СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Пиза тест 8-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Пиза боюнча тесттер 

Просмотр содержимого документа
«Пиза тест 8-класс»

PISA- тест 8-класс

1. ОКУП ТҮШҮНҮҮ

а) Текстти окуп, түшүнүп алгыла

Маданият жана искусство

        Искусство – элдин эстетикалык табитин өстүрөт, адамдарды руханий жактан тарбиялайт. Искусство (өнөр) – көркөм маданияттын негизги өзөгү. Искусствонун сүрөт, музыка, архитектура жана скульптура, театр, хореография, кино, опера жана балет деген негизги түрлөрү бар. Искусствонун ар бир түрү өзүнчө жанрларга бөлүнөт.

      Адабият – искусствонун сөз өнөрүнө негизделген өзгөчө түрү. Себеби сөз турмуштун бардык тарабын кеңири чагылдырат, адамдарга таасир бере алат.

      Музыка-турмушту, адамдын ички сезимдерин музыкалык үн, добуш аркылуу чагылдырган искусствонун бир түрү.

      Сүрөт өнөрү – көрүнүш, кубулуштун жана бир нерсенин элесин тартып берүүчү өнөр. Ага живопись, натюрморт, графика, айкел жасоо кирет. Ошондой эле жасалга-колдонмо өнөрү да бар.

      Театр – оюн-зоок өнөрүнүн бир түрү. Театр оюндарын бир эле учурда көрүп жана уга алабыз. Театрдын драма, музыкалуу опера-балет, пантомимо, куурчак жана башка түрлөрү кездешет.

      Кино өнөрү – өзүнүн табияты жагынан фотографиялык өнөр болуу менен сюжетти, кино сүрөттөрдү бириктирүү аркылуу түзүлөт. Кино өнөрү: көркөм, даректүү, илимий жана мультипликациялык деп бөлүнөт.

      Цирк – спорттук жана башка оюн-зооктор камтылган искусство. Ал жамааттык өнөр.

Архитектура – имараттар менен курулуштарды көркөм кооздогон өнөр тармагы.



  1. Тексттен туура жоопторду тапкыла.

А)         Искусство – элдин эстетикалык табитин өстүрөт

Б)         Искусство – элдин музыкалык табитин өстүрөт

В)         Искусство – элдин дене тарбиялык табитин өстүрөт

Г)         Искусство – элдин руханий табитин өстүрөт



  1. Адабият – искусствонун сөз өнөрүнө негизделген _________________

А) озгочо туру

Б) байыркы тиби

В) негизги принциби

Г) озгочо формасы

      3. Театр – ______________ өнөрүнүн бир түрү

А) Сахнанын

Б) театрдын

В) оюн-зоок

Г) сахна

4. __________________ – көрүнүш, кубулуштун жана бир нерсенин элесин тартып берүүчү өнөр.

А) Сурот онору

Б) корком онор

В) эмгек онору

Г) кол онорчулугу

5._______________________ – имараттар менен курулуштарды көркөм кооздогон өнөр тармагы.

А) Архитектура

Б) Хореография

В) скульптура

Г) Исскуствво





Ким эмне кылат? Өнөр ээлеринин эмне кыларын эстегиле.

         Мисалы:      Сүрөтчү - тартат, сызат, чийет, өчүрөт, боёйт.

         жазуучу -

         артист -

         ырчы -

         бийчи -

         архитектор -

         манасчы -

         дизайнер -

         айкелчи -

         саймачы -

         комузчу –



PISA деген эмне? Окуучулардын жетишкендиктерин баалоо эл аралык программа -дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө окуучулардын сабаттуулугун жана билимин практикада колдонуу билгичтигин баалоочу тест. Үч жылда бир жолу өтөт. Тестке 15 жаштагы өспүрүмдөр катышат.

Окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдөө негизи 3 багытта жүргүзүлөт:

Окуу сабаттуулугу (кыргыз тили, орус тили, чет тили)

Математикалык сабаттуулук ( алгебра, геометрия, информатика)

Табигый илимдер боюнча сабаттулук (физика, химия, биология, тарых, география)

















Бекитемин:

Директор: ______________________





________________________________________ орто мектебинин PISA программасында аткарылуучу иштер



Аткарылуучу иштер

Мөөнөтүү

Жооптуулар

1

PISA програмасы боюнча семинар өтүү

Октябрь




2

PISA програмасы боюнча атайын район жетекчилири менен биргеликте семинар уюштуруу

Октябрь

Мектеп администрациясы

3

PISA програмасы боюнча предмет мугалимдери окуучулардын билим сапатын турмушта пайдалана билүүсү боюнча план түзүү

Октябрь

Предмет мугалимдери

4

Бир айда аткарылган иштин жыйынтыгын анализдөө усулдук жетекчилер

Октябрь




5

Аткарылган иштин жыйынтыгы педсоветте кароо

Ноябрь

Мектеп администрация



Түзгөн: ____________________________________























ОКУРМАНДЫК САБАТТУУЛУК БОЮНЧА ТАПШЫРМАЛАРДЫН МИСАЛДАРЫ


СУПЕРМАРКЕТТЕГИ ЖАРНАМА

Абайлагыла – аллерген!

Лимон токочундагы жер жаӊгак

Дата: 2008-ж. 4-февраль

Өндүрүүчү: ООО Файн Фудз

Продукт жөнүндө маалымат: 125 г. пачкадагы лимон токочу (2008-ж. 18-июнуна чейин сактоо мөөнөтү жана 2008-ж. 1-июлуна чейин сактоо мөөнөтү менен).

Кошумча маалымат: Белгиленген партиядагы токочто продуктыга кошулган заттардын тизмесине кирбеген жер жаӊгак күкүмү болушу мүмкүн. Жер жаӊгакка аллергиясы бар адамдар бул токочту жегенге болбойт!

Эмне кылуу керек: Эгер сиз бул токочту сатып алсаӊыз, аны кайра кайрып берсеӊиз болот, сизге толугу менен чыгымыӊызды жаап берет. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылсаӊыз болот: 0312 034 241.

Суроо:

Мындай токочту сатып алсаӊыз, эмне кылуу керек?

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Эмне үчүн сиз ушундай кылдыӊыз?

______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

Өз жообуӊузду негиздөө үчүн жарнамадан маалыматты колдонуӊуз.



Тексттин иштөөсүнүн кырдаалы: Коомдук

Тексттин форматы: жалпы эмес

Тексттин тиби: Инструкция

Окурмандык аракеттер: тексттин маалыматын ойлонуп, баалоо


ГРАФФИТИ

Төмөндө эки кат жайгашкан. Алар экөө теӊ Интернет аркылуу келген жана «граффити» жөнүндө. Граффити – бул дубалдардагы же башка жердеги расмий уруксатсыз тартылган сүрөттөр же жазуулар. Төмөндө берилген суроолорго жооп берүү үчүн каттарды колдонуӊуздар.


Менин жиним кайнап жатат, анткени төртүнчү жолу граффитини токтотуу үчүн мектептин дубалын тазалап, сырдап жатышат. Чыгармачылык – бул укмуш сыр, бирок эмнеге коомго зыян келтирбөөчү өзүн көрсөтүү ыкмаларын табууга болбойт? Эмнеге тыйуу салынган нерсени дубалга тартып, жаш муундун репутациясын бузуу керек? Себеби профессионал-сүрөтчүлөр өзүлөрүнүн сүрөттөрүн көчөлөрдө илишпейт да? Мунун ордуна алар каражаттарды табышат жана расмий көргөзмөлөрдө даӊкка ээ болуп жатышат.

Менин элестөөмдө, имараттар, тосмолор, бакчалардагы отургучтар өзүлөрү эле искусствонун чыгармасы болуп турбайбы. Бул архитектураны чиймелеп бузуу туура болобу, бул үчүн колдонулган ыкма озон катмарын бузуп жатпайбы. Жана мен түшүнбөгөн нерсе, эмне себептен бул өзүн жалган атаган (самозванцы) – сүрөтчүлөр алардын «көркөм сүрөттөрүн» уламдан-улам көздөн кайым кылганда, абдан кыжырланышат.


Жаркын



Адамдардын табити ар түрдүү. Коом маалымат жана жарнамаларга толуп кетти. Соода компанияларынын белгиси, дүкөндөрдүн аталыштары. Чоӊ-чоӊ көздүн кужурун алган плакаттар жолдордун эки тарабында. Мунун баары туурабы? Негизинен, туура. Ал эми граффити тарткан туурабы? Кээ бирөө туура десе, кээ бири – жок дешет.

Бул граффити үчүн ким төлөйт? Ал эми жарнама үчүн ким төлөйт? Туура. Керектөөчү.

Ал эми ошол жарнама такталарын илген адамдар сизден уруксат сурадыбы? Жок. Анда аны дубалда сүрөт тарткан адамдар суроосу зарылбы? Бул жөн эле баарлашуунун бир түрү болуп жүрбөсүн, мисалы, сиздин өз атыӊыз, партиялардын аталышы же көчөдөгү чоӊ искусство чыгармасы?

Бир нече жыл мурун дүкөндөрдө пайда болгон ала-була жана чакмакча болгон кийимдерди эстесеӊер. Лыжа костюмдарычы. Модель жана түстөрү сүрөт тартылган бетон дубалдарынан көчүрүлгөн. Кызык, бирок бүгүнкү күндө бул моделдер да, бул түстөр да коомдо кабыл алынып жатат, алар менен суктанышат, ал эми ушул эле стилдеги граффити кабыл алынбай жатат.

Ооба, искусство үчүн оор күндөр башка түштү.

Самара

1-суроо:

Ар бир каттын максаты:

A Граффити эмне экендигин түшүндүрүү.

B Граффити жөнүндө өз оюн айтуу.

C Граффитинин популярдуулугун демонстрациялоо.

D Бул жазууларды кетириш үчүн абдан көп каражат кетерин адамдарга айтуу.

2-суроо:

Эмнеге Самара жарнамага шилтеме кылып жатат?

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

3-суроо:

Бул эки каттын кайсынысы менен макулсуз? Өз сөзүӊүз менен көз карашыӊызга негиздеме бериӊиз, негиздемеде каттардын биринде же экөөндө теӊ айтылгандарды колдонуӊуз.

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

4-суроо:

Ар бир катты талдап, катта эмне жөнүндө айтылгандыгын талкуулайбыз (б.а. анын мазмунун).

Биз ошондой эле кат кантип жазылганын талкуулайбыз (б.а. анын стилин).

Кимдин каты менен макул болгонуӊуздарга карабай түшүндүргүлө, эки автордун кимиси, сиздин оюӊузча, катты жакшыраак жазган? Жообуӊузду эки же бир кат кантип жазылганына таянып, негиздеӊиз.

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

«Белек» аӊгемесинин мазмунун колдонуп, төмөндөгү суроолорго жооп бериӊиз. (тексттен сол жакта берилген сандарга көӊүл бөлүӊүз. Алар сызыктардын номерин белгилейт жана суроодо айтылган тексттин бөлүгүн тапканга жардам берет.)

БЕЛЕК

1 Канча күн ал ушинтип муздак киргил суу акырындан дарыянын жээгинен улам чыгып, ташкындап баратканын карап отурду. Анын эсинде элес-булас гана сакталып калган, жамгыр качан башталып, түштүктөн алардын саздак жерине кантип келип, эми анын тамынын дубалдарына 5чертип жаап жатат. Андан соӊ суу жайдан көтөрүлө баштады, бир азга токтоп калды жана дарыя тескери ага баштады.

Акырындап суу бардык чуӊкурларды толтуруп жана эӊкейиштерди басып калды. Түндө, ал уктап жатканда, дарыя жолду басып жана аны дүйнөдөн бөлүп салды. Агым кайыкты алып кетти жана аял жээкке агым 10менен чыгарылган сыныктарга окшогон үйдө жападан-жалгыз калды. Суу кара май шыбалган фундаментке жетип калды. Суу дагы эле көбөйүп жатты.

Ал көрүп турду, дарыянын кууш жери жамгыр куйган деӊизге айланды, ал эми дарыя өзү анын мейкиндиктерине жуурулуп кирип кетти. Илгери анын тамы өзгөчө ыкма менен курулган, ал мындай селдерден сактанганга ылайыкташып салынган болчу, бирок азыр ал өтө эле 15эскирип калган эле. Астындагы жыгачтары чирип калса керек. Мүмкүн, эски эменге тамды байлап турган чынжыр үзүлүп, тамды агым менен кайык кеткен жакка агызып кетет.

Эч ким жардамга келбейт. Ал кыйкырса да аны эч ким укпайт. Айланада суудан өзүлөрүн жана буюмдарын сактап калууга аракет жасаган адамдар.

20 Кимдир бирөөнүн тамы жай агып баратты, ал өзүн тажыядагыдай элестетти. Ага бул үй тааныш сезилди, ага жакшы көрүнбөсө да.

Кыязы, анын ээлери коопсуз жерге кетишсе керек. Кийинчерээк, жамгыр күчөп, караӊгы киргенде, дарыянын үстүӊкү жагында пантеранын үнүн укту.

Эми там сууктан титиреген тирүү жандай сезилди. Ал чыракты кулап 25баратканда кармап алып, аны буту менен бекем кысып калды. Кыйчылдап жана онтоп, там жерден жылып кетти да, чайпалып, эки жакка кайрылып, дарыянын агымына баш ийип, акты.

Аял керебеттин жээгин кармап калды. Бир жактан экинчи жакка чайпалып, там чынжырдын узундугуна карата жылып барды. Андан кийин тарс эткен үн чыгып, жыгачтын кыйчылдаганы угулуп, анан тынчып калды.

30 Ал турган жеринен жылып артка жай агып баратты. Ал дем албай калды, көпкө чейин ары-бери чайпалып, кыймылсыз отурду. Караӊгылык жамгырды аралап кирип, ал керебетти кармап, колуна башын коюп уктап калды. Түндө аны кайгылуу кыйкырык ойготту. Караӊгыда ал керебетке чалынды. Кыйкырык дарыя тараптан чыккан эле. Ал бир чоӊ 35нерсе онтоп жылып жүргөнүн укту. Бул башка үй болушу мүмкүн эле. Андан соӊ тамга бир нерсе урунду жана узунунан өтүп кетти. Ал дарак экен. Ал жанынан агып кетти жана жамгыр менен дарыянын үнү эле калды. Бүрүшүп алып, ал уктап баратканда, дагы башка үн чыкты. Анын бөлмөсүндө болгондой жап-жакын угулат. Караӊгыга карап, ал колу менен керебетте мылтыктын муздак тумшугун кармады. Ал аны тизесине койду. «Ким?» – деп кыйкырды.

40 Жооп катары кайрадан кыйкырык угулду, бул жолу мурдагыдан да ачуу, бирок чарчаӊкы. Бастырмада бир нерсе жүргөнсүдү, ал кыймылдап жүрдү. Полдун үстүнө салынган килемчелер кыйчылдап, ага ьир нерселер кулап жатканы угулду. Андан соӊ дубалды бирөө тырмагы менен тытып жатканы угулду, ичке киргенге аракет жасагандай сезилди. 45Бул ким экенин ал эми билди. Агып бараткан дарактан секирип өткөн чоӊ мышык. Аны белек катары агым алып келди.

Айласыз ал колу менен коркконунан деми кыстыгып бараткан мойнун кармады. Мылтык анын тизесинде эле. Ал өмүрүндө пантераны көргөн эмес. Алар жөнүндө уккан, жана алыстан үндөрүн гана укчу. Пантера кайрадан дубалды тытып баштады, эшиктин жанындагы айнекти 50каккылады. Айнекти сактап калып, мышык дубалдын артында болгон чакта, ал коопсуздукта.

Сыртта жаныбар тырмагы менен дат баскан торду тытмалаганын токтотту. Кээде гана ал кыӊшылап, ырылдап коюп жатты.

Жамгырдан жарык бир аз бүлүӊдөгөндө, ал дагы деле керебетте отурган, үшүгөн жана кыймылсыз. Анын кайык калактары менен иштеген колдору, мылтыкты кучактаган бойдон, ооруп жатты. Ал мышыкты 55чочутуп албайын деп, кыймылдагандан коркуп жатты.

Керебетте каткан бойдон ал там менен кошо чайпалып отурду. Ал эми жамгыр эч качан токтобой тургандай жаап жатты. Боз таӊ атканда ал акыры жамгырдан чаар тарткан сууну жана алыстагы чөгүп кеткен дарактардын чокуларынын булаӊгыр сөлөкөттөрүн көрө алды. Мышык кыймылдаган жок. Мүмкүн, жаныбар кетип калгандыр. Мылтыкты нары 60 алып коюп, ал керебеттен түшүп, терезеге жакындады. Мышык дагы эле ошол жерде эле.

Ал жатып алып, там байланган эменди карап, ага секирип кеткенге болобу же болбойбу дегендей турду. Пантера мурдагыдай коркунучтуу эмес эле. Анын жүндөрү жармашып, ачкадан ичтери кирип, ал куйругу менен эки жакты ургулап жатты. Аны азыр атып салуу оӊойго турмак. Ал 65артка жылып, мылтыкты алганда, пантера кайрылып туруп, айнекти секирип сындырды. Ал чалкасынан жыгылып, кыйкырган бойдон мылтыкты алды, андан соӊ айнекке атты. Эми ал пантераны көрбөй калды, бирок тийбей калганын сезди. Жаныбар кыймылдай баштады. Ал 70терезенин жанынан өткөн сайын анын башын жана жонун көрүп жатты. Калтыраган бойдон ал керебетке келип жатып калды. Суу менен жамгырдын үнү, суук анын максатын унуткарды. Ал айнектен байкап, мылтыкты даяр кармап турду. Аз гана күтүп, ал жакындады. Пантера башын бутуна коюп мышыкча уктап жатты. Жамгыр башталгандан бери биринчи жолу анын ыйлагысы келди, өзүн адамдарды, селден жабыркаган 75нерселердин баарын аяды.

Керебеттен ылдый сыйгаланып баратып, ал ийнине жуурканды жапты. Ал бул жерден жол бар кезинде, кайыгы агып кете электе чыгып кетиши керек эле. Там менен кошо чайпалып, ал ашказаны катуу ооруганын сезди, ал көптөн бери тамактана элегин эстеди. Ал качантан бери тамактана электиги эсинде жок.

80 Пантера абдан ачка эле. Ашканага кирип аял калган жыгачтардан от жакты. Эгер суу ташкын улана берсе, ал отургуч, столду отко жагат. Илинип турган калган этти алып, ал бир нече кесим күрөӊ-кызыл этти сковородкага салды. Куурулган эттин жытынан башы айланды. Анда дагы акыркы жолу тамак бышырган күндөн калган эски токоч бар эле, дагы ал 85өзүнө кофе кайнатса болчудай, анткени суу жетиштүү эле.

Тамак даярдоо учурунда ал пантераны унутуп калды, тиги улуп баштаганда кайрадан эске түштү. Мышык дагы ачка эле. «Тамактанып алайын, – деди ал, жаныбарга кайрылып. – Анан сага кам көрөм». Деп алып, каткырды. Ал эттин калганын илип жатканда, пантеранын

90 ырылдаганынан колдорун калтырак басты. Тамактанып алып, керебеттен мылтыкты алды. Суу тамды жерден абдан эле өйдө көтөрүптүр, ал дарыя толкундаган сайын чайпалганда, чокуга тийген да жок. Тамак аны жылытты. Ал жарыкта мышыктан арылса болот эле. Ал акырын терезеге жакындады. Жаныбар дагы эле ошол жерде экен. 95Мыйоолоп ары-бери басты. Аял бир аз убакыт аны карап туруп, корккон жок. Андан соӊ, мылтыкты ары койду да, керебетти айланып, ашканага басты. Артында тынчсызданган пантера жүрдү. Аял калган эттин баарын алып, сынган айнектен ыргытты. Айнектин ары жагында ач ырылдаган үн угулду, пантера таӊ калгандай сезилди. Өзүнүн жасаганына аӊ-таӊ болуп, ал керебетке кайтты. Пантера этти үзгүлөп жатканы угулуп турду.

100 Там чайпалып жатты. Ал ойгонгондо, баары өзгөргөнүн түшүндү. Жамгыр басылды.

Там кыймылдаган жок. Эшикти ачып, ал тытылган тордон таптакыр башка дүйнөнү көрдү. Там мурдагы жерде турду. Ылдый жакта суу шаркырап агып жатты, бирок ал эмен менен үйдүн ортосундагы жерди жапкан жок.

105 Пантера кетти. Тепкичтен эменге секирип, ал ылайланган жерде билинер-билинбес из калтырды. Тепкичте аппак болуп мүлжүнгөн сөөк жатты.

1-суроо:

«Белек» аӊгемесин окуган эки адамдын диалогу менен таанышкыла:

Диалогдун катышуучулары өз оюн тастыктаган фактыларды аӊгемеден келтиргиле.

Аӊгемелешүүнүн биринчи катышуучусу ______________________________

Аӊгемелешүүнүн экинчи катышуучусу ________________________________


2-суроо:

Аӊгеменин башында аял кандай абалда эле?

A Ал бир нече күн тамактанбай, алдан тайып, үйүнөн чыга албады.

B Ал өзүн жырткыч жаныбардан коргоду.

C Анын үйү бардык тарабынан суу менен курчалды.

D Жээгинен ташкындап чыккан дарыя анын үйүн агызып кетти.

3-суроо:

Автор пантераны аӊгеменин башында сүрөттөгөнүнүн мисалдары:

*… аны бирөөнүн кыйкырыгы ойготту, ал абдан кайгылуу эле …* (35-сап)

*жооп катары дагы кыйкырык чыкты, бул жолу анча ачуу эмес, бирок чарчаӊкы.* (45 – 46-сап).

*… аларды ал алыстан эле уккан.* (53-сап)

Аӊгемедеги болуп жаткан нерселерди карап, түшүндүргүлө, эмнеге автор пантераны чагылдыруу үчүн дал ушундай сүрөттөөлөрдү тандап алды?

________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________

4-суроо

*Кыйчылдап жана онтоп, там кулады …* (27-сап)

Окуянын бул бөлүмүндө эмне болду?

A Там кулап калды.

B Там агып кетти.

C Там эменди сүздү.

D Там дарыяга чөгүп кетти.

5-суроо:

Аӊгеменин мазмунуна таянып, түшүндүргүлө, эмнеге аял пантеранын курсагын тойгузду?

__________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________


6-суроо:

Сиз кандай деп ойлойсуз, *Белек* аӊгемесинин акыркы сүйлөмү ага аягы болуп бере алабы?

Акыркы сүйлөм аӊгеменин жалпы мазмунун кантип түшүндүрөөрүн айтып, жообуӊузду негиздеп бериӊиз.

____________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________