Просмотр содержимого документа
«Презентация 4-класс»
Предмет: Кыргыз тили
4-класс
3-чейрек
Сабак:Көркөм өнөр
Сабактын темасы:
Китеп кандай жаралат?
Негизги компетенттүүлүктөр 1.Маалыматтык: 2.Социалдык-коммуникативдик: 3.Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү
Сабактын максаты: 1.Китеп жаратууда кандай иштер аткарыла тургандыгын түшүнүшөт. Берилген тапшырмалар боюнча топто иштөөгө көнүгүшөт. 2.Чакан китепче жасоону үйрөнүшөт.Тузүлүшүн айтып беришет.Шрифттин ролун,маанисин түшүнүп,жаза билүүгө үрөнүшөт. 3.Окуучулар тема аркылуу эмгекке,эстетикалык тарбия алууга,адептүүлүккө,жолдоштору менен туура мамиледе болууга тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр 1.Китеп жаратууда кандай иштер аткарыла тургандыгын түшүнүшсө. Берилген тапшырмалар боюнча топто иштөөгө көнүгүшсө. 2.Чакан китепче жасоону үйрөнүшсө. Түзүлүшүн айтып беришсе.Шрифтин ролун,маанисин түшүнүп,жаза билүүгө үйрөнүшсө. 3.Окуучулар тема аркылуу эмгекке,эстетикалык тарбия алууга,адептүүлүккө,жолдоштору менен туура мамиледе болууга тарбияланышса.
Сабактын жүрүшү: 1.Уюштуруу.3мин.Сабактын темасын,максатын айтат жана түшүндүрөт. 2.Өтүлгөн теманы кайталоо.3-5 мин. 3.Жаңы теманы түшүндүрүү.5-7 мин. Мугалим жаңы теманы түшүндүрүү менен китептин түзүлүшү жөнүндөгү маалыматтарды тааныштырат.
Теманы түшүндүрүү 1.Мукабанын сыртын жука жалтырак барак менен тышталса-супер мукаба деп аталат. 2.Мукаба-китептин сырты болот.Жумшак, катуу мукабалуу китептер жаралат.Мукабанын бетинде тандалган шрифт (тамга) менен китептин аты,автордун фамилиясы,аты жана иллюстрациялуу сүрөттөр менен же китептин аты эле жазылат. 3.Форзац-мукабанын ичи,актай бети болуп эсептелет.
4.Авантитул-пайдалуу кеңештер,сунуштамалар,автор ж.б.жөнүндө маалымат берүүчү бет. 5.Титул барагы-бул бетте автордун аты-жөнү,китептин аты,арналуучу жазуучу(аңгеме,роман,жомок,ыр ж.б.)Чыгарылган жери (шаар,басмакананын аты)жылы жазылат. 6.Контртитул-титулдун артындагы сол бөлүгү.Ал жерге басылманын чыгуу маалыматтары жайгаштырылат.
7.Шмуцтитул-китептин бөлүмдөрүн билдирүүчү атайын бет.Эреже катары шмицтитул бөлүктөрдүн же главалардын кыскача мазмуну,эпиграф ж.б. 8.Иллюстрация-чыгарманын мазмуунуна образдуу аткарылган сүрөттөр. 9.Китептин тексти. 10.Концовка-чыгармалардын аягында окуянын бүтүшү жөнүндө аткарылган сүрөт. Шрифт-бул алфавиттин түрлөрү жана тамгалар жыйындысы.
Жаңы теманы бышыктоо 7-10 мин. Топто иштөөгө тапшырмалар берилет.
Талкуулоо үчүн суроолор. 10 мин. Тема боюнча тыныгуу.5 мин. Мугалим окуучуларды эс алдыруу максатында темага байланыштуу оюн ойнотот.
Сабакты жыйынтыктоо.5 мин. Мугалим карточкаларды таратат. Үйгө тапшырма берүү.3 мин. Китепче жасап келүү.