СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Практический материал для занятия № 17 по Синтаксису

Нажмите, чтобы узнать подробности

Татаал суйломдун турлору жонундо

Просмотр содержимого документа
«Практический материал для занятия № 17 по Синтаксису»

17-практикалык сабак


Сабактын темасы: Татаал сүйлөм жана анын түрлөрү.


Сабактын максаты:

  1. Татаал сүйлөм жана түрлөрү боюнча таблица түзүү.

  2. Татаал сүйлөмдүн түзүлүшү боюнча көнүгүүлөрдү иштөө.

  3. Татаал сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзүү.

Аткарылуучу тапшырмалар

Балоо үчүн критерийлер


1

Татаал сүйлөм жана түрлөрү боюнча таблица түзүшөт.

1

Татаал сүйлөм жана түрлөрү боюнча таблица түзө алышса.

2

Татаал сүйлөмдүн түзүлүшү жана маанилик бөлүнүштөрү боюнча көнүгүүлөрдү иштешет.

2

Татаал сүйлөмдүн түзүлүшү жана маанилик бөлүнүштөрү боюнча көнүгүүлөрдү иштешсе.

3

Татаал сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзүшөт.

3

Татаал сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзүшсө.


  1. Татаал сүйлөм жана түрлөрү боюнча таблица түзүү.

Татаал сүйлмдөр





Татаал сүйлөмдөрдүн грамматикалык түзүлүшү

Татаал сүйлөмдөрдүн маанилик бөлүнүштөрү
















  1. Татаал сүйлөмдүн түзүлүшү жана маанилик бөлүнүштөрү боюнча

көнүгүүлөрдү иштешет.

1-тапшырма:

Көп чекиттердин ордуна тиешелүү байламталарды коюп, сүйлөмдөрдү көчүргүлө. Жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара кандай мааниде колдонулганын айтып

бергиле.


Султанмурат азыр кызды дагы бир карады …, аны абдан аяп кетти. (Ч.А.) Муну укканда мен ордуман ыргып турдум, …. Дүйшөн ошол Сайкал кемпирдин үйүндө

турчу. (Ч.А.) Чоң эненин көздөрү саал күлүмсүрөй түштү, … аны Динар байкай албады. Чоң

эне Оморго бир топ сөздөрдү айтты…, жаңы отурган Сабырга бурулду. (Т.С.) Силер эл көзүнө көрүнөсүңөр, … атак-даңкка ээ болосуңар. (К.Б.) Бала бир далайга чейин унчуккан жок, … Сатардын айтканына абдан кызыкты. Ташпай Айтикеге акырая бир карады…, калың өрүктү аралап кетти.


2-тапшырма:

Мисалдарды окуп, байламтасыз жана байламталуу татаал сүйлөмдөрдү ажыратып жазгыла.


Эгерде көпкө бийлик кылам десең, Тартип чыңоо – биринчи милдет де сен. (Ж.Б.)

Атмосферанын катмары бир нече жүздөгөн километр бийиктикке чейин жетет да, андан ары космос мейкиндиги башталат. («КТ») Ал кезде Пушкин лицеист болчу, ал эми Чаадаев

гусар полкунун жаш офицери эле. (Кыргыз адабияты) Ал дагы орусча билбейт, ошондой болсо да Жилин анын жаңсаганынан кайдадыр жүр деп жатканын түшүндү. (Л.Т.) Куда болгуча кулундуу бээңди сураш, куда болгондон кийин кул да болсо сыйлаш. Сөз жакшысын кулак билет, кыз жакшысын ынак билет. Чакырганга келбеген, ымдаганга зар болот. Чын жакшынын өзүнө теңи жок, даанышмандын ачуусу бар, кеги жок. (Макал) Инкамал-

апай нааразылана сүйлөндү да, чыйрыгып ийнин күйшөп койду. (Ч.А.)


3-тапшырма.

Тексттеги жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү ажыраткыла.


Кыргыз элинин үрп-адаты, каада-салты.


Кыргыз элинде укумдан-тукумга улам-улам өтүп келаткан, кылымдап түптөлүп, түзүлүп, калыптанып, өркүндөп жүрүп отурган мурастык касиетке ээ бологн тарыхый туруктуу салттар көп. Алардын катарына төмөнкү салттар кирет:

Кошумча – жамандык-жакшылыкта элибиздин бири- бирине көрсөткөн жардамы, урмат-сыйы. Ар ким алына жараша (акча, мал, кийит) чыгарат.

Өрлүк – жакын көчүп келген үй-бүлөнүн жакын-алысына карабай, куржун кечеге тамак-аш, айрымдарына кездеме, мал, буюм алып барып, жаңы конуштун эшик-төрүн көрүү. Ал үй-бүлө болгон тамак-ашын аябай кабыл алат.

Ажырашаар аяк – башка жерге көчүп кетүү алдында айылга тамак-аш берип, эл журттан бата алуу.

Жентек той – наристе төрөлөөрү менен кошуналарга жетине албай, зор кубаныч менен даам сыздыруу.

Жентектөө – бул жаш наристени урматтоо. Ага кийим-кече, акча-тыйын, буюм, тамак-аш бышырып баруу.

Бешик той – наристени бешикке салуу каадасы. Колдо бар мал союлат. Таяке-тайлары бешикти төшөнчүсү менен жасалгалап алып барат.

Кыз узатуу үлпөтү – кыздын биринчи жолу төркүнүнөн аттанаар алдындагы берилүүчү үлпөт. Жеңелери кызды жасандырып шөкүлөсүн кийгизип, жасалгалуу жабдыктары бар атка мингизип, ырчылар ырдап, кошок кошулат.

Ашар – биргелешип бир жумуштун аягына чыгуу. Мисалы: үй салууда, эгин оруп жыюууда элибиз жапатырмак жардамга келишкен. Түлөө берүү – ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени үчүн жаратканга ыраазы болуп,

мал союп, этин бышырып элге таратуу, бата алуу. Булардан сырткары кыргыз элинде көптөгөн жакшылык-жамандыкта колдонула турган салттар көп.


  1. Татаал сүйлөмдөргө синтаксистик талдоо жүргүзүү.


1-тапшырма.

Тексттен татаал сүйлөмдөрдү таап, аларга синтаксистик талдоолорду жүргүзгүлө.


Манастын бабалары

Кыргыз басып өткөн жерине базарлуу калаа орногон, кыйыры түмөн түптүү эл болуптур.

Кылымдардын биринде кыргызда Манас аттуу арбагы бийик даңазалуу эр өтүптүр. Анын түп атасы Бөйөнкан экен. Бөйөнкандан Чаянкан, Чаянкандан Каракан, Каракандан

Аланчакан, андан Көгөйкан. Көгөйкандан Ногойкан, Ногойкандан Орозду, Ороздудан Жакып деген мыкты уулдар туулуп, баскынчылардан элди коргоп турган.

Каракандын бийлиги учурунда кыргыздар ынтымакта жашашып, эгин эгип, дан айдап, жайыт толо мал багып, бейкуттук өкүм сүргөн дешет. Жакыптын баласы Манас баатыр аталарынын жолун улап, чачылган кыргыз элинин башын бириктирип, бүтүндүгүн сактап келген. Ата салты боюнча өз элин душмандардан коргогон. Анын Семетей аттуу уулу, Сейтек аттуу небереси ата салтын уланткан.


Үйдө аткарылуучу тапшырмалар:

1-тапшырма.

Макалдарды толуктап көчүргүлө, маанисин аныктагыла. Сүйлөмдүн кайсы түрү? Синтаксистик талдоо жүргүзгүлө.


Көп жашаган билбейт, ………. Үйдө чечен ………. Кылыч жарасы бүтөт, ……… Баатыр кол баштайт, ……….. Киши жаманы кирип чыкканча билинет, ………… Жаман жолдош жоого алдырат, ……….. Аргымак мойнун ок кесет, ……… Укпайт деп ушак айтпа,

………. Акыл жугат, ……….. Адамзатты сөз бузат, ……….. Жаман атка миң камчы, ……….. Билимдүү миңди жыгат, ………… Жакшы сөз жан сергитет, ………… Жаз жарыш, …………., Үйдө баатыр, ……….., Момун чынды сүйөт,………….


2-тапшырма: Анткени, бирок, дагы, а, ал эми, ары, жана, антсе да, ошентсе да, анткени менен, же, же болбосо, да деген байламталарды колдонуп байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү түзгүлө.


Текшерүү үчүн суроолор:

  1. Татаал сүйлөм деп кандай сүйлөмдөрдү айтабыз?

  2. Татаал сүйлөмдөрдүн кандай түрлөрү бар?

  3. Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр кандай болот?

  4. Байламталуу тең байланыштагы татаал сүйлөм деген эмне?

  5. Баламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм.

  6. Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн табияты.

  7. Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн түрлөрү.

  8. Көп багыныңкылуу татаал сүйлөм деген эмне?

  9. Аралаш татаал сүйлөмдөр жөнүндө жазгыла.

  10. Татаал сүйлөмдөрдө коюлуучу тыныш белгилер.

  11. Баш жана багыныңкы сүйлөмдөр.

.