СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Презентация бешинчи класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Презентация бешинчи класс»

Лейлек райондук билим

берүү бөлүмүнүн башчысы

У. И. Жеемуратовго


Сунуш


Алиматова Мактубахон Абдукаюмовна 1978- жылдын 11-мартында Лейлек районунун Ак-Суу айылында туулган. Улуту – өзбек. Билими – жогорку. Баткен Мамлекеттик Университетинин Сүлүктудөгү гуманитардык -экономикалык институтунун филология факультетинин сырттан окуу бөлүмүн бүтүргөн . Адистиги – өзбек тили жана адабияты мугалими.

2000- жылы М. Горький орто мектебинде мугалимдик ишмердүүлүгүн баштап, өзбек тили жана адабиятынан сабак берген. Ал эми 2019-жылдан баштап Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде өзбек тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келе жатат.

Алиматова Мактубахон өзүнүн 24 ( жыйырма төрт ) жылдык педагогикалык ишмердүүлүгүндө бир топ жетишкендиктерге ээ болду.

Мектептеги билим сапатын жогорулатууга кошкон салымы абдан чоң. М.А.Алиматованын окуткан окуучулары предметтик олимпиаданын райондук жана мектептик түрлөрүндө байгелүү орундарды ээлешкен. Мектептеги ар түрдүү маданий жана илимий иш-чараларга жигердүү катышат.

Алиматова Мактубахон өз билимин өркүндөтүүнүн үстүнөн катуу иштеп Раззаков, Ош шаарларындагы курстардан өтүп, адистик чеберчилигин жогорулаткан.

Эмгектеги жетишкендиктери үчүн мектептин, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн ,ЛБББ нүн Ардак грамоталары менен сыйланган. Ошондой эле райондун, айылдын маданий иш-чараларына активдүү катышты.

Жогорудагы ийгиликтери жана жетишкендиктерин эске алып, Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин өзбек тили жана адабияты мугалими Алиматова Мактубахон Абдукаюмовнаны Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасына сунуш кылабыз.


Мектеп директору: Н. Б. Халмуратов.















СЫЙЛОО БАРАГЫ



1. Фамилиясы, аты, атасынын аты: Алиматова Мактубахон Абдукаюмовна .



2. Иштеген жери жана кызматы: Баткен облусу, Лейлек району Ак-Суу

айылындагы жалпы орто билим берүүчү

мектебинин өзбек тили жана адабияты

мугалими


3. Жынысы: Аял.



4. Туулган жылы: 1978-жыл, 11-март.



5. Билими: (окуу жайдын аталышы, факультети, бүтүргөн жылы)

Баткен Мамлекеттик Университетинин гуманитардык -

экономикалык институтунун филология факультети.

2001-жыл.

Жогорку билимдүү. Өзбек тили жана адабияты мугалими


6. Акыркы иштеген кызматында канча жылдан бери иштейт:

2000 - жылдан бери мугалимдик кесипте иш жүргүзөт.



7. Жалпы педагогикалык стажы: 24 ( жыйырма ) жыл.



8. Кандай сыйлыктары бар: Ак-Суу айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы, ЛБББнүн Ардак Грамотасы.



9. Үй дареги: Баткен облусу, Лейлек району, Ак-Суу айылы ,

Корук көчөсү ,26.


10. Сыйлыкка көрсөтүү боюнча кыскача мүнөздөмө:


Алиматова Мактубахон Абдукаюмовна

2000-2001- окуу жылынан бери педагогикалык тармакта иштеп келе жатат. Ал өзү окуткан предметке изденүүчүлүк менен мамиле кылат, анын окуткан сабактары билим берүүнүн заманбап жана жаңычыл технологияларына, усулдарына толук кандуу жооп берет.

Мектептеги билим сапатын жогорулатууга кошкон салымы абдан чоң. М.Алиматованын окуткан окуучулары предметтик олимпиаданын мектептик, райондук турларында байгелүү орундарды ээлешкен.

Окуучулардын өзбек тили жана адабияты сабагына кызыгуусун арттыруу максатында бир канча жылдан бери “ Жаш калемгер” ийримин жетектеди.Өзү жетектеген өзбек тили кабинетин заманбап көргөзмө куралдар менен жасалгалаган.

2019-2020-окуу жылынан баштап Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу өзбек тили жана адабияты мугалимдеринин секциясын жетектеп келет.Ошондой эле Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин класс жетекчилеринин усулдук бирикмесинин башчысы иретинде ийгиликтуү иш жүргүзүп жатат.

Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин эмгек жамааты жаш муундарды окутуп- тарбиялоодогу орошон эмгеги жана 24 ( жыйырма төрт ) жылдык үзүрлүү педагогикалык ишмердүүлүгүн баалап, Алиматова Мактубахон Абдукаюмовнаны

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасына сунуштайт.


11. Коллективде талкуулангандыгы боюнча маалымат.

2024 -жылдын майындагы педагогикалык кеңешинин № токтомунун негизинде Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасына бир добуштан көрсөтүлдү.


12. Кайсы сыйлыкка көрсөтүлдү:

Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасына.


Педагогикалык кеңештин төрагасы: Н. Б. Халмуратов.


Кесиптик кошундун төрайымы: И.А.Маматкулова








Ак -Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин

Педагогикалык кеңешинин токтому №

2024 –жыл -май Ак-Суу айылы.

Педагогикалык кеңештин чогулушуна ( ) мугалим катышты.

Педагогикалык кеңештин күн тартибиндеги маселе:

2023-2024-окуу жылында Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин мугалимдерин сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө .

Угулду: Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” жана “Мугалимдердин статусу” жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде, ошондой эле мугалимдер-дин эмгегин баалоо максатында мектептин директору Н. Халмуратовдун билдирүүсү угулду.Кесиптик кошундун төрайымы И.Маматкулова жогору дагы билдирүүгө таянып, мектептин өзбек тили жана адабияты мугалими Алиматова Мактубахон Абдукаюмовнанын жаш муундарды окутуп тарбиялоодо жетишкен ийгиликтери, педагогикалык бай тажрыйбасы жана мык-ты шакирттерди тарбиялагандыгы үчүн Лейлек райондук мамлекеттик ад-министрациясынын Ардак Грамотасына сунуштады .

Дээрлик 24 жылдык мугалимдик ишмердүүлүгү менен аталган сыйлыкка сунушталган Алиматова Мактубахондун талапкерлигин жактырышып , жарыш сөзгө чыгышкан А. Туйчиев, С. Маматкулова жана У. Наза-ровдор өздөрүнүн колдой тургандыктарын билдиришти .


Жогорудагыларды угуп жана талкуулап , Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин Педагогикалык кеңешинин чогулушу

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мектептин өзбек тили жана адабияты мугалими М.Алиматованын жаш муундарды окутуп - тарбиялоодогу жетишкен ийгиликтери, мыкты шакирттерди өстүрүп тарбиялагандыгы жана агартуу тармагындагы үзүрлүү эм-геги үчүн Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак Грамотасына сунушталсын.

2. Ушул токтомду ишке ашыруу жагы Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.

Педагогикалык кеңештин төрагасы: Н. Халмуратов.

Педагогикалык кеңештин катчысы: А. Асанбаева