үй-бүлөдө – атасы, апасы, 4-класстын окуучусу уулу Самат, 6 айдагы кызы Алия жана чоң апасы
Мой ответ
9-тапшырма. Асановдордун үй-бүлөсү Бишкек шаарына билеттерге канча акча коротушат, эгер билеттин баасы 2650 сом болсо, чоң эне пенсияда болсо жана ал 20% га арзандатуу укугуна ээ, Алия дагы деле орунсуз бекер билет менен учат, анткени ал апасы менен отурат, Саматтын билети 30% га арзандатылган, анткени ал балдар билети менен учат. Жообу (чыгарылышын түшүндүрүү менен): ________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________*
Мой ответ
10-тапшырма. Кайра кайтып келе жатканда Асановдордун үй-бүлөсү авиабилеттерин башка компаниядан сатып алышкан. Алия менен Саматтан башкасынын бардыгы Ош шаарына толук кандуу билет менен учуп кетишти, анын баасы 3150 сомду түздү, ал эми Самат балдардын авиабилети менен 2250 сомго учуп кетти, Алия болсо билетин отургучсуз алды. Бишкектен Ошко кайтып келүү баасы канчага кымбат болду? Жообу (чыгарылышын түшүндүрүү менен): __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________*
Мой ответ
11-тапшырма. Асановдордун үй-бүлөсү үчүн Ош-Бишкек жана Бишкек-Ош авиакаттамы үчүн пландалган 20 миң сом жетиштүү болдубу? Жообу:__________________________________________________________________*
Мой ответ
Это обязательный вопрос.
Буруу Баштапкы абалы чиймедеги PORS тик бурчтугундай көрсөтүлгөн уктоочу бөлмөдө керебет жайгашкан. Бизге керебетти терезеге параллель болгудай жылдыруу үчүн KMST тик бурчтугундай абалга жылдырууга болот
Мой ответ
12-тапшырма. Кайсыл чекит биздин керебеттин буруу чекити болуп эсептелет? Жообу: _________________________________________________________________*
Мой ответ
13-тапшырма. Бөлмөдөгү эмеректерди жогорудагыдай шарт менен ордуларын которуу үчүн, уктоочу бөлмөдөгү керебет кандай жайгашуусу зарыл? Жообу: ______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________*
Мой ответ
ЖРТнын орточо баллы Диаграммада 2015-2020-жылдар аралыгындагы жалпы республикалык тестирлөөнүн орточо баллы берилген.
Мой ответ
14-тапшырма. Төмөндө берилген таблицага ылайык туура жоопторду тандагыла*
Жуп жылдардагы ЖРТнын орточо баллы так жылдардагы орточо баллдан чоң
Так жылдардагы ЖРТнын орточо баллы жуп жылдардагы орточо баллдан чоң
Жуп жылдардагы ЖРТнын орточо баллы так жылдардагы орточо баллга барабар
ТАБИГЫЙ ПРЕДМЕТТЕР Ашканадагы ирет Ашкананы иретке келтирип жатып, Тамара текчеде ак порошок салынган банкаларды таап алып, алардын ичиндеги заттар банканын сыртындагы кагазда жазылгандарга дал келеби же дал келбейби аныктайын деди. Ал үчүн Тамара бир нече жөнөкөй эксперимент жүргүздү, анын натыйжасында ар бир банканын ичинде салынган заттын касиеттерин аныктады.
Мой ответ
15-тапшырма. Тамаранын тажрыйбасынын натыйжалары төмөнкү таблицада берилди. «Ообаны» тегеректегиле, эгер банканын сыртындагы кагазда жазылган аталышы анын ичиндеги заттын таблицада жазылган касиеттерине дал келсе, ал эми аталышы бул касиеттерге дал келбесе, анда «Жокту» тегеректегиле*
Ооба
Жок
Ун. Даамы жок жана сууда начар эрийт.
Сода. Сууда эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрбөйт.
Туз. Сууда начар эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрөт.
Кант. Сууда эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрбөйт.
Ун. Даамы жок жана сууда начар эрийт.
Сода. Сууда эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрбөйт.
Туз. Сууда начар эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрөт.
Кант. Сууда эрийт жана уксус кислотасы менен реакция жүрбөйт.
Заттын бир агрегаттык абалынан экинчисине өтүүсү үчүн тело энергияны сырттан алышы же айлана-чөйрөгө берүүсү талап кылынат.Графикте М жана N эки кристаллдык заттын температурасы жана агрегаттык абалынын өзгөрүүсүнө байкоонун натыйжалары чагылдырылган
Мой ответ
16-тапшырма. Сүрөттө берилген графиктин жардамы менен N заты эрип баштаганда М затынын температурасы кандай болгондугун аныктагыла.*
1100 градус С
800 градус С
400 градус С
100 градус С
Жаңгак-мөмө токойлоруГрек жаңгагы көп жыл жашаган дарак. Жер жүзүндө бири-биринен мөмөсү менен айырмаланган 900 түрү бар. Данегинин химиялык курамы тɵмɵндɵ берилген.
Мой ответ
17-тапшырма. Жаңгактын составындагы кайсы зат адамдын мээсинин, жүрөгүнүн, көзүнүн жана муундарынын иштешине пайдалуу? _____________________________________________*
Мой ответ
18-тапшырма. Жаңгак-мөмө токою эс алуучуларды өзүнө тарткан уникалдуу ландшафтка ээ. Сейрек кездешкен уникалдуу жаңгак-мөмө токойлорун аярлап пайдаланууга, коргоого жана дагы миңдеген жылдарга чейин сактоого татыктуу. Ар бир суроонун жанына «Ооба» же «Жок» деп белгилегиле.*
Ооба
Жок
Жаңгак дарагын Александр Македонский Кыргызстанга алып келди беле?
Жаңгак-мөмө токою байыркы неоген мезгилиндегидей эле сакталып калганбы?
Жаңгак-мөмө токою корук болуп эсептелеби?
Жаңгак дарагын Александр Македонский Кыргызстанга алып келди беле?
Жаңгак-мөмө токою байыркы неоген мезгилиндегидей эле сакталып калганбы?
Жаңгак-мөмө токою корук болуп эсептелеби?
Тери Адамдын денесинин сырткы катмары териден жана анын туундуларынан - чач жана тырмактардан турат. Сырткы катмарга тоскоолдук милдетин аткаруучу былжыр челдер кирет. Тери дененин ички чөйрөсүн тышкы чөйрөдөн бөлүп турган чек ара кызматын аткарат. Орточо эсеп менен адамдын терисинин салмагы 12 кг. Ар бир 6,45 см2 үчүн тери орто эсеп менен 94 май безин, 65 чач фолликуласын түзөт. Орточо алганда, тер бездери күнүнө 0,7-1 л тер бөлүп чыгарат. Май бездеринин каналдарынын 90% чачтын фолликулаларына ачылат.
Мой ответ
19-тапшырма. Тери коргоо функциясын аткарат, анткени анда төмөнкү зат бар:*
меланин
кабылдагычтар
май бездери
эпидермис
20-тапшырма. Тердин буулануу ылдамдыгына эмне таасир этет?*
жогорку нымдуулук
абанын температурасынын жогорулашы
шамалдын көбөйүшү
жарыктын азайышы
Токтогул ГЭСи. Токтогул ГЭСи — Кыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү жана ирригациялык эң ири ишкана. Кетментөбө өрөөнүнүн чегинде, Нарын дарыянын нугунун кууш жеринде курулган. 1962-ж. курула баштап, 1975-жылдан иштеп баштаган. Жалпы кубаттуулугу 1200 мВт; долбоор боюнча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат. Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд м3; Бирок электр энергиясын чыгарга пайдолуу көлөмү болгону 8,5 млрд м3 түзөт. Плотинасынын бийиктиги 215 м.
Мой ответ
21-тапшырма. Тɵмɵнкү берилген жылдар аралыгында Токтогул ГЭСинде берилген кубаттуулукта канча электр энергиясын ɵндүрɵт?*
Мой ответ
22-тапшырма. Токтогул ГЭСинде агрегаттардын ар бири 300МВт кубаттуулукка ээ. Жалпы канча агрегат иштейт? ____________________*
Мой ответ
Адамдын организминдеги химиялык элементтерАдамдын денесин түзгɵн заттардын курамына негизинен бардык белгилүү элементтердин атомдору кирет. Фосфор, кальций, темир ж.б. элементтер тамакта, сууда жана абада бар болгондуктан, алар адамдын организмине тынымсыз кирип турат. Ошондой эле бɵлүп чыгаруу органдарынын таасиринде денеден сыртка чыгарылат.Тɵмɵнкү таблицада боюнун узундугу – 170см, массасы – 70кг, денесинин бетинин аянты – 1,8 м2 болгон, азыркы учурдагы стандарттуу деп эсептелген адамдын организминин курамы берилди.
Мой ответ
23-тапшырма. Таблицада берилгендерди пайдаланып, адамдын организминдеги химиялык элементтердин массасын тапкыла? (2-колонкадагы бош орундарды толтургула)*
Мой ответ
24-тапшырма. Адамдын боюнун узундугу – 170 см, массасы -70 кг адамга 7 грамм май, белок 10 грамм керектелсе, боюнун узундугу – 150 см, массасы – 50 кг адамдын денесине канча грамм май жана белок керектелет?*
Мой ответ
Жалбырактарды тазалоо Руслан менен Эрикке мектептин тегерегинде жерге түшкөн күзгү жалбырактарды жыйнап тазалоону тапшырышты. Төмөндө Эрик менен Русландын сүйлөшүүсүнөн үзүндү берилди, анда ар бир бала тапшырманы аткаруунун өзүнчө ыкмасын сунушташты. Балдардын ар бири өзү сунуштаган ыкманын тууралыгын далилдеген жоболорду келтиришти. Ал жоболор төмөндөгүлөр: 1. Жалбырактарды өрттөгөндө күл пайда болот, ал өсүмдүктөргө жер семирткич болот; 2. Отоо чөптөрдүн уруктары жок болот; 3. Чирүү бактерияларынын азыктары жоголот; 4. Көмүр кычкыл газы пайда болуп, ал абанын температурасын жогорулатып, парник эффектин түзөт; 5. Жер кыртышынын үстүнкү катмары зыянга учурайт.*
Мой ответ
25-тапшырма. Жогоруда айтылган жоболордун кайсыларын (1–5) Эрик жалбырактарды өрттөөнү жактоого келтирип жатат? __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________*
Мой ответ
ОКУУ ЖАНА ТҮШҮНҮҮ БОЮНЧА ТЕСТ Төмөндөгү тексттерди окуп, берилген тапшырмаларды аткарыңыз Ачкөз жана анын алтыны Эзоптун тамсили Ачкөз колундагы болгон нерсенин баарын сатып, уюган алтын сатып алды. Аны эски дубалдын жанынан чуңкур казып, жерге көмүп, күн сайын ал жерге байлыгы бүтүнбү же жокпу деп барчу. Жумушчуларынын бири бул жерге ачкөз адам канчалык көп барганын байкап, анын артынан барууну чечти. Көп өтпөй жумушчу катылган кенчтин сырын ачып, казып баштады, алтынга туш болуп, уурдап кетти. Кийинки жолу келгенде, ачкөз адам чуңкур бош экендигин байкап, чачын жулуп, катуу ызаланып, кошок айта баштады. Кошунасы анын кайгысын көрүп, себебин билип: “Суранам, мынчалык кайгырбаңыз, бирок барып таш алып, чуңкурга салып, алтыныңыз дагы деле бар деп элестетип көрүңүз. Таш буга абдан ылайыктуу, анткени алтын болгон кезде деле, сенде ал болгон эмес, анткени андан эч кандай пайда жок эле”, – деп кеңеш берди."Ачкөз жана анын алтыны" тамсилинин текстин колдонуп, тапшырмаларды аткар.
Мой ответ
26-тапшырма. Төмөндөгү сүйлөмдөрдү окуп, тексттеги окуялардын ырааттуулугуна жараша номерин коюп чыккыла.*
1
2
3
4
Ачкөз өзүнүн бардык акчасын уюган алтынга айлантууну чечти
Бир адам ачкөздүн алтынын уурдап алган
Ачкөз чуңкур казып, ичине байлыгын катып койду
Кошунасы ачкөз адамга уюган алтынын таш менен алмаштырууга кеңеш берди
Ачкөз өзүнүн бардык акчасын уюган алтынга айлантууну чечти
Бир адам ачкөздүн алтынын уурдап алган
Ачкөз чуңкур казып, ичине байлыгын катып койду
Кошунасы ачкөз адамга уюган алтынын таш менен алмаштырууга кеңеш берди
27-тапшырма. Бул тамсилдин адеп-ахлагы кандай?*
Уурдап кетүүгө мүмкүн болгон буюмдарды сактабаңыз.
Башка адамдарга ишенүү – чоң жаңылыштык
Колуңуздагы нерсени колдонбоо таптакыр болбогонго барабар
Оңдолбой турган нерсени жоктоп ыйлаба
28-тапшырма. Бул жерде “Ачкөз жана анын алтыны” тамсилин окуган эки адамдын сүйлөшүүсүнүн бир бөлүгү келтирилген. Сүйлөшүүнүн 2-катышуучусу анын оюн колдоп эмне деп айта алат? __________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________*
Мой ответ
29-тапшырма. Ачкөз өз алтынын эмне үчүн көмүп салган? ________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________*
Мой ответ
30-тапшырма. Ачкөз адам уюган алтынды кантип алды?*
Мой ответ
Азиянын бермети Ысык-Көл дүйнөдөгү эң ири көлдөрдүн бири, аны Азиянын баалуу бермети деп аташат. Суунун тазалыгы боюнча Байкалдан кийин экинчи орунда турат. Батышта Чүй суусу жакын агат. Ал көлгө куйбайт, бирок жазгы суу ташкыны учурунда суунун бир бөлүгү каналдар аркылуу көлгө куюлат. Бардык булактар Ысык-Көлгө гана куюлат, андан бир дагы суу агып чыкпайт. Ушул өзгөчөлүктөн улам, минералдар анда топтолот, анын уникалдуу химиялык курамы адамдар үчүн дарылык касиетке ээ. Курамдын жогорку мааниси элементтердин айкалышы менен түшүндүрүлөт: хлорид, натрий, магний, сульфат. Туздуулугу боюнча суусу деңиз суусунан кийинки орунда турат. Ысык-Көлдүн туздуулугу дээрлик 6 промиллге жетет. Дүйнөлүк океандын орточо туздуулугу 35 ‰. Кыш мезгилинде минералдык туздардын концентрациясынын көптүгүнөн көл тоңбойт, бул мезгилде суунун температурасы 2-3 градустан төмөн түшпөйт.
Мой ответ
2006-жылы Кыргыз-Россия Славян университетинин археологдору белгисиз цивилизациянын калдыктарын табышкан. Күн ачык, суу тунук болгондо, болжол менен 2,5 миң жылдык тарыхы бар скифтердин урандыларынын эскиздерин көрө аласыз. Окумуштуулар шаарда жандуу соода болгон деп божомолдошкон, анткени ал Улуу Жибек Жолунун жанында жайгашкан.
Мой ответ
31-тапшырма. Ысык-Көлдүн калк жыш жайгашкан тарабы*
батыш
чыгыш
түндүк
түштүк
32-тапшырма. Ысык-Көлдүн айланасында периметр боюнча канча шаар жайгашкан?*
Мой ответ
33-тапшырма. Ысык-Көлдүн болжолдуу узундугу канча?*
Мой ответ
34-тапшырма. Ысык-Көлдүн орточо тереңдиги канча?*
Мой ответ
35-тапшырма. Ысык-Көлдүн туздуулугу орто эсеп менен деңиз суусуна караганда канча эсе төмөн?*
4,2 эсе
5,3 эсе
6,1 эсе
6,2 эсе
36-тапшырма Төмөнкүлөрдүн кайсынысы Ысык-Көлдүн жыл бою толуп турушунун негизги себеби?*
көл жаан-чачындан толот
мөңгүлөрдүн эришинен пайда болгон көптөгөн куймалар бар
эч кандай суу Ысык-Көлдөн агып чыкпайт
Чүй суусунун бир бөлүгү көлгө куюлат
37- тапшырма. Илимий изилдөө аркылуу төмөнкү суроолорго жооп алса болобу? Ар бир суроонун жанындагы "Ооба" же "Жок" белгисин белгилеңиз*
Ооба
Жок
Чүй суусу көлгө куйбайт?
Белгисиз цивилизациянын калдыктары 2006-жылы археологдор тарабынан табылганбы?
Скифтердин байыркы шаарына болжол менен 2,5 миң жыл болдубу?
Чүй суусу көлгө куйбайт?
Белгисиз цивилизациянын калдыктары 2006-жылы археологдор тарабынан табылганбы?
Скифтердин байыркы шаарына болжол менен 2,5 миң жыл болдубу?
Отправить
Очистить форму
Никогда не используйте формы Google для передачи паролей.