№ | Сабактын максаттары: | Сабактын көрсөткүчтөрү |
1 | Билим берүүчүлүк: Элдин музыкалык аспабы, комуз жөнүндө түшүнүктөрү кеңеет жана анын баалуулугун түшүнүшөт. | -эгерде окуучулар музыкалык аспап жөнүндө түшүнүшсө; -комуз жөнүндө маалымат алышса; -анын баалуулугун билишсе; |
2 | Ɵнүктүрүүчүлүк: Текстти окуп, суроо түзө алышат жана өз алдынча иштөөгө машыгышат. | -эркин оюн айтууга машыгышса; -өз алдынча иштөө жөндөмдүүлүгүн өнүктүрө беришсе; -көнүгүүлөрдү аткара алышса; -текстти окуп, суроолорго жооп бере алышса; -ролдоштүруп окуй алышса; |
3 | Тарбия берүүчүлүк: Таанып-билүүчүлүк көндүмдөрү, эркин эмоциясы өнүгө берет. | -таанып – билүүчүлүк көндүмдөрү артса;; - эркин эмоциясы өнүгө беришсе; |
Негизги компетенттүүлүк | Предметтик компетенттүүлук |
Маалымат билгилиги - Окуучулар өтүлгөн бөлүмдөгү грамматикалык материалдар боюнча кыскача маалымат алышат. | Тилдик таануучулук-(ПК1 -Сөз маанисин түшүнө билишет. |
Социо-катнаштык билгилик –Окуучулар өз алдынча, топтордо иштей алышат. | Кептик таанучулук- (ПК2)-Өз оюн түшүнүктүү жана жеткиликтүү билдире алышат. |
Өз ишмерлигин уюштуруу жана маселелерди чечүү - Окуучулар өз ойлорун жазуу түрүндө билдире алышат | Маданият таануучулук (ПК3) – Улуттук маданияттын баалуулуктарын түшүнүшөт. |
Сабактын этаптары Убакыт | Мугалимдин иш -аракети | Окуучулардын иш -аракети | НК | ПК | Баалоо |
Уюштуруу 5 мүн | Окуучулардын катышуусун жоктоймун. Жагымдуу маанай түзөмүн. “Катар” оюну. Баалоонун түрлөрүн айтып кетемин. | Саламдашат. Мөөнөтчү окуучу жооп берет. Жагымдуу маанай түзүшөт. М: Медина,Сумая деп өзүнүн атына башкаларды да кошуп айтышат. Эске тутуусу жакшырат. Окуучулар суроолорго так жооп бергенге аракет кылышат. | | | |
Үйгө берилген тапшырманы текшерүү 10мүн | Үйгө берилген тапшырманы таратмалар аркылуу текшеремин. Таратмаларга суроолорду жазамын , жоопторун жазышат. | Окуучулар жазып келген тапшырмаларыны таратмаларга жазып, бири-бирине текшертишет. К. Молдобасанов тууралуу бири-бирине суроо беришет. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 | Калыптандыруучу баалоо |
Жаңы материал менен иштөөгө даярдык 2 мүн | Окуучулардан комуз жөнүндө эмне билишерин, кыргыз элинин дагы кандай музыкалык аспаптары бар экендигин сурайм. Жоопторун толуктоо менен аларга комузду көрсөтүп, анын түзү, эмнеден жасалгандыгы тууралуу айтып берет.Улуттук музыкалык аспаптардын сүрөттөрүн видиодон i көрсөтүү | Окуучулар суроолорго жооп беришет. Билгендерин айтып, ой бөлүшөт. М: ооз комуз, шылдырак, комуз ж.б. Комуздун үч кылы бар. Ал жыгачтан жасалат. Жасоо үчүн көптөгөн эмгек кетет. | НК1 НК2 | ПК1 ПК2 ПК3 | Калыптандыруучу баалоо |
Жаңы тема жана сабактын максаты эменен тааныштыруу 5 мүн Көнүгүү иштөө 5мүн | Сабактын үч бирдиктүү максаттарын көрсөткүчтөрү менен тааныштырамын. 1-тапшырма боюнча жаңы сөздөрдү кайталашат, маанисин түшүнүшөт, сөз айкаштарын, сүйлөмдөрдүү түзүү. Упайларды берүү. 2-тапшырма боюнча жуп-жубу менен ролдоштуруп окутамын. Силер комуз жөнүндө эмне билесиңер? Кимиңер комуз черткенди билесинер?Жакшы оуган окуучуларга урай берилет. | Окуучулар тасманы көрүп, маалымат алышат. айтышат. Окуу китебинин 1-көнүгүүсүн аткарууда жаңы сөздөрдү мугалимдин артынар кайталашат. Мааанилерин түшүнүп, сөз айкаштарын түзүшөт. Сөз айкаштарына сүйлөм түзүшөт. 2-тапшырма. Экиден чыгып ролго бөлүп окушат. Комуз тууралуу айтышат. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 | |
Жаңы материалды бышыктоо 10 мүн | Окуу китебиндеги 3-көнүгүү боюнча этиштин терс формасынынын жасалышын эстеп , мүчөнүн жардамы менен этиштин терс формасын жазышат. Сүйлөм түзүшөт. М: -ба, -бо,-бө, -бе , -па,-пе, -по,-пө. Жакшы айткандарга упай беремин. 4-тапшырма . Этиштерге –ган мүчөсүн улап суйлөмдөрдү толуктоо. Туура жазгандарга упайлар берилет. | Окуучулар 3-көнүгүү боюнча этиштин терс формасынын мүчөлөрүн кошуп, сүйлөм түзүшөт. М:эшикте көп ойноп жүрө бербей тезинен кел. 4-тапшырма. Окуучулар этиш сөздоргө –ган,-ген, -гон, -гөн,-кан, кен,-кон,-көн. Мүчөлөрүн улап сүйлөмдөрдү толуктайт. | НК1 НК2 НК3 | ПК1 ПК2 ПК3 | Аныктагыч баалоо |
Артка кайрылуу Рефлекция 5 мүн | Бүгүн аябай кызыктуу сабак болду. Анда сабактан эмнени көрүп? эмнени угуп? эмнени билдиңер? Оюңарды калтыргыла. | Окуучулар кызыгуу менен таратмаларга жазып, ойлорун калтырышат. | НК1НК2 НК3 | ПК1ПК2 ПК3 | Калыптандыруучу |
Үйгө тапшырма берүү 2 мүн | Үй тапшырма. 5-көнүгүү. Ыр жаттоо. | Жазып , белгилеп алышат. | | | Калыптандыруучу баалоо |
Баалоо 1 мүн Коштошуу | Окуучулардын билими сабактын максатына ылайык, айтылган көрсөткүчтөрдүн негизинде бааланат. Саламатта баргыла | | | | |