СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до 10.06.2025

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Практикалык грамматика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Практикалык грамматика боюнча окуучуларды текшеруу 

Просмотр содержимого документа
«Практикалык грамматика»

Практикалык грамматика:

1. Кайсы катардагы кара тамгалар менен жазылган сөз санды билдирет?

А) Муну бирөөгө айта көрбө.

Б) Бирөөнө жалдыраганча, башыңды иштет.

В) Бул ишке бирөө жетиштүү.

Г) Бирөөлөрдүн аракети менен бүттү.

2. Төмөнкү варианттардын ичинен орфографиялык эрежелерге ылайык келген катарды тапкыла.

А) Нурзат дүкөнү, "Эне даңкы" медалы, Нооруз майрамы.

Б) 1-Май, Жаңы жыл майрамы, Шумкар ордени.

В) 31-Август, "Бегимай" дүкөнү, "Манас" ордени.

Г) "Билим" басмаканасы, Жамийла повести, 12-ноябрь.

3. Бир өңчөй көп багыныңкылуу сүйлөмдү аныктагыла.

А) Бакыт бул жерге, мен билип турам, жөн жай келген жок.

Б) Айбек атты мамыга байлаганча, Дастан эшик ачып, үйгө кирди.

В) Апасы китеп окуп отурат, баласы уктап жатат.

Г) Жаз келип, күн чыгып, чөп чыгып, төрт түлүк мал көккө тоюна баштады.

4. Калың кой кыбыр этпей тынчтык алып үнсүз гана дем алышат. Асылбек, Адилбектер жатууга кетишти. Көгал сайда отурган беш-алты үйлүү айылдын түндүгү тегиз жабык.

Жогорудагы текст кайсы стилде жазылган?

А) көркөм стиль.

Б) иш кагаздарын стили.

В) илимий стиль.

Г) публицистикалык стиль.

5. Доцент Дастанов менен таанышмын.

Жогорудагы кара тамгалар менен жазылган сөз сүйлөм ичинде кандай кызмат аткарат?

А) аныктоочтук

Б) толуктоочтук

В) бышыктоочтук

Г) ээлик

6. Кайсы катардагы сүйлөмдө тыныш белгилерине тиешелүү ката бар?

А) "Кыргызстан - эң кооз өлкө" - деди агайыбыз.

Б) Алмаз айтты: "Бүгүн мен мектепке барбайм".

В) Кутман агай бизге белек таратып жатып: "Майрамыңар менен куттуктайм", - деп айтты.

Г) "Бул мектеп, - деди окуучу, - кыялымдагыдай".

7. Бир гана менин кетишим менен үй жеңилдебейт, менден башка чубурган дагы беш жетим бар эле.

Жогорудагы сүйлөмдөн бөлүкчөлөрдү тап.

А) гана, дагы, эле.

Б) гана, менен, эле.

В) дагы, эле.

Г) менен, дагы, гана.

8. Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн кайсынысында "менен" деген сөз мезгилдик маанини билдирди?

А) Аларды урматтоо менен тосуп алдык.

Б) Айбек менен Айгүл мектепке кетишти.

В) Байкем келери менен жөнөдүк.

Г) Аскар таякеси менен кетти.

9. Аннотация кептин кайсы стилине кирет?

А) оозеки

Б) илимий

В) официалдуу эмес иш кагаздары

Г) көркөм

10. Табийгаттын көрүнүшү, ___ , кандай кооз.

А) ботом

Б) айланайын

В) катыгүн

Г) бах

11. Кара тамгалар менен жазылган сөздөрдүн кайсылары сүйлөмдө бирдей мааниде колдонулду?

I. Андан жардам сурабай эле койчу!

II. Андан бери далай күндөр өттү!

III. Анда жакшы туруңуз!

IV. Анда байлык көп!

А) I, IV

Б) I, II

B) II, III

Г) III, IV

12. Кайсы катардагы жантык тамгалар менен жазылган сөздөр адабий тилдин нормасына ылайык келбейт?

А) Биздин мектепте миң чакты окуучу окуйт.

Б) Алардын арасынан тогузоо гана алтын медаль менен бүтүрүштү.

В) Х.Карасаев лицейи 1992-жылдан бери жигердүү иштеп келе жатышат.

Г) Республикалык олимпиадага жүздөгөн окуучу катышты.

13. Кайсы катардагы жантык тамгалар менен жазылган сөз мезгилди билдирди?

А) Бир канчасын коротуп салдык.

Б) Бир нече окуучу китеп окуп жатат.

В) Бир топ иш бүтүрдүк.

Г) Бир кыйла сүйлөшүп отурдук.

14. Кайсы катардагы кара тамгалар менен жазылган сөз сүйлөмгө мүчө боло албайт?

А) Тилектеш, сынакка даярданып жатасыңбы?

Б) Тилектеш - тарых сабагынын мугалими.

В) Биздин ишенген агайыбыз - Тилектеш.

Г) Тилектеш агайдай мугалим болгум келет.

15. Булут кайда жылса, көлөкө да ошол жакка жылат.

Жогорудагы сүйлөмгө багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдүн кайсы түрүнө мисал боло алат?

А) мезгил багыныңкы сүйлөм.

Б) орун багыныңкы сүйлөм.

В) шарттуу багыныңкы сүйлөм.

Г) максат багыныңкы сүйлөм.

16. Татаал сүйлөмдүн кайсы түрүнө кирет?

Жылдыздын көбү - асмандын көркү, билимдин көбү - адамдын көркү.

А) Түшүндүрмө татаал сүйлөм.

Б) Салыштырма татаал сүйлөм.

В) Сан-өлчөм татаал сүйлөм.

Г) Каршылаш татаал сүйлөм.

17. Шахмат ойноп жаткан - Алмаз деген киши.

Жогорудагы сүйлөмдүн баяндоочу кайсы?

А) Алмаз деген киши.

Б) ойноп жаткан

В) киши

Г) Алмаз деген

18. Азыр анын ити чөп жеп калган кез: телегейи тегиз, айга колу жеткендей.

Жогорудагы фразеологизмге карама-каршы келген сөз айкашын тапкыла?

А) ити май жебеген.

Б) төрт түлүгү шай.

В) колу туткак.

Г) кедери кеткен.

19. Жумушка кечигүүгө уруксат жок.

Жогорудагы сүйлөм бир тутумдуу сүйлөмдүн кайсы түрүнө кирет?

А) Кемтик сүйлөм.

Б) Белгисиз жактуу сүйлөм.

В) Атама сүйлөм.

Г) Жаксыз сүйлөм.

20. Жашаган жерим алыс болуп, сабагыма өз убагында келе албай жатканыма байланыштуу мени түштөн кийинки А-4 группасына которууңузду суранам.

А) Арыз.

Б) Доо кат.

В) Түшүнүк кат.

Г) Тил кат.

21. Кайсы катардагы кара тамгалар менен жазылган сөз түшүндүрмө мүчө боло албайт?

А) Бекзат агай сабакты жакшы өтөт.

Б) Актан келечекте инженер - механик болгусу келет.

В) Тагай мырза - бул айылдын башкармасы.

Г) Турсундун байкеси 11-класста окуйт.

22. Кайсы катардагы сүйлөмдө сызыкча туура коюлган?

А) Кыргызстан - бул өнүгүп келе жаткан өлкө.

Б) Төрт жерде төрт - он алты.

В) Биздин машыктыруучубуз - тажрыйбалуу.

Г) Мектептеги окуучулардын милдети жакшы - окуу.

23. Кайсы катардагы сөздөр сөз айкашы боло албайт?

А) жүрөгү жок.

Б) иш жөнүндө.

В) эски шаар.

Г) айылды көздөй басуу.

24. Кайсы катарда кыймылды аткаруучу тарап белгисиз?

А) Окуу-куралыңды унутуп кетиптирсиң.

Б) Балдар сууга кетишти.

В) Бул жерди абдан кирдетип кетиптир.

Г) Сыйлуу адамга катуу айтууга мүмкүн эмес.

25. Тыныш белгилери туура коюлган сүйлөмдү табыңыз.



А) Байтал минсе - кулун жок, саамал ичсе - кымыз жок.

Б) Сыртка чыга калсам киши жок.

В) Айттым, укпадың.

Г) Эл-журт бар, турмуш да бар.

26. Кайсы катардагы сүйлөмдүн тыныш белгилери туура коюлган?

А) Эшике чыга калып: "Айнура эже, тезирээк келиңизчи!" - деп кыйкырды.

Б) Эшике чыга калып: Айнура эже, тезирээк келиңизчи! - деп кыйкырды.

В) Эшике чыга калып - "Айнура эже, тезирээк келиңизчи!" - деп кыйкырды.

Г) Эшике чыга калып: Айнура эже, тезирээк келиңизчи - деп кыйкырды.

27. Күн ачылса, жаанда суу болгон чөптөр кургаса, үйгө жыйнап алып келиш керек.

Жогоруда кандай сүйлөм берилген?

А) Багыныңкы татаал сүйлөм.

Б) Аралаш татаал сүйлөм.

В) Көп багыныңкылуу татаал сүйлөм.

Г) Тең байланышгагы татаал сүйлөм.

28. Бир өңчөй баяндоочтор камтылган сүйлөм кайсы?

А) Ал мага таарынып калган көрүнөт.

Б) Жалкоолуктан жашоосу начарлады.

В) Анын тил алчаак, уяң баласы бар.

Г) Анын каалаганы - тынчтык, сүйүү жана ден соолук.

29. Белгилүү класстарга мүнөздүү касиеттерди көрсөтүүчү атомдор жана атомдордун топтору функционалдык топтор деп аталат.

Жогорудагы текст кайсы стилде жазылган?

А) Публицистикалык стиль.

Б) Расмий иш кагаздарынын стили.

В) Илимий стиль.

Г) Көркөм стиль.





30. Морфологиялык жол менен жасалган тактоочторду белгиле.

А) таң эрте, быйыл, эртели-кеч, анда-мында.

Б) алыс, жай, аз, көп, ылдам, акырын.

В) балача, айлап, акчалай, кыштата, түнкүсүн.

Г) жана, араң, Динарчылап, кыштай.

31. Кайсы катардагы сөздөр заттардын сырткы көрүнүшүн, кыймылын, элесин билдирет?

А) шарт, аксаң, бүкүрөң, серең-серең.

Б) арбаң-арбаң, делдең, кобур-собур, ха-ха.

В) калдыр-шылдыр, корс-корс, жор-журк.

Г) шарт, кыжы-кужу, бүкүрөң, серең-серең.

32. Кайсы катардагы жантык тамгалар менен жазылган сөз өтмө мааниде колдонулган?

А) Алтынбек сүйгөн кызына алтын шакек сатып берди.

Б) Кыргызстан - кен-байлыктарга жана алтынга бай өлкө.

В) Мен бүгүн алтындай апама роза гүлүн белекке бердим.

Г) Азыркы учурда өлкөбүздө алтын аз иштелип жатат.

33. Төмөндөгү бош орундарды тиешелүү сөздөр менен толукта.

I. Танабай көнүмүшкө сала анда-санда ___ деп коюп, өз оюна алагды.

II. Гүлсарынын жоргосуна кызыга түшкөн Танабай, - балакет, __ ! Карасаң! - деп, жетине албай кыйкырды.

III. ___ , боорум Ажар, эркиндик, теңдик талашкан сендей кыргыз кыздарына, ыракмат!

A) чү-чү, оо-ой, Аттиң.

Б) чү-чү, оо-ой, Кош.

В) чү-чү, эх, Аттиң.

Г) баракелде, оо-ой, Кош.

34. Сүйлөмдөрдүн ичинен көркөм стилге мисал боло алган катарды тап.

А) Муз эрип жатканда, анын температурасы өзгөрбөйт.

Б) Көңүл буруңуздар, сиздер түз эфирден угуп жатасыңар.

В) Бул справка, тиешелүү жерге көрсөтүү үчүн берилди.

Г) Абайдын колунан кымызды этияттык менен алган Салтанат жооп берүүчү сөзүн ойлоп отуруп, бир жутту.

35. Төмөндөгү жантык тамгалар менен жазылган сөзгө мүнөздөмө бер.

Арабалардын дөңгөлөктөрү кыйчылдап-чыйкылдап баратты.

А) татаал элес тууранды сөз.

Б) компоненттери жарым-жартылай маани берүүчү табыш тууранды сөз.

В) жөнөкөй сөз.

Г) компоненттери жарым-жартылай маани берүүчү элес тууранды сөз.

36.Кайсы катардагы жантык тамгалар менен жазылган сөздөр түшүндүрмө мүчө боло албайт?

а) Аскар байкем жумушуна кетти.

б) Аскар, _Рахимжандын иниси_ , жакшы окуйт.

в) Аскар _байкем_ менен чогу иштейт.

г) Аскар Ыссык-Көлдө атасы менен эс алып жүрөт.

37. Кайсы катардагы жантык тамгалар менен жазылган сөз кыймыл-аракеттин сыпатын билдирди?

а) Патриоттор дайыма эл-жерине жардам бергенге даяр.

б) Өйдө-ылдый чуркап жүрүп, бир канча киши чогултуп келди.

в) Бир чалгы менен алмак-салмак чаап жатышты.

г) Анын үйү төмөнүрөөк жайгашкан.

38. Таандык байланыштагы сөз айкашы кайсы вариантта берилген?

а) Арыдан бери

б) Ай нуру

в) Алты амал

г) Салкын жел

39. Белгисиз жактуу сүйлөм кайсы вариантта берилген?

а) Аны өлөр-өлгөнчө сабап кетиптир.

б) Сууну токтотпой кетишиптир.

в) Ошентип, "Ажар" чыгармасында окуп бүтүрдүк.

г) Алар картөшкө тиккени кетишти

40. Кыз өлсө "теңине албагандыктан болду" деген чыгат да, күйөө бала тараптагылардын намысына камчы тиет.

Жогорудагы жантык тамгалар менен жазылган туруктуу сөз айкашынын маанисин тапкыла.

а) сезимине доо кетүү

б) өз абийирин, беделин сактоо

в) сезими козголуу

г) намыскөй

41. Төмөнкү сүйлөмдөрдөн тыныш белгилеринин эрежесине ылайык жазылган катарды тап.

а) Ой-ий туугандар, отоо чөп фашисттен да жаман жоо.

б) Асан, оо сен менин жүрөгүмдөн орун алдың

в) Дүйнө тентек, кейибе Актан

г) Оо, таксыр, шайтандын тилине кирбе, анын тили уу.

42. Кыймыл-аракеттин аткаруучу тарабы белгилүү болгон сүйлөмдү тап.

а) Көз айнегимди үйдө унутуп калыптырмын.

б) Бул кагаз айрылып калыптыр.

в) Топ жарылып калыптыр.

г) Дубалга сүрөт тартып кетишиптир.

43. Кайсы катардагы сөздөр эч катасыз жазылган?

а) бейадеп, майор, психологго, тузсуз.

б) чийет, келээр, йод, раёон.

в) бейынсап, сөзсүз, ашчы, ачсан.

г) барар, ишенби, чиет, ашчы.

44.Атай чыгарма жаз....... .

а) -ды

б)-ган

в)- чу

г)-ыптыр



Жогорудагы бош орунга кайсы мүчөнү уласак, кыймыл-аракеттин кайталанышын билдирет?

45. Кайсы катардагы жантык тамгалар менен жазылган сөз ойго күмөндүүлүк маанисин берет?

а) Арийне , бул жер аябай кооз.

б) Чамасы , ал быйыл чет өлкөгө окууга кетет.

в) Айтмакчы , бүгүн жума намазына барасыңбы?

г) Менимче , Алмаз келечекте мугалим болот.

46. Кайсы катарда мааниси жагынан акылга сыйбас сөз айкашы берилген?

а) чөп чабуу

б) жогоруу түшүү

в) кой кайтаруу

г) атка минүү

47. Бүркүт, ителги, кыргый жырткыч куштар.

Жогорудагы сүйлөмдөгү жантык тамгалар менен жазылган сөздөн кийин кандай тыныш белги коюлат?

а) Кош чекит

б) Үтүр

в) Үтүрлүү чекит

г) Сызыкча

48. Чарчаганды билбей, оюн-күлкүгө батып, жаштар селкинчек тээп жатышат.

Жогорудагы жантык тамгалар менен жазылган сөздөргө мүнөздөмө бер.

а) бир өңчөй мүчөлөр

б) атоочтук түрмөк

в) чакчыл түрмөк

г) татаал сүйлөм

49.Кайсы катардагы сүйлөмдө биринчи сүйлөм себепти, экинчи анын натыйжасын көрсөтөт?

а) Окуучулар эс алышы керек - чарчап калышат

б) Айлана жымжырт, эч кандай добуш угулбайт.

в) Жакшы элине баш болсо, жаман элине кас болот.

г) Баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө.

50. Урматтуу Аскат Жороевич, Сизди 2019-жылдын 1-апрелинде, саат 10:00дө ачыла турчу "Береке" аттуу супермаркетибиздин ачылыш аземине келип конок болуп кетүүңүздү өтүнөбүз.

Жогорудагы көрсөтүлгөн текст расмий эмес иш кагаздарынын кайсы түрүндө кездешет?

а) Чакыруу

б) Түшүнүк кат

в) Тил кат

г) Справка

51. Кайсы катарда сүйлөмдүн тыныш белгилери туура коюлган?

а) Байкем кирип келип: "Эшикте сени чакырып жатат,"- деди.

б) Байкем кирип келип: Эшикте сени чакырып жатат, - деди.

в) Байкем кирип келип: " Эшикте сени чакырып жатат-"деди.

г) Байкем кирип келип: Эшикте сени чакырып жатат деди.

52. Кайсы катарда тыныш белгилерине карата ката бар?

а) "Мага анын ырдаганы жакты,"- деди Темирлан.

б) Атам: " Кылганың - мен үчүн, үйрөнгөнүң - өзүң үчүн."

в) " Мен,-деди Нуржигит,- туура эмес кылыптырмын."

г) " Кетиш керек.-деди Аман,- Бул жерде эми тынчтык жок."

3. Ушу досуңдун көңүлүн оорутуп койдум окшойт, кап .

Сүйлөмдөгү жантык тамгалар менен жазылган сөзгө мүнөздөмө бер.

а) ызаланганды

б) өкүнгөндү

в) ыраазы болгонду

г) сүйбөгөндү

54. Кыз сулуу

Жогоруда берилген сөздөр эмне болуп эсептелет?



а) Сөз айкашы

б) Татаал сөз

в) Сүйлөм

г) Сүйлөм мүчөсү

55. Оюнкараактарга

Жогорудагы сөздүн негизин тапкыла.

а) Оюн

б) Оюнкараактар

в) Оюнкараак

г) Оюнкараактарга

56.Кайсы варианттагы жантык тамгалар менен жазылган сөздө түшүп калган (көмүскөдөгү) мүчө бар?

а) Сыр айтылбайт, ыр сатылбайт

б) Бул өлкө , буюрса, өнүгөт.

в) Эл эмгегин жер жебейт.

г) Таш менен урганга аш менен жооп бер.

57. Ботом, ал жүргөн жерге ........... .

Сүйлөм кантип толукталышы керек.

а) буудай айдалбайт

б) эгин себилбейт

в) жел барбайт

г) чөп чыкпайт

58. Кайсы катардагы сөздөрдүн баары туура жазылган?

а) идеялдуу, сөзсүз, проект

б) укмуштуу, ашчы, йод

в) багынынкы, күлкүлүү, бараар

г) иштээр, майор, чаштуу.



59. Бүгүн Актан агайыбыз, жетекчибиз бизге жакшы белек берди.

Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси жетишпейт?

а) үтүр

б) сызыкча

в) кош чекит

г) тыныш белгиси коюлбайт

60. Кайсы катардагы сүйлөмдөрдө жантык тамгалар менен жазылган сөздөр байланыштыруучу милдетти аткарган жок?

1. Бийлик да , байлык да мени кызыктырбайт.

2. Эртеңден баштап чогуу мектепке барабыз.

3. Үйдө көздөй жөнө.

4. Айбек менен Акылай ойноп жатышат.

а) 2, 3

б) 1, 4

в) 3, 1

г) 2, 4

61. Кайсы варианттагы сүйлөмдө орфографиялык ката бар?

а) Атасы күндө куран окуйт.

б) Эжеңдин маанайы жоктой көрүнөт.

в) Атай такылдап сүйлөдү.

г) Жаз келип, эгин себип баштадык.

62. Кайсы катарда баардыгы туура жазылган?

а) Бириккен Улуттар Уюму

б) Бириккен улуттар уюму

в) бириккен улуттар уюму

г) Бириккен Улуттар уюму

63. Кайсы катардагы сөздөр дефис менен жазылышы керек?

а) Үй бүлө, ата эне

б) ары бери, эки жүз

в) көк бөрү, көз айнек

г) көп көп, ден соолук

64. Кайсы сүйлөмдө жантык тамгалар менен жазылган сөз кыймыл-аракеттин ишке ашышын тилейт?

а) Канчалык көп окуса да, баарибир жетишмек эмес .

б) Эртең алар биздикине келсе экен .

в) Бул окуя былтыр болгон экен .

г) Анын айткандары туура экен.

65. Айгүлдүн ишенгени ушул бала.

Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси жетишпейт?

а) сызыкча

б) үтүр

в) үтүрлүү чекит

г) кош чекит.

66. Алыстан көрүнгөн Чаткал тоосу.

Сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси коюлушу керек?

а) сызыкча

б) үтүр

в) баары жетиштүү

г) кош чекит

67. Кайсы катарда жантык тамгалар менен жазылган сөз туура жазылган?

а) Ар бир райондон 5тен окуучу келишти.

б) Ар бир райондон 5 тен окуучу келишти.

в) Ар бир райондон 5-тен окуучу келишти.

г) Ар бир райондон "5" тен окуучу келишти.

68. Кайсы катардагы кыскартылган сөздөргө

мүчөлөр туура уланган?

а) КРдин, БУУга, УАКтин

б) КРнын, БУУге,УАКтын

в) КРдин, БУУга, УАКтын

г) КРнын, БУУге, УАКтин

69. Кайсы катардагы жантык тамгалар менен жазылган сөз санды билдирет?

а) Бирөөгө айта көрбө, Асан.

б) Бул ишке бирөө жетишет!

в) Бирөөлөрдүн жардамы менен бүттү.

г) Бирөөнө көз каранды болбогула,балдар.

70. басмайыл

Жогорудагы сөз кантип жасалган?

а) бас+ -ма+ -ыл

б) бас+ -май+ -ыл

в) бас+ -ма+ -й+ -ыл

г) бас+ -ма+айыл

71.Төмөндөгү сүйлөмдөрдө кара менен басылгандардын кайсынысы эркин сөз айкашы боло алат?

А) Оо кудай! Акыр заман деген ушубу?!

Б) Ал суу жүрөк, ууруну көргөндө, артын карабай качыптыр.

В) Айнектей морт адам экен: катуу тийип койсоң эле сынып калчудай

Г) Айтчы деги, кайда баратасың, бай болгур?!

72. Менин укугум, менин эркиндигим - мунун баарын коргогон - жалгыз мен өзүм

Жогорудагы сүйлөмдөн башка сүйлөм мүчөлөрүнө багынбаган негизги сүйлөм мүчөсүн тапкыла.

А) укугум, эркиндигим

Б) коргогон

В) мунун баарын коргогон

Г) жалгыз мен өзүм

73. Кайсы катарда ашык сөз бар?

А) Күрөк, чалгы, шыпыргы

Б) Мендей, балача, адамдай

В) Сүйлөдү, ыйлады, азайды

74. Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн кайсынысында кыймыл аракет белгисиз бирөө тараптан жасалгандыгын билдирет?

А) Кече күнү дүкөн өрттөнүп кетиптир.

Б) Мен келсем, китепкана бекилип калыптыр.

В) Биздин салонду жаптырып салышат экен.

Г) Эң жаман нерселердин бири - ата-энени капаландыруу

75. Синоним сөздөрдү табыңыз

А) Даана, айкын

Б) Ит, дөбөт

В) Суук, ызгаар

Г) Бакыл, сараң

76)Асан баласынын кылыгын көрүп абдан кайгырды.

Жогорудагы сүйлөмдө үтүр(лөр) кайсы сөз(дөр)дөн кийин келет?

А)Асан, баласынын

Б)көрүп

В)Асан, көрүп

Г)баласынын, көрүп

77)Татаал сөздөрдүн туура жазылган катарын тапкыла.

А)үй-бүлө, каш-кабак, КРна

Б)бака жалбырак, ден-соолук, КУУне

В)алп кара куш, дары-дармек, ЮНЕСКОнун

Г)кийим-кече, акыл парасат, БУУнун

78)Кемчилик сенден кечирим менден.

Жогорудагы суйлөмгө кайсы тыныш белги(лер)си жетишпейт?

А)үтүр

Б)тырмакча

В)үтүр, тырмакча

Г)кош чекит, үтүр

79)Кайсы варианттагы сүйлөмдө кош чекиттер туура коюлган?

А)Уйду да, малды да: баарын таштап баса бердим.

Б)Асел сынакка даярданды: сынактан жакшы баа алды.

В)Баары: силерге, калганы: бизге

Г)Каныбектин туркун өнөрлөрү бар: ырдайт, бийлейт, комуз чертет.

80)Төмөнкү сүйлөмдөрдүн кайсынысына сызыкча жетишпейт?

А)Аселдин дептери кызылы.

Б)Кызылын Асел өзү тандады.

В)Аселдин тандаганы кызыл.

Г)Асел кызыл түстөгү көйнөкчөн келиптир.

81)Кубанычтын иши бүгүн оңундабы, айтор анын жүзүнөн жылмаюуну байкадым.

Жогорудагы сүйлөм тен байланыштагы татаал сүйлөмдун кайсы түрүнө кирет?

А)себеп-натыйжа

Б)мезгил

В)түшүндүрмө

Г)божомол

82)Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн ичинен шарттуу багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөмдү тапкыла.

А)Эл кайда болсо, мен да ошол жакта болом.

Б)Каныш мектепке барса, баласы ыйлап отуруптур.

В)Жаныбек сынакты жакшы баага тапшырса, шайтан араба сатып берем.

Г)Сен Айбектин тууганы болсоң, мен досу болом.

83)Базардагы товардын баасы арзандады эл агылып келе баштады.

Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш тыныш белгиси жетишпейт?

А)үтүр

Б)сызыкча

В)кош чекит

Г)үтүрлүү чекит

84)Мен англис тилинде эркин сүйлөйм: ____.

Жогорудагы сүйлөмдү кайсы сүйлөм менен толуктасак туура болот?

А)эки жыл мурун Лондонго барып үйрөнүп келгем

Б)мындан тышкары, орус тилин да билем

В)ошондуктан мен бул жумушта өзүмдү көрсөтө алдым

Г)силер да үйрөнгүлө

85)Идиш сынбас үчүн , сен кармап бар.

Бул сүйлөм багынынкы байланыштагы татаал сүйломдүн кайсы түрүнө кирет?

А)максат

Б)себеп

В)сыпат

Г)каршылаш

86)Асандын бул ишке көзү каныгып калды .

Жогорудагы сүйлөмдөгү жантык тамга менен белгиленген сөз айкашы кандай маанини туюндурат?

А)иштин жөнүн жакшы билүү

Б)конуп калуу

В)көзу түшүү

Г)каалоо

87)Ат токур.

Жогорудагы сөз айкашы кандай маанини туюндурат?

А)кызматкер

Б)саяпкер

В)жигит

Г)эркек бала

88)Астына мин жылкы салып алып Орозкул келатты.

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз айкашы кандай маанини билдирет?

А)менменсинуу

Б)мас болуу

В)бай болуу

Г)мал айдоо

89)Акма кулак болбой, ___ болбойсунбу?!

Жогорудагы сүйлөмдү толуктагыла.

А)кайкы кулак

Б)узун кулак

В)тез уга коймо

Г)куйма кулак

90)Төмөдөгү фразеолизмдердин ичинен кайсынысы жини келүү, ачуулануу дегенди билдирет?

А)кедери кетүү

Б)зыгыры кайноо

В)маашыр болуу

Г)оозунан ак ит кирип, кара ит чыгуу

91)Кумар оюн кесе айтты. Султан да ,эмне айтарын билбей, бир топко алеп-желеп болуп ойлонуп турду.

Жогорудагы текст кайсы стилге мүнөздүү?

А)илимий

Б)көркөм

В)расмий-иштиктүү

Г)публицистикалык

92)Төмөндөгү варианттардын ичинен туура жазылган катарын тапкыла.

А)Джон,Суречки,Умай Эне

Б)Жон, Суречки, Умай эне

В)Джон, Сур эчки, Умай Эне

Г)Жон, Сур эчки, Умай эне

93)Төмөндөгүлөрдүн ичинен адабий нормага ылайык келбеген сөз катышкан вариантын белгиле.

А )Байке, Баканбаева көчөсүнөн токтотуп коёсузбу?!

Б)Балам , мындай учурда акыл токтотуп иш кылуу керек.

В)Асан, унааңды токтотуп коюп, бизге кошул.

Г)Кокуй күн, Карачанын жүрөгү токтоп калыптыр.



94)Төмөндөгү жантык тамга менен жазылган сөздөрдүн кайсынысы кыймыл аракеттин ордун билдирди?

А)Айжан ары сулуу, ары акылдуу келин.

Б)Мындан ары эч ким мага жолтоо болбосун.

В)Балдар, ары жылып алгылачы.

Г)Адамдык ары болсо, ушул жерге келбейби?

95)Каалаганыңдын

Жогорудагы сөзгө канча мүчө жалганган?

А)2

Б)3

В)4

Г)5

96)Төмөндөгү сөздөрдүн кайсынысы зат менен кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдүн биригүүсүнөн пайда болгон?

А)бүрсүгүнү

Б)агайын

В)кулач

Г)өйүз

97)Төмөндөгү варианттардын ичинен туура жазылган вариантын тапкыла.

А)Каракол шаарындагы "Байсал" мейманканасына америкалык туристтер жайгаштырылды.

Б)Кара-Кол шаарындагы Байсал мейманканасына америкалык туристтер жайгаштырылды.

В)Кара-Кол шаарындагы "Байсал" мейманканасына Америкалык туристтер жайгаштырылды.

Г)Каракол шаарындагы "Байсал" мейманканасына Америкалык туристтер жайгаштырылды.

98)Төмөндөгү варианттардын ичинен татаал сүйлөмдү тапкыла.

А)Асел ,досунун келе жатканын көрүп, дароо сыртка жонодү.

Б)Күттүм-келбедиң.

В)Акын отурду да, ырын жаза баштады.

Г)Мен да, сен да- баарыбыз күнөөлүбүз.

99)Айттым-...

Жогорудагы сүйлөмдү туура келген сөз менен толуктагыла.

А)сүйлөштүк

Б)кабардар болду

В)жооп берди

Г)укпады

100)Төмөндөгү сөздөрдүн кайсынысы сүйлөмгө мүчө боло албайт?

А)го

Б)жана

В)менимче

Г)такыр

101)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы "аягы, соңу" деген мааниде колдонулду?

А)Ал мени көргөндө артын карабай качты.

Б)Бул иштин артында сага окшогон жаштар турат.

В)Дарыяхан жомоктун артын билгиси келип турду.

Г)Эшиктин артында сени күтүп жатышат.

102)Кубаткул ___ кыйкымчыл киши.

А)бөйрөктөн шыйрак чыгарган

Б)дүйнөдөн так өткөн

В)жумурткадан кыр чыгарган

Г)бирдин айындай чоюлган

103)Көрсө, сен баладан малды жуук көргөн __ неме турбайсынбы?!

Жогорудагы сүйлөмдү туура келген сөз менен толуктагыла.

А)бакыл

Б)такыр

В)көсөө

Г)кыйды

104)Каныбек малдарды жайып, адырга келди.

Жогорудагы сүйлөмдө кайсы сөз туура эмес колдонулган?

А)малдарды

Б)жайып

В)адырга

Г)келди

105)Төмөндөгү варианттардын ичинен туура жазылган катарды тапкыла.

А)"Фабула" гезити, "Манас" ордени, "Керемет" соода дүкөнү

Б)Фабула гезити, "Манас" ордени,

Керемет соода дүкөнү

В)Фабула гезити, Манас ордени, Керемет соода дүкөнү

Г)"Фабула" гезити, Манас ордени, "Керемет" соода дүкөнү

106)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы адабий тилдин нормасына ылайык келбейт?

А)Туугандар, жаштарды колдойлу!

Б)Окуянын чоо-жайын Мураттын өзүнөн сурайлы.

В)Улууларга сый мамиле жасайлы.

Г)Көптөн бери жолукпагандыктан, катташайлы деп айтып койдум.

107)Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы сөз айкашы боло албайт?

А)акындар поэзиясы

Б)тез чуркоо

В)темир жол

Г)иш тууралуу ойлонуу

108)Айтунуктун он жыл жолукпаган эски курбусунан көзү өттү.

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз айкашы кандай маанини билдирди?

А)кадала тиктөө

Б)каза болуу

В)ичи күйүү

Г)сагынуу

109)Төмөндөгү варианттардын ичинен туура жазылган катарын тапкыла.

А)Жаз келди : талаа жандана баштады.

Б)Жума кыйын комузчу болчу, ошондуктан датка аны өзү менен ала келген.

В)Фермер өтө көп түшүм алды : ал аябай жигердүү эмгектенди.

Г)Канчалык эрте келсен - ошончолук жакшы.

110)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы кыймыл-аракеттин кокустук менен ишке ашканын билдирет?

А)Эмне болгонун бүт айтып салдым

Б)Белек тууралуу Эргешке айтып алдым.

В)Сени шаарга барат деп айтып койдум.

Г)Бир жолу жердештериме айтып калдым.

111)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы "аягы, соңу" деген мааниде колдонулду?

А)Ал мени көргөндө артын карабай качты.

Б)Бул иштин артында сага окшогон жаштар турат.

В)Дарыяхан жомоктун артын билгиси келип турду.

Г)Эшиктин артында сени күтүп жатышат.

112)Кубаткул ___ кыйкымчыл киши.

А)бөйрөктөн шыйрак чыгарган

Б)дүйнөдөн так өткөн

В)жумурткадан кыр чыгарган

Г)бирдин айындай чоюлган

113)Көрсө, сен баладан малды жуук көргөн __ неме турбайсынбы?!

Жогорудагы сүйлөмдү туура келген сөз менен толуктагыла.

А)бакыл

Б)такыр

В)көсөө

Г)кыйды



114)Каныбек малдарды жайып, адырга келди.

Жогорудагы сүйлөмдө кайсы сөз туура эмес колдонулган?

А)малдарды

Б)жайып

В)адырга

Г)келди

115)Төмөндөгү варианттардын ичинен туура жазылган катарды тапкыла.

А)"Фабула" гезити, "Манас" ордени, "Керемет" соода дүкөнү

Б)Фабула гезити, "Манас" ордени,

Керемет соода дүкөнү

В)Фабула гезити, Манас ордени, Керемет соода дүкөнү

Г)"Фабула" гезити, Манас ордени, "Керемет" соода дүкөнү

116)Адалдан түгү жоктун аялы да болбойт эмеспи?!

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз кандай маанини туюндурат?

А)ноокастаган

Б)уятсыз

В)кедей

Г)түркөй

117)Нысап

Жогорудагы сөзгө кайсы мүчөнү уласак, оң мүнөздүү адамдын сапаты келип чыгат?

А)-луу

Б)-кор

В)-чан

Г)-сыз

118)Кайсы сүйлөмдөгү жантык тамга менен белгиленген сөз кыймыл-аракеттин ишке ашуусун каалагандыкты билдирет?

А)Мен окуучу курагымды эскерип, мектебиме барсам дейм .

Б)Дүйнөнүн эн ажайып өлкөлөрүнө бармакчымын .

В)Сени менен бирге баргай элем .

Г)Ал сыяктуу мен да унаа алмак болдум.

119)Мекенимдин, Кыргызстандын тоолоруна не жетсин?

Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси жетишпейт?

А)сызыкча

Б)үтүр

В)кош чекит

Г)баары жетиштүү

120)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы "айла, амал" деген мааниде колдонулду?

А)Кана, бийлер, кандай акыл айтасыңар?

Б) Акылын таап, бул ишти тезирээк чечишибиз керек.

В) Акылы болсо, ушундай кылмак беле?

Г) Акыл - адамдын эн башкы куралы.

121)Аалам сырларын издей турчу жаштар- ушулар.

Жогорудагы сөзгө жалганышы керек болгон мүчөнүн башкы формасы кандай?

А)-дын

Б)-ны

В)-дун

Г)-нын

122)Төмөндөгү варианттардын ичинен туура ташымалданган катарын тапкыла.

А)кай-гы, ЮНЕС-КО, чын-дык

Б)баталь-он, искус-ство, ка-лем

В)мам-бас, БУУ-нун, 10-см

Г)пор-трет, сынал-гы, Жаны-бек

123)Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз заттын түсүн билдирген жок?

А)Бул оору менен көбүнесе ак түспөлдөгү адамдар оорушат.

Б)Ак көйнөк окуучуларга куп жарашыптыр.

В) Ак козуну Асан балам абдан жакшы көрөт.

Г) Ак жоолугуң болсо, колум узарып калат беле?



124)Жоомарт Боконбаев Кыргыз элинин улуу акыны эмеспи?

Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси жетишпейт?

А)үтүр

Б)кош чекит

В)сызыкча

Г)баары жетиштүү

125)Ал менин оозуман келмемди түшүрдү

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген соз кандай маанини туюндурат ?

А)тан калууну

Б)жек көрүүнү

В)ишенбөөну

Г)кайгырууну

126)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы адабий тилдин нормасына ылайык келбейт?

А)Туугандар, жаштарды колдойлу!

Б)Окуянын чоо-жайын Мураттын өзүнөн сурайлы.

В)Улууларга сый мамиле жасайлы.

Г)Көптөн бери жолукпагандыктан, катташайлы деп айтып койдум.

127)Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы сөз айкашы боло албайт?

А)акындар поэзиясы

Б)тез чуркоо

В)темир жол

Г)иш тууралуу ойлонуу

128)Айтунуктун он жыл жолукпаган эски курбусуна көзү өттү.

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз айкашы кандай маанини билдирди?

А)кадала тиктөө

Б)каза болуу

В)ичи күйүү

Г)сагынуу

129)Төмөндөгү варианттардын ичинен туура жазылган катарын тапкыла.

А)Жаз келди : талаа жандана баштады.

Б)Жума кыйын комузчу болчу, ошондуктан датка аны өзү менен ала келген.

В)Фермер өтө көп түшүм алды : ал аябай жигердүү эмгектенди.

Г)Канчалык эрте келсен - ошончолук жакшы.

130)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы кыймыл-аракеттин кокустук менен ишке ашканын билдирет?

А)Эмне болгонун бүт айтып салдым

Б)Белек тууралуу Эргешке айтып алдым.

В)Сени шаарга барат деп айтып койдум.

Г)Бир жолу жердештериме айтып калдым.

131)Түлкүбектин көрөр көз жигиттери- ушулар.

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз кандай мааниде колдонулду?

А)эң ишенимдүү

Б)эң жакын

В)эң керектүү

Г)эң мыкты

132)1)___ үч түтүн калдык.

2)___ эт жешпесе да, тойдун шан-шөкөтүн көрүү максатында көптөгөн адамдар келер эле.

Жогорудагы боштуктарды туура келген сөздөр менен толуктагыла.

А)карандай / ач арбактай

Б)тырмактай/манектей

В)тепкедей / аткыдай

Г)үркөрдой / томуктай

133)Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз байланыштыруучу милдетти аткарды?

А)Улуу-Чаттын боюнча жандан мурда Түлкүбек менен Зуннахун келди.

Б)Кушту мылтыгы менен атып жиберди.

В)Ал сага айтканы менен, сен ага айтпайсың да?!

Г)Бата менен эл көгөрөт.

134)Кайсы вариантта адабий тилдин нормасына ылайык келбеген сөз катышкан?

А)Асан карыя уулун чакырып, кебин баштады.

Б)Мен сени менен баргай элем.

В)Марат мектепке дайыма барчу.

Г)Уялбай, тамак-аштан алың.

135)Сендей саранды биринчи жолу кезиктиришим. __ болбой, __ болбойсунбу?!

Жогорудагы сүйлөмдү толуктагыла.

А)жүүнү бош/ май көтөн

Б)жез тырмак/ чаар ичеги

В)бите карын/ жылаңач баатыр

Г)битин сыгып, канын жалаган/ кызыл ээк

136)Төмөндөгү варианттардын ичинен туура жазылган катарды тапкыла.

А)диференция, Кембридж, раритет

Б)гормония, классификация, гормон

В)искуство, класс, Чехословакия

Г)альбом, потенциал, галерея

137)Төмөндөгү варианттардын кайсынысында акылга сыйбас сөз айкашы катышкан?

А)Саякатчы үчүн кургактыктан көл сапарына аттануу кыйынга турду.

Б)Жакшысы да, жаманы да - менмин.

В)Анын баамчылдыгы баарыбызды таң калтырды.

Г)Тилдүү дудук болбой, бир нерсе деп койсоң боло?!

138)Төмөндөгү варианттардын ичинен сан-өлчөм татаал сүйлөмдү тапкыла.

А)Асыл кайда болсо, мен да ошол жерде болом.

Б)Канчалык ЖРТны жакшы тапшырсаң, ошончолук чон мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуң.

В)Канчалык аракет кылсак да, ишибиз оңунан чыкпады.

Г)Канча китебиң болсо, баарын алып кел.



139)Асел айылга жеткичекти , узун жолду кыскартып, кеп курду.

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген создүн акыркы мүчөсүнүн башкы формасы кандай?

А)-кычакты

Б)-гычакты

В)-чакты

Г)-кичекти

140)Менин экинчи жумушка орношконума байланыштуу жумушумду түшкү мөөнөткө жылдыруунузду суранам.

Жогорудагы сүйлөм кайсы иш кагазына мисал боло алат?

А)доо кат

Б)арыз

В)ишеним кат

Г)сураныч кат

141). Тайэнемдердикине мал союшуу үчүн бараармын.

Жогорудагы сүйлөмдө канча орфографиялык ката бар?

А)1

Б)2

В)3

Г)4

142). Мен бул талапкерди шайлабайм, __ анын идеясы мага жакты.

Жогорудагы сүйлөмдү ылайыктуу сөз менен толуктагыла.

А)ошентсе да

Б)ошондуктан

В)анткени

Г)жана

143)Токтогул гениалдуу акын.

Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси жетишпейт?

А)үтүр

Б)дефис

В)сызыкча

Г)баары жетиштүү

144)Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн кайсынысы адабий тилдин нормасына туура келбейт?

А)Жумабек ,Эсенден кабар алчы!

Б)Чыйырбекке :"Эмнеге сабакка келбедиң?"-деген собол салды.

В)Ал мага: "Мени жумуштан албаңыз" -деп өтүндү.

Г)Шамырбек өзүнүн байлыгы менен тээ тоо-ташка чейин таанылган.

145)Биз аны чык чатырбас Чынарбай деп коёбуз, себеби ___

Жогорудагы сүйлөмдү мааниси жагынан туура келген сөздөр менен толуктагыла.

А)колунан эч нерсе чыкпайт.

Б)эч нерсени теңине албай калган.

В)өтө кыраакы жана сак.

Г)иштин көзүн жакшы билет.

146)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы сүйлөмгө мүчө боло албайт?

А) Данияр , класстын мыкты окуучусу, олимпиададан биринчи орун алды.

Б) Данияр - класстын алдыңкы окуучуларынын бири.

В)Олимпиададан канчанчы орун алдың, Данияр ?

Г) Данияр, Умар кайда жүрүшөт?

147)Төмөндөгү варианттардын ичинен туура жазылган катарды тапкыла.

А)Торугарт, Көкөмерен

Б)Торугарт, Көкө-Мерен

В)Тору-Гарт, Көкө-Мерен

Г)Тору-Гарт, Көкөмерен

148)Төмөндөгү сүйлөмдөрдүн кайсынысында сызыкча туура эмес коюлган?

А)Сурадым-жооп бербеди.

Б)Китеп- билим булагы.

В)Ойгонуп кетсе-түш.

Г)Ал-акын.

149)Төмөндөгү варианттардын ичинен кайсынысы кыймыл-аракеттин баяндоочунун өзү тарабынан аткарылгандыгын билдирет?

А)Сени көрүп сүйүндүм.

Б)Кино чоң сыймык менен эл назарына тартууланды.

В)Эртең менен эрте туруп, жуундум.

Г)Анын жүзүнөн жылмаюу көрүндү.

150)Төмөндөгү варианттардан толук синонимдерди тапкыла.

А)эркиндик-уруят

Б)ылаажы-акыл

В)сунуш-таклип

Г)акыйкат-чын

151)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы метафоралык мааниде колдонулду?

А) Кулагы укпаган дүлөй болдуң го?!

Б)Ал Темирдин кулагына бир нерселерди шыбырады.

В)Казандын кулагынан кармап биякка алып келгиле.

Г)Анын кулагынан күн көрүнүп калыптыр.

152)Төмөндөгү туруктуу сөз айкаштарынын кайсынысы олдоксон адамдарга мүнөздүү?

А)мурдунан жетелетүү

Б)суу тумшук болуу

В)мойнуна сорпо төгүлүү

Г)чылпагын алам деп көзүн оюу

153)Төмөндөгү суйлөмдөрдун кайсынысында адабий тилдин нормасына ылайык келбеген сөз катышкан?

А)Буларындын да чирир күнү бар.

Б)Асан дайыма эрте турчу.

В)Эки гүлдөргө суу куюп кой.

Г)Баарына маалым болгондой, Кыргызстан өнүгүүдө.



154)Кайсы варианттагы жантык тамга менен белгиленген сөз мезгилди билдирди?

А) Сүйлөгөнү куду атасындай.

Б)Балам сүйлөгөнү, бала бакчага барат.

В)Кубан кабарды айтканы коңшу айылга барды.

Г)Анын айтканынан пайда жок.

155)Төмөндөгү сөздөрдүн кайсынысына мүчө уланганда уңгусу өзгөрүп кеткен?

А)жамын

Б)тилемчи

В)санаарка

Г)жалгызсыра

156)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы сүйлөм ичинде туура эмес колдонулган?

А)Асан экинчи кластты ийгиликтүү аяктады.

Б) Ондой киши Зуннахундун үйүнө кирип кетти.

В) Биздин класттагы окуучулардын он экөөсү кыздар болчу.

Г)Азыр жакшы адамдар миңдин бири болуп калбадыбы?!

157)Төмөндөгү варианттардын кайсынысы кыймыл-аракеттин башка бирөө тарабынан аткарылгандыгын билдирет?

А)Алыстан атайын чакырылып Молдобасан табып келди.

Б)Эсен, Сарымсакка жардамдашып койчу!

В)Колумду тилип алдым.

Г)Драма чоң ийгилик менен театрда көрсөтүлдү.

158)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы кыймыл-аракеттин ал-абалын билдирген жок?

А)Бул өсүмдүк табиятынан бийик өсөт .

Б)Анын жолдоштору алыс кетишти.

В)Колдун терең болгону балдарга эле жаман болуп жатпайбы?

Г) Курч көзүң бар эмеспи, ийнени саптап берчи.



159)Жарк

Жогорудагы сөзгө кайсы мүчөнү уласак, кыймыл-аракетти билдирген сөз пайда болот?

А)-лан

Б)-ын

В)-ылда

Г)-журк

160)Анын көк чычканы бар .

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген туруктуу сөз айкашы кандай маанини билдирет?

А)жолу болбогон

Б)сараң, колу чүрүш

В)бардар, турмушу жакшы

Г)арамзалыгы бар

161)Кайсы катарда түшүндүрмө мүчөлүү сүйлөм берилген?

А)Кудаяр ханга ордосу, гареми, алтын сарайы аман болсо болду.

Б)Дүйнөнүн эн акылдуу, маданияттуу эли- ушул жердин калкы.

В)Тентек Динар дагы келдиби?

Г)Элибизге, кыргыз журтуна, кызмат кылуу- бардыгыбыздын милдетибиз.

162)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы орфографиялык эрежеге ылайык келбейт?

А)Жоготкон сенсиң, таап кел!

Б)Ары карап, бери карап бир чечимге келишти.

В)Тиги козу энесин ээмип албасын, карап тур!

Г)Муну уккан Дайыр баласын чаап жиберди.

163)Төмөндөгү жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы ээлик милдетти аткарды?

А) Ийгилик сырын ушул саясатчыдан сура.

Б) Мен билгендей, сен жөн келген жоксуң.

В) Чындык эч качан олбойт.

Г)Эл караган бетимди жер каратпа.

164)Айланада мемиреген тынчтык. Кук эткен кузгун, как эткен карга жок. Жылкынын дүбүртү бул тынчтыкты бузгансыйт.

Жогоруда кептин кайсы түрү берилген?

А)баяндоо

Б)сүрөттөө

В)ой жүгүртүү

Г)ал-абалды сүрөттөө

165)Кантип эки колунду мурдуна катып барасың ?

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген соз айкашы кандай маанини туюндурат?

А)куру кол барууну

Б)уялбай барууну

В)сүйлөбөй барууну

Г)кайгырбай барууну

166)Кайсы катарда бардык сөздөр туура жазылган?

А)Бала Курман, Чалкуйрук

Б)бала Курман, Чал куйрук

В)Бала Курман, Чал-куйрук

Г)бала Курман, Чал-куйрук

167)Эт этке шорпо бетке.

Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш белги(лер)си жетишпейт?

А)үтүр

Б)кош чекит

В)үтүр, сызыкча

Г)үтүр, кош чекит

168)Төмөндөгү варианттардын кайсынысында аткаруучу тарабы белгисиз болгон сүйлөм берилген?

А)Балаңа катуу айта албайт экенсиң.

Б)Ушул жакшылыгыңызга чоң ыракмат!

В)Асанга айтпагандын баарын айтышыптыр.

Г)Буга чейин бул тууралуу нечен кеп козгогом.

169)Төмөндөгү катарлардын кайсынысында бир гана вариантын жазууга жол берилген сөздөр берилген?

А)шаарлык - шаардык

Б)хуштар - куштар

В)ыраазы- раазы

Г)окугам - окугамын

170). Тегирменчиникиндегилерденсиздерби?

Жогорудагы созго канча мүчө жалганган?

А)7

Б)8

В)9

Г)10

711)Кайсы катардагы сөз туура жазылган?

А)Камбар-Ата

Б)Камбар ата

В)Камбар Ата

Г)Камбар-ата

172)Кайсы катарда эки сөздүн биригүүсүнөн жаралган сөздөр берилген эмес?

А)агайын, өгүнү

Б)биякка, түнүчүндө

В)жыңайлак, кулач

Г)натуура, көлчүк

173)Кайсы катардагы сөздөрдө үнсүздөрдүн алсырап, созулмаларга айланып кеткен учурун байкоого болот?

А)жаап, бээ жай

Б)ээмп, нааразы

В)тоо, шырдак

Г)тээп, бака жалбырак

174)Кайсы катарда адабий тилдин нормасына ылайык келбеген сөз катышкан?

А)Мынчалык түлкү экениңди билгенимде, сени менен мамиле курбайт элем.

Б)Ал сага көптөн бери айткысы келип жүргөн.

В)Маа айтып койсоң, убагында аткарып коёт элем да.

Г)Балдар, силерге бир ишим бар.

175)Кайсы катардагы сөздөрдүн ичине тыбыштардын кошулуп айтылуусу мүнөздүү?

А)митинг, герб, фонд

Б)трактор, клуб, кружок

В)штраф, справка, склад

Г)спорт, Минск, план

176)Кайсы катарда географиялык аталыштардын бардыгы туура жазылган?

А)Батыш Африка, Иран ислам Республикасы

Б)батыш Африка, Иран Ислам республикасы

В)Батыш Африка, Иран Ислам Республикасы

Г)батыш Африка, Иран ислам Республикасы

177)Бул __ Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейинин 11-классыны окуучусу Асанов Эсенге берилет, анткени бул окуучу 2018-2019-жылында жогорудагы аты аталган окуу жайында окугандыгы анык.

Жогорудагы текст кайсы иш-кагазынан үзүндү боло алат?

А)ишеним кат

Б)өмүр баян

В)күбөлүк кат

Г)справка

178)Төмөндөгү варианттардагы жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы ички сезимди билдирген жок?

А) Аттиң, ошондо Майсалбегимди акыркы жолу көрбөдүмбү?!

Б)Талантыңа таазим, бали!

В)Айлана кандай гана кооз, бах!

Г) Кош, жолугушканча аман бол!

179)Анын байпагы азыр манат болуп калган.

Жогорудагы туруктуу сөз айкашы кандай маанини туюндурат?

А)бардар турмушта жашоо

Б)жылдызы түшүү

В)жарды, кедей болуу

Г)иши начарлоо

180)Дүйшөн терегин Алтынайга арна___.

Жогорудагы боштукка кайсы мүчөнү ласак, иштин капыстан болуп өткөнүн билдирет?

А)-са экен

Б)-чу

В)-ган экен

Г)-ыптыр

181)Кайсы катардагы сөздөр бири-бири менен толук маанилеш?

А)зыкым - сараң

Б)көркөм - сулуу

В)илбериңки - шамдагай

Г)бийик - узун

182)Төмөндөгү варианттардын кайсынысында орфографиялык ката жок?

А)Жигиттин саламдашпай басып кеткенине абышка тарынып калды.

Б)Атың барда жер таны, атаң барда эл таны.

В)Ал күнөөнү мойнуна албастан, танып койду.

Г)Байкеңе отун тарышып жардам берип койбойсуңбу?!

183). Согуш элеси көз алдына келгендей, Сергей кайраттанып сөзүн улады.

Жогорудагы сүйлөм татаал сүйлөмдүн кайсы түрүнө мисал боло алат?

А)сыпат

Б)салыштырма

В)себеп-натыйжалаш

Г)мезгил

184)Кайсы катардагы сөздөрдүн бардыгы туура ташымалданган?

А)Ма-нас, хим-фак, искус-ство

Б)тек-че, подъ-езд, мээ-римдүү

В)бу-лак, Тору-гарт, кы-зыл

Г)аа-лам, чы-гарма, 10-см

185). Каш карайган мезгил бул- __.

Жогорудагы сүйлөмдү толуктагыла.

А)каатчылык болгон кыйын мезгил

Б)буурул таң болгон мезгил

В)күүгүм кирип, караңгы түшкөн мезгил

Г)иши жүрүшүп турган мезгил

186). Кийи…ки, кыргы…ча, ту…ма

Жогорудагы сөздөрдү туура келген тыбыштар менен толуктагыла.

А)н, з, н

Б)н, з, м

В)ң, с, м

Г)ң, з, н

187)Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы эки сөздун биригүүсүнөн пайда болгон?

А)жалгызсыра

Б)чаңдаяк

В)басмакана

Г)жылгаяк

188)Жаныбек бүгүн да жумушка кеч келди, ___ арызын жаздырышты.

Жогорудагы сүйлөмдү ылайык келген сөз менен толуктагыла.

А)ошондуктанбы

Б)себеби

В)ошон үчүн

Г)анын үстүнө



189)Артын карай калса карышкыр.

Жогорудагы сүйлөмгө кайсы тыныш белгиси жетишпейт?

А)үтүр

Б)сызыкча

В)кош чекит

Г)баары жетиштүү

190)Кайсы катардагы сөзгө мүчө уланган?

А)кубануу

Б)сүйүнүү

В)чалуу

Г)тазалануу

191)Кайсы катардагы кыймыл аракетти билдирген сөздү бириктирүүгө болот?

А)айтып келди

Б)бара жатты

В)карай берди

Г)сурай калды

192)Кайсы катарда шарттуу татаал сүйлөм берилген?

А)Улуунун сөзүн ук - жамандык көрбөйсүң.

Б)Кышкысын жер тоң- арык казылбайт.

В)Шамбет кайда барат, мен да ошол жакка жөнөйм.

Г)Күн шашке болуп калды, Султан дагы эле тура элек.

193)Конокко чакырсак, ___, деле келмеги азап болду.

Жогорудагы сүйлөмдү ылайык келген сөз айкашы менен толуктагыла.

А)бирдин айындай чоюлуп

Б)бирөөнүн отуна жылынып

В)жаагын ысытып

Г)быкбырдай кайнап



194). Акылбекти Асылды Жакыпты баарын кайгыга салып баса берди.

Жогорудагы сүйлөмгө канча тыныш белгиси жетишпейт?

А)2

Б)3

В)4

Г)5

195)Бул Жаныбектин эч кимге айтпаган сыры болчу ; ____.

Жогорудагы сүйлөмдү ылайык келген сүйлөм менен уланткыла.

А)Асел шашылып чыгып кетти

Б)"айтпай эле койсом болмок",- деп ойлонду

В)аны көптөн бери жашырып жүргөн

Г)бирок акыр-аягы билинди

196)Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз кыймыл-аракеттин тездик менен капыстан болуп өткөндүгүн билдирет?

А)Асылбек, сынактан жогорку балл алгандыгын укканда , кыйкырып жиберди.

Б)Ал көпкө чейин ойлонуп турду.

В)Мындай болорун күтпөгөн Шайыргүл бардык чындыкты "айтканы турат*.

Г)Жаныш иштин ары жогун ойлобой эле, бардыгын өзү билгендей жасай берди.

197)Төмөндөгү сөздөрдүн кайсынысы ойду тактоодо колдонулат?

А)кыязы

Б)чындыгында

В)акыры

Г)шексиз

198)Кайсы катарда сызыкча туура колдонулган?

А)Сундум- албадың.

Б)Айттым-ачууландың.

В)Сүйдүм- жек көрдүм.

Г)Байкадым- бааладым.



199)Кайсы катардагы мучөлөрдүн экөөсүн тен кыймыл-аракетти билдирген сөздөргө уласак, маанилери бир болгон сөздөр келип чыгат?

А)-ыл / -ын

Б)-дыр / -кар

В)-мак/ -гай эле

Г)-ган/ -ыптыр

200)Кайсы вариантта орфографиялык эреже ылайык келбеген сөз катышкан?

А)Эжейим эртең энеми чогулушка чакыр деди.

Б)Эжеңкине барып келчи.

В)Бала чагымда ушул өзөндүн боюна күн сайын келүчүмүн.

Г)Бардык нерсенин чирир күнү бар.

201)Кайсы катардагы сүйлөмдүн биринчи бөлүгү экинчи бөлүгүнүн мезгилин билдирет?

А)Абитуриенттер сынакты тапшырбаса, студент боло алышпайт.

Б)Жамбыл сени жакшы көрсө, мени жек көрөт.

В)ЖРТ тестинин жыйынтыктары чыкса, мага кабарлап койгула.

Г)Канчалаган окуучулар сынакты тапшырса да, көбү өтпөй калышты.

202)Адамдын үнүнүн дарылык касиети бар. Бирок адамдар анын баалуулугун түшүно элек.

Жогорудагы текст кептин кайсы түрүнө мисал боло алат?

А)ой жүгүртүү

Б)сүрөттөө

В)баяндоо

Г)ал-абалды баяндоо

203)Адамдын үнүнүн дарылык касиети бар. Бирок адамдар анын баалуулугун түшүнө элек.

Жогорудагы текст кайсы стилге мүнөздүү?

А)илимий

Б)илимий-көркөм

В)публицистикалык

Г)көркөм

204)Кайсы катарда жаксыз сүйлөм берилген?

А)Менимче, бул суроого "Б" жообу туура келет.

Б)Бардык чындыкты айтууга туура келет.

В)Мага бул өлчөмү туура келбейт экен.

Г)Туура келсе, сени өз кызым кылып алайын?!

205)Калыс- ___ келген буудай жүздүү жигит.

Жогорудагы сүйлөмдү толуктагыла.

А)кара тору

Б)ак саргыл

В)кызыл беттүү

Г)апаппак

206)Кайсы катардагы көптүк -лар мүчөсү сөзгө туура эмес жалганган?

А)Тиги кол булгап салам бергендер - менин санаалаштарым.

Б)Ат арытып алыскы айылдардан аксакалдар келишти.

В)Илгери кыргыз эли тамаш-аштарга сарамжалдуу болушкан.

Г). Бештерге жакын мени айылдын четинен күт.

207)Чабылган камчынын үнү чыкканда Маралбайдын көксөсү сууй түштү.

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз кандай маанини билдирет?

А)ачуусу келүү

Б)коркуп кетүү

В)табасы кануу

Г)биротоло түңүлүү

208)Кайсы катардагы сын-сыпатты билдирген сөз күчөтүлүп берилген?

А)шаардан алыс

Б)кызгылт көк

В)ажарлуунун ажарлуусу

Г)тоодой



209)Кайсы катарда сөз унгу, мүчөгө туура ажыратылган?

А)намыс-таныш-ы-нын

Б)намыс-та-н-ыш-ын-ын

В)намыс-тан-ыш-ы-нын

Г)намыс-тан-ыш-ынын

210)Ал Султан жумушун бүтүргүчө Акылай менен чай ичип отурду.

Жогорудагы сүйлөмдө үтүр кайсы сөз(дөр)дөн кийин келиши керек?

А)Ал

Б)Ал, Султан, бүтүргүчө

В)бүтүргүчө

Г)Ал, бүтүргүчө

211)-Кандай жүрөсүң?

-Козулуу кой.

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз айкашы кандай мааниде колдонулган?

А)начар

Б)жакшы

В)эптеп-септеп

Г)ойдогудай

212)Мал __ сыртында, адам __ ичинде демекчи, анын жаман-жакшы экенин ылгоо кыйын.

Жогорудагы сүйлөмдү ылайык келген сөз менен толуктагыла.

А)ниети

Б)жакшысы

В)аласы

Г)карасы

213)Бир жолу барып койсо, никеси бузулбайт.

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз кандай мааниде колдонулган?

А)ажырашпайт

Б)эч зыянга учурабайт

В)дили карарбайт

Г)жамандык көрбөйт

214)Асан атасына ___ окшош.

Жогорудагы сүйлөмдү кайсы сөз же сөз айкашы менен толуктасак, мааниси жагынан дал келбейт?

А)коёндой

Б)куштун тилиндей

В)оозунан түшө калгандай

Г)айрып алгыс

215)Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы "жүрөгү жаман кабарды сезгендей, тынчы кетүү, санааркоо" деген маанини билдирет?

А)жүрөгү туз куйгандай ачышуу

Б)жүрөгү солк этпөө

В)жүрөгү опколжуу

Г)жүрөгү жибүү

216)Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы жалпылама жактуу сүйлөмгө мисал боло алат?

А)Сен жаман бала экенсиң.

Б)Бул жылдыкта жакшы окудуң.

В)Адамды ишинен тааныйт.

Г)Бул макалада Асан кайгы тууралуу айтылган.

217)Кайсы катарда жөндөмө менен байланышпаган сөз айкашы берилген?

А)мектепке баруу

Б)үй жыйноо

В)жакшы окуу

Г)китеп алуу

218)Ат арытып алыстан келгендер төрдөн орун алышты.

Жогорудагы сүйлөмдүн ээсин тапкыла.

А)келгендер

Б)ат арытып алыстан келгендер

В)алыстан келгендер

Г)ээси көмүскөдө

219)Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы атама сүйлөмгө мисал боло алат?

А)1941-жыл.

Б)Мектепти сагынуу.

В)Шаарды көздөй.

Г)Ачуу чындык.

220)Төмөндөгүлөрдүн кайсынысы орфографиялык эрежеге ылайык келбейт?

А)"Кока-Кола" ишканасы

Б)"Ачыгын айтканда" телеберүүсү

В)"Шоокум" журналы

Г)"Эне даңкы" ордени

221)Кайсы катардагы кыймыл-аракетти билдирген соз кыймылдын башка бирөө үчүн иштелгенин билдирет?

А)Жанышка отун жарышып жардам берип койчу.

Б)Агайыбыз бизге энеси тууралуу көп айтып берчү.

В)Анын бул жоругу көпкө чейин улана берди.

Г)Мага Ч.Айтматовдун китебин качан бересиз?

222). Ичке үзүлүп, жоон созулган убактан аман-эсен чыгып алсак, кийинкибиз жеңил болот.

Жогорудагы жантык тамга менен белгиленген сөз кандай маанини туюндурду?

А)кыштан

Б)жакырчылыктан

В)тамак-аш тартыш кезден

Г)күз мезгилинен

223)Кайсы катарда каршылаш тең байланыштагы сүйлөм берилген?

А)Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.

Б)Дыйыкандын түбү-кенч, соодагердин түбү - борч.

В)Ошо тамы аман болсун, а көрө курмушу үйдө турганым артык.

Г)Шагылы болбой, жер болбойт; шайыры болбой, эл болбойт.



224)Кайсы катардагы жеп аталыштарынын бардыгы туура жазылган?

А)Ростов-на-дону, Ыраакы Чыгыш

Б)Ростов-На-Дону, ыраакы чыгыш

В)Ростов-На-дону, Ыраакы чыгыш

Г)Ростов-на-Дону, Ыраакы Чыгыш

225)Кайсы катарда эркин сөз айкашы берилген?

А)бычактай тийүү

Б)бычактын курчу

В)бычак сырты

Г)бычакка сап болгудай

226)Ал ушунчалык соргок: ____.

Жогорудагы сүйлөмдү толуктагыла.

А)оозунун чыгы кургабайт

Б)мурдун балта кеспейт

В)кумурсканын улутунганын билет

Г)кылдай кара санабайт

227)Кайсы катарда орфографиялык ката бар?

А)Ар нерсенин башын баштап коюп, өзү жок болуп кетти.

Б)Жөн тура бербей бир демке дебейсинби?

В)Жазгүл сага эч нерсе айткан жокпу?

Г)Эшикте сени кимдир бирөө күтүп жатат.

228)Кайсы катардагы сөздун мүчөсү жаны маанидеги сөз жасады?

А)малым

Б)малкор

В)малды

Г)малдыкы

229)Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз сүйлөм ичинде аныктоочтук милдет аткарды?

А).Балдарым, жакыныраак келгилечи.

Б). Билимдуу эч качан эч кимге көз каранды болбойт.

В). Адамга эн кыйыны - күн сайын адам болуу.

Г). Окуу отличниги болгон Асан бүгүн "2" алды.

230)Таары…ба, качы..,и ..чи,

Жогорудагы сөздөрдү ылайыктуу тыбыштар менен толуктагыла.

А)н,ч,ш

Б)н,ш,ч

В)м,ч,ш

Г)м,ш,ч

231)Төмөндөгү туруктуу сөз айкаштарынын кайсынысы башкалардан мааниси жагынан айырмаланып турат?

А)чаар ичеги

Б)буту менен басып, мурду менен тынгандар

В)түп көтөрүлө

Г)такалуудан тай калбай

232)Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз кыймыл-аракеттин бир канча адам кошулуп, биргелешип аткарылгандыгын билдирет?

А)Жакшы окусаң, көп ийгиликтерге жетишесиң.

Б)Апендинин бул жоругуна жапа тырмак каткырышты.

В)Кычан кунандан ыргып түштү.

Г)Эртең эрте туруш керек.

233)Каныбек өтө таланттуу жигит: __

Жогорудагы сүйлөм кандай толукталышы керек?

А)бирок талантын эч кимге ачпайт

Б)мен да Каныбектей болгум келет.

В)көптөгөн сынактарга катышты.

Г)ырдайт, бийлейт, ыр жазат.

234)Кайсы варианттагы сөздөрдүн бардыгы кептин ой жүгүртүү түрүнө мүнөздүү?

А)дирелдеди, укмуштай, жымжырт.

Б)анык, демек, айтор

В)уялды, жөнөдү, негедир

Г)аруу, ошондуктан, чуркады

235)Кайсы катардагы жантык тамга менен белгиленген сөз кыймыл-аракеттин капыстан болуп өткөнүнөн кабар берет?

А)Нурбек биздикине күнүгө конокко келчү.

Б)Нурбек менен Айым тоого чыгышты.

В)Нурбек Айымга болгон чындыкты айтып коюптур.

Г)Нурбек шаарга өмүрүндо эки эле жолу барган.

236)Кайсы катардагы сөз туура жазылган?

А)Улуттук илимдер академиясы

Б)улуттук илимдер академиясы

В)Улуттук Илимдер Академиясы

Г)Улуттук Илимдер академиясы

237)Төмөндө жантык тамга менен белгиленген сөздөрдүн кайсынысы байланыштыруучу милдетти аткарды?

А)Чынарбек ары таланттуу, ары акылдуу жигит экен.

Б)Балдар, ары тургула!

В)Мындан ары эч качан эч кимге ишенбейм.

Г)Ал дагы бир ары жок неме турбайбы?

238). Ата-энемдин башка кызматка которулгандыгы жана жашаган жерибиздин өзгөргөндүгүнө байланыштуу менин өздүк деломду берүүңүзду суранам.

Жогорудагы текст иш-кагаздар стилинин кайсы түрүнө мисал боло алат?

А)арыз

Б)ишеним кат

В)күбөлүк кат

Г)доо кат

239)Төмөндө берилген сүйлөмдөрдүн кайсынысы кептин мыктылыгына далил боло албайт?

А)Ага ушунчалык нервим кайнап, эмне кылышты билбей турдум.

Б)Байкуш кыз колун кесип алыптыр.

В)Азыркы заманбап ырларга такыр канааттанбайм.

Г)"К.Маликовду окуп келгиле",- деди мугалим.

240)Кайсы катардагы сүйлөм тексттин тезиси болуп саналат?

А)Менин атам шофёр болуп иштейт.

Б)Шофёр болуш учун ишке так, сергек болуш керек.

В)Шофёрдук кандай көңүлдүү?

Г)Мен чоңойгондо шофёр болом.



Практикалык грамматика (Жооптору)

1-В

2-Б

3-Г

4-А

5-А

6-А

7-А

8-В

9-В

10-Г

11-А

12-Б

13-Г

14А

15-Б

16-б

17-а

18-г

19-г

20-а

21-г

22-б

23-б

24-в

25-а

26)а

27)в

28)а

29)в

30)в

31)а

32)в

33)а

34)г

35)б

36)г

37)в

38)б

39)б

40)а

41)г

42)а

43)а

44)а

45)б

46)б

47)г

48)в

49)а

50 )а

51)а

52)г

53)б

54)в

55)в

56)в

57)г

58)а

59)а

60)а

61)г

62)а

63)а

64)б

65)а

66)а

67)б

68)в

69)б

70)в

71)в

72)в

73)в

74)а

75)а

76)в

77)в

78)а

79)г

80)а

81)г

82)в

83)б

84)а

85)а

86)а

87)г

88)б

89)г

90)б

91)б

92)б

93)а

94)в

95)б

96)в

97)а

98)б

99)г

100)в

101)в

102)в

103)а

104)а

105)г

106)г

107)г

108)г

109)г

110)б

111)в

112)в

113)а

114)а

115)г

116)в

117)а

118)в

119)б

120)б

121)г

122)б

123)г

124)г

125)а

126)г

127)в

128)а

129)в

130)б

131)б

132)г

133)а

134)г

135)в

136)г

137)г

138)б

139)б

140)б

141)б

142)а

143)в

144)в

145)а

146)в

147)а

148)г

149)в

150)в

151)в

152)г

153)в

154)б

155)а

156)в

157)г

158)г

159)в

160)г

161)г

162)в

163)в

164)а

165)а

166)а

167)в

168)в

169)в

170)б

171)б

172)г

173)а

174)в

175)б

176)в

177)г

178)г

179)а

180)г

181)а

182)в

183)а

184)б

185)в

186)а

187)б

188)в

189)б

190)г

191)а

192)б

193)в

194)б

195)г

196)а

197)в

198)а

199)б

200)в

201)в

202)а

203)в

204)б

205)б

206)в

207)в

208)в

209)в

210)г

211)в

212)в

213)б

214)б

215)в

216)в

217)в

218)б

219)а

220)г

221)а

222)в

223)а

224)г

225)б

226)а

227)б

228)б

229)г

230)а

231)а

232)б

233)г

234)б

235)в

236)а

237)а

238)а

239)а

240)в


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!