СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

ПКнын программалык (Software) жабдуулары жөнүндө негизги түшүнүктөр

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«ПКнын программалык (Software) жабдуулары жөнүндө негизги түшүнүктөр»

ПКнын программалык (Software) жабдуулары жөнүндө негизги түшүнүктөр.

 Иштетүү системасынын тарыхы 1954-жылдан башталат, ошол жылы Джин Амдал тарабынан IBM-704 компьютери үчүн иштетүү системасы иштелип чыккан. 1954-жылы ЮМ фирмасынын кызматкери Джон Бекус жогорку деңгээлдеги сандык маселелерди чыгаруучу FORTRAN аттуу процедуралык тилди иштеп чыгып, ал тил программалык жабдуунун өнүгүшүнө өтө чоң таасир тийгизди жана андан кийин көптөгөн алгоритм тилдери пайда болду. Жеке компьютерлердин массалык түрдө таралышына себеп болуп 1964-жылы IBM фирмасы тарабынан сунуш кылынган текстти иштетүү (word processing) программасы болду.

Компьютер телевизорго окшош болгону менен анда үндү, видеосигналдарды кабыл алуучу системалар жок, аларды орнотуу керек, ошондо гана телеберүүлөрдү кабыл ала алат. Бирок, негизги айырма программалык жабдылуусунда (ПЖ) жатат. Ансыз компьютер деп чогулткан тетиктерибиз жөн эле �темир сандык�.

Программалык жабдуу деп компьютер жабдууларынын иштешин, аларды диагностоону жана тестирлөөнү, ошондой эле колдонуучунун каалагандай маселелерин иштеп чыгуусун, оңдолушун жана аткарылышын камсыз кылган программалардын тобу айтылат.

Программалык жабдуу  бул:

  •     ЭЭМ үчүн түзүлгөн программалардын жыйындысы;

  • программалоо тилдери;

  • окуу системаларынын колдонмолорундагы, жазмаларындагы, документтериндеги, стандарттарындагы маалыматтар;

  • программаларды жана алар жөнүндө маалыматтарды долбоорлоо, түзүү.

ПЖны окуп үйрөнүү үчүн аны бир канча класстарга бөлүшөт. Бирок, жалпысынан алганда аны үч класска бөлүү ыңгайлуу:

  • 1)      системалык программалык жабдуу (СПЖ);

  • 2)      колдонмо программалык жабдуу (КПЖ);

  • 3)      аспаптык (инструменталдык) программалык жабдуу (АПЖ).

Биринчи класска операциялык системалар (ОС) жана алардын сервистик программалары (кабыкчалары), экинчи класска колдонмо программалар жана системалар, ал эми үчүнчү класска инструменталдык тилдер (программалоо тилдери) жана программалоо системалары киришет.

Колдонмо программалар жана АПЖ системалык программаларсыз иштей алышпайт. Системалык ПЖ гана �темир сандыкты� компьютерге айлантат. Мындай программалар операциялык системалар деген ат менен белгилүү.

Операциялык система - бул машинанын эсептөө процессин, адам менен машинанын маектешүүсүн жана машина менен колдонмо программалардын байланышын уюштуруучу программалык жабдуу. Андан коюлган маселени чечүү, машинанын бөлүктөрүн колдонуу жана колдонуучунун эмгегинин эффективдүүлүгү көз каранды болот. ОСтин эң эле кеңири таркалган аныктамасы: операциялык система � бул эсептөө системасынын ресурстарын башкаруу үчүн дайындалган башкаруучу программалардын терими.

Компьютерлердин разряддуулугунун көбөйүшү менен алардын түрдүү операцияларды аткаруу жөндөмдүүлүгү өсөт. Ошондуктан компьютер өндүрүүчү фирмалар аларды жаңы (же өрчүтүлгөн) операциялык системалар менен жабдууга мажбур болушат. Мисалы, IBM фирмасы менен бирге кызматташ болгон Microsoft корпорациясы 1981-жылдан бери MS-DOS (Microsoft - Disk Operation System) системасынын бир канча варианттары менен биргеWindows тун түрдүү версиясын иштеп чыкты. Ошондой эле система жана анын түрлөрүн (PC-DOS � Personal Computer-Disk Operation System) IBM фирмасы да чыгарып келди.

Келтирилген системалар катуу же ийилчээк дискаларга орнотулгандыктан аларды дискалык операциялык системалар (ДОС) деп атоо адат болуп калды.